Загрузка документа…
|
| 15-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 739 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы жөнүндө ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 12-февралындагы N 94 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын (мындан ары - Кызмат) ишинин укуктук жана уюштуруучулук негиздерин аныктайт.
2. Кызматтын толук аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы";
- расмий тилде: "Государственная служба финансовой разведки при Министерстве финансов Кыргызской Республики".
3. Кызматтын кыскартылган аталышы:
- мамлекеттик тилде: "ФЧМК";
- расмий тилде: "ГСФР".
4. Кызмат Кыргыз Республикасынын финансылык чалгындоо органы жана кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы болуп саналат.
5. Кызмат өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана тескемелерин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорун жана тескемелерин, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерин жана ченемдерин, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди (мындан ары - Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери), ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
6. Кызмат өз ишин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген ыйгарым укуктардын чегинде өз алдынча уюштурат жана жүзөгө ашырат.
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарынын Кызматтын ишине өз милдеттерин жана функцияларын аткарып жатканда кийлигишүүсүнө жол берилбейт.
7. Кызмат мамлекеттик мекеменин уюштуруу-укуктук формасындагы юридикалык жак болуп саналат.
Кызматтын өз алдынча балансы, белгиленген тартипте ачылуучу эсептери, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү, мамлекеттик жана расмий тилдердеги өзүнүн аталышы түшүрүлгөн мөөрү, ошондой эле белгиленген үлгүдөгү башка мөөрлөрү, штамптары жана бланктары бар.
8. Кызматтын туусу жана эмблемасы бар, алардын сыпаттамасы жана эскиздери Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен бекитилет.
9. Кызматтын юридикалык жана иш жүзүндөгү даректери: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Тоголок Молдо көчөсү, 21 А.
2-глава. Кызматтын максаты жана милдеттери
10. Кызматтын ишинин максаты кылмыштуу ишти каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) деңгээлин азайтуу болуп саналат.
11. Кызматтын милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) шектүү операциялар (бүтүмдөр) жөнүндө билдирүүлөрдү жана операциялар (бүтүмдөр) жөнүндө башка маалыматтарды топтоо (алуу) жана сактоо;
2) кылмыштуу ишти каржылоо, кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо), предикаттык кылмыштар менен байланышкан операцияларды (бүтүмдөрдү) же жосундарды аныктоо үчүн шектүү операциялар (бүтүмдөр) жөнүндө билдирүүлөргө жана операциялар (бүтүмдөр) жөнүндө башка маалыматтарга, ошондой эле колдо болгон жана жеткиликтүү маалыматтарга ыкчам талдоо жүргүзүү;
3) кылмыштуу ишти каржылоо, кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) менен байланышкан тенденцияларды жана схемаларды аныктоо үчүн колдо болгон жана жеткиликтүү маалыматтарга, анын ичинде мамлекеттик органдар тарабынан берилген маалыматтарга стратегиялык талдоо жүргүзүү;
4) ыкчам же стратегиялык талдоонун натыйжалары боюнча жалпыланган материалды же маалыматты даярдоо жана аларды өз демилгеси менен же суроо-талап боюнча тийиштүү мамлекеттик органдарга, алардын компетенциясынын алкагында жиберүү;
5) максаттуу финансылык санкцияларды колдонуу;
6) кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү (мындан ары - КИК/ККЛКА) чөйрөсүндөгү эл аралык кызматташтыкты жүзөгө ашыруу.
3-глава. Кызматтын функциялары
12. Кызмат өзүнө жүктөлгөн милдеттерге ылайык төмөнкү функцияларды жүзөгө ашырат:
1) тармактык саясатты иштеп чыгуу функциялары:
- Кыргыз Республикасынын КИК/ККЛКА чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык операциялар (бүтүмдөр) жөнүндө билдирүүлөрдү берүүдө финансылык мекемелер менен финансылык эмес категориядагы жактар тарабынан толтуруу үчүн арналган типтүү формаларды белгилейт, ошондой эле операциялардын (бүтүмдөрдүн) мүнөзүн жана финансылык мекемелер менен финансылык эмес категориядагы жактардын ишинин өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен аларды толтуруу боюнча колдонмону иштеп чыгат;
- КИК/ККЛКА максаттары үчүн финансылык мекемелер менен финансылык эмес категориядагы жактар тарабынан кардарларды талаптагыдай текшерүү үчүн жогорку жана төмөнкү тобокелдиктердин типтүү критерийлерин белгилейт жана жарыялайт;
- электрондук билдирүүнү толтуруу үчүн керектүү маалымдамаларды түзөт (оңдоолорду киргизет) жана бекитет;
- шектүү операцияларды (бүтүмдөрдү) айкындоо боюнча методикалык көрсөтмөлөрдү иштеп чыгат жана жарыялайт;
- жогорку тобокелдиктеги өлкөлөрдүн жеке же юридикалык жактары менен болгон операциялардын (бүтүмдөрдүн) тизмегин, тобокелдиктерди баалоонун натыйжалары боюнча иштелип чыгуучу Кызматка билдирүүгө тийиш болгон накталай жана накталай эмес акча каражаттары менен операциялардын (бүтүмдөрдүн) тизмегин жана алардын чектик суммасын бекитет;
- изин суутпай издөө, тергөөгө чейинки текшерүү жана тергөө баскычтарында жарыш финансылык териштирүү жүргүзүүдө укук коргоо органдары жана улуттук коопсуздук органдары менен өз ара аракеттенүүнү (маалымат алмашууну) жүзөгө ашырат;
- кылмыштуу ишти каржылоо, кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо), предикаттык кылмыштар менен байланышкан операцияларды (бүтүмдөрдү) же жосундарды, анын ичинде Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине ылайык айкындайт;
- Кыргыз Республикасы үчүн мүнөздүү болгон кылмыштуу ишти каржылоонун жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруунун (адалдоонун) типологияларын (кыйла кеңири таралган схемаларын) жана тенденцияларын изилдейт;
- операциялар (бүтүмдөр) жөнүндө билдирүүлөргө жана башка жеткиликтүү маалыматтарга ыкчам же стратегиялык талдоо жүргүзүүнүн жыйынтыктары боюнча жалпыланган материалды же маалыматты даярдайт жана өз демилгеси менен же суроо-талап боюнча жалпыланган материалды же маалыматты тиешелүү мамлекеттик органдарга алардын компетенциясынын чегинде жөнөтөт;
- кылмыштуу ишке жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) катышкандыгы жөнүндө маалыматтары бар жеке жана юридикалык жактарды, топту жана уюмду айкындайт жана идентификациялайт;
- Кыргыз Республикасынын Жыйынды санкциялык тизмегин түзөт, жаңылайт жана жарыялайт;
- БУУнун Коопсуздук Кеңешинин Жыйынды санкциялык тизмегине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө тийиштүү маалыматты жарыялайт;
- террористтик ишке жана массалык кыргын салуучу куралды таратууга катышкандыгы жөнүндө маалыматтары бар жеке же юридикалык жакты, топту жана уюмду БУУнун Коопсуздук Кеңешинин тийиштүү санкциялык тизмектерине киргизүү жөнүндө сунуштарды берет;
- кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууну (адалдоону), кылмыштуу ишти жасагандыгы, ошондой эле ушул ишти каржылагандыгы үчүн жаза өтөгөн жеке жактардын тизмегин түзөт, жаңылайт жана жарыялайт;
- Кыргыз Республикасынын Жыйынды санкциялык тизмегинин, БУУнун Коопсуздук Кеңешинин Жыйынды санкциялык тизмегинин, Кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууну (адалдоону), кылмыштуу ишти жасагандыгы, ошондой эле ушул ишти каржылагандыгы үчүн жаза өтөгөн жеке жактардын тизмегинин жаңы редакциясы жарыялангандыгы тууралуу финансылык мекемелерге жана финансылык эмес категориядагы жактарга маалымдайт;
- жогорку тобокелдиктеги өлкөлөрдүн тизмегин түзөт, жаңылайт жана жарыялайт, ошондой эле жогорку тобокелдиктеги өлкө жөнүндө тийиштүү маалыматты (өлкөнү чыгаруу же киргизүү жөнүндө) мамлекеттик органдарга, финансылык мекемелерге жана финансылык эмес категориядагы жактарга жиберет;
- жогорку тобокелдиктеги өлкөлөрдүн КИК/ККЛК чөйрөсүндөгү системаларындагы кемчиликтер (жетишпегендиктер) жөнүндө маалыматты жарыялайт;
- аларга карата чаралар (санкциялар) колдонула турган жогорку тобокелдиктеги өлкөлөрдүн тизмегин бекитүү тууралуу сунушту киргизет, ошондой эле ал тизмекти жарыялайт жана финансылык мекемелер менен финансылык эмес категориядагы жактарга, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына билдирет;
- улуттук коомдук кызмат адамдарынын, улуттук коомдук кызмат адамынын үй-бүлө мүчөлөрүнүн жана жакын адамдарынын тизмесин электрондук маалыматтар базасы түрүндө түзөт жана жаңыртат;
- Кыргыз Республикасынын аймагында түзүлгөн жана катталган юридикалык жактардын бенефициардык ээлери жөнүндө маалыматтар базасын түзөт жана жаңыртат;
- Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын жана улуттук коопсуздук органынын суроо-талаптарынын негизинде же өз демилгеси боюнча каражаттарды издөө жана тоңдуруу максатында иш жүргүзөт;
- Кыргыз Республикасында болгон кылмыштуу ишти каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) тобокелдиктерин баалоо боюнча иш-чараларды өткөрөт;
- кайрымдуулук, диний, маданий, билим берүү, социалдык жана коомдук максаттарга акча каражаттарын же башка мүлктү топтоону жана (же) бөлүштүрүүнү жүзөгө ашырган коммерциялык эмес уюмдар секторундагы кылмыштуу ишти каржылоо тобокелдиктерин баалоону ушул коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрүнүн, Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарынын жана ички иштер органдарынын кызматкерлеринин катышуусу менен жүргүзөт;
- кылмыштуу ишти каржылоонун жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруунун (адалдоонун) аныкталган тобокелдиктерин азайтуу боюнча иш-аракеттер планын (стратегиясын) иштеп чыгат;
- КИК/ККЛКА маселелери боюнча комиссиянын ишин камсыз кылат, анын ичинде комиссиянын жыйналыштарына керектүү документтерди даярдайт, комиссиянын жыйналыштарын өткөрүүнү уюштурат жана комиссиянын чечимдеринин ишке ашырылышына мониторинг жүргүзөт;
- КИК/ККЛКА маселелери боюнча ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун, эл аралык келишимдердин долбоорлорун жана эл аралык кызматташтык программаларын иштеп чыгууга катышат жана иштеп чыгат;
- тармактык саясаттын ишке ашырылышына баа берет жана КИК/ККЛКА системасын өркүндөтүү маселелери боюнча сунуштарды Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жетекчилигине киргизет;
- чет мамлекеттердин компетенттүү органдары, анын ичинде финансылык чалгындоо бөлүмдөрү жана эл аралык уюмдар менен эл аралык кызматташтыкты ишке ашырат;
- ченемдик укуктук жана башка актылардын долбоорлорунун КИК/ККЛКА чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана эл аралык келишимдерине, ошондой эле КИК/ККЛКА чөйрөсүндөгү эл аралык стандарттарга шайкештигин карайт;
- КИК/ККЛКА чөйрөсүндөгү мыйзамдарды колдонуу практикасын жалпылайт, аны өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгат жана белгиленген тартипте киргизет;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан тобокелдикке багытталган көзөмөлдү жүзөгө ашыруу максатында КИК/ККЛКА талаптарын сактоо боюнча банктардын рейтингин түзөт жана жаңылайт;
2) жөнгө салуу функциялары:
- КИК/ККЛКА чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын аткарылышын текшерүү маселелери боюнча текшерүүчү органдар менен өз ара аракеттенет;
- электрондук билдирүүнү кабыл алгандыгына же кабыл албагандыгына жараша электрондук түрдө оң же терс квитанцияны түзөт жана электрондук байланыш каналдары боюнча электрондук билдирүү алынган күнү саат 18:00дөн кечиктирбей квитанцияларды жиберүүнү камсыздайт;
- электрондук билдирүүнү оңдоп-түзөө жөнүндө финансылык мекеменин жана финансылык эмес категориядагы жактын кайрылуусун карайт жана электрондук билдирүүнү оңдоп-түзөө (өзгөртүү, толуктоо) мүмкүндүгү жөнүндө кабарлама жиберет;
- "Жеке кабинет" маалымат системасына кирүүгө уруксат алууга арызды жана "Жеке кабинет" маалымат системасынын абонентинин каттоо карточкасын карайт, "Жеке кабинет" маалымат системасына кирүүгө уруксат берүү жөнүндө чечим кабыл алат;
- кылмыштуу ишке жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) катышкандыгы жөнүндө маалыматтары бар жеке жана юридикалык жактардын, топтордун жана уюмдардын тизмектерин түзүү максатында Кыргыз Республикасынын соттору менен өз ара аракеттенүүнү ишке ашырат;
- кылмыштуу ишке жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) катышкандыгы жөнүндө маалыматтары бар жеке жана юридикалык жактардын, топтордун жана уюмдардын тизмектерин колдонуу маселелери боюнча мамлекеттик органдар, финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар менен өз ара аракеттенүүнү ишке ашырат;
- операцияларды (бүтүмдөрдү) жана каражаттарды тоңдуруу маселелери боюнча мамлекеттик органдар, финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар менен өз ара аракеттенүүнү ишке ашырат;
- Кыргыз Республикасынын Жыйынды санкциялык тизмегине киргизилген жеке же юридикалык жактын, топтун, уюмдун же алардын мыйзамдуу өкүлдөрүнүн жазуу жүзүндөгү кайрылуусун карайт;
- Кыргыз Республикасынын жазык-процесстик мыйзамдарына ылайык мүлккө камак салуу жөнүндө чечим кабыл алынгандыгы же кабыл алынбагандыгы тууралуу маалыматы бар катты тийиштүү финансылык мекемеге же финансылык эмес категориядагы жакка жиберет;
- операцияны (бүтүмдү) жана (же) каражаттарды бошотуу жөнүндө маалыматты жарыялайт жана аны Кыргыз Республикасынын аймагында иштөөчү кызыкдар жеке жана юридикалык жакка жиберет;
- операцияны (бүтүмдү) жана (же) каражаттарды бошотуу жөнүндө Кызматтын тескемесинин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн кызыкдар жактарга жиберет;
- операцияны (бүтүмдү) жана (же) каражаттарды жаңылыш (жалган ийгиликтүү) тоңдуруу фактысы боюнча жазуу жүзүндөгү кайрылууларды карайт;
- улуттук коомдук кызмат адамдарынын электрондук маалыматтар базасына кирүүнү финансылык мекемелерге жана финансылык эмес категориядагы жактарга берет;
3) мониторинг жана контролдоо функциялары:
- алынып жаткан маалыматтын аныктыгын, анын ичинде электрондук билдирүүнү жөнөтүүчүнү идентификациялоону, электрондук кол тамганын дал келүүсүн, электрондук билдирүүнүн таризделишинин тууралыгын текшерүүнү жүзөгө ашырат;
- жалпыланган материалды (маалыматты) карап чыгуунун жыйынтыктарын жана жиберилген жана каралган жалпыланган материалдар (маалыматтар) боюнча статистикалык маалыматтарды салыштырып текшерет, ошондой эле салыштырып текшерүү актыны түзөт;
- суралуучу тараптан алынган маалыматтарды (билдирүүлөрдү) жана документтерди изилдөөнү жана текшерүүнү жүзөгө ашырат;
- Бажы бирлигинин бажы чек арасы аркылуу накталай акча каражаттарын жана/же акча инструменттерин алып өтүүдө кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү жөнүндө келишимге ылайык Евразия экономикалык бирлигинин Кыргыз Республикасындагы бажы чек арасы аркылуу накталай акча каражаттарын же көрсөтүүчүгө берилген жүгүртүлүүчү инструменттерди алып өтүүдө КИК/ККЛКА боюнча чараларды көрөт;
- КИК/ККЛКА максатында бажы жана салык органынын билдирүүлөрүнө талдоону жүзөгө ашырат;
- Кызмат жарыялаган тизмектерди финансылык мекемелердин жана финансылык эмес категориядагы жактардын жана башка жеке жана юридикалык жактардын колдонуусуна мониторингди жүзөгө ашырат;
- тоңдурулган операцияларды (бүтүмдөрдү) жана (же) каражаттарды контролдоону жүргүзөт;
- Кыргыз Республикасынын аймагында түзүлгөн жана катталган юридикалык жактардын бенефициардык ээлери жөнүндө электрондук маалыматтар базасында камтылган маалыматтардын колдонулушун контролдоону, ошондой эле юридикалык жактардын бенефициардык ээлери жөнүндө маалыматтарды берүү маселелери боюнча жеке же юридикалык жактардын ишин контролдоону жүзөгө ашырат;
- эл аралык уюмдардын расмий сайттарына мониторинг жүргүзөт жана зарыл болсо жогорку тобокелдиктеги өлкөлөрдүн тизмегине өзгөртүүлөрдү же толуктоолорду киргизүү жөнүндө буйрук чыгарат;
- финансылык мекемелерден жана финансылык эмес категориядагы жактардан, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынан жогорку тобокелдиктеги өлкөлөргө жана анын резиденттерине карата колдонулган чаралар (санкциялар) жөнүндө статистикалык маалыматты чогултууну жүзөгө ашырат;
- өз компетенциясынын чегинде чет мамлекеттердин компетенттүү органдарынын эл аралык суроо-талаптарга болгон жоопторунун сапатына мониторингди жүзөгө ашырат;
- финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар тарабынан КИК/ККЛКА чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарынын аткарылышына мониторингди жүзөгө ашырат;
- КИК/ККЛКА субъекттеринин ишин текшерүү (көзөмөлдөө) маселелери боюнча текшерүүчү органдар менен өз ара аракеттенүүнү жүзөгө ашырат;
- Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине ылайык бузуулар жөнүндө иштерди карайт жана жаза чараларын колдонот;
4) колдоо функциялары:
- финансылык мекемелердин жана финансылык эмес категориядагы жактардын тизмесин электрондук маалыматтар базасы түрүндө түзөт жана жарыялайт;
- Кызмат жана суралуучу тараптын ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн жүрүшүндө алынган маалыматтардын жана документтердин катталуусун жана сакталышын камсыздайт;
- жиберилген жалпыланган материалдар жана аларды кароонун абалы жөнүндөгү маалыматтарды электрондук маалыматтар базасына киргизүүнү камсыз кылат;
- Кызматтын маалыматтык системаларын жана маалыматтар базаларын эксплуатациялоону жана техникалык колдоону жүзөгө ашырат;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын (ишканаларынын) маалыматтар базаларына жана электрондук мамлекеттик реестрлерине Кызматтын жетүү мүмкүнчүлүгүн аныктоо үчүн иштерди жүргүзөт;
- токтотулуп турган операция (бүтүм) жана тоңдурулган операциялар (бүтүмдөр) жана (же) каражаттар жөнүндө билдирүүнү алган учурда токтотулуп турган шектүү операциянын (бүтүмдүн) жана тоңдурулган операциялардын (бүтүмдөрдүн) жана (же) каражаттардын объекттери жана субъекттери тууралуу керектүү маалыматтарды электрондук маалыматтар базасына жазууну камсыз кылат;
- тоңдурулган операциялар (бүтүмдөр) жана (же) каражаттар боюнча маалыматтар менен материалдарды түзөт жана аларды Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарына жана улуттук коопсуздук органдарына алардын компетенцияларына ылайык жиберет;
- операцияны (бүтүмдү) жана (же) каражаттарды тоңдуруу маселелери боюнча ведомстволор аралык жана эл аралык кызматташуу боюнча эсеп жүргүзөт (электрондук форматта);
- улуттук коомдук кызмат адамынын анкетасында жазылган маалыматты чогултууну жүзөгө ашырат;
- Кыргыз Республикасына кайра кайтарылууга жаткан жана кайра кайтарылган каражаттардын суммасын электрондук маалыматтар базасы түрүндө эсепке алууну жүргүзөт;
- жиберилген жана алынган эл аралык суроо-талаптарды, ошондой эле аларга болгон жоопторду борборлоштурулган эсепке алууну жүзөгө ашырат;
- контролдонууга жана маалымдалууга тийиш болгон операциялар (бүтүмдөр) тууралуу билдирүүлөрдү, ошондой эле Кызматтын ишинин алкагында алынган башка маалыматтарды жана документтерди кабыл алат, каттайт жана сактайт;
- маалыматтарды жана документтерди иштеп чыгууда, сактоодо жана өткөрүп берүүдө аларды коргоо үчүн маалыматтык коопсуздуктун ички системасынын иштешин камсыз кылат;
- Кызматтын жана анын кызмат адамдарынын ишинде мыйзамдуулуктун сакталышын камсыз кылат;
- Кызматтын мүлктүк жана башка мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын мыйзамдуу каражаттар менен коргоону камсыз кылат;
- тейлөөчү тармак чөйрөсүндө укуктук пропаганданы, Кызматтын кызматкерлери жана КИК/ККЛКА субъекттери үчүн укуктук окутууну уюштурат жана өткөрөт;
- кылмыштуу ишти каржылоону жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууну (адалдоону) аныктоо жана бетин ачуу типологиялары (схемалары), методдору боюнча, ошондой эле кылмыштуу ишти каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) боюнча кылмыш иштерин тергөө жана кароо боюнча Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын, улуттук коопсуздук органдарынын, прокуратура органдарынын кызматкерлери жана судьялар үчүн окутуучу иш-чараларды уюштурат жана өткөрөт;
- Кызматтын компетенциясына ылайык буйруктардын, чарбалык келишимдердин жана башка юридикалык мүнөздөгү документтердин долбоорлорун иштеп чыгууну жүзөгө ашырат;
- финансылык отчеттуулукту даярдоо жолу менен Кызматтын финансы-чарбалык иши, анын мүлктүк абалы жөнүндө маалыматтарды түзөт;
- чарбалык операцияларды жүзөгө ашырууда бекитилген ченемдердин сакталышын, Кызматтын карамагында турган активдердин сакталышын жана максаттуу пайдаланылышын контролдоону жүзөгө ашырат;
- мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууну жүзөгө ашырат;
- Кызматтын ишин маалыматтык камсыздоону, материалдык-чарбалык жана уюштуруу-техникалык камсыздоону жүзөгө ашырат;
- Кызматтын кадрдык потенциалын түзүүнү, өнүктүрүүнү жана кесиптик өркүндөтүүнү жүзөгө ашырат;
- Кызматта мамлекеттик тилди өнүктүрүүнү жана тил саясатын өркүндөтүүнү жүзөгө ашырат;
- КИК/ККЛКА чөйрөсүндөгү маалыматтарды жарыялоо жолу менен КИК/ККЛКА маселелери боюнча коомчулуктун маалымдуулугунун деңгээлин жогорулатуу боюнча чараларды көрөт;
- Кызматтын ишин стратегиялык жана узак мөөнөттүү пландоо боюнча иштерди жүргүзөт;
- КИК/ККЛКА системасынын натыйжалуулугун баалоо үчүн маалыматтарды жана статистикалык маалыматтарды эсепке алууну камсыз кылат.
4-глава. Кызматтын укуктары жана милдеттери
13. Өзүнүн функцияларын жүзөгө ашыруу максатында Кызмат төмөнкүлөргө укуктуу:
1) Кыргыз Республикасынын жана чет мамлекеттердин тиешелүү компетенттүү органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук бирикмелери жана башка уюмдары менен өз ара аракеттенүүнү жүзөгө ашырууга;
2) кылмыштуу ишти каржылоо, кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) жана аны менен байланышкан предикаттык кылмыштар боюнча мыйзам бузууларды аныктоонун жана кылмыш иштерин тергөөнүн жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдары, улуттук коопсуздук органдары жана прокуратура органдары менен маалымат алмашууну жүзөгө ашырууга;
3) кылмыштуу ишти каржылоону, кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууну (адалдоону) жана аны менен байланышкан предикаттык кылмыштарды аныктоого жана тергөөгө, ошондой эле ушул кылмыш аракеттерине тиешеси бар жеке же юридикалык жактарды жана бенефициардык менчик ээлерин аныктоого көмөк көрсөтүүгө;
4) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте жана көлөмдө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары, мекемелери жана ишканалары түзгөн электрондук мамлекеттик реестрлерге жана маалыматтар базаларына жетүү мүмкүнчүлүгүн алууга;
5) каалаган мамлекеттик органдардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, соттордон, финансылык мекемелерден жана финансылык эмес категориядагы жактардан, жеке жана юридикалык жактардан, коммерциялык эмес уюмдардан жана менчигинин формасына карабастан башка уюмдардан керектүү маалыматтарды жана документтерди же белгиленген тартипте күбөлөндүрүлгөн документтердин көчүрмөлөрүн суроого жана акысыз алууга;
6) Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине же өз ара пайдалуу принциптерине ылайык Кызматтын милдеттерин жана функцияларын аткаруу үчүн чет мамлекеттердин компетенттүү органдарынан жана эл аралык уюмдардан керектүү маалыматтарды сурап алууга;
7) маалыматтарды жана документтерди электрондук түрдө алмашуу үчүн корголгон электрондук байланыш каналын аныктоого жана орнотууга;
8) жалпыланган материалдын фигурантынын(тарынын) каражаттарын тоңдуруу боюнча чечимдерди кабыл алууга;
9) Кызматтын маалыматтарына, документтерине жана маалыматтар базаларына жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу жөнүндө чечим кабыл алууга жана Кызматтын маалыматтар базаларынын жеткиликтүү маалыматтарынын тизмегин аныктоого;
10) Кызмат түзгөн тиешелүү тизмектерге жеке жана юридикалык жакты, топту жана уюмду киргизүү жөнүндө чечим кабыл алууга;
11) БУУнун Коопсуздук Кеңешинин тийиштүү резолюциялары менен белгиленген тийиштүү критерийлерге шайкеш келген негиздүү жана жетиштүү негиздер болгондо жеке же юридикалык жакты, топту жана уюмду БУУнун Коопсуздук Кеңешинин санкциялык тизмектерине киргизүү үчүн сунуштарды киргизүү жөнүндө чечимди кабыл алууга;
12) Кызмат түзгөн тизмектерди колдонуу, операцияларды (бүтүмдөрдү) жана (же) каражаттарды тоңдуруу жана бошотуу, ошондой эле байланыштын корголгон каналдарын жана өз ара аракеттенүүнүн белгиленген электрондук формаларын пайдалануу маселелери боюнча түшүндүрмөлөрдү берүүгө;
13) тоңдурулган каражаттарга жетүү мүмкүнчүлүгүн берүү, токтотулган операцияны (бүтүмдү) андан ары жүргүзүү жөнүндө чечим кабыл алууга;
14) белгиленген жак же уюм (арыз ээси) санкциялык тизмектерде каралган жак же уюм болуп саналбагандыгы тастыкталгандан кийин операцияны (бүтүмдү) жана (же) каражаттарды бошотуу жөнүндө буйрукту кабыл алууга;
15) финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар үчүн КИК/ККЛК боюнча ички контролдоо программаларына кошумча талаптарды белгилөөгө;
16) КИК/ККЛК чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар тарабынан сактоосуна мониторинг жүргүзүү үчүн зарыл болгон маалыматтарды сурап алууга;
17) тиешелүү текшерүүчү органдар менен макулдашуу боюнча КИК/ККЛК чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо боюнча финансылык мекемелерди жана финансылык эмес категориядагы жактарды текшерүүлөрдү өткөрүүнү даярдоого катышууга;
18) КИК/ККЛК чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо маселелери боюнча финансылык мекемелерди жана финансылык эмес категориядагы жактарды текшерүүнү даярдоодо жана (же) жүргүзүүдө колдонуу үчүн текшерүүчү органдарга статистикалык жана башка маалыматтарды берүүгө;
19) КИК/ККЛК чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын одоно жана бир нече жолу бузгандыгы үчүн контролунда турган жактардын лицензияларын токтотуп туруу же чакыртып алуу жөнүндө, КИК/ККЛК жөнүндө мыйзамдарды бузууга жол берген жактарды жоопкерчиликке тартуу жөнүндө сунуштар менен тиешелүү текшерүүчү органдарга жана юридикалык жактардын өкүлдөрүнө кайрылууга;
20) эл аралык келишимдерди иштеп чыгууга жана түзүүгө белгиленген тартипте катышууга, ошондой эле чет мамлекеттердин компетенттүү органдары жана эл аралык уюмдары менен КИК/ККЛК чөйрөсүндөгү кызматташуу маселелери боюнча меморандумдарды жана макулдашууларды түзүүгө;
21) Кыргыз Республикасынын атынан КИК/ККЛК чөйрөсүндөгү эл аралык уюмдардын ишине жана Кыргыз Республикасында жана чет өлкөлөрдө өткөрүлүүчү КИК/ККЛК маселелери боюнча башка иш-чараларга катышууга;
22) чет мамлекеттердин компетенттүү органдарына алардын суроо-талабы боюнча же өз демилгеси боюнча КИК/ККЛК чөйрөсүндөгү маалымат берүүгө;
23) экспертизаларды жүргүзүү, окутуу программаларын, методикалык материалдарды, программалык жана маалыматтык камсыз кылууну иштеп чыгуу, маалымат системаларын түзүү жана атайын билимдерди талап кылган маселелер боюнча консультацияларды жана корутундуларды алуу үчүн илим-изилдөө жана башка уюмдарды, ошондой эле айрым адистерди келишимдик негизде (мамлекеттик жана мыйзам менен корголгон башка сырды сактоо шартында) тартууга;
24) КИК/ККЛК чөйрөсүндө Кызматтын, укук коргоо жана текшерүүчү органдардын кызматкерлеринин, ошондой эле финансылык мекемелердин жана финансылык эмес категориядагы жактардын кызматкерлерин кайра даярдоо жана алардын квалификациясын жогорулатуу боюнча иш-чараларды координациялоого;
25) өзүнүн компетенциясынын чегинде КИК/ККЛК чөйрөсүндөгү маалыматтык-басма жана методикалык материалдарды, программаларды жана сунуштарды чыгарууга, ошондой эле Кызматтын ишин жөнгө салуучу өзүнүн ички актыларын кабыл алууга;
26) Кызматтын консультациялык-кеңешүүчү органдарын жана коллегиясын түзүүгө;
27) КИК/ККЛК маселелери боюнча ведомстволор аралык комиссияларды жана жумушчу топторду түзүүгө;
28) Кызматтын ведомстволук сыйлыктарын уюштурууга жана ошол сыйлыктар жана алардын сыпатталышы жөнүндөгү жоболорду бекитүүгө;
29) белгиленген тартипте алыш-бериш жана башка эсептерди ачууга;
30) оперативдүү башкаруу укугунун негизинде өзүнчө мүлккө ээлик кылууга, пайдаланууга, тескөөгө;
31) өз атынан же Кызмат ыйгарым укуктуу болсо, анда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимине ылайык мамлекеттин атынан жарандык-укуктук мамилелердин тарабы катары чыгууга;
32) КИК/ККЛК чөйрөсүндөгү жана Кызматтын ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка укуктарды жүзөгө ашырууга.
14. Кызмат төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) өз милдеттерин жана функцияларын аткарууда адамдын жана жарандын, юридикалык жактардын жана мамлекеттин укуктарынын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарынын сакталышын камсыз кылууга;
2) Кызмат жана суралуучу тараптын ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн жүрүшүндө алынган жана жиберилген маалыматтардын жана документтердин купуялуулугун (үчүнчү жактарга бербөөгө жана ачыкка чыгарбоого) камсыздоого;
3) алынган маалыматтын жана документтердин сакталуусун жана уруксатсыз алуудан корголушун, ошондой эле аларды өз компетенциясынын чегинде гана пайдаланылышын камсыз кылууга;
4) өз ишинин процессинде алынган жана кызматтык, банктык, коммерциялык сырды, байланыш сырын же Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен корголуучу башка сырды түзгөн маалыматтын жашырындуулугунун, сакталышынын жана корголушунун тиешелүү режимин камсыз кылууга.
15. Кызмат өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын негизинде жана аларды ишке ашыруу максатында буйруктарды жана тескемелерди чыгарат, алардын аткарылышын уюштурат жана контролдойт.
5-глава. Кызматтын ишин уюштуруу
16. Кызматтын ишин Кызматтын төрагасы жетектейт, ал Кызматка жүктөлгөн милдеттердин жана функциялардын аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат.
Кызматтын төрагасы Кыргыз Республикасынын финансы министринин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
17. Кызматтын төрагасы:
1) Кыргыз Республикасынын жана чет мамлекеттердин мамлекеттик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ишканалары, мекемелери жана уюмдары менен болгон мамилелерде Кызматтын атынан чыгат;
2) Кызматтын компетенциясына кирген маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине, кызматташуу жөнүндө меморандумдарга жана пландарга белгиленген тартипте кол коёт жана өз ыйгарым укуктарынын чегинде сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт;
3) Кызматты күтүүгө чыгымдарды республикалык бюджеттин жана мыйзамдарга каршы келбеген башка каржылоо булактарынын эсебинен каржылоо жөнүндө сунуштарды киргизет;
4) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте Кызматтын кызматкерлерин кызмат орундарына дайындайт жана кызмат орундарынан бошотот;
5) Кызматтын тейлөөчү персоналын жумушка алууну жана жумуштан бошотууну Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине ылайык жүзөгө ашырат;
6) Кызматтын жетекчилигинин жана кызматкерлеринин кызматтык ыйгарым укуктарын белгилейт;
7) Кызматтын кызматкерлерине карата сыйлоо жана тартиптик жоопкерчилик чараларын колдонот;
8) белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын финансы министрине Кызматтын айырмаланган кызматкерлерин мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо тууралуу сунуштарды киргизет, ошондой эле ведомстволук жана башка сыйлыктар менен сыйлайт, эл аралык уюмдардын сыйлыктарына сунуштайт;
9) Кызматтын компетенциясына кирген маселелер боюнча буйруктарга жана тескемелерге кол коёт;
10) Кызматтын ишин узак мөөнөттүү жана учурдагы пландоону жүзөгө ашырат, пландардын өз убагында жана толук аткарылышын контролдойт;
11) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу иштеген Кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү маселелери боюнча комиссияга жана Кыргыз Республикасынын Президентине Кызматтын иши жөнүндө отчётторду киргизет;
12) Кызматтын милдеттерин жана функцияларын аткаруунун алкагында чараларды өз убагында көрүүнү уюштурат;
13) республикалык бюджеттен жана каржылоонун башка булактарынан Кызматты күтүүгө бөлүнүүчү финансылык каражаттарды белгиленген тартипте тескейт;
14) Кызматтын эмгек акы фондунун жана штаттык санынын чегинде Кызматтын түзүмүн жана штаттык расписаниесин бекитет. Кызматтын түзүмүн өзгөртүү Кызматтын милдеттеринин жана функцияларынын өзгөрүшүнө байланыштуу гана мүмкүн. Мында Кызматтын төрагасын дайындоо Кызматтын түзүмүн өзгөртүү үчүн негиз болуп саналбайт;
15) Кызматтын борбордук аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрү жөнүндө жоболорду, Кызматтын ишине таандык маселелер боюнча башка ички актыларды бекитет;
16) Кызматтын ишин өркүндөтүү, анын ичинде Кызмат жөнүндө жобону, Кызматтын штаттык санын жана кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттарын өзгөртүү маселелери боюнча сунуштарды киргизет;
17) Кыргыз Республикасынын финансы министрине Кызматтын төрагасынын орун басарын кызмат ордуна дайындоого сунуштоо үчүн талапкерди киргизет;
171) коррупцияны алдын алуунун ички системасын түзүүгө жана натыйжалуу иштешине багытталган чараларды көрбөгөндүгү же талаптагыдай көрбөгөндүгү үчүн жана коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарды сактабагандыгы үчүн жоопкерчилик тартат;
18) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 12-февралындагы № 94 токтомунун редакциясына ылайык)
18. Кызматта төраганын эки орун басарынын кызмат орундары каралат, алар Кызматтын төрагасына түздөн-түз баш иет жана Кызматтын ишин аларга жүктөлгөн милдеттердин чегинде уюштурат.
Кызматтын төрагасынын орун басарлары Кыргыз Республикасынын финансы министринин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
19. Кызматта кызматка кирүү жана кызмат өтөө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
6-глава. Кызматтын мүлкү жана ишин каржылоо
20. Кызматтын мүлкү мамлекет тарабынан өткөрүлүп берилген мүлктүн жана Кызматтын өзүнүн ишинин натыйжасында алынган мүлктүн (анын ичинде акча каражаттардын), ошондой эле эл аралык уюмдардын жана чет мамлекеттердин гранттык жана донордук жардамдарынын эсебинен түзүлөт.
Кызматка бекитилген мүлк мамлекеттик менчик болуп саналат.
21. Кызматтын ишин каржылоо Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин жана мыйзамдарга каршы келбеген башка каржылоо булактарынын, анын ичинде эл аралык уюмдардын жана чет мамлекеттердин гранттык жана донордук жардамдарынын эсебинен жүзөгө ашырылат.
7-глава. Корутунду жоболор
22. Кызматты кайра уюштуруу жана жоюу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
23. Кызматтын иши токтотулган учурда анын документтери "Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат жана пайдаланылат.