Редакцияот 13.11.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2025-жылдын 13-ноябры № 738

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин

2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 "Кыргыз Республикасынын

аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана Кыргыз

Республикасынын башка мамлекеттик органдарынын, анын

ичинде техникалык жана тейлөөчү персоналынын штаттык

санынын чеги жөнүндө" токтомуна

өзгөртүү киргизүү тууралуу

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 1-октябрындагы № 331 тескемесин аткаруу үчүн, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

 

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 "Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарынын, анын ичинде техникалык жана тейлөөчү персоналынын штаттык санынын чеги жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- жогоруда аталган токтомдун 2-тиркемесинде:

5-пунктта "80" деген цифралар "88" деген цифраларга алмаштырылсын.

2. Ушул токтомдун 1-пунктунда каралган жаңыдан киргизилген штаттык бирдиктерди каржылоо менен байланышкан чыгымдар Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин каражаттарынын эсебинен Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасын күтүүгө каралган, бекитилген бюджеттик ассигнованиелердин чегинде жүргүзүлөт деп белгиленсин.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 21-ноябрындагы № 92 (3748) саны менен жарыяланды

 

 

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы

 

 

А.А. Касымалиев