Загрузка документа…
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-ноябрындагы № 129 токтомуна тиркеме |
Шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү тутуму жөнүндө ЖОБО
(Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2026-жылдын 16-февралы № 22 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү тутуму жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) маалыматтардын корголушун жана сакталышын, ошондой эле башка маалыматтык системалар жана сервистер менен өз ара аракеттенүүнү камсыз кылуу менен, мамлекеттик маалыматтык системаны пайдалануу аркылуу Кыргыз Республикасынын шайлоочуларынын, референдумдун катышуучуларынын тизмесин түзүү, жүргүзүү, иштетүү, актуалдаштыруу, жаңыртуу жана эсепке алуу тартибин жөнгө салат.
2. Жобо "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамдарына, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Санарип кодекси жана башка Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыкты.
(Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2026-жылдын 16-февралы № 22 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Жободо төмөнкү терминдер жана кыскартуулар колдонулат:
Шайлоочунун инсандыгын ырастоочу документ - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспортторунун бардык түрлөрү (идентификациялык карта (ID), жалпы жарандык паспорт, дипломатиялык паспорт, кызматтык паспорт, "Түндүк" тиркемеси аркылуу түзүлгөн санариптик паспорт);
Шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү тутуму (ШЭБТ) - Кыргыз Республикасында шайлоолор аралыгындагы мезгилде жана шайлоолорду жана референдумдарды даярдоо жана өткөрүү мезгилинде шайлоочулар, референдумдун катышуучулары (мындан ары - шайлоочулар) тууралуу маалыматтарды түзүү, системалаштыруу, иштетүү, сактоо жана актуалдаштыруу, шайлоочулардын, референдумдун катышуучуларынын тизмесин (мындан ары - шайлоочулардын тизмеси) түзүү, статистиканы жана отчётторду түзүү үчүн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоого жана референдумдарга катышууга болгон шайлоо укуктарына кепилдиктерди камсыздоо максатында ишке ашырылуучу мамлекеттик маалыматтык тутум;
Кыргыз Республикасынын калкынын бирдиктүү мамлекеттик реестри (мындан ары - калктын реестри) - Кыргыз Республикасынын жарандары жана Кыргыз Республикасынын аймагында жана анын чегинен тышкары жерде туруктуу жашаган жарандыгы жок адамдар жөнүндө маалыматтарды жыйноо, сактоо, иштетүү, актуалдаштыруу жана талдоого арналган Кыргыз Республикасынын жарандарынын бирдиктүү автоматташтырылган жеке эсептеринин тутуму;
Шайлоочулар - шайлоо күнүнө карата активдүү шайлоо укугуна ээ болгон Кыргыз Республикасынын жарандары;
Дарек - шайлоочунун туруктуу катталган жери болуп саналган, шайлоо округу жана шайлоо участогу аныкталган дареги;
Шайлоо дареги - "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамында белгиленген тартипте билдирилген, шайлоочунун туруктуу жашаган жери болуп саналбаган, бирок ал добуш бергиси келгенин билдирген дареги;
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодогу көп мандаттуу шайлоо округу - Жогорку Кеңештин үч депутаты шайлана турган, ошол эле учурда шайлоочу бир гана талапкерге добуш бере турган шайлоо округу;
Бирдиктүү республикалык шайлоо округу - Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагын камтыган Президентти шайлоо боюнча шайлоо округу;
Жергиликтүү (айылдык) кеңештердин депутаттарын шайлоодогу көп мандаттуу шайлоо округу - бир нече депутат шайлана турган жана алардын ар бири үчүн шайлоочулар жеке добуш бере турган шайлоо округу;
Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодогу бирдиктүү шайлоо округу - пропорционалдык система боюнча шаардык кеңештин депутаттарын шайлоо өткөрүлө турган административдик-аймактык бирдиктин - шаардын бүткүл аймагын камтыган шайлоо округу;
Шайлоочунун, референдумдун катышуучусунун жеке маалыматтары - шайлоочунун, референдумдун катышуучусунун жеке идентификациялык номерин, фамилиясын, атын, атасынын атын, туулган күнүн, туруктуу жашаган жеринин дарегин камтыган, шайлоочунун инсандыгын ырастаган документтеги электрондук чипте көрсөтүлгөн/жазылган маалыматтар;
Туруктуу жашаган жери - жашаган жеринин дарегин каттоо же болбосо калкты каттоо жана документтештирүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан киргизилген жарандын паспортундагы каттоо белгиси менен тастыкталган жарандын Кыргыз Республикасынын аймагындагы жашаган жери;
Шайлоочулардын тизмеси - Калктын бирдиктүү мамлекеттик реестринин негизинде электрондук жана кагаз түрүндө түзүлүүчү, даяр болуу деңгээлине жана арналышына жараша алдын ала, контролдук жана биротоло бүткөн болуп бөлүнүүчү, добуш берүү күнүндө жигердүү шайлоо укугуна ээ Кыргыз Республикасынын жарандарынын тизмеси;
Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар - Кыргыз Республикасынын жарандарын каттоонун жана эсепке алуунун ар кандай формаларын жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдар;
Шайлоочуларды, референдумдун катышуучуларын эсепке алуу - Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарында жана ушул Жободо белгиленген негиздер боюнча жарандарды шайлоочулардын тизмесине киргизүү, андан чыгаруу, шайлоочулар тууралуу маалыматтарга өзгөртүүлөрдү киргизүү;
Жергиликтүү жамааттын мүчөсү (жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо) - тиешелүү айыл аймагынын, шаардын аймагында туруктуу жашаган жана жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүдө жергиликтүү жамаат менен жалпы кызыкчылыктары байланышкан Кыргыз Республикасынын жараны. Шайлоочунун жергиликтүү жамааттагы мүчөлүгү паспорттун чибинде жазылган жарандын паспортундагы жашаган жерин каттоо жөнүндөгү белги менен же болбосо добуш берүү күнүнө чейинки 60 күндөн кем эмес мөөнөттө Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспортторунун мамлекеттик реестринде жүргүзүлгөн жашаган жеринин дарегинин каттоосу менен аныкталат;
Жергиликтүү жамааттын мүчөсү (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо) - көп мандаттуу шайлоо округунун курамына киргизилген тиешелүү айыл аймагында, шаарда туруктуу жашаган Кыргыз Республикасынын жараны. Шайлоочунун жергиликтүү жамааттагы мүчөлүгү паспорттун чибинде жазылган жарандын паспортундагы жашаган жерин каттоо жөнүндөгү белги менен же болбосо добуш берүү күнүнө чейинки 90 күндөн кем эмес мөөнөттө калкты каттоо жана документтештирүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда жүргүзүлгөн жашаган жеринин дарегинин каттоосу менен аныкталат;
Калкты каттоо жана документтештирүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;
Борбордук шайлоо комиссиясы - Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы;
ОШК - округдук шайлоо комиссиясы;
АШК - аймактык шайлоо комиссиясы;
УШК - участкалык шайлоо комиссиясы;
ЖИН - жеке идентификациялык номер;
Аты-жөнү - фамилиясы, аты, атасынын аты.
4. Шайлоочулар, референдумдун катышуучулары жөнүндө маалыматтар ШЭБТда калктын реестринен автоматтык түрдө жүктөп алуу жолу менен алынган маалыматтардын жана Кыргыз Республикасынын жарандарын каттоонун жана эсепке алуунун ар кандай формаларын жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдар тарабынан берилген маалыматтардын негизинде түзүлөт.
5. Шайлоочулардын тизмеси мыйзамдарда белгиленген мөөнөттө бүткүл республика боюнча шайлоо участоктору боюнча электрондук тизме түрүндө түзүлөт жана жаңыланат:
- шайлоолорду жана референдумдарды даярдоо мезгилинде - күн сайын;
- шайлоолор аралыгындагы мезгилде - ай сайын.
Электрондук тизмедеги ар бир жазуунун уникалдуу иреттик номери бар.
6. ШЭБТда камтылган шайлоочулар жөнүндөгү маалыматтарга өзгөртүүлөр калктын реестринде камтылган маалыматтардын жана Кыргыз Республикасынын жарандарын эсепке алуунун жана каттоонун ар кандай формаларын жүргүзүүчү башка ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын маалыматтарынын негизинде киргизилет.
ШЭБТде камтылган маалыматтарга өзгөртүүлөрдү киргизүүдө себеби, тиешелүү жазуунун уникалдуу иреттик номери көрсөтүлөт, өзгөртүүлөрдү киргизүүгө багытталган аракеттер жөнүндө маалыматтын сакталышы камсыз кылынат. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан берилген өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү маалыматтардын кагаз нускасы кийинки шайлоолор өткөрүлгөнгө чейин сакталат.
7. ШЭБТде ар бир шайлоочуга карата ушул Жободо белгиленген тартипте түзүлгөн шайлоочулардын төмөнкү жеке маалыматтарынын жыйындысын камтыган бир гана туруктуу жазуу түзүлөт:
- ЖИН;
- аты-жөнү;
- туулган датасы;
- туруктуу жашаган жери - жашаган жеринин дарегинин каттоосу же болбосо калкты каттоо жана документтештирүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан киргизилген жарандын паспортундагы каттоо белгиси менен тастыкталган жарандын Кыргыз Республикасынын аймагындагы жашаган жери.
8. Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодогу жана бирдиктүү республикалык шайлоо округу боюнча референдумдагы шайлоочулардын тизмесине добуш берүү күнүнө карата 18 жашка толгон, биометрикалык каттоодон өткөн, Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган, Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жашаган/жүргөн, консулдук (убактылуу консулдук) каттоого турган Кыргыз Республикасынын жарандары киргизилет.
Көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодогу шайлоочулардын тизмесине добуш берүү күнүнө карата активдүү шайлоо укугуна ээ болгон, жергиликтүү жамааттын мүчөсү болуп саналган жана биометрикалык каттоодон өткөн Кыргыз Республикасынын бардык жарандары киргизилет.
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодогу шайлоочулардын тизмесине добуш берүү күнүнө карата 18 жашка толгон, биометрикалык каттоодон өткөн, тиешелүү жергиликтүү жамааттын мүчөсү болуп саналган Кыргыз Республикасынын жарандары киргизилет.
9. Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жашаган жана жүргөн, консулдук (убактылуу консулдук) каттоого турган жана биометрикалык каттоодон өткөн, кылмыштарды жасоого шектелүүчү жана/же айыпталуучу катары кармоочу жайларда турган шайлоочуларды, аскер бөлүктөрү жайгашкан чектерде жашаган, стационардык дарылоо-алдын алуу мекемелеринде жүргөн аскер кызматчыларын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн эсепке алуу Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Кыргыз Республикасында шайлоолорду жана референдумдарды даярдоо жана өткөрүү мезгилинде ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен шайлоочулардын жана референдумдун катышуучуларынын тизмесин түзүү жана тактоо боюнча өз ара аракеттенүү тартиби жөнүндө жобого ылайык жүзөгө ашырылат.
2. Шайлоочулардын тизмесин түзүү жана Шайлоочуларды эсеп алуунун бирдиктүү тутумундагы шайлоочулар тууралуу маалыматтарды тактоо тартиби
10. Шайлоочулардын алдын ала тизмеси шайлоо участокторунун чек араларын жана шайлоочулардын тизмесин түзүү мөөнөттөрүн эске алуу менен добуш берүү күнүнө карата 18 жашка толгон, биометрикалык каттоодон өткөн Кыргыз Республикасынын жарандары тууралуу маалыматтарды калктын реестринен автоматтык түрдө жүктөп алуу жолу менен калкты каттоо жана документтештирүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан түзүлөт.
Шайлоочулардын алдын ала тизмеси "Тизме" мамлекеттик порталында Кыргыз Республикасынын Президентин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону, референдумду өткөрүүдө добуш берүү күнүнө чейин 80 (сексен) календарлык күн калганда, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө шайлоо участоктору, райондор жана шаарлар боюнча добуш берүү күнүнө чейин 55 (элүү беш) календарлык күн калганда, шайлоочунун ЖИН, туруктуу же иш жүзүндө жашаган жери, туулган датасы жөнүндөгү маалыматты кошпостон таанышуу жана көрсөтүлгөн маалыматтарды тийиштүү тактоо, шайлоочулардын тизмесиндеги каталарды жана/же так эместиктерди аныктоо үчүн жайгаштырылат.
11. Калкты каттоо жана документтештирүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ушул Жобонун 1-тиркемесине ылайык шайлоо участокторунун чек араларын эске алуу менен шайлоочулардын алдын ала тизмесин калктын реестринен ШЭБТга, андан кийин добуш берүү күнүнө карата 18 жашка толгон, биометрикалык каттоодон өткөн жарандар жөнүндөгү маалыматтарды ШРКЭБТдан "Тизме" мамлекеттик порталына жүктөйт.
Алдын ала тизмелерди түзүү Борбордук шайлоо комиссиясы бекиткен форма боюнча жана Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарында белгиленген мөөнөттөрдө жүзөгө ашырылат.
Калкты каттоо жана документтештирүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Борбордук шайлоо комиссиясына *.pdf, *.xls форматында түзүлгөн жана электрондук колтамга коюлган алдын ала тизмелерди электрондук алып жүрүүчүдө кошумча берет.
Мында электрондук колтамга коюлган электрондук алып жүрүүчүдө АШК/УШК боюнча шайлоочулардын тизмесинин сандык жана сапаттык курамы камтылган аналитикалык маалымат жөнөтүлөт. Ушундай эле маалымат шайлоочулардын тизмесин актуалдаштырууда да жөнөтүлөт.
Шайлоочулардын тизмесине төмөнкү жарандар киргизилбейт:
- добуш берүү күнүнө карата 18 жашка толбогондор;
- биометрикалык каттоодон өтпөгөндөр;
- каттоо дареги жоктор;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыккандар;
- соттун мыйзамдуу күчүнө кирген айыптоо өкүмү боюнча эркиндигинен ажыратуу жайларында кармалгандар;
- сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп табылгандар;
- каза болгондор (өлгөндүгү тууралуу актты мамлекеттик каттоонун негизинде).
Борбордук шайлоо комиссиясы добуш берүү күнүнө чейин 75 (жетимиш беш) календардык күн калганда, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө - добуш берүү күнүнө чейин 50 (элүү) календардык күн калганда басып чыгаруу жана участкалык шайлоо комиссияларына өткөрүп берүү үчүн шайлоочулардын алдын ала тизмесин округдук, аймактык шайлоо комиссияларына өткөрүп берет.
12. Участкалык шайлоо комиссиясы (мындан ары - УШК) добуш берүү күнүнө чейин 70 (жетимиш) календардык күн калганда, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө - добуш берүү күнүнө чейин 50 (элүү) календардык күн калганда шайлоочулар менен таанышуу үчүн шайлоочулардын алдын ала тизмесин илип коюуга милдеттүү.
13. Борбордук шайлоо комиссиясы добуш берүү күнүнө чейин 35 (отуз беш) календардык күн калгандан кечиктирбестен шайлоочулар жөнүндөгү актуалдаштырылган маалыматты камтыган шайлоочулардын контролдук тизмесин ШЭБТдан ушул Жобонун 2-тиркемесине ылайык форма боюнча басып чыгарып, УШКга жөнөтөт.
УШК добуш берүү күнүнө чейин 30 (отуз) календардык күн калганда шайлоочулар менен таанышуу үчүн шайлоочулардын контролдук тизмесин илүүгө милдеттүү. Контролдук тизме тиешелүү участок боюнча тизмеге киргизилген шайлоочулардын фамилиясынан, аты-жөнүнөн, атасынын атынан, ошондой эле ОШК/АШКнын аталышынан жана ОШК/АШКга байланган шайлоо участкасынын номеринен башка маалыматты камтыбоого тийиш.
14. Шайлоочулардын ката жана/же так эместик жөнүндө арыздарын (мындан ары - шайлоочулардын тизмесиндеги маалыматтарды тактоо жөнүндө арыз) кабыл алуу шайлоочулардын алдын ала тизмеси таанышуу үчүн илинген учурдан тартып башталат жана добуш берүү күнүнө чейин 15 (он беш) календардык күн калганда токтотулат.
Арыздар иштетилгенден кийин Борбордук шайлоо комиссиясы ушул Жобонун 3 жана 4-тиркемелерине ылайык шайлоочулардын биротоло тизмесин, ошондой эле ушул Жобонун 3-1-тиркемесине ылайык дистанттык шайлоо участокторунда добуш берүүгө катыша турган шайлоочулардын тизмесинин формасын түзүп, басып чыгаруу үчүн ОШК/АШКга өткөрүп берет.
Шайлоочулардын алдын ала, контролдук жана биротоло тизмелерин түзүүдө шайлоочулар жөнүндөгү маалыматтар калктын реестринде камтылган маалыматтар менен милдеттүү түрдө салыштырылууга жана актуалдаштырылууга тийиш.
15. Борбордук шайлоо комиссиясы добуш берүү күнүнө 10 (он) календардык күн калганда шайлоочуларды идентификациялоо үчүн жабдуулардын комплекттерин даярдоо үчүн калкты каттоо жана документтештирүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга шайлоочулардын биротоло тизмесин электрондук түрдө өткөрүп берет.
16. АШК добуш берүү күнүнө чейин 7 (жети) календардык күн калганда номерленген, көктөлгөн жана мөөр менен күбөлөндүрүлгөн шайлоочулардын биротоло тизмесин эки нускада тиешелүү УШКга өткөрүп берет. Мында илүүгө арналган ар бир шайлоо участогу боюнча кагаз жүзүндөгү шайлоочулардын биротоло тизмесинин экинчи нускасы биротоло тизмеге киргизилген шайлоочулардын жашаган жери жөнүндөгү маалыматты камтууга тийиш эмес. Шайлоочулардын биротоло тизмелеринде камтылган жеке маалыматтары тууралуу маалыматтарды берүү, көчүрүү же жарыялоо жолу менен ачыкка чыгаруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчиликти алып келет.
17. Тиешелүү УШКлар добуш берүү күнүнө чейин 7 (жети) календарлык күн калгандан кечиктирбестен тиешелүү шайлоо участогунун кагаз жүзүндөгү шайлоочулардын биротоло тизмесинин экинчи нускасын шайлоо участокторуна илүүгө милдеттүү.
18. Илинген шайлоочулардын биротоло тизмесин фото-видеого тартууга чектөө коюлбайт.
19. Добуш берүү күнү шайлоочулардын биротоло тизмесине киргизилген шайлоочулар гана добуш берүүгө укуктуу.
20. Шайлоочулардын тизмесине ушул Жобонун 8-пунктунда көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын жарандары киргизилет.
Шайлоочулар шайлоочулардын тизмесинен төмөнкү себептер боюнча чыгарылат:
- жашаган жери боюнча каттоо эсебинен чыгарылганда;
- соттун мыйзамдуу күчүнө кирген айыптоо өкүмү боюнча эркиндигинен ажыратуу жайларында кармалып жатканда;
- сот тарабынан шайлоочу аракетке жөндөмсүз деп таанылганда;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыкканда;
- өлгөндүгү жөнүндө актты мамлекеттик каттоо же жаранды өлдү деп жарыялоо жөнүндө соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечими менен тастыкталган өлүм.
3. Шайлоочулар жөнүндө маалыматтарды, шайлоочулардын тизмесиндеги маалыматтарды тактоо жөнүндө арыздарды кабыл алуу жана иштетүү тартиби
21. Ар бир шайлоочу шайлоочулардын тизмеси менен таанышкан учурдан тартып, бирок добуш берүү күнүнө чейин 15 (он беш) календардык күндөн кечиктирбестен, кандайдыр бир ката жана/же так эместик аныкталган учурда "Шайлоочунун кабинети" сервиси аркылуу электрондук форматта арыз берүүгө укуктуу. Электрондук форматта арыз берүү тартиби өзүнчө жобо менен аныкталат.
22. Шайлоочу тиешелүү УШКнын шайлоочуларынын тизмесинде жок болгон учурда УШКнын мүчөсү шайлоочуну "Тизме" мамлекеттик порталынан издейт. Эгерде шайлоочу башка УШКнын шайлоочуларынын тизмесине киргизилсе, УШКнын мүчөсү "Шайлоочунун кабинети" сервиси аркылуу электрондук форматта арыз берүүнү тариздейт.
Эгерде жаран биометрикалык каттоодон өткөн болсо, Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналса, бирок шайлоочулардын тизмесинде жок болсо, жаран ОШК/АШК/УШКга жана/же 1255 кыска номери аркылуу Борбордук шайлоо комиссиясынын Колл-борборуна же 119 кыска номери аркылуу калкты каттоо жана документтештирүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын Колл-борборуна кайрылышы зарыл.
23. Шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн, жарандарды идентификациялоо жана автоматтык эсептөөчү урналарды тейлөө боюнча кызмат көрсөтүүчү ишке тартылган адамдардын, добуш берүү күнү коомдук тартипти камсыз кыла турган укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин, медицина кызматкерлеринин жана шайлоо участокторуна бекитилген башка адамдардын шайлоо укуктарын ишке ашырууну камсыз кылуу үчүн тиешелүү шайлоо комиссияларынын төрагалары добуш берүү күнүнө чейин 15 (он беш) календардык күн калганда шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн, жарандарды идентификациялоо жана автоматтык эсептөөчү урналарды тейлөө боюнча кызмат көрсөтүүчү ишке тартылган адамдардын, добуш берүү күнү коомдук тартипти камсыз кыла турган укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин, шайлоо участокторуна бекитилген медицина кызматкерлеринин тизмесин түзүшөт жана тиешелүү шайлоо участогунун шайлоочуларынын тизмесине киргизүү үчүн тиешелүү уюмдардын, мекемелердин (ишканалардын) жетекчилеринин кызматкерлерди тиешелүү шайлоо участокторуна бекитүү жөнүндө буйруктарынын/тескемелеринин жана паспортторунун көчүрмөлөрүн тиркеп, УШК/АШКнын системдик администраторуна беришет.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө тиешелүү шайлоо участогунун шайлоочуларынын тизмесине тиешелүү округдун шайлоочулары гана киргизилет.
Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө ушул пунктта көрсөтүлгөн шайлоочулар жөнүндө маалыматтар тиешелүү жергиликтүү жамааттын мүчөсү болуп саналган шайлоочуларга гана берилет.
24. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар жана шайлоо комиссияларынын төрагалары тарабынан берилген шайлоочулар жөнүндө маалыматтарды иштеп чыгуу Борбордук шайлоо комиссиясынын ОШК/АШКдагы системдик администратору тарабынан жүзөгө ашырылат.
Шайлоо аяктагандан кийин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын жана шайлоо комиссияларынын төрагаларынын маалыматтарынын негизинде шайлоочулардын тизмесине киргизилген шайлоочулар паспортто көрсөтүлгөн туруктуу жашаган жери жөнүндө каттоо белгисине ылайык шайлоочулардын тизмесине киргизилет.
25. Шайлоочулардын тизмеси шайлоочулар менен таанышуу үчүн "Тизме" мамлекеттик порталында дайыма жеткиликтүү.
Шайлоону, референдумду даярдоо жана өткөрүү мезгилинде "Тизме" мамлекеттик порталында шайлоочулардын тизмеси күн сайын, ал эми шайлоолор аралыгындагы мезгилде - ай сайын жаңыртылат.
26. "Тизме" мамлекеттик порталында көрүү үчүн жеткиликтүү болгон шайлоочулардын тизмеси төмөнкү маалыматты камтыйт:
- УШКнын номери;
- шайлоочунун аты-жөнү;
- шайлоочунун көчүп-конуу тарыхы.
4. Шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү тутумунун маалыматтарынын корголушу жана сакталышы
27. ШЭБТдагы жеке маалыматтар купуя мүнөздөгү маалыматка кирет.
28. Борбордук шайлоо комиссиясы уруксатсыз кирүүнү, жок кылууну, жайылтууну, өзгөртүүнү же жоготууну болтурбоо үчүн ШЭБТдагы жеке маалыматтардын сакталышын жана коопсуздугун камсыз кылат.
29. Кирүү үчүн Борбордук шайлоо комиссиясындагы ШЭБТнын администратору ОШК/АШКнын системдик администраторлоруна колдонуучуну идентификациялоону камсыздай турган жеке логин жана сыр сөз берет.
Тутумга кирүү үчүн жеке сыр сөз ШЭБТда биринчи авторизациялоодо алмаштырылууга тийиш. Логин жана сыр сөз үчүнчү жактарга өткөрүлүп берилбөөгө, ачыкка чыгарылбоого тийиш. Колдонуучулардын бардык иш-аракеттери тутумда катталат (логтолот). Тутумдагы бардык колдонуучулардын иш-аракеттеринин толук тарыхы сакталат.
30. ШЭБТга кирүү укугу ШЭБТны коштоо, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар жана төмөн турган шайлоо комиссиялары тарабынан берилген маалыматтарды, ошондой эле шайлоочулардын шайлоочулардын тизмесиндеги маалыматтарды тактоо жөнүндөгү арыздарын иштеп чыгуу үчүн жеке маалыматтар менен иштөөгө тиешелүү уруксат формасы бар Борбордук шайлоо комиссиясынын кызматкерлерине берилет.
31. ШЭБТга кирүү укугун каттоо жана берүү жол-жобосу маалыматтык коопсуздук саясатына ылайык жүзөгө ашырылат.
32. Ушул Жобонун 30-пунктунда көрсөтүлгөн кызматкерлерден башка кызматкерлерге ШЭБТга кирүүгө тыюу салынат. Ушул пункт бузулган учурда кызматтык текшерүү демилгеленет. Кызматтык текшерүүлөрдү жүргүзүү жол-жобосу Маалыматтык коопсуздук саясатына ылайык жүргүзүлөт.
33. Колдонуучунун бардык иш-аракеттери сессиянын датасын, убактысын, колдонуучунун аты-жөнүн жана логинин көрсөтүү менен ШЭБТда сөзсүз түрдө катталат жана сакталат.
34. 30, 31, 32-пункттарда көрсөтүлгөн тартип бузуу фактылары жөнүндө Борбордук шайлоо комиссиясынын жетекчилигине 24 сааттын ичинде билдирилет.
35. Калкты каттоо жана документтештирүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан Борбордук шайлоо комиссиясына файлдарды электрондук байланыш каналдары аркылуу, ошондой эле алардын бүтүндүгүн жана юридикалык маанисин камсыздоо үчүн тышкы маалымат ташуучуларда өткөрүп берүүдө өткөрүлүп берүүчү файлдарга өткөрүп берүүчү тараптын ыйгарымдуу адамдары булут электрондук колтамгасын колдонуу менен кол коюшат.
36. Кыргыз Республикасынын жарандарын каттоонун жана эсепке алуунун ар кандай формаларын жүзөгө ашыруучу Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын, мекемелеринин жана уюмдарынын жетекчилери берилген маалыматтардын өз убагында берилбегендиги, так эместиги, толук эместиги, анык эместиги жана бурмалангандыгы үчүн, ошондой эле жеке мүнөздөгү маалыматка кирген маалыматтарды уруксатсыз ачыкка чыгаргандыгы жана тараткандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.
|
| 1-тиркеме |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИН/ ЖОГОРКУ КЕҢЕШТИН ДЕПУТАТТАРЫН/ЖЕРГИЛИКТYY КЕҢЕШТЕРДИН ДЕПУТАТТАРЫН ШАЙЛООДО/РЕФЕРЕНДУМДА ШАЙЛООЧУЛАРДЫН АЛДЫН АЛА ТИЗМЕСИ
ПРЕДВАРИТЕЛЬНЫЙ СПИСОК ИЗБИРАТЕЛЕЙ НА ВЫБОРАХ ПРЕЗИДЕНТА/ДЕПУТАТОВ ЖОГОРКУ КЕНЕША/ДЕПУТАТОВ МЕСТНЫХ КЕНЕШЕЙ/НА РЕФЕРЕНДУМЕ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ
"___" ____________ 20___-жыл/год
______________________________________________________________________________________ Округдук/аймактык шайлоо комиссиясы/Окружная/территориальная избирательная комиссия
№ ____________________________________________________ (УШКнын жайгашкан жери/местонахождение УИК)
шайлоо участогу/избирательный участок
№ к/н п/п | Аты-жөнү/ФИО | Туулган датасы/Дата рождения* |
1 |
|
|
2 |
|
|
3 |
|
|
4 |
|
|
5 |
|
|
6 |
|
|
7 |
|
|
8 |
|
|
9 |
|
|
10 |
|
|
(*) 18 жашка толгон шайлоочулардын туулган күнү/Число, месяц, год рождения избирателей, достигших 18 лет.
Бет № _____________________
Страница № ___________________
№ ________________________________________________ шайлоо участогу/избирательный участок (УШКнын жайгашкан жери/местонахождение УИК)
Шайлоочулардын алдын ала тизмесинде __________ барак
В предварительном списке избирателей __________ листов
__________________________________________________ | М.О. | _____________________ |
(ОШК/АШКнын төрагасынын аты-жөнү/ ФИО председателя ОИК/ТИК) | М.П. | (колу/подпись) |
| Беттин жалпы саны/Всего страниц | |
|
| 2-тиркеме |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИН/ ЖОГОРКУ КЕҢЕШТИН ДЕПУТАТТАРЫН/ЖЕРГИЛИКТYY КЕҢЕШТЕРДИН ДЕПУТАТТАРЫН ШАЙЛООДО/РЕФЕРЕНДУМДА ШАЙЛООЧУЛАРДЫН КОНТРОЛДУК ТИЗМЕСИ
КОНТРОЛЬНЫЙ СПИСОК ИЗБИРАТЕЛЕЙ НА ВЫБОРАХ ПРЕЗИДЕНТА/ДЕПУТАТОВ ЖОГОРКУ КЕНЕША/ДЕПУТАТОВ МЕСТНЫХ КЕНЕШЕЙ/НА РЕФЕРЕНДУМЕ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ
"___" ____________ 20___-жыл/год
____________________________________________________________________________________ Округдук/аймактык шайлоо комиссиясы/Окружная/территориальная избирательная комиссия
№ __________________________________________________ (УШКнын жайгашкан жери/местонахождение УИК)
шайлоо участогу/избирательный участок
№ к/н п/п | Аты-жөнү/ФИО |
1 |
|
2 |
|
3 |
|
4 |
|
5 |
|
6 |
|
7 |
|
8 |
|
9 |
|
10 |
|
Бет № ______________
Страница № _____________
№ ________________________________________________ шайлоо участогу/избирательный участок (УШКнын жайгашкан жери/местонахождение УИК)
Шайлоочулардын контролдук тизмесинде __________ барак
В контрольном списке избирателей __________ листов
__________________________________________________ | М.О. | _____________________ |
(ОШК/АШКнын төрагасынын аты-жөнү/ ФИО председателя ОИК/ТИК) | М.П. | (колу/подпись) |
| Беттин жалпы саны/Всего страниц | |
|
| 3-тиркеме |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИН/ЖОГОРКУ КЕҢЕШТИН ДЕПУТАТТАРЫН/ЖЕРГИЛИКТYY КЕҢЕШТЕРДИН ДЕПУТАТТАРЫН ШАЙЛООДО/РЕФЕРЕНДУМДА ШАЙЛООЧУЛАРДЫН БИРОТОЛО ТИЗМЕСИ
ОКОНЧАТЕЛЬНЫЙ СПИСОК ИЗБИРАТЕЛЕЙ НА ВЫБОРАХ ПРЕЗИДЕНТА/ДЕПУТАТОВ ЖОГОРКУ КЕНЕША/ДЕПУТАТОВ МЕСТНЫХ КЕНЕШЕЙ/НА РЕФЕРЕНДУМЕ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ
"___" ____________ 20___-жыл/год
____________________________________________________________________________________ Округдук/аймактык шайлоо комиссиясы/Окружная/территориальная избирательная комиссия
№ _____________________________________________________ (УШКнын жайгашкан жери/местонахождение УИК)
шайлоо участогу/избирательный участок
№ к/н п/п | Аты-жөнү/ФИО | Туулган жылы/ Дата рождения | Туруктуу жашаган жеринин дареги/ Адрес постоянного места жительства (паспорт) | Паспорт (серия, номер) | Шайлоочунун колтамгасы/ Подпись избирателя | УШКнын жооптуу мүчөсүнүн колтамгасы/ Подпись ответственного члена УИК | Өзгөчө белгилер/ Особые отметки |
1 |
|
|
|
|
|
|
|
2 |
|
|
|
|
|
|
|
3 |
|
|
|
|
|
|
|
… |
|
|
|
|
|
|
|
(*) 18 жашка толгон шайлоочулардын туулган күнү, айы, жылы/Число, месяц, год рождения избирателей, достигших 18 лет.
а) - |
|
|
| б) - |
|
|
| в) - |
|
|
|
______________________________________________________________ |
| _________________ |
(участкалык шайлоо комиссиясынын жооптуу мүчөсүнүн аты-жөнү/ ФИО ответственного члена участковой избирательной комиссии) |
| (подпись) |
№ к/н п/п | Аты-жөнү/ФИО | Туулган жылы/ Дата рождения | Туруктуу жашаган жеринин дареги/ Адрес постоянного места жительства (паспорт) | Паспорт (серия, номер) | Шайлоочунун колтамгасы/ Подпись избирателя | УШКнын жооптуу мүчөсүнүн колтамгасы/ Подпись ответственного члена УИК | Өзгөчө белгилер/ Особые отметки |
… |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
(*) 18 жашка толгон шайлоочулардын туулган күнү, айы, жылы/Число, месяц, год рождения избирателей, достигших 18 лет.
а) - |
|
|
| б) - |
|
|
| в) - |
|
|
|
______________________________________________________________ |
| _________________ |
(участкалык шайлоо комиссиясынын жооптуу мүчөсүнүн аты-жөнү/ ФИО ответственного члена участковой избирательной комиссии) |
| (подпись) |
Бул тизмеде/В настоящем списке N+1 барак/листов
КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ! ДОБУШ БЕРҮҮ АЯКТАГАНДАН КИЙИН УЧАСТКАЛЫК ШАЙЛОО КОМИССИЯСЫ ШАЙЛОО УЧАСТОКТОРУ БОЮНЧА ТӨМӨНКҮДӨЙ ЖЫЙЫНТЫКТООЧУ МААЛЫМАТТАРДЫ КИРГИЗҮҮГӨ МИЛДЕТТҮҮ: ВНИМАНИЕ! ПОСЛЕ ЗАВЕРШЕНИЯ ГОЛОСОВАНИЯ УЧАСТКОВАЯ ИЗБИРАТЕЛЬНАЯ КОМИССИИЯ ОБЯЗАНА ВНЕСТИ СЛЕДУЮЩИЕ ИТОГОВЫЕ ДАННЫЕ ПО ИЗБИРАТЕЛЬНОМУ УЧАСТКУ:
а - |
|
|
|
| - добуш берүү жайында шайлоо бюллетендерин алган шайлоочулардын саны (добуш берүү үчүн жайдан тышкары |
добуш бергендиги тууралуу белги менен колтамгаларды эсепке албаганда шайлоочулардын тизмесиндеги шайлоочулардын колтамгаларынын саны боюнча белгиленет)/число избирателей, получивших избирательные бюллетени в помещении для голосования (устанавливается по числу подписей избирателей в списке избирателей без учета подписей с отметками о голосовании вне помещения для голосования); | |||||
б - |
|
|
|
| - жайдан тышкары добуш берүү үчүн бюллетень алган шайлоочулардын саны (шайлоочулардын |
тизмесиндеги тийиштүү белгилердин саны боюнча белгиленет)/число избирателей, получивших бюллетени для голосования вне помещения (устанавливается по числу соответствующих отметок в списке избирателей); | |||||
в - |
|
|
|
| - шайлоолорго катышкан шайлоочулардын саны ("а" жана "б" суммасы катары шайлоочулардын |
колтамгаларынын саны боюнча белгиленет)/число избирателей, принявших участие в выборах (устанавливается по числу подписей избирателей как сумма, "а" и "б"); | |||||
Шайлоочулардын добуштарын түздөн-түз санаардын алдында шайлоочуларды каттоого жооптуу болгон участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү ар бир барактын аягында жайгашкан "а", "б" жана "в" квадраттарына беттер боюнча тийиштүү жалпы маалыматтарды киргизүүгө милдеттүү:/Перед непосредственным подсчетом голосов избирателей члены участковой избирательной комиссии, ответственные за регистрацию избирателей, обязаны внести в квадраты "а", "б" и "в", расположенные внизу каждой страницы, соответствующие суммарные данные по странице:
а) - |
|
|
| б) - |
|
|
| в) - |
|
|
|
- добуш берүү жайында шайлоо бюллетендерин алган шайлоочулардын саны б) боюнча добуш берүү үчүн жайдан тышкары добуш бергендиги тууралуу белги менен колтамгаларды эсепке албаганда шайлоочулардын тизмесиндеги шайлоочулардын колтамгаларынын саны боюнча белгиленет) - число избирателей, получивших избирательные бюллетени в помещении для голосования (устанавливается по числу подписей избирателей без учета подписей с отметками о голосовании вне помещения для голосования по странице) | - жайдан тышкары добуш берүү үчүн бюллетень алган шайлоочулардын саны (шайлоочулардын тизмесиндеги тийиштүү белгилердин саны боюнча белгиленет) - число избирателей, получивших бюллетени для голосования вне помещения (устанавливается по числу соответствующих отметок по странице) | - шайлоолорго катышкан шайлоочулардын саны ("а" жана "б" суммасы катары шайлоочулардын колтамгаларынын саны боюнча белгиленет) - число избирателей, принявших участие в выборах (устанавливается по числу подписей избирателей как сумма, "а" и "б") | |||||||||
Ар бир бетке ушул суммалык маалыматтар киргизилгенден кийин шайлоочулардын тизмесине шайлоочуларды каттоого жооптуу участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөсү кол коёт жана шайлоочулардын тизмеси участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасына берилет.
Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы жана катчысы шайлоочулардын тизмесинин а), б) жана в) бардык беттери боюнча тийиштүү түрдө маалыматтарды жалпылайт жана жыйынтыктоочу маалыматтарды шайлоочулардын тизмесинин биротоло бетиндеги "а", "б", "в" квадраттарына киргизет./
После внесения этих суммарных данных каждая страница списка избирателей подписывается ответственными за регистрацию избирателей членами участковой избирательной комиссии, и список избирателей передается председателю участковой избирательной комиссии.
Председатель и секретарь участковой избирательной комиссии суммируют соответственно данные, а) б) и в) по всем страницам списка избирателей, и вносят итоговые данные на последнюю страницу списка избирателей в квадраты "а", "б", "в".
_________________________________________________ | М.О./М.П. | ____________________________ |
УШКнын төрагасынын аты-жөнү/ФИО председателя УИК |
| Дата жана колтамга/Дата и подпись |
|
|
|
_________________________________________________ | М.О./М.П. | ____________________________ |
УШКнын катчысынын аты-жөнү/ФИО секретаря УИК |
| Дата жана колтамга/Дата и подпись |
|
|
|
_________________________________________________ | М.О./М.П. | ____________________________ |
ОШК/АШКнын төрагасынын аты-жөнү/ФИО председателя ОИК/ТИК |
| Дата жана колтамга/Дата и подпись |
|
| 3а тиркемеси |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИН/ЖОГОРКУ КЕҢЕШТИН ДЕПУТАТТАРЫН/ЖЕРГИЛИКТYY КЕҢЕШТЕРДИН ДЕПУТАТТАРЫН ШАЙЛООДО/РЕФЕРЕНДУМДА АРАЛЫКТАН ДОБУШ БЕРҮҮ АРКЫЛУУ ДОБУШ БЕРҮҮГӨ КАТЫШКАН ШАЙЛООЧУЛАРДЫН ТИЗМЕСИ
СПИСОК ИЗБИРАТЕЛЕЙ, ПРИНЯВШИХ УЧАСТИЕ В ГОЛОСОВАНИИ В ДИСТАНЦИОННОМ ФОРМАТЕ НА ВЫБОРАХ ПРЕЗИДЕНТА/ДЕПУТАТОВ ЖОГОРКУ КЕНЕША/ДЕПУТАТОВ МЕСТНЫХ КЕНЕШЕЙ/НА РЕФЕРЕНДУМЕ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ
"___" ____________ 20___-жыл/год
________________________________________________________________________________________ Округдук/аймактык шайлоо комиссиясы/Окружная/территориальная избирательная комиссия
№ _______________________________________________________ (УШКнын жайгашкан жери/местонахождение УИК)
шайлоо участогу/избирательный участок
№ к/н п/п | ЖИН/ПИН | Чектин №/№ чека | Туруктуу жашаган жери боюнча УШК номери/Номер УИК по месту постоянного места жительства | Шайлоочунун колтамгасы/Подпись избирателя | Өзгөчө белгилер/ Особые отметки |
1 |
|
|
|
|
|
2 |
|
|
|
|
|
3 |
|
|
|
|
|
… |
|
|
|
|
|
а) - |
|
|
| б) - |
|
|
| в) - |
|
|
|
______________________________________________________________ |
| __________________ |
(участкалык шайлоо комиссиясынын жооптуу мүчөсүнүн аты-жөнү/ ФИО ответственного члена участковой избирательной комиссии) |
| (подпись) |
№ к/н п/п | ЖИН/ПИН | Чектин №/№ чека | Туруктуу жашаган жери боюнча УШК номери/Номер УИК по месту постоянного места жительства | Шайлоочунун колтамгасы/Подпись избирателя | Өзгөчө белгилер/Особые отметки |
… |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
N… |
|
|
|
|
|
а) - |
|
|
| б) - |
|
|
| в) - |
|
|
|
______________________________________________________________ |
| __________________ |
(участкалык шайлоо комиссиясынын жооптуу мүчөсүнүн аты-жөнү/ ФИО ответственного члена участковой избирательной комиссии) |
| (подпись) |
Бул тизмеде/В настоящем списке N+1 барак/листов
КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ! ДОБУШ БЕРҮҮ АЯКТАГАНДАН КИЙИН УЧАСТКАЛЫК ШАЙЛОО КОМИССИЯСЫ ШАЙЛОО УЧАСТОКТОРУ БОЮНЧА ТӨМӨНКҮДӨЙ ЖЫЙЫНТЫКТООЧУ МААЛЫМАТТАРДЫ КИРГИЗҮҮГӨ МИЛДЕТТҮҮ:
ВНИМАНИЕ! ПОСЛЕ ЗАВЕРШЕНИЯ ГОЛОСОВАНИЯ УЧАСТКОВАЯ ИЗБИРАТЕЛЬНАЯ КОМИССИИЯ ОБЯЗАНА ВНЕСТИ СЛЕДУЮЩИЕ ИТОГОВЫЕ ДАННЫЕ ПО ИЗБИРАТЕЛЬНОМУ УЧАСТКУ:
а - |
|
|
|
| - добуш берүү жайында шайлоо бюллетендерин алган шайлоочулардын саны (добуш берүү үчүн жайдан |
тышкары добуш бергендиги тууралуу белги менен колтамгаларды эсепке албаганда шайлоочулардын тизмесиндеги шайлоочулардын колтамгаларынын саны боюнча белгиленет)/число избирателей, получивших избирательные бюллетени в помещении для голосования (устанавливается по числу подписей избирателей в списке избирателей без учета подписей с отметками о голосовании вне помещения для голосования); | |||||
б - |
|
|
|
| - жайдан тышкары добуш берүү үчүн бюллетень алган шайлоочулардын саны (шайлоочулардын тизмесиндеги |
тийиштүү белгилердин саны боюнча белгиленет)/число избирателей, получивших бюллетени для голосования вне помещения (устанавливается по числу соответствующих отметок в списке избирателей); | |||||
в - |
|
|
|
| - шайлоолорго катышкан шайлоочулардын саны ("а" жана "б" суммасы катары шайлоочулардын колтамгаларынын |
саны боюнча белгиленет)/число избирателей, принявших участие в выборах (устанавливается по числу подписей избирателей как сумма, "а" и "б"); | |||||
Шайлоочулардын добуштарын түздөн-түз санаардын алдында шайлоочуларды каттоого жооптуу болгон участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү ар бир барактын аягында жайгашкан "а", "б" жана "в" квадраттарына беттер боюнча тийиштүү жалпы маалыматтарды киргизүүгө милдеттүү:/Перед непосредственным подсчетом голосов избирателей члены участковой избирательной комиссии, ответственные за регистрацию избирателей, обязаны внести в квадраты "а", "б" и "в", расположенные внизу каждой страницы, соответствующие суммарные данные по странице:
а) - |
|
|
| б) - |
|
|
| в) - |
|
|
|
- добуш берүү жайында шайлоо бюллетендерин алган шайлоочулардын саны б) боюнча добуш берүү үчүн жайдан тышкары добуш бергендиги тууралуу белги менен колтамгаларды эсепке албаганда шайлоочулардын тизмесиндеги шайлоочулардын колтамгаларынын саны боюнча белгиленет) - число избирателей, получивших избирательные бюллетени в помещении для голосования (устанавливается по числу подписей избирателей без учета подписей с отметками о голосовании вне помещения для голосования по странице) | - жайдан тышкары добуш берүү үчүн бюллетень алган шайлоочулардын саны (шайлоочулардын тизмесиндеги тийиштүү белгилердин саны боюнча белгиленет) - число избирателей, получивших бюллетени для голосования вне помещения (устанавливается по числу соответствующих отметок по странице) | - шайлоолорго катышкан шайлоочулардын саны ("а" жана "б" суммасы катары шайлоочулардын колтамгаларынын саны боюнча белгиленет) - число избирателей, принявших участие в выборах (устанавливается по числу подписей избирателей как сумма, "а" и "б") | |||||||||
Ар бир бетке ушул жалпы маалыматтар киргизилгенден кийин шайлоочулардын тизмесине шайлоочуларды каттоого жооптуу участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөсү кол коёт жана шайлоочулардын тизмеси участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасына берилет.
Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы жана катчысы шайлоочулардын тизмесинин а), б) жана в) бардык беттери боюнча тийиштүү түрдө маалыматтарды жалпылайт жана жыйынтыктоочу маалыматтарды шайлоочулардын тизмесинин биротоло бетиндеги "а", "б", "в" квадраттарына киргизет./
После внесения этих суммарных данных каждая страница списка избирателей подписывается ответственными за регистрацию избирателей членами участковой избирательной комиссии, и список избирателей передается председателю участковой избирательной комиссии.
Председатель и секретарь участковой избирательной комиссии суммируют соответственно данные, а) б) и в) по всем страницам списка избирателей, и вносят итоговые данные на последнюю страницу списка избирателей в квадраты "а", "б", "в".
_________________________________________________ | М.О./М.П. | ____________________________ |
УШКнын төрагасынын аты-жөнү/ФИО председателя УИК |
| Дата жана колтамга/Дата и подпись |
|
|
|
_________________________________________________ | М.О./М.П. | ____________________________ |
УШКнын катчысынын аты-жөнү/ФИО секретаря УИК |
| Дата жана колтамга/Дата и подпись |
|
|
|
_________________________________________________ | М.О./М.П. | ____________________________ |
ОШК/АШКнын төрагасынын аты-жөнү/ФИО председателя ОИК/ТИК |
| Дата жана колтамга/Дата и подпись |
|
| 4-тиркеме |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИН/ЖОГОРКУ КЕҢЕШТИН ДЕПУТАТТАРЫН/ЖЕРГИЛИКТYY КЕҢЕШТЕРДИН ДЕПУТАТТАРЫН ШАЙЛООДО/РЕФЕРЕНДУМДА ШАЙЛООЧУЛАРДЫН БИРОТОЛО ТИЗМЕСИ
ОКОНЧАТЕЛЬНЫЙ СПИСОК ИЗБИРАТЕЛЕЙ НА ВЫБОРАХ ПРЕЗИДЕНТА/ДЕПУТАТОВ ЖОГОРКУ КЕНЕША/ДЕПУТАТОВ МЕСТНЫХ КЕНЕШЕЙ/НА РЕФЕРЕНДУМЕ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ
"___" ____________ 20___-жыл/год
______________________________________________________________________________________ Округдук/аймактык шайлоо комиссиясы/Окружная/территориальная избирательная комиссия
№ ______________________________________________________ (УШКнын жайгашкан жери/местонахождение УИК)
шайлоо участогу/избирательный участок
№ к/н п/п | Аты-жөнү/ФИО |
1 |
|
2 |
|
3 |
|
4 |
|
5 |
|
6 |
|
7 |
|
8 |
|
9 |
|
10 |
|
Бет № _____________
Страница № ______________
№ __________________________________________________ шайлоо участогу/избирательный участок (УШКнын жайгашкан жери/местонахождение УИК)
Шайлоочулардын алдын ала тизмесинде __________ барак
В предварительном списке избирателей __________ листов
_________________________________________________ | М.О./ М.П. | _____________________ |
(ОШК/АШКнын төрагасынын аты-жөнү/ ФИО председателя ОИК/ТИК) | (колтамгасы/подпись) | |
| Беттин жалпы саны/Всего страниц | |