Загрузка документа…
ЖАЙЫЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖАЙЫЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 29-декабрь № 18
Жайыл айыл аймагында мүлк салыгын киргизүү жана зоналдык коэфициентти кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 404-беренесинин 4-5-бөлүгүг, 37-беренесинин 3-бөлүгүг жана 2022-жылдын 18-январындагы “Кыргыз Республикасынын Салык Кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө” №4-мыйзамынын 3-беренесинин 2-бөлүгүнүн негизинде, Жайыл айылдык кеңеши:
Токтом кылат:
1. Жайыл айыл аймагында 2023-жылдын 1-январынан тартып төмөнкү мүлк салыктары киргизилсин:
- Айыл чарба жерлерине мүлк салыгы;
- Турак жай имаратына, курулмага жана жайга мүлк салыгы;.
- Турак жай эмес имаратына, курулмага жана жайга;
- Транспорт каражатына мүлке салыгы;
- Айыл чарба багытында эмес жерлерге мүлк салыгы;
- Үй жанындагы, короо жай багбанчылык-чарбак жер участогуна мүлк салыгы.
2. Айыл аймагында экономикалык-пландалуучу зоналар үчүн айыл чарба багытында болбогон жерлерди пайдалангандык үчүн, зоналдык коэфициент Кз – 1,034 өлчөмүндө бекитилсин.
3. Ушул токтом массалык маалымат каражаттарында жарыялансын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларынын бирдиктүү мамлекеттик реестирине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигинин жиберилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышы Жайыл айыл өкмөтүнүн каржы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы У.К.Адековго жүктөлсүн.
Жайыл айылдык кеңешинин Төрагасы |
А.А.Мамбеткулов |