Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2025-жылдын 1-декабры № 344
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун штаттык саны жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 12-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесин жетекчиликке алып, токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун штаттык санынын чеги төраганы жана үч орун басарын кошкондо, 35 судья санында аныкталсын.
2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 5-декабрындагы № 96 (3753) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |