Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ
2025-жылдын 10-ноябры № 134
Айтматов, Токмок, Москва, Манас шаардык, Сузак, Нарын жана Кочкор аймактык шайлоо комиссияларынын Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө төмөнкү чечимдери келип түштү:
1) депутаттар депутаттык ыйгарым укуктарын тапшыруу жөнүндө жазуу жүзүндө арыз бергендигине байланыштуу жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечимдер ("Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктуна жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык кабыл алынган):
- Айтматов аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 23-октябрындагы № 8 Талас облусунун Айтматов районунун Аманбаев айылдык кеңеши боюнча;
- Токмок аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 13-октябрындагы № 6 Чүй облусунун Токмок шаардык кеңеши боюнча;
- Москва аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 24-октябрындагы № 14 Чүй облусунун Москва районунун Миң-Булак айылдык кеңеши боюнча;
- Манас шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 19-октябрындагы № 12 Жалал-Абад облусунун Манас шаардык кеңеши боюнча;
- Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 12-октябрындагы № 14 Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Көк-Жаңгак шаардык кеңеши боюнча;
- Нарын аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 24-октябрындагы № 4 Нарын облусунун Нарын районунун Жан-Булак жана Чет-Нура айылдык кеңештери боюнча;
- Кочкор аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 23-октябрындагы № 11 Нарын облусунун Кочкор районунун Кум-Дөбө айылдык кеңеши боюнча.
2) бош калган мандаттарды тиешелүү көп мандаттуу шайлоо округу боюнча добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын добуштарынын көбүн алган шайланган депутаттан кийинки талапкерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдер ("Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык кабыл алынган):
- Айтматов аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 23-октябрындагы № 8 Талас облусунун Айтматов районунун Аманбаев айылдык кеңеши боюнча;
- Москва аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 24-октябрындагы № 14 Чүй облусунун Москва районунун Миң-Булак айылдык кеңеши боюнча;
- Нарын аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 24-октябрындагы № 4 Нарын облусунун Нарын районунун Жан-Булак жана Чет-Нура айылдык кеңештери боюнча;
- Кочкор аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 23-октябрындагы № 12 Нарын облусунун Кочкор районунун Кум-Дөбө айылдык кеңеши боюнча.
3) бош калган мандатты саясий партиянын тизмесинде шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдер ("Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктуна жана 1-1-бөлүгүнө ылайык кабыл алынган):
- Токмок аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 13-октябрындагы № 7 Чүй облусунун Токмок шаардык кеңеши боюнча;
- Манас шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 19-октябрындагы № 12 Жалал-Абад облусунун Манас шаардык кеңеши боюнча;
- Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 12-октябрындагы № 15 Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Көк-Жаңгак шаардык кеңеши боюнча.
Аймактык шайлоо комиссияларынын кабыл алынган чечимдери "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесинин, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин талаптарына ылайык келет.
"Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 28-пунктуна ылайык "Борбордук шайлоо комиссиясы жергиликтүү кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө, жергиликтүү кеңештин депутатынын бош калган мандатын өткөрүп берүү жөнүндө, жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкерлерди катталган тизмеден чыгаруу жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитет".
Аймактык шайлоо комиссияларынын бекитүүгө келип түшкөн чечимдеринин "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3, 5-беренелеринин талаптарына ылайыктуулугун карап чыгып, "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Айтматов, Токмок, Москва, Манас шаардык, Сузак, Нарын жана Кочкор аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечимдери 1-тиркемеге ылайык;
- Айтматов, Токмок, Москва, Манас шаардык, Сузак, Нарын жана Кочкор аймактык шайлоо комиссияларынын бош калган мандаттарды катталган талапкерлердин тизмесиндеги талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери 2-тиркемеге ылайык.
2. 1-тиркемеде көрсөтүлгөн жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын күбөлүктөрү ушул токтом жарыяланган күндөн тартып жараксыз деп табылсын.
3. Айтматов, Токмок, Москва, Манас шаардык, Сузак, Нарын жана Кочкор аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын 2-тиркемеге ылайык каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырсын.
4. Бул токтом "Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезитине жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерге жөнөтүлсүн.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.С.Жупуевага жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы |
| Т.Шайназаров |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 10-ноябрындагы № 134 токтомуна 1-тиркеме |
Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулгандыгы жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын ЧЕЧИМДЕРИ
№ | АШКнын депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечиминин № жана датасы, негиз | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын Аты-жөнү |
Талас облусу | |||
Айтматов району | |||
1 | Айтматов АШК, № 8, 23.10.2025-ж. (20.10.2025-ж., өз арызы) | Аманбаев айылдык кеңеши (№ 1 Кара-Сай шайлоо округу) | Абдиев Рамил Сулайманович |
Чүй облусу | |||
Токмок шаары | |||
2 | Токмок АШК, № 6, 13.10.2025-ж. (08.10.2025-ж., өз арызы) | Токмок шаардык кеңеши | Саккараева Джанара Медербековна (6) "Эл Биримдиги" депутаттык фракциясы |
Москва району | |||
3 | Москва АШК, № 14, 24.10.2025-ж. (17.10.2025-ж., өз арызы) | Миң-Булак айылдык кеңеши (№ 8 шайлоо округу) | Болжокеев Изат Замирбекович |
Жалал-Абад облусу | |||
Манас шаары | |||
4 | Манас шаардык АШК, № 12, 19.10.2025-ж. (29.09.2025-ж., өз арызы) | Манас шаардык кеңеши | Юлдашева Зилола Абдужалиловна (18) "Адилет" депутаттык фракциясы |
Сузак району | |||
5 | Сузак АШК, № 14, 12.10.2025-ж. (08.10.2025-ж., өз арызы) | Көк-Жаңгак шаардык кеңеши | Абдираимов Марлен Эркимбаевич (4) "Жаңы Кыргызстан" депутаттык фракциясы |
Нарын облусу | |||
Нарын району | |||
6 | Нарын АШК, № 4, 24.10.2025-ж. (16.10.2025-ж., өз арызы) | Жан-Булак айылдык кеңеши (№ 1 Жан-Булак шайлоо округу) | Акматов Саматбек Саламатович |
7 | Нарын АШК, № 4, 24.10.2025-ж. (06.10.2025-ж., өз арызы) | Чет-Нура айылдык кеңеши (№ 2 Орто-Нура шайлоо округу) | Мамырбеков Асылбек Асантурович |
Кочкор району | |||
8 | Кочкор АШК, № 11, 23.10.2025-ж. (17.10.2025-ж., өз арызы) | Кум-Дөбө айылдык кеңеши (№ 1 Кара-Тоо-Арсы шайлоо округу) | Жээнбек уулу Таалайбек |
Шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы |
| М.Кожокеева |
|
|
|
Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы |
| К.Берикбаева |
|
|
|
Аткаруучу: Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн жетектөөчү адиси |
| У.Темирбеков |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 10-ноябрындагы № 134 токтомуна 2-тиркеме |
Жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таанылгандыгы жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын ЧЕЧИМДЕРИ
№ | Бош калган депутаттык мандатты ыйгаруу боюнча АШКнын чечими | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Жергиликтүү кеңештин кийинки шайланган депутатынын аты-жөнү | Иштеген жери, ээлеген кызматы |
Талас облусу | ||||
Айтматов району | ||||
1 | Айтматов АШК, № 8, 23.10.2025-ж. (20.10.2025-ж., өз арызы) | Аманбаев айылдык кеңеши (№ 1 Кара-Сай шайлоо округу) | Сыдыкбеков Урматбек Анаркулович | Убактылуу иштебейт |
Чүй облусу | ||||
Токмок шаары | ||||
2 | Токмок АШК, № 7, 13.10.2025-ж. (13.10.2025-ж., өз арызы) | Токмок шаардык кеңеши | Мамбетжанова Алтынай Кадырбековна (9) "Эл биримдиги" саясий партиясы | "Прогресс" айыл чарба кооперативинин төрагасы |
Москва району | ||||
3 | Москва АШК, № 14, 24.10.2025-ж. (24.10.2025-ж., өз арызы) | Миң-Булак айылдык кеңеши (№ 8 шайлоо округу) | Глущенко Сергей Иванович | Жеке ишкер |
Жалал-Абад облусу | ||||
Манас шаары | ||||
4 | Манас шаардык АШК, № 12, 19.10.2025-ж. (17.10.2025-ж., өз арызы) | Манас шаардык кеңеши | Борубаева Бегимай Борубаевна (21) "Адилет" саясий партиясы | "Эмаком" курулуш компаниясында юрист |
Сузак району | ||||
5 | Сузак АШК, № 15, 12.10.2025-ж. (10.10.2025-ж., өз арызы) | Көк-Жаңгак шаардык кеңеши | Мамайкулов Алтынбек Алибекович (10) "Жаңы Кыргызстан" саясий партиясы | № 54 Өрткө каршы-куткаруу бөлүгүндө башчы |
Нарын облусу | ||||
Нарын району | ||||
6 | Нарын АШК, № 4, 24.10.2025-ж. (23.10.2025-ж., өз арызы) | Жан-Булак айылдык кеңеши (№ 1 Жан-Булак шайлоо округу) | Ормокеев Болотбек Рыскулович | Ат-Башы ГЭСинде механик |
7 | Нарын АШК, № 4, 24.10.2025-ж. (24.10.2025-ж., өз арызы) | Чет-Нура айылдык кеңеши (№ 2 Орто-Нура шайлоо округу) | Сталбек уулу Эсенбек | Нарын телерадио компаниясында редактор-баяндамачы |
Кочкор району | ||||
8 | Кочкор АШК, № 12, 23.10.2025-ж. (22.10.2025-ж., өз арызы) | Кум-Дөбө айылдык кеңеши (№ 1 Кара-Тоо-Арсы шайлоо округу) | Капесов Кумарбек Кубатович | Бишкек шаарында электр тармактар ишканасында күзөтчү |
Шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы |
| М.Кожокеева |
|
|
|
Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы |
| К.Берикбаева |
|
|
|
Аткаруучу: Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн жетектөөчү адиси |
| У.Темирбеков |