Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ
2025-жылдын 28-ноябры № 158
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө Ноокат, Өзгөн жана Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын төмөнкү чечимдери келип түштү:
1. "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-пунктунун жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктунун негизинде, депутаттык ыйгарым укуктарын тапшыруу жөнүндө жазуу жүзүндө арыз бергендигине байланыштуу жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечимдери:
- Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 24-ноябрындагы № 26 жана 2025-жылдын 25-ноябрындагы № 27 Ош облусунун Ноокат районунун Т. Кулатов айылдык кеңеши боюнча;
- Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 24-ноябрындагы № 11 Ош облусунун Өзгөн районунун Өзгөн шаардык кеңеши боюнча;
- Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 9 жана № 10 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Садыр Аке жана Тору-Айгыр-Тамчы айылдык кеңештери боюнча.
2) Жеке арызынын негизинде катталган талапкерди Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Тору-Айгыр-Тамчы айылдык кеңеши боюнча депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жөнүндө Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 9 чечими.
3) "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунун негизинде бош калган мандаттарды тиешелүү көп мандаттуу шайлоо округу боюнча добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын добуштарынын көбүн алган шайланган депутаттан кийинки талапкерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери:
- Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 24-ноябрындагы № 26 жана 2025-жылдын 25-ноябрындагы № 27 Ош облусунун Ноокат районунун Т.Кулатов айылдык кеңеши боюнча;
- Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 9 жана № 10 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Садыр Аке жана Тору-Айгыр-Тамчы айылдык кеңештери боюнча.
4) "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктунун жана 1-1-бөлүгүнүн негизинде Ош облусунун Өзгөн районунун Өзгөн шаардык кеңеши боюнча бош калган мандатты саясий партиянын тизмесинде шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 24-ноябрындагы № 12 чечими.
Аймактык шайлоо комиссияларынын кабыл алынган чечимдери "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесинин, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин талаптарына ылайык келет.
"Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 28-пунктуна ылайык, "Борбордук шайлоо комиссиясы аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө, жергиликтүү кеңештин депутатынын бош калган мандатын өткөрүп берүү жөнүндө, катталган талапкерди жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жөнүндөгү чечимдерин бекитет".
Бекитүүгө келип түшкөн аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдеринин "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3, 5-беренелеринин талаптарына шайкештигин карап чыгып, "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр:
- Ноокат, Өзгөн жана Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечимдери 1-тиркемеге ылайык;
- Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссиясынын катталган талапкерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жөнүндө чечими 2-тиркемеге ылайык;
- Ноокат, Өзгөн жана Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссияларынын бош калган мандаттарын депутаттыкка талапкерлердин тизмесиндеги катталган талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери 3-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. 1-тиркемеде көрсөтүлгөн жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын күбөлүктөрү ушул токтом жарыяланган күндөн тартып жараксыз деп таанылсын.
3. Ноокат, Өзгөн жана Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссиялары 3-тиркемеге ылайык жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын катташсын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырышсын.
4. Ушул токтом "Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезитине жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Ушул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерге жөнөтүлсүн.
6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.С.Жупуевага жүктөлсүн.
Төрага |
| Т. Шайназаров |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 28-ноябрындагы № 158 токтомуна 1-тиркеме |
Аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечимдери
№ | АШКнын депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечиминин№ жана датасы, негиз | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын аты-жөнү |
Ош облусу | |||
Ноокат району | |||
1. | Ноокат АШК, № 26, 24.11.2025-ж. (24.11.2025-ж., өз арызы) | Т. Кулатов айылдык кеңеши (№ 4 Ак-Чал шайлоо округу) | Эшимбаев Абсатар Көчкөнбаевич |
2. | Ноокат АШК, № 27, 25.11.2025-ж. (25.11.2025-ж., өз арызы) | Т. Кулатов айылдык кеңеши (№ 1 Арбыш-Сай шайлоо округу) | Боркош уулу Дамирбек |
Өзгөн району | |||
3. | Өзгөн АШК, № 11, 24.11.2025-ж. (17.11.2025-ж., өз арызы) | Өзгөн шаардык кеңеши | Джалилов Азамжан Абдуллажанович (2) “Эл Биримдиги” депутаттык фракциясы |
Ысык-Көл облусу | |||
Ысык-Көл району | |||
4. | Ысык-Көл АШК, № 9, 14.11.2025-ж. (30.10.2025-ж., өз арызы) | Тору-Айгыр-Тамчы айылдык кеңеши (№ 2 Тору-Айгыр шайлоо округу) | Тологонов Эдил Байболотович |
5. | Ысык-Көл АШК, № 9, 14.11.2025-ж. (30.10.2025-ж., өз арызы) | Садыр аке айылдык кеңеши (№ 6 Григорьевка-2 шайлоо округу) | Сагымбаева Гулкайыр Токтойбаевна |
Шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы |
|
М. Кожокеева |
Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы |
|
К. Берикбаева |
Аткаруучу: Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн жетектөөчү адиси |
|
У. Темирбеков |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 28-ноябрындагы № 158 токтомуна 2-тиркеме |
Аймактык шайлоо комиссиясынын жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлердин тизмесинен катталган талапкерлерди чыгаруу жөнүндө чечими
№ | Тизмеден чыгаруу боюнча АШКнын чечиминин №, датасы жана чечимге негиз | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Катталган талапкерлердин тизмесиндеги талапкердин Ф. А. А. |
Ысык-Көл облусу | |||
Ысык-Көл району | |||
1. | Ысык-Көл АШК, № 9, 14.11.2025-ж. (30.10.2025-ж., өз арызы) | Тору-Айгыр-Тамчы айылдык кеңеши (№ 2 Тору-Айгыр шайлоо округу) | Ишембеков Урмат Элчибекович |
Шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы |
|
М. Кожокеева |
Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы |
|
К. Берикбаева |
Аткаруучу: Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн жетектөөчү адиси |
|
У. Темирбеков |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 28-ноябрындагы № 158 токтомуна 3-тиркеме |
Аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таануу жөнүндө чечимдери
№ | АШКнын бош калган депутаттык мандатты өткөрүп берүү жөнүндө боюнча чечиминин № жана датасы | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Жергиликтүү кеңештин кийинки шайланган депутатынын аты-жөнү | Иштеген жери, ээлеген кызматы |
Ош облусу | ||||
Ноокат району | ||||
1. | Ноокат АШК, № 26, 24.11.2025-ж. (24.11.2025-ж., өз арызы) | Т. Кулатов айылдык кеңеши (№ 4 Ак-Чал шайлоо округу) | Самидинов Тынчтыкбек Максыталиевич | Шаар куруу жана архитектура департаментинин Ноокат райондук архитектура башкармалыгында бөлүм башчы |
2 | Ноокат АШК, № 27, 25.11.2025-ж. (25.11.2025-ж., өз арызы) | Т. Кулатов айылдык кеңеши (№ 1 Арбыш-Сай шайлоо округу) | Исраилов Рашут Маматович | Дыйкан чарбанын мүчөсү |
Өзгөн району | ||||
3. | Өзгөн АШК, № 12, 24.11.2025-ж. (18.11.2025-ж., өз арызы) | Өзгөн шаардык кеңеши | Камбаров Сайдулла Мамасабирович (8) “Эл Биримдиги” саясий партиясы | Жеке ишкер |
Ысык-Көл облусу | ||||
Ысык-Көл району | ||||
4. | Ысык-Көл АШК, № 10, 14.11.2025-ж. (14.11.2025-ж., өз арызы) | Тору-Айгыр-Тамчы айылдык кеңеши (№ 2 Тору-Айгыр шайлоо округу) | Жумабеков Билги Эрикович | Убактылуу иштебейт |
5. | Ысык-Көл АШК, № 10, 14.11.2025-ж. (14.11.2025-ж., өз арызы) | Садыр Аке айылдык кеңеши (№ 6 Григорьевка-2 шайлоо округу) | Акылбек уулу Нурланбек | Убактылуу иштебейт |
Шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы |
|
М. Кожокеева |
Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы |
|
К. Берикбаева |
Аткаруучу: Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн жетектөөчү адиси |
|
У. Темирбеков |