Редакцияот 14.10.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАЕТОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

VIII чакырылыштагы депутаттардын кезексиз XII сессиясы

2025-жылдын 14-октябры  № 12/5

 

 

Баетов айыл аймагына жарык диоддуу экран  орнотууга “Теңир Тоо” өнүктүрүү фондуна сунушталып жаткан долбоордун электр энергиясына кетирилген чыгымынын өздүк салымына акча каражатын бөлүү  жөнүндө.

 

Жогорудагы маселени угуп жана талкуулап, депутаттардын Баетов айылдык кеңешинин кезексиз XII cессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.    Баетов айыл аймагынын борбордук көчөлөрүнө LED (жарык диоддуу) экран орнотууга “Теңир Тоо” өнүктүрүү фондуна сунушталып жаткан долбоорго жер аянттарын бөлүп берүү, зарыл болгон документтик иш кагаздарын даярдоо, орнотуу, эксплуатацияга берүү жана электр энергиясын кошуу өздүк салым  катары көрсөтүлсүн.

2.    Токтомду аткарууга алуу Баетов айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.

3.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.

 

 

 

 

  Төрага

Ч. Азимжанов