Редакцияот 27.10.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАЙЫЛМА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖАЙЫЛМА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2025-жылдын 27-октябры № 60/XIII

Мектепке навес куруу жана территориясында көрктөндүрүү

иштерин жүргүзүү үчүн акча каражатын бөлүү жөнүндө

 

Новопокровка айылындагы Н.С.Баранов атындагы ЖББОМне навес куруу жана территориясын көрктөндүрүү иштерин жүргүзүү жөнүндө ФЭБнүн башчысы Д.Муратбек кызынын маалыматын карап чыгып, талкуулап жана пикир алмашып,

 

Жайылма айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Новопокровка айылынын Н.С.Баранов атындагы ЖББОМне навес куруу жана территориясын көрктөндүрүү иштерин жүргүзүү үчүн 5499,2 миң сом акча каражат бөлүнүп берилсин.

2.  Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Жайылма айылдык

кеңешинин төрагасы

 

К. М. Жонгучкаев