Редакцияот 06.11.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2025-жылдын 6-ноябры № 721

Салык кызматынын органдарынын туусу жана символика белгиси жөнүндө жобону бекитүү, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин салык кызматынын органдарынын уюштуруу иштери чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Салык кызматынын органдарына ведомстволук таандыктыгын аныктоочу туу жана символика белгиси жөнүндө жобону бекитүү, салык кызматынын органдарынын уюштуруучулук ишин өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Салык кызматынын органдарынын туусу жана символика белгиси жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 "Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарынын, анын ичинде техникалык жана тейлөөчү персоналынын штаттык санынын чеги жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинин 197-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"

197

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматы

3332

454

 

анын ичинде:

 

 

 

борбордук аппарат

409

42

 

аймактык жана функционалдык бөлүмдөр

2752

409

 

ведомстволук бөлүмдөр

171

3

".

3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-мартындагы № 134 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын алдындагы "Салык Сервис" мамлекеттик мекемеси жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын алдындагы "Салык Сервис" мамлекеттик мекемеси жөнүндө жободо:

- 18-пунктта "министр менен макулдашылган" деген сөздөр алып салынсын.

4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-сентябрындагы № 592 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын башкаруу схемасы 2-тиркемеге ылайык баяндалсын.

5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматы:

1) ушул токтомдон келип чыгуучу чараларды көрсүн;

2) өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.

6. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 29-июнундагы № 305 "Кыргыз Республикасынын салык кызматынын желеги жана символика белгилери жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому;

2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 15-октябрындагы № 642 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык инспекциясынын кызматкерлери үчүн форма кийимдери жана айырмалоо белгилери жөнүндө" токтому;

3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 11-октябрындагы № 236 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 15-октябрындагы № 642 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык инспекциясынын кызматкерлери үчүн форма кийимдери жана айырмалоо белгилери жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому.

7. Бул токтом 2025-жылдын 6-октябрынан тартып күчүнө кирүүчү 2 жана 4-пункттарды кошпогондо, расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

 

А.А. Касымалиев

 

                                                                      

 

2-тиркеме

 

 

 

 

 

"2-тиркеме

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын БАШКАРУУ СХЕМАСЫ

".