Загрузка документа…
ЖАЙЫЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖАЙЫЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 29-декабрь № 17
“Чүй облусунун Жайыл районунун айыл аймагынын Жайыл айыл өкмөтү” мекемесин “Чүй облусунун Жайыл районунун Жайыл айыл аймагынын Жайыл айыл өкмөтүнө” атын өзгөртүү боюнча
2009-жылдын 20-июлундагы Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары боюнча” №241 Мыйзамына ылайык, 2021-жылдын 6-октябрындагы Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” №123 Мыйзамы менен жетектеп, Жайыл айылдык кеңеши:
токтом кылат:
1. “Чүй облусунун Жайыл районунун айыл аймагынын Жайыл айыл өкмөтү” мекемесин (мамлекеттик кайра каттоо күбөлүк боюнча; каттоо номери 2624-3308-У-е, ОКПО коду 21558692, ИНН 02709199610039), “Чүй облусунун Жайыл районунун Жайыл айыл аймагынын Жайыл айыл өкмөтү” атына өзгөртүлсүн.
2. Өз алдынча иштелип чыккан, жаңы редакциядагы “Чүй облусунун Жайыл районунун Жайыл айыл аймагынын Жайыл айыл өкмөтү” мекемесинин уставы бекитилсин.
3. ““Чүй облусунун Жайыл районунун айыл аймагынын Жайыл айыл өкмөтү” мекемесин “Чүй облусунун Жайыл районунун Жайыл айыл аймагынын Жайыл айыл өкмөтүнө” атын өзгөртүү боюнча” Жайыл айылдык кеңешинин токтомун Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигинин территориалдык бөлүмүнөн мамлекеттик кайра каттоо жүргүзүлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу милдетин Жайыл айыл өкмөтүнүн башчысы М.Дж.Кокоевге жүктөлсүн.
5. Ушуну менен Жайыл айылдык кеңеши тастыктайт, ушул токтомдогу көрсөтүлгөн маалыматтар, мамлекеттик кайра каттоодон өткөрүү үчүн көрсөтүлүп камтылган документтер, ишенимдүү жана юридикалык жакты кайра каттоодон өткөрүү суроолор болгон учурда мыйзам чегинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (же) жана тиешелүү мамлекеттик органдары менен макулдашылган.
Таркатылсын: иш кагаздарына, Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигине, Жайыл айыл өкмөтүнө.
Жайыл айылдык кеңешинин Төрагасы |
А.А.Мамбеткулов |