Редакцияот 27.10.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАЙЫЛМА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖАЙЫЛМА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2025-жылдын 27-октябры № 62/XIII

Жол куруу иштерин жүргүзүү убагында

курулуш машиналарын жана жабдууларын жайгаштыруу үчүн

жер тилкесин берүү жөнүндө

 

Жол куруу иштерин жүргүзүү убагында курулуш машиналарын жана жабдууларын жайгаштыруу үчүн Жайылма айыл аймагынын №253 контурунда жайгашкан, “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясындагы”, “жайыт” жер тибине кирген 1,5 гектар жер тилкесин берүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн башчысынын маалыматын карап чыгып, талкуулап жана пикир алмашып,

 

Жайылма айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жол куруу иштерин жүргүзүү убагында курулуш машиналарын жана жабдууларын жайгаштыруу үчүн Жайылма айыл аймагынан жер тилкесин берүүгө макулдук берилсин.

2.  Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Жайылма айылдык

кеңешинин төрагасы

 

К. М. Жонгучкаев