Загрузка документа…
НАРЗАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2025 –жылдын 14-марты № 01-3/29
Балдардын укугун жана кызыкчылыгын камсыздоо боюнча 2025-жылдын I-кварталында аткарылган иштери тууралуу
Кыргыз Республикасынын Балдар Кодексинин 20-беренесинин негизинде Нарзан айыл өкмөтүнүн социалдык суроолор боюнча бөлүмүнүн балдардын укугун жана кызыкчылыгын камсыздоо боюнча 2025 жылдын I -кварталында аткарылган иштери тууралуу маалыматын угуп жана жаштар иштери, спорт, маданият жана социалдык маселелер боюнча комиссиясы корутундусун талкуулап сессия,
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. Нарзан айыл өкмөтүнүн социалдык суроолор боюнча бөлүмүнүн балдардын укугун жана кызыкчылыгын камсыздоо боюнча 2025-жылдын I-кварталында аткарылган иштери тууралуу маалыматы эске алынсын.
2. Нарзан айыл өкмөтүнүн социалдык суроолор боюнча башкы адисине:
- укук коргоо органдары, райондук билим берүү бөлүмү, социалдык өнүгүү башкармалыгы менен биргеликте укук бузууларды, суициддерди, балдарга карата үй-бүлөлүк зордук зомбулуктун алдын алуу боюнча иш-чаралар системалуу жүргүзүлсүн.
- балдардын укуктарын жана кызыкчылыгын камсыз кылуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралар жөнүндө квартал сайын Нарзан айылдык кеңешке маалымат берип турсун.
3. Жооптуу катчы бул токтомду Кыргыз Республикасынын юстициясынын Чүй-Бишкек башкармалыгына каттоо үчүн Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик базасына киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Нарзан айыл өкмөтүнүн башчысы И.Э.Оскомбаевге жүктөлсүн.
Төрага |
| Т.К. Кулжанов |