Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ
2025-жылдын 27-ноябры № 156
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 28-июлундагы № 43 “Шайлоо бюллетендерин жана добуш берүү бюллетендерин басып чыгаруу, эсепке алуу жана сактоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 30-беренесин жетекчиликке алып, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 28-июлундагы № 43 “Шайлоо бюллетендерин жана добуш берүү бюллетендерин басып чыгаруу, эсепке алуу жана сактоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Шайлоо бюллетендерин жана добуш берүү бюллетендерин басып чыгаруу, эсепке алуу жана сактоо тартиби жөнүндө жобонун 14-пункту төмөнкүдөй мазмундагы редакцияда баяндалсын:
“Талапкер чыгып калган учурда шайлоо бюллетенинде анын маалыматтарынын ордуна “каттоо жокко чыгарылды” деген жазуу жайгаштырылат жана сызып салуу, бош чарчыны кошуп алганда, сап боюнча түз сызык менен жүргүзүлөт.
Принтери бар идентификациялоочу түзүлүштө көрсөтүлгөн белги менен бюллетень басып чыгарылат, ал автоматтык эсептөөчү урналарда сакталат.”.
2. Ушул токтом “Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитине жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.С. Жупуевага жүктөлсүн.
Төрага |
| Т. Шайназаров |
Сравнительная таблица
к Положению о порядке печати, учета и хранения избирательных бюллетеней и бюллетеней для голосования, утвержденного постановлением Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов Кыргызской Республики от 28 июля 2025 года № 43
Шайлоо бюллетендерин жана добуш берүү бюллетендерин басып чыгаруу,
эсепке алуу жана сактоо тартиби жөнүндө жобо
Действующая редакция | Предлагаемая редакция |
|
В случае выбытия кандидатов данные о соответствующих кандидатах вычеркиваются в избирательных бюллетенях. Вычеркивание производится прямой линией по строкам записи всех данных о кандидате и политической партии. В устройстве идентификации с принтером распечатывается бюллетень с вычеркнутыми кандидатами, который сохраняется в автоматических считывающих урнах. | В случае выбытия кандидата в избирательном бюллетене вместо его данных размещается надпись «отменена регистрация» и вычеркивание производится прямой линией по строке, включая пустой квадрат. В устройстве идентификации с принтером распечатывается бюллетень с указанной пометкой, который сохраняется в автоматически считывающих урнах. | |
Талапкерлер чыгып калган учурда, тиешелүү талапкерлер жөнүндө маалыматтар шайлоо бюллетендеринен сызылып салынат. Сызып салуу талапкер жана саясий партия жөнүндөгү бардык маалыматтар жазылган саптар боюнча түз сызык менен жүргүзүлөт. Принтери бар идентификациялоочу түзүлүштө сызылып салынган талапкерлери бар бюллетень басылып чыгарылат, ал автоматтык түрдө эсептөөчү урналарда сакталат. | Талапкер чыгып калган учурда шайлоо бюллетенинде анын маалыматтарынын ордуна "каттоо жокко чыгарылды" деген жазуу жайгаштырылат жана сызып салуу, бош чарчыны кошуп алганда, сап боюнча түз сызык менен жүргүзүлөт. Принтери бар идентификациялоочу түзүлүштө көрсөтүлгөн белги менен бюллетень басып чыгарылат, ал автоматтык эсептөөчү урналарда сакталат. | |