Загрузка документа…
|
| 1-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 6-ноябрындагы № 721 токтомуна) |
Салык кызматынын органдарынын туусу жана символика белгиси жөнүндө жобо
1. Салык кызматынын органдарынын туусу тик бурчтуу формадагы кездемеден турат. Көк-жашыл түстөгү жибек кездемеден жасалат, кездеменин узундугу 2500 миллиметр, туурасы 1500 миллиметр.
Кездеменин алдынкы бетинин борборунда төмөнкү жана жогорку четтеринен 300 миллиметр аралыкта салык кызматынын органдарынын символика белгиси - ак түстөгү тегерек графикалык композиция, анын борборунда канаттарын жайган, башын оң жакка буруп турган ак бүркүт жайгаштырылган. Бүркүттүн төшүндө эки тоонун чокусу сымал көк-жашыл фигуралар бар. Композициянын төмөнкү бөлүгүндө бүркүттүн сүрөтүн курчаган, ак түстөгү мамлекеттик тилде "КЫРГЫЗСТАН САЛЫК КЫЗМАТЫ" деген жарым тегерек жазуу жайгаштырылган. Композициянын жогорку бөлүгүндө ак геометриялык фигуралар: борборунда үч ромб, анын эки тарабында бир жаага бириктирилген тегерек элементтер жайгашкан.
2. Салык кызматынын органдарынын символика белгиси ак түстөгү тегерек графикалык композицияны билдирет. Борборунда канаттарын жайган, башын оң жакка буруп турган көк-жашыл түстөгү бүркүт тартылган. Бүркүттүн төшүндө эки тоонун чокусу сымал ак фигуралар бар. Композициянын төмөнкү бөлүгүндө бүркүттүн сүрөтүн курчаган, боз түстөгү мамлекеттик тилде "КЫРГЫЗСТАН САЛЫК КЫЗМАТЫ" деген жарым тегерек жазуу жайгаштырылган. Композициянын жогорку бөлүгүндө көк-жашыл геометриялык фигуралар: борборунда үч ромб, анын эки тарабында бир жаага бириктирилген тегерек элементтер жайгашкан.
3. Салык кызматынын органдарынын туусу жана символика белгиси ушул Жобонун тиркемесинде келтирилген үлгүлөргө ылайык графикалык сүрөттөрдү билдирет.
4. Салык кызматынын органдарынын туусу ыйгарым укуктуу салык органынын, ошондой эле аймактык жана функционалдык бөлүмдөрүнүн имараттарында сакталат жана атайын асабада орнотулат. Туу салык кызматынын органдарынын ишине байланыштуу салтанаттуу иш-чараларда колдонулат.
5. Салык кызматынын органдарынын символика белгиси кызматкерлердин формалык кийимине (кокарда, шеврон, эмблема, төш белги ж.б.), ошондой эле салык кызматынын органдары кызматтык ишинде пайдаланган папкаларга, конверттерге жана башка предметтерге жайгаштырылат.
6. Салык кызматынын органдарынын туусун жана символика белгисин башка органдар жана адамдар тарабынан пайдаланууга жол берилбейт. Салык кызматынын органдарынын туусуна жана символика белгисине карата бурмалоого, бузууга же башка деструктивдүү иш-аракеттерге тыюу салынат. Көрсөтүлгөн иш-аракеттерди жасоого күнөөлүү адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
|
| Салык кызматынын органдарынын туусу жана символика белгиси жөнүндө жобого тиркеме |
Символика
Туу