Загрузка документа…
ЖАЙЫЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖАЙЫЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 12-декабрь № 16
Долбоорду кошумча каржылоо үчүн акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Алексеевка айылынын Ж.Базаркулов (Чапаева) жана Мира көчөлөрүнө асфалттык бетондук жабуу оңдоо үчүн Жайыл айыл өкмөтүнүн башчысы М.Дж.Кокоевдин сөзүн угуп жана талкуулап, Жайыл айылдык кеңеши
токтом кылат:
1. Алексеевка айылынын Ж.Базаркулова (Чапаева) көчөсүн 3 156 067 сомго жана Мира көчөсүн 3 555 813 сомго асфалттык бетондук жабуу оңдоо боюнча долбоорунун сметасы бекитилсин.
2. “Алексеевка айылынын Ж.Базаркулова (Чапаева) жана Мира көчөлөрүн асфалттык бетондук жабуу оңдоо” долбоорун Кыргыз Республикасынын Каржы Министрлигине үлүш (стим) гранттын эсебинен каржылоого сунушталсын.
3. Долбоорду ишке ашырууга жана кошумча каржылоого жергиликтүү бюджеттенЖ.Базаркулова (Чапаева) көчөсүнө 631 213,40 сом жана Мира көчөсүнө 711 162,60 сом бөлүнүп берилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу милдетин Жайыл айыл өкмөтүнүн башчысы М.Дж.Кокоевге жүктөлсүн.
Жайыл айылдык кеңешинин Төрагасы |
А.А.Мамбеткулов |