Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 11-ноябры № 735
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 5-июнундагы № 137 "2025-2030-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегия жөнүндө" Жарлыгы менен бекитилген 2025-2030-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегияны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планынын (2025-2027-жылдардын орто мөөнөттүү мезгилинде I этап үчүн) 5-главасынын 1-пунктунун 2-пунктчасын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-мартындагы № 98 "Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги жөнүндө жободо:
- 14-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"- коррупциянын алдын алуунун ички системасын түзүү боюнча чараларды көрөт.";
2) жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматы жөнүндө жободо:
- 18-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- Кызматка жүктөлгөн милдеттердин, функциялардын жана ыйгарым укуктардын жүзөгө ашырылышы, коррупциянын алдын алуунун ички системасын түзүү боюнча чаралардын көрүлбөгөндүгү үчүн жеке жоопкерчилик тартат;";
3) жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматы жөнүндө жободо:
- 13-пункттун үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- Кызматтын ишине жалпы жетекчилик кылат жана Кызматка жүктөлгөн милдеттердин аткарылышы, коррупциянын алдын алуунун ички системасын түзүү боюнча чаралардын көрүлбөгөндүгү үчүн жеке жоопкерчилик тартат;";
4) жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызмат жөнүндө жободо:
- 14-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- Кызматтын ишине жалпы жетекчилик кылат жана Кызматка жүктөлгөн милдеттердин аткарылышы, коррупциянын алдын алуунун ички системасын түзүү боюнча чаралардын көрүлбөгөндүгү үчүн жеке жоопкерчилик тартат;";
5) жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Айыл чарба өсүмдүктөрүн жана багбанчылыкты экспертизалоо боюнча департамент жөнүндө жободо:
- 13-пункттун жетинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- Департаментке жүктөлгөн милдеттердин жана функциялардын аткарылышы, коррупциянын алдын алуунун ички системасын түзүү боюнча чаралардын көрүлбөгөндүгү үчүн жеке жоопкерчилик тартат.";
6) жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Кайра иштетүү өнөр жайы жана органикалык айыл чарба департаменти жөнүндө жободо:
- 19-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- Департаменттин ишине жалпы жетекчилик кылат жана жүктөлгөн милдеттердин аткарылышы, коррупциянын алдын алуунун ички системасын түзүү боюнча чаралардын көрүлбөгөндүгү үчүн жеке жоопкерчилик тартат;";
7) жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Айыл чарбада кооперациялоо, механизациялоо жана инновациялык технологиялар департаменти жөнүндө жободо:
- 14-пункттун бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- Департаментке жүктөлгөн милдеттердин жана функциялардын аткарылышы, коррупциянын алдын алуунун ички системасын түзүү боюнча чаралардын көрүлбөгөндүгү үчүн жеке жоопкерчилик тартат;";
8) жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Балык өнөр жай комплекси департаменти жөнүндө жободо:
- 14-пункттун үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- Департаментке жүктөлгөн милдеттердин аткарылышы жана өзүнүн функцияларынын жүзөгө ашырылышы, коррупциянын алдын алуунун ички системасын түзүү боюнча чаралардын көрүлбөгөндүгү үчүн жеке жоопкерчилик тартат, орун басары менен түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилеринин ортосунда милдеттерди бөлүштүрөт, Департаменттин ишинин айрым багыттарына жетекчилик кылуу үчүн алардын жоопкерчилик даражасын белгилейт;";
9) жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаменти жөнүндө жободо:
- 18-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- Департаменттин ишине жалпы жетекчилик кылат жана жүктөлгөн милдеттердин аткарылышы, коррупциянын алдын алуунун ички системасын түзүү боюнча чаралардын көрүлбөгөндүгү үчүн жеке жоопкерчилик тартат;";
10) жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу К.К.Азыков атындагы Кыргыз дыйканчылык илимий-изилдөө институту жөнүндө жободо:
- 22-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- Институтту жеке башчылык принциптеринде башкарат жана Институттун максаттарын, милдеттерин жана функцияларын ишке ашыруунун сапаты, коррупциянын алдын алуунун ички системасын түзүү боюнча чаралардын көрүлбөгөндүгү үчүн жеке жоопкерчилик тартат;";
11) жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Кыргыз мал чарба жана жайыттар илимий-изилдөө институту жөнүндө жободо:
- 20-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- Институтту жеке башчылык принциптеринде башкарат жана Институттун максаттарын, милдеттерин жана функцияларын ишке ашыруунун сапаты, коррупциянын алдын алуунун ички системасын түзүү боюнча чаралардын көрүлбөгөндүгү үчүн жеке жоопкерчилик тартат;";
12) жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматынын алдындагы Кыргыз ирригация илимий-изилдөө институту жөнүндө жободо:
- 19-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- Институтту жеке башчылык принциптеринде башкарат жана Институттун максаттарын, милдеттерин жана функцияларын ишке ашыруунун сапаты, коррупциянын алдын алуунун ички системасын түзүү боюнча чаралардын көрүлбөгөндүгү үчүн жеке жоопкерчилик тартат;";
13) жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу "АгроСмарт" мамлекеттик мекемеси жөнүндө жободо:
- 24-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 16-пунктча менен толукталсын:
"16) коррупциянын алдын алуунун ички системасын түзүү боюнча чаралардын көрүлбөгөндүгү үчүн жоопкерчилик тартат.";
14) жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматынын алдындагы "Ветеринардык дары каражаттары жана тоют кошулмалары борбору" мамлекеттик мекемеси жөнүндө жободо:
- 17-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- Борбордун ишине жалпы жетекчилик кылат жана Борборго жүктөлгөн милдеттердин жана функциялардын аткарылышы, коррупциянын алдын алуунун ички системасын түзүү боюнча чаралардын көрүлбөгөндүгү үчүн жеке жоопкерчилик тартат;";
15) жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматынын алдындагы "Ветеринардык диагностика жана экспертиза борбору" мамлекеттик мекемеси жөнүндө жободо:
- 13-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- Борбордун ишине түздөн-түз жетекчилик кылат жана ага жүктөлгөн милдеттердин жана функциялардын аткарылышы, коррупциянын алдын алуунун ички системасын түзүү боюнча чаралардын көрүлбөгөндүгү үчүн жеке жоопкерчилик тартат;";
16) жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматынын алдындагы Арстанбек Дүйшеев атындагы Кыргыз ветеринария илимий-изилдөө институту жөнүндө жободо:
- 31-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- Институтту жеке башчылык принциптеринде башкарат жана Институттун максаттарын, милдеттерин жана функцияларын ишке ашыруунун сапаты, коррупциянын алдын алуунун ички системасын түзүү боюнча чаралардын көрүлбөгөндүгү үчүн жеке жоопкерчилик тартат;";
17) жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу "Асыл тукум жылкы чарбасынын мамлекеттик холдинги" мамлекеттик мекемеси жөнүндө жободо:
- 20-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"20. Директор мамлекеттик мекемеге жүктөлгөн милдеттердин жана функциялардын аткарылышы, коррупциянын алдын алуунун ички системасын түзүү боюнча чаралардын көрүлбөгөндүгү үчүн жеке жоопкерчилик тартат.".
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-августундагы № 531 "Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү департаменти жөнүндө жана Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин айрым маселелери тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү департаменти жөнүндө жободо:
- 12-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- Департаменттин ишине жалпы жетекчилик кылат, бардык мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен түздөн-түз өз ара аракеттенүүнү жүзөгө ашырат, милдеттердин жана функциялардын аткарылышы, коррупциянын алдын алуунун ички системасын түзүү боюнча чаралардын көрүлбөгөндүгү үчүн жеке жоопкерчилик тартат;";
2) жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү департаментинин алдындагы "Ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу объекттерин капиталдык куруу башкармалыгы" мамлекеттик мекемеси жөнүндө жободо:
- 16-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- мамлекеттик мекеменин ишине жалпы жетекчилик кылат, милдеттердин жана функциялардын аткарылышы, коррупциянын алдын алуунун ички системасын түзүү боюнча чаралардын көрүлбөгөндүгү үчүн жеке жоопкерчилик тартат;".
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 90 (3746) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |