Сравнение редакций…
|
| 12-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 739 токтомуна) |
Кардарга талаптагыдай текшерүү жүргүзүү тартиби жөнүндө ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 4-февралындагы № 59 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү (мындан ары - КИК/ККЛК) максатында кардарга талаптагыдай текшерүү жүргүзүү тартибин белгилейт.
2. Ушул Жободо төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр колдонулат:
1) жакын туугандары (ата-эне, асырап алуучулар, асыранды балдар, бир ата-энеден жана аталаш (энелеш) ага-инилер жана эже-сиңдилер, чоң ата, таята, чоң эне, таяне, неберелер, аларга карата коомдук кызмат адамы алардын жашап турууга, билим алууга, саламаттык сактоого кеткен чыгашаларын жана башка зарыл чыгашаларын жабуу бөлүгүндө финансылык чыгымдарды тартат);
2) верификация - кардардын жана (же) бенефициардык ээсинин идентификациялык маалыматтарын текшерүү жол-жобосу;
3) жогорку тобокелдиктеги өлкөлөр - акчаларды адалдоого, терроризмди каржылоого жана массалык кыргын салуучу куралдарды таратууну каржылоого каршы аракеттенүү боюнча эл аралык стандарттарды колдонбогон же жетишсиз деңгээлде колдонгон мамлекеттер жана аймактар (түзүлүштөр), ошондой эле оффшордук зоналар;
4) иштиктүү мамилелер - операцияны (бүтүмдү) жүзөгө ашыруу боюнча кызматтарды көрсөтүү тууралуу келишимдин (оозеки же жазуу) негизинде келип чыгуучу кардар менен финансылык мекеменин же кардар менен финансылык эмес категориядагы жактардын ортосундагы мамилелер;
5) идентификация - кардар жана (же) бенефициардык ээси жөнүндө идентификациялык маалыматтарды белгилөө жол-жобосу;
6) кардар - финансылык мекеменин же финансылык эмес категориядагы жактардын тейлөөсүнө алынган же тейлөөсүндө турган, же болбосо финансылык мекеме же финансылык эмес категориядагы жактар менен иштиктүү мамилени түзүп жаткан же түзгөн жеке же юридикалык жак (уюм), чет өлкөлүк траст же юридикалык уюм;
7) операциялар (бүтүмдөр) - каражаттар менен байланышкан жарандык укуктарды жана милдеттерди белгилөө, өзгөртүү же токтотуу үчүн жасалган каражаттар менен ар кандай операциялар (бүтүмдөр);
8) шектүү операция (бүтүм) - төмөнкү белгилерге туура келген операция (бүтүм):
- эгерде каражаттар кылмыштуу жол менен, анын ичинде предикаттык кылмыштардан алынган киреше экендиги же кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) менен байланыштуу деп шектенүү же шектенүүгө жетиштүү негиздер болсо;
- эгерде каражаттар террористтерди жана экстремисттерди, террористтик жана экстремисттик уюмдарды (топторду), террористтик жана экстремисттик ишти, уюшкан топторду же кылмыштуу коомдоштуктарды каржылоо жана массалык кыргын салуучу куралды таркатуу менен байланыштуу деп шектенүү же шектенүүгө жетиштүү негиздер болсо;
9) контролдо турган жактар - тиешелүү текшерүүчү органдын контролунда (көзөмөлүндө) турган финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар;
10) текшерүүчү органдар - КИК/ККЛК чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын аткаруу маселелери боюнча тиешелүү контролдо турган жактардын ишине текшерүү жүргүзгөн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары;
11) ички контролдоо программасы - КИК/ККЛК чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын аткаруу максатында финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар колдоно турган ички чаралар, жол-жоболор жана контролдоо системалары;
12) коомдук кызмат адамы - төмөнкү жеке адамдардын бири:
- чет өлкөлүк коомдук кызмат адамы - чет мамлекетте маанилүү мамлекеттик же саясий функцияларды (коомдук функцияларды) аткарып жаткан же аткарган адам (мамлекет же өкмөт башчылары, өкмөттөгү жана башка мамлекеттик органдардагы, соттордогу, куралдуу күчтөрдөгү, мамлекеттик ишканалардагы жогорку кызмат адамдары, ошондой эле көрүнүктүү саясий ишмерлер, анын ичинде саясий партиялардын көрүнүктүү ишмерлери);
- улуттук коомдук кызмат адамы - Кыргыз Республикасынын Президенти бекиткен Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестринде каралган Кыргыз Республикасындагы саясий жана атайын мамлекеттик кызмат ордун же саясий муниципалдык кызмат ордун ээлеп турган же мурда ээлеген адам, ошондой эле мамлекеттик корпорациялардын жогорку жетекчилиги, көрүнүктүү саясий ишмерлер, анын ичинде саясий партиялардын көрүнүктүү ишмерлери;
- эл аралык уюмдун коомдук кызмат адамы - маанилүү функциялар ишенип берилген же мурда ишенип берилген эл аралык уюмдун жогорку кызмат адамы (эл аралык уюмдун жетекчилери, жетекчилеринин орун басарлары жана башкармалыктын мүчөлөрү же эл аралык уюмда ага тете кызмат орундарын ээлеген адамдар);
13) бир жолку операция (бүтүм) - кардар менен финансылык мекеменин же кардар менен финансылык эмес категориядагы жактын ортосунда туруктуу иштиктүү мамилелер (келишимдик мамилелер) жок бир жолу жүзөгө ашырыла турган операция (бүтүм);
14) тобокелдик - кылмыштуу ишти каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) тобокелдиги;
15) тобокелдикке салынган мамиле - тобокелдиктерди башкаруунун белгиленген жол-жоболоруна (тобокелдикти табуу, баалоо, мониторинг жасоо, контролдоо, даражасын төмөндөтүү) ылайык тобокелдиктин жогорку даражасында күчөтүлгөн чараларды же тобокелдиктин төмөнкү даражасында жөнөкөйлөтүлгөн чараларды көрүү;
16) санкциялык тизмектер - Кыргыз Республикасынын Жыйынды санкциялык тизмеги жана Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин Жыйынды санкциялык тизмеги;
17) ички контроль кызматы - КИК/ККЛК боюнча ички контролдоо программасын жүзөгө ашырууга жооптуу финансылык мекемелердин жана финансылык эмес категориядагы жактардын ыйгарым укуктуу кызматчысы же түзүмдүк бөлүмү же болбосо комплаенс-контроль кызматы;
18) каражаттар - төмөнкү активдердин бири:
- акча каражаттары жана ар кандай финансылык активдер;
- экономикалык ресурстар, анын ичинде мунай жана башка жаратылыш ресурстары;
- сатып алуу ыкмасына карабастан ар кандай түрдөгү мүлк (материалдык же материалдык эмес, кыймылдуу же кыймылсыз);
- жогоруда көрсөтүлгөн мүлккө же активдерге укук же үлүш берүүчү, ар кандай формадагы, анын ичинде электрондук же санариптик формадагы укуктук документтер же инструменттер;
- банктык кредиттер жана банк ишинин жана каржылоонун ислам принциптерине ылайык алынуучу/берилүүчү акча каражаттары жана (же) башка мүлк, акча жана эсептешүү чектери, почта которуулары, акциялар, баалуу кагаздар, облигациялар, банктык траттар же аккредитивдер жана мындай каражаттардан же активдерден алынуучу же алар өндүрүүчү ар кандай пайыздар, дивиденддер жана киреше;
19) эсептер - Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарында аныкталгандай банк эсептери же финансылык мекеме менен кардардын ортосундагы же финансылык эмес категориядагы жак менен кардардын ортосундагы ушул сыяктуу иштиктүү мамилелер;
20) электрондук акча которуу - төлөм системаларын пайдалануу менен жүзөгө ашырылуучу акча которуунун алуучусуна жөнөтүүчүдөн акча каражаттарын (накталай, накталай эмес, электрондук) которуу боюнча операция;
21) финансылык топ - өз финансылык ресурстарын жалпы максаттарга жана кызыкчылыктарга бириктирген ар кандай типтеги бир нече юридикалык жактардан турган, ушул топтун мүчөлөрүнө карата контролдоо (көзөмөлдөө) жана координациялоо функцияларын жүзөгө ашырган топ;
22) финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар - "Кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинде көрсөтүлгөн жеке жана юридикалык жактар;
23) үй-бүлө мүчөлөрү - жубай (жубайы) жана балдары, анын ичинде асыранды балдары.
Эгерде ушул Жободо башкача каралбаса, ушул пунктта аныкталбаган жана ушул Жободо колдонулуучу түшүнүктөр жана терминдер Кыргыз Республикасынын тармактык мыйзамдарында кандай мааниде колдонулса, ошол маанисинде колдонулат.
2-глава. Кардарга талаптагыдай текшерүү жүргүзүү учурлары
3. Финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар кардарга талаптагыдай текшерүү төмөнкү учурлардын кайсы бири болбосун жүргүзөт:
1) иштиктүү мамилелерди түзүүдө;
2) 1000000 (бир миллион) сомго барабар же андан ашкан же чет өлкө валютасында ага тете суммада бир жолку операцияны (бүтүмдү) же бир нече өз ара байланышкан бир жолку операцияларды (бүтүмдөрдү) жасаганда, ушул Жобонун 5, 6 жана 7-пункттарында каралган учурларды кошпогондо;
3) 100000 (жүз миң) сомго барабар же андан ашкан же чет өлкө валютасында ага тете суммада бир жолку электрондук акча которууну жасоодо же виртуалдык активдер менен операцияларды (бүтүмдөрдү) жүргүзүүдө;
4) кардардын статусуна (туруктуу же бир жолку) же ар кандай өзгөчө учурларга карабастан же болбосо операциянын (бүтүмдүн) чектик суммасына карабастан кылмыштуу ишти каржылоону жүзөгө ашырууга жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) шектенүүлөр болсо;
5) кардар жөнүндө мурда алынган маалыматтар анык эмес же жетишсиз болгон фактылар аныкталганда.
Ушул Жобонун максаттары үчүн иштиктүү мамилелер деп алар түзүлгөн учурда бир жолку операциядан (бүтүмдөн) айырмаланып узак мөөнөттүү мүнөзгө ээ боло тургандыгы болжолдонгон мамилелер түшүнүлөт.
4. Бир жолку операциялардын (бүтүмдөрдүн) түрлөрү финансылык чалгындоо органы тарабынан бекитилет жана жарыяланат.
5. Финансылык эмес категориядагы жактар кардарга талаптагыдай текшерүү "Кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган учурларда жүргүзөт.
6. Баалуу металлдар жана асыл таштар, алардан жасалган зер буюмдар, ошондой эле мындай буюмдардын сыныктары менен операцияларды (бүтүмдөрдү) жүзөгө ашыруучу жеке жана юридикалык жактар кардарга талаптагыдай текшерүү төмөнкү учурларда жүргүзөт:
1) кардарга баалуу металлдарды жана асыл таштарды, алардан жасалган зер буюмдарды, ошондой эле мындай буюмдардын сыныктарын сатууда, эгерде накталай акча каражаттары менен операциянын (бүтүмдүн) суммасы 1000000 (бир миллион) сомго барабар болсо же андан ашса;
2) кардардан баалуу металлдарды жана асыл таштарды, алардан жасалган зер буюмдарды, ошондой эле мындай буюмдардын сыныктарын сатып алууда, эгерде накталай акча каражаттары менен операциянын (бүтүмдүн) суммасы 50000 (элүү миң) сомго барабар болсо же андан ашса.
Бир жолку операцияны (бүтүмдү) же бир нече өз ара байланышкан бир жолку операцияларды (бүтүмдөрдү) жасоодо же болбосо баалуу металлдарды жана асыл таштарды, алардан жасалган зер буюмдарды, ошондой эле мындай буюмдардын сыныктарын белгиленген чектик суммаларга чейин сатууда же сатып алууда ким экендигин күбөлөндүрүүчү документтин негизинде кардардын ким экендигин аныктоо, кардардын санкциялык тизмектерде бар же жок экендигин текшерүү жүргүзүлөт.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы же Кыргыз Республикасында катталган, Лондон баалуу металлдар рыногунун ассоциациясы тарабынан сертификатталган аффинаждык ишкана тарабынан эмиссиялануучу (чыгарылуучу) алтындан даярдалган жана маркаланган куймаларды 200000 (эки жүз миң) сомго барабар же андан ашкан суммага сатуу боюнча операцияларды (бүтүмдөрдү) жасоодо ким экендигин күбөлөндүрүүчү документтин негизинде кардардын ким экендигин аныктоо, кардардын санкциялык тизмектерде жана аларга карата алардын кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) катышкандыгы жөнүндө маалыматтар бар жактардын, топтордун жана уюмдардын тизмегинде бар же жок экендигин текшерүү жана жасалган операцияларды (бүтүмдөрдү) эсепке алуу жүргүзүлөт.
Төмөнкү тобокелдиктеги бир жолку операция (бүтүм) же бир нече өз ара байланышкан төмөнкү тобокелдиктеги бир жолку операциялар (бүтүмдөр) жасалган учурда кардарды идентификациялоо жана верификациялоо жүргүзүлбөйт. Төмөнкү тобокелдиктеги бир жолку операциялардын (бүтүмдөрдүн) тизмеги финансылык чалгындоо органы тарабынан аныкталат.

7. Накталай улуттук жана/же чет өлкө валютасында сатуу-сатып алуу (алмашуу) боюнча операцияларды жүзөгө ашыруучу жактар 1000000 (бир миллион) сомго барабар же андан ашкан же чет өлкө валютасында ага тете суммада бир жолку операция (бүтүм) же бир нече өз ара байланышкан бир жолку операциялар (бүтүмдөр) жасалган учурда кардарга талаптагыдай текшерүү жүргүзөт.
100000 (жүз миң) сомдон 1000000 (бир миллион) сомго чейинки же чет өлкө валютасында ага тете суммада накталай улуттук жана/же чет өлкө валютасында сатуу-сатып алуу (алмашуу) боюнча бир жолку операция (бүтүм) же бир нече өз ара байланышкан бир жолку операциялар (бүтүмдөр) жасалган учурда ким экендигин күбөлөндүрүүчү документтин негизинде кардардын ким экендигин аныктоо, кардардын санкциялык тизмектерде бар же жок экендигин текшерүү жүргүзүлөт.
8. Ушул Жобонун 3-пунктунун 3-пунктчасында белгиленген суммадан ашпаган суммага бир жолку электрондук акча которуу же виртуалдык активдерди которуу жасалган учурда ушул Жобонун 12-главасында каралган ченемдер сакталууга тийиш. Бир жолку электрондук акча которуу же виртуалдык активдерди которуу жасалган учурда кардардын жана бенефициардык ээсинин анкетасы толтурулбайт.
9. Кардарды талаптагыдай текшерүү чаралары мурда жүргүзүлгөн кардарга талаптагыдай текшерүү жана кардардын тобокелдик деңгээлин эске алуу менен жаңы жана тейленүүдөгү кардарларга колдонулат.
3-глава. Кардарга талаптагыдай текшерүү жүргүзүүдө тобокелдикке салынган мамиле
10. Финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар кардарга талаптагыдай текшерүү жүргүзүүдө тобокелдикке салынган мамилени колдонууга милдеттүү. Кардарды талаптагыдай текшерүү чаралары жана аларды деталдаштыруу даражасы мындай баалоонун натыйжаларынын негизинде иштиктүү мамилелердин максатын жана болжолдонгон мүнөзүн, ошондой эле кардардын операцияларынын (бүтүмдөрүнүн) тибин, көлөмүн жана үзгүлтүксүздүгүн эске алуу менен аныкталат.
11. Финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар өз кардарларын эң аз дегенде тобокелдиктин үч деңгээли боюнча: жогорку, орточо жана төмөнкү деп классификациялоого милдеттүү.
Финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар өз ишинин масштабына жана тобокелдиктердин өзгөчөлүгүнө жараша өзүнүн ички контролдоо программасынын алкагында тобокелдиктин кошумча деңгээлдерин киргизүүгө укуктуу.
Жогорку жана төмөнкү тобокелдиктердин типтүү критерийлери финансылык чалгындоо органы тарабынан белгиленет жана жарыяланат.
12. Жогорку тобокелдик аныкталган учурда финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар кардарга талаптагыдай текшерүүнүн төмөнкүдөй күчөтүлгөн чараларын колдонууга милдеттүү:
1) маалыматтын жеткиликтүү жана ишенимдүү булактарынан кардарга карата кошумча идентификациялык маалыматтарды жана документтерди чогултуу, ошондой эле ушул маалыматтарды кардар менен байланышкан тобокелдикти баалоодо колдонуу;
2) мындай кардардын жана бенефициардык ээсинин кылмыш ишине тартылуусу мүмкүн болгон тобокелдикти тереңирээк түшүнүү үчүн кардар жана бенефициардык ээси жөнүндө кошумча маалыматты чогултуу;
3) кардардан иштиктүү мамилелердин максаты жана болжолдонгон мүнөзү, ошондой эле кардардын акча каражаттарынын булагы тууралуу кошумча маалыматты суроо;
4) акча каражаттары кылмыштуу иштен алынган кирешелер эмес экендигине ынануу үчүн иштиктүү мамилелерди түзүүнүн алкагында колдонулуучу кардардын акча каражаттарынын булактарын текшерүү;
5) кардардын жана бенефициардык ээсинин идентификациялык маалыматтарын тобокелдикке салынган мамилени колдонуу менен үзгүлтүксүз жаңылап туруу;
6) кардардан пландаштырылган же жүргүзүлгөн операциялардын (бүтүмдөрдүн) себебин же экономикалык маңызын түшүндүргөн кошумча маалыматты суроо;
7) кардары менен иштиктүү мамилелерди түзүүгө же улантууга финансылык мекеменин жана финансылык эмес категориядагы жактардын учурдагы ишине жетекчилик кылган аткаруу органынан же болбосо аткаруу органынын мүчөлөрүнүн биринен уруксат алуу;
8) шектүү операциялардын (бүтүмдөрдүн) жана айкын экономикалык маңызы же айкын мыйзамдуу максаты жок операциялардын (бүтүмдөрдүн) белгилерин аныктоо максатында операцияларга (бүтүмдөргө) күн сайын мониторинг жүргүзүү, маалыматтарды талдоо, акча каражаттарын дайындоону карап чыгуу жана эсепке алуу, анын ичинде кол менен киргизүү жолу менен иштиктүү мамилелерге күчөтүлгөн мониторинг жүргүзүү, ошондой эле мониторинг жүргүзүүнүн натыйжаларын ички контроль кызматына жана финансылык мекеменин жана финансылык эмес категориядагы жактардын учурдагы ишине жетекчилик кылган аткаруу органына жеткирүү;
9) эгерде операцияны (бүтүмдү) банк эсебин ачпастан жүргүзүү пландаштырылса, банк эсеби аркылуу операцияны (бүтүмдү) жүргүзүү жөнүндө сунуш кылуу.
Муну менен бирге финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар тобокелдиктерди натыйжалуу башкаруу жана (же) азайтуу үчүн кардарга талаптагыдай текшерүүнүн күчөтүлгөн чараларын колдонуу зарылдыгын документ түрүндө жазууга тийиш.
13. Ушул Жобонун 12-пунктунда көрсөтүлгөн кардарга талаптагыдай текшерүүнүн күчөтүлгөн чаралары жогорку тобокелдиктеги өлкөлөрдүн жеке же юридикалык жактарына карата колдонулат.
14. Төмөнкү тобокелдик аныкталган учурда финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар кардарга талаптагыдай текшерүүнүн төмөнкүдөй жөнөкөйлөтүлгөн чараларын колдоно алат:
1) иштиктүү мамилелердин максаты жана болжолдонгон мүнөзү жөнүндө жалпы маалыматты алуу;
2) кардардын жана бенефициардык ээсинин идентификациялык маалыматтарын жаңыртуу жыштыгын кыскартуу;
3) финансылык мекеме жана финансылык эмес категориядагы жак тарабынан аныкталган лимиттин негизинде операцияларды (бүтүмдөрдү) кардарга талаптагыдай автоматташтырылган системасын колдонуу менен кардардын операцияларына (бүтүмдөрүнө) кыскартылган түрдө мониторинг жүргүзүү.
15. Финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар тобокелдиктин төмөнкү даражасына жараша кардарга талаптагыдай текшерүүнүн жөнөкөйлөтүлгөн чараларын колдонот.
Кардарга карата төмөнкү тобокелдикти аныктоо кардарга талаптагыдай текшерүүнүн бардык чаралары үчүн, тактап айтканда операцияларга (бүтүмдөргө) туруктуу мониторинг жүргүзүү үчүн кардар тобокелдиктин төмөнкү даражасы менен мүнөздөлөт дегенди түшүндүрбөйт.
Финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) шектенүүлөр болсо, кардарга талаптагыдай текшерүүнүн жөнөкөйлөтүлгөн чараларын колдонбойт.
4-глава. Кардарды идентификациялоо жана верификациялоо
§ 1. Кардарды идентификациялоо
16. Финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар ушул Жобонун талаптарын эске алуу менен кардарды (туруктуу же бир жолку) идентификациялоого милдеттүү.
Кардарды идентификациялоо учурунда кардар - жеке жактын анкетасы же кардар - юридикалык жактын анкетасы ушул Жобонун 1 жана 2-тиркемелерине ылайык формалар боюнча толтурулат.
17. Эгерде кардардын атынан же анын тапшырмасы боюнча ишенимдүү жак иш алып барса, финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар бул жакты идентификациялоого милдеттүү.
18. Кардарга идентификация жүргүзүүдө финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар кардар менен иштиктүү мамилелердин максатын жана болжолдонгон мүнөзүн аныктайт.
19. Кардарды - жеке жакты иштиктүү мамилелерди түзүүдө жана операцияларды (бүтүмдөрдү) алыстан (аралыктан) ыкма менен жүзөгө ашырууда, анын ичинде банк эсебин же электрондук капчыкты ачууда идентификациялоо жана верификациялоо ушул Жобонун 5-тиркемесинде белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы өз компетенциясынын чегинде алыстан (аралыктан) идентификациялоону жана верификациялоону жүргүзүүгө карата кошумча талаптарды белгилөөгө укуктуу.
§ 2. Кардарды верификациялоо
20. Финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар ишенимдүү булактардан алынган маалыматтарды жана документтерди колдонуу менен кардар - жеке жактын анкетасында же кардар - юридикалык жактын анкетасында каралган маалыматтардын ишенимдүүлүгүн текшерүү жолу менен кардарды верификациялоого милдеттүү.
21. Финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар кардар менен иштиктүү мамилелерди түзүүгө чейин же түзүүнүн же кардар бир жолку операцияларды (бүтүмдөрдү) жүргүзүүнүн жүрүшүндө верификациялоого милдеттүү. Эсепти ачууда кардар менен иштиктүү мамилелерди түзүүнүн жүрүшүндө кардарды верификациялоо ал боюнча биринчи финансылык операция жүргүзүлгөнгө чейин аякталууга тийиш.
22. Тараптар катышпаган же баалуу кагаздар менен жүзөгө ашырылуучу операцияны (бүтүмдү) жүргүзүүдө бизнести нормалдуу жүргүзүүнүн үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылуу максатында финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар зарыл болгон учурда иштиктүү мамилелер түзүлгөндөн кардарды верификациялоону жүзөгө ашырат.
Мындай учурда верификация тобокелдиктер төмөнкү аныкталган шартта, мүмкүн болушунча кыска мөөнөттө, иштиктүү мамилелер түзүлгөндөн кийин 10 календардык күндөн кечиктирилбестен аякталууга тийиш. Жогорку тобокелдик категориясына кирген кардарларды иштиктүү мамилелер түзүлгөндөн кийин верификациялоого жол берилбейт.
Кардарды верификациялоо аяктаганга чейин финансылык категориядагы жактар түрлөрүн жана (же) эле ири жана татаал кийин катары бирок финансылык эмес санын, мекемелер же операциялардын (бүтүмдөрдүн) суммаларын чектөө боюнча, ошондой операцияларга (бүтүмдөргө) мониторинг жүргүзүү боюнча чараларды камтыган тобокелдиктерди натыйжалуу башкаруунун ички жол-жоболорун колдонууга милдеттүү.
23. Кардардын - жеке жактын ким экендигин верификациялоо үчүн финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар ким экендигин күбөлөндүрүүчү төмөнкү документтердин бирин колдонот:
1) Кыргыз Республикасынын жарандарына карата:
- идентификациялык карта - Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту (ID-карта);
- Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспорту;
- туулгандыгы тууралуу күбөлүк - жашы 16 жашка толо элек Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн;
- аскердик билет;
- идентификациялык жеке номерди (ИЖН) камтыган улуттук үлгүдөгү айдоочулук күбөлүк;
2) чет өлкөлүк жарандарга карата:
- чет өлкөлүк жарандын паспорту;
- Кыргыз Республикасында жашап туруу укугу;
3) жарандыгы жок жактарга карата - Кыргыз Республикасында жашап туруу укугу;
4) качкындарга карата:
- адамды качкын деп таануу жөнүндө өтүнмөнү каттоо тууралуу күбөлүк;
- качкындын күбөлүгү.
24. Кардарды - юридикалык жакты верификациялоо үчүн финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар төмөнкү документтерди колдонот:
1) юридикалык жакты түзүү жөнүндө уюштуруучунун (уюштуруучулардын) чечими;
2) устав жана уюштуруучу келишим (эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралса);
3) юридикалык жакты мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүк;
4) уюштуруучу документтерге (чечим, устав, уюштуруучу келишим) өзгөртүүлөр (толуктоолор) - юридикалык жакты кайра каттоодо;
5) салык органында каттоого коюлгандыгын ырастоочу документ;
6) колтамгалардын үлгүлөрү жана мөөрдүн оттискасы бар карточкага биринчи жана экинчи кол коюу укугуна ээ жактардын ыйгарым укуктарын ырастоочу документтер (башкаруу органдарынын чечимдери, буйруктар, ишеним каттар);
7) ишкердик ишти жүзөгө ашыруу укугуна лицензия (бар болсо).
25. Кардарды верификациялоодо финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар документтер көрсөтүлгөн датада жарактуу болгон документтердин түп нускаларын же нотариус тарабынан күбөлөндүрүлгөн алардын көчүрмөлөрүн колдонууга тийиш.
Эгерде кардарды верификациялоого документтин бир бөлүгү гана тиешелүү болсо, нотариус тарабынан күбөлөндүрүлгөн, андан алынган көчүрмө бөлүгү берилиши мүмкүн.
Документтердин көчүрмөлөрү берилген учурда финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар таанышуу жана салыштырып текшерүү үчүн документтердин түп нускаларын берүүсүн талап кылууга тийиш.
26. Эгерде документтер толук же жарым-жартылай чет тилинде түзүлсө, финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар кардардан котормо мекемеси тарабынан күбөлөндүрүлгөн мамлекеттик же расмий тилдеги документтин котормосун талап кылууга тийиш.
Юридикалык жактардын - резидент эместердин статусун ырастоочу чет мамлекеттердин мамлекеттик органдарынан келген документтер Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 18-ноябрындагы № 283 токтому менен бекитилген Апостиль коюунун тартиби жана шарттары жөнүндө нускамага ылайык алар легалдаштырылган (апостиль) учурда финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар тарабынан кабыл алынат.
Көрсөтүлгөн документтер Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде каралган учурларда легалдаштырылбастан (апостилсиз) берилиши мүмкүн.
27. Финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар кардарды верификациялоодо ишенимдүү булактардан алынган кошумча (жардамчы) маалыматты да колдоно алат.
Финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар кардар - юридикалык жактын статусу жөнүндө маалыматты (иштейт, жоюлган же жоюу процессинде турат) алуу үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга кайрылат.
28. Эгерде кардардын атынан ишенимдүү жак иш алып барса, финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар аны верификациялоого, ошондой эле мындай жактын ыйгарым укугун ырастоочу тиешелүү документтерди текшерүүгө милдеттүү.
29. Алыстан (аралыктан) ыкма менен иштиктүү мамилелерди түзүүчү жана операцияларды (бүтүмдөрдү) жүзөгө ашыруучу кардарды верификациялоо ушул Жобонун 5-тиркемесинде белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
5-глава. Бенефициардык ээсин идентификациялоо жана верификациялоо
§ 1. Бенефициардык ээсин идентификациялоо
30. Финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар бенефициардык ээсин идентификациялоого милдеттүү.
Бенефициардык ээсин идентификациялоо ушул Жобонун 3-тиркемесине ылайык форма боюнча бенефициардык ээсинин анкетасын толтуруу жолу менен жүргүзүлөт.
31. Бенефициардык ээсинин анкетасы жаңы жана тейленүүдөгү кардарлардын бенефициардык ээлерине карата толтурулат.
32. Бенефициардык ээсинин анкетасы төмөнкү субъекттерге карата толтурулбайт:
1) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдары;
2) Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары;
3) тизмеги Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги тарабынан түзүлгөн жана жарыяланган, Кыргыз Республикасы мүчөсү болуп саналган жалпыга маалым эл аралык уюмдар.
33. Финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар кардары юридикалык жак же юридикалык түзүлүш болуп саналган бенефициардык ээсин идентификациялоо жана верификациялоо үчүн төмөнкүдөй баскычтуу ыкманы колдонуу менен акылга сыярлык жана жеткиликтүү чараларды көрүүгө милдеттүү:
1) биринчи кезекте акыры аягында түздөн-түз же кыйыр (үчүнчү жактар аркылуу) юридикалык жак болуп саналган кардардын уставдык капиталында акциялардын же үлүштөрдүн 25 жана андан көп пайызына ээлик кылган жеке жактар аныкталат;
2) эгерде менчик түзүмүн талдоонун натыйжасында ушул бөлүктүн 1-пунктчасында көрсөтүлгөн критерийге туура келген жактар аныкталбаса, же болбосо эгерде алардын акыркы бенефициарлар экенине негизделген шектенүүлөр болсо, финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар кардарды (юридикалык жакты же юридикалык түзүлүштү) башка ыкмалар менен контролдогон жеке жактарды аныктоого жана идентификациялоого милдеттүү;
3) ушул бөлүктүн 1 жана 2-пунктчаларына ылайык бенефициардык ээсин аныктоо мүмкүн болбогон учурда, бенефициардык ээси катары юридикалык жактын түзүмүндө ээлеген позицияларынын эсебинен кардардын иш-аракеттерин контролдоо мүмкүнчүлүгү бар жеке жак (стратегиялык чечимдерди кабыл алууга жооптуу, аткаруучулук контролду жүзөгө ашырган же негизги финансылык чечимдерди кабыл алган адам) идентификацияланат. Бул адамга карата бенефициардык ээсинин анкетасы толтурулат.
34. Бир нече бенефициардык ээлери, анын ичинде 25 жана андан көп пайыздык үлүштөргө (акцияларга) ээ болгон жана/же башка ыкмалар менен контроль жүргүзгөн бенефициардык ээлери аныкталган учурда, бенефициардык ээсинин анкетасы мындай жеке жактын ар бирине толтурулат.
35. Эгерде кардардын уставдык капиталында үлүштөрдүн (акциялардын) 25 жана андан көп пайызына ээ болгон катышуучу (акционер) башка юридикалык жак болуп саналса, анын акыркы бенефициардык ээси болуп саналган жеке жакты аныктоо жана верификациялоо зарыл.
Эгерде кардардын менчик түзүмүндө чет өлкөлүк трасттар же башка юридикалык түзүлүштөр болсо, финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар алардын бенефициардык ээлерин ушул Жобонун 37-пунктунун талаптарына ылайык аныктоого жана верификациялоого милдеттүү.
Татаал менчик түзүмүн талдоонун натыйжалары бенефициардык ээсинин анкетасына тиркеле турган схема түрүндө документтештирилүүгө тийиш. Схема бүткүл ээлик кылуу чынжырын көрүнөө чагылдырууга тийиш, анын ичинде ортомчу юридикалык жактар жана юридикалык түзүлүштөр, акыркы бенефициардык ээлери - жеке жактарга чейин толук чагылдырууга тийиш. Схемада ошондой эле башка ыкмалар менен контроль жүргүзгөн бенефициардык ээлери жөнүндө маалымат, мындай контролдун негиздерин көрсөтүү менен камтылууга тийиш.
§ 2. Бенефициардык ээсин верификациялоо
36. Финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар бенефициардык ээсин верификациялоо үчүн ушул Жобонун 23 жана 24-пункттарында көрсөтүлгөн документтерди же алардын нотариус тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн жана (же) бенефициардык ээсин аныктоого мүмкүндүк берген ишенимдүү булактардан алынган маалыматты колдонуу менен акылга сыярлык чараларды колдонууга милдеттүү. Финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар бенефициардык ээсин идентификациялоого жана тиешелүү маалыматты же бенефициардык ээсинин ким экендигине ынануу үчүн жетиштүү болгон ишенимдүү булактан алынган маалыматтарды колдонуу менен бенефициардык ээсинин ким экендигин текшерүү үчүн чараларды колдонууга милдеттүү.
Финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар юридикалык түзүлүш болуп саналган бенефициардык ээсин верификациялоодо төмөнкүдөй маалыматтарды кошумча колдонот:
- трасттарга карата: ишеним көрсөтүүчүнүн, ишенимдүү адамдын, камкорчунун (эгерде бар болсо), бенефициарлардын же бенефициарлар тобунун жана натыйжада трасттын үстүнөн иш жүзүндө контроль жүргүзгөн ар кандай башка жеке жактын жеке маалыматтары;
- юридикалык түзүлүштөрдүн башка түрлөрүнө карата: эквиваленттүү кызмат орундарын ээлеген адамдардын жеке маалыматтары.
37. Финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар кардардын тобокелдик деңгээлине жараша кардар менен иштиктүү мамилелерди түзгөнгө чейин же түзүүдө же кардар менен бир жолку операцияларды (бүтүмдөрдү) жүргүзүүдө бенефициардык ээсин верификациялоого милдеттүү.
38. Бизнести нормалдуу жүргүзүүнүн үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылуу максатында тараптар катышпаган же баалуу кагаздар менен жүзөгө ашырылуучу операцияны (бүтүмдү) жүргүзүүдө финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар зарыл болгон учурда бенефициардык ээсин иштиктүү мамилелер түзүлгөндөн кийин верификациялоону жүзөгө ашырат.
Мындай учурда верификация тобокелдиктер төмөнкү катары аныкталган шартта, мүмкүн болушунча кыска мөөнөттө, бирок иштиктүү мамилелер түзүлгөндөн кийин 10 календардык күндөн кечиктирилбестен аякталууга тийиш. Жогорку тобокелдик категориясына киргизилген бенефициардык ээсин иштиктүү мамилелер түзүлгөндөн кийин верификациялоого жол берилбейт.
Бенефициардык ээсин верификациялоо аяктаганга чейин финансылык мекемелер же финансылык эмес категориядагы жактар операциялардын (бүтүмдөрдүн) санын, түрлөрүн жана (же) суммаларын чектөө боюнча, ошондой эле ири жана татаал операцияларга (бүтүмдөргө) мониторинг жүргүзүү боюнча чараларды камтыган тобокелдиктерди натыйжалуу башкаруунун ички жол-жоболорун колдонууга милдеттүү.
6-глава. Кардарлардын айрым категорияларына карата колдонулуучу кардарга талаптагыдай текшерүүнүн кошумча чаралары
§ 1. Коомдук кызмат адамдарына карата колдонулуучу кошумча чаралар
39. Коомдук кызмат адамдарына, алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө жана коомдук кызмат адамдарынын жакын адамдарына (жакын туугандары, ишкер өнөктөштөрү жана расмий өкүлдөрү) карата, ошондой эле жогорку тобокелдик деңгээли бар башка кардарларга карата финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар "Кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-беренесинин 3-бөлүгүндө каралган кардарга талаптагыдай текшерүүнүн кошумча чараларын колдонот.
40. "Кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-беренесинин 3-бөлүгүнүн 2-4-пунктчаларында көрсөтүлгөн чаралар улуттук коомдук кызмат адамдарына жана эл аралык уюмдардын коомдук кызмат адамдарына, ошондой эле алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө жана жакын адамдарына карата, мындай адамдар менен иштиктүү мамилелердин жогорку тобокелдиги аныкталган учурда колдонулат.
41. Улуттук коомдук кызмат адамдарынын, алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн жана улуттук коомдук кызмат адамынын жакын адамдарынын тизмеси электрондук маалыматтар базасы түрүндө финансылык чалгындоо органы тарабынан түзүлөт.
Улуттук коомдук кызмат адамдарынын электрондук маалыматтар базасынын маалыматтарына жетүү мүмкүндүгү электрондук байланыш каналдары аркылуу финансылык мекемелерге жана финансылык эмес категориядагы жактарга (мындан ары - колдонуучулар) берилет.
Жетүү мүмкүндүгү берилген улуттук коомдук кызмат адамдарынын маалыматтар базасынын маалыматтар тизмеги финансылык чалгындоо органы менен маалыматтар базасын колдонуучунун ортосундагы макулдашуу менен аныкталат.
Маалыматтар базасын колдонуучулар улуттук коомдук кызмат адамдарынын маалыматтар базасынан алынган маалыматтардын купуялуулугун, сакталышын жана санкцияланбаган жетүүдөн корголушун камсыздайт жана үчүнчү жактарга берилгендиги үчүн жоопкерчилик тартат.
Улуттук коомдук кызмат адамдарын аныктаган учурда финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар алынган маалыматтарды Коомдук кызмат адамынын анкетасынын типтүү формасына (ушул Жобонун 4-тиркемеси) ылайык электрондук форматта жазат.
42. Финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар коомдук кызмат адамдарына карата маалыматты аныктоо, мониторинг жүргүзүү, текшерүү үчүн маалыматтын ачык булактарын колдоно алат.
§ 2. Өмүрдү камсыздандыруу полиси же инвестициялоо менен байланышкан башка камсыздандыруу полистери боюнча пайда табуучуларга карата колдонулуучу кошумча чаралар
43. Финансылык мекемелер өмүрдү камсыздандыруу полиси же инвестициялоо менен байланышкан башка камсыздандыруу полистери боюнча пайда табуучуларга (мындан ары - пайда табуучу) карата кардарга талаптагыдай текшерүүнүн төмөнкүдөй кошумча чараларын колдонууга тийиш:
1) пайда табуучу болуп саналган жеке же юридикалык жактын же болбосо юридикалык түзүлүштүн идентификациялык маалыматтарын аныктоо;
2) пайда табуучунун ким экендигин верификациялоого мүмкүндүк берген пайда табуучу жөнүндө жетиштүү маалыматты алуу.
Муну менен бирге пайда табуучуну верификациялоо өмүрдү камсыздандыруу полиси жана инвестициялоо менен байланышкан башка камсыздандыруу полистери боюнча каражаттарды төлөө учурунда жүргүзүлөт.
44. Эгерде пайда табуучу (юридикалык жак же юридикалык түзүлүш, коомдук кызмат адамы) жогорку тобокелдиктеги кардар катары бааланса, финансылык мекемелер пайда табуучуга карата ушул Жобонун 12-пунктунда каралган кардарга талаптагыдай текшерүүнүн күчөтүлгөн чараларын колдонот.
Камсыздандыруу учуру келген жана жогорку тобокелдик аныкталган учурда, кардарга талаптагыдай текшерүүнүн күчөтүлгөн чаралары өмүрдү камсыздандыруу полиси жана инвестициялоо менен байланышкан башка камсыздандыруу полистери боюнча акча каражаттары төлөнгөнгө чейин колдонулат.
Өмүрдү камсыздандыруу полиси жана инвестициялоо менен байланышкан башка камсыздандыруу полистери боюнча каражаттарды төлөө учурунда финансылык мекемелер пайда табуучу же бенефициардык ээси коомдук кызмат адамы болуп саналарын же саналбасын аныктоо үчүн чараларды көрөт.
45. Жогорку тобокелдик аныкталган учурда же пайда табуучуга карата кардарга талаптагыдай текшерүүнүн күчөтүлгөн чараларын колдонуу мүмкүн болбогон учурда финансылык мекемелер шектүү операция (бүтүм) жөнүндө билдирүүнү финансылык чалгындоо органына жиберүү тууралуу маселени карайт.
7-глава. Жүргүзүлгөн идентификациялоого жана верификациялоого болгон ишеним, ошондой эле үчүнчү тараптарга болгон ишеним
46. Финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар кардар операцияны (бүтүмдү) жүзөгө ашырган сайын кардарды кайрадан идентификациялоону жана верификациялоону жүргүзүүгө тийиш эмес.
Финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар болгон маалыматтын аныктыгына негиздүү күмөн саноолор пайда болгонго же кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) шектенүүлөр келип чыкканга же болбосо кардардын ишинин ишкер профилине ылайык келбеген операциялар (бүтүмдөр) жүргүзүлгөнгө чейин кардарды идентификациялоо жана верификациялоо боюнча көрүлгөн чараларга таянууга укуктуу.
47. Кардарга талаптагыдай текшерүү жүргүзүү максатында финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар түзүлгөн келишимдердин негизинде Кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү боюнча евразиялык топтун катышуучу мамлекеттеринин аймагында катталган кызматташуучу финансылык мекемелерге (үчүнчү тарап) таяна алат.
Муну менен бирге үчүнчү тарапка таянган финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар төмөнкү талаптарды сактоого тийиш:
1) үчүнчү тараптын иши тиешелүү текшерүүчү орган тарабынан контролдонуп жана жөнгө салынып турарына жана үчүнчү тарап кардарга талаптагыдай текшерүүнүн талаптарын аткаруу жана КИК/ККЛК чөйрөсүндөгү Кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү боюнча евразиялык топтун катышуучу мамлекеттеринин мыйзамдарына ылайык маалыматтарды сактоо боюнча чараларды көрө тургандыгына ынануу;
2) бир жумуш күндүн ичинде үчүнчү тараптан кардар жана бенефициардык ээси жөнүндө зарыл маалыматты, кардардын жана бенефициардык ээсинин анкеталарынын көчүрмөлөрүн, ошондой эле кардарга талаптагыдай текшерүүнүн натыйжасында алынган башка документтердин көчүрмөлөрүн алуу.
Жогоруда көрсөтүлгөн талаптар сакталган учурда кардарга талаптагыдай текшерүүнүн натыйжасында түзүлгөн бардык маалыматтар жана документтер алынгандан кийин иштиктүү мамилелер түзүлөт же операциялар (бүтүмдөр) жасалат.
Банк сырын түзгөн маалыматтар кардардын жазуу жүзүндөгү макулдугунун негизинде берилет.
48. Кардарга талаптагыдай текшерүү өз убагында жана сапаттуу аткаруу үчүн жоопкерчилик үчүнчү тарапка таянган финансылык мекемелерге жана финансылык эмес категориядагы жактарга жүктөлөт.
8-глава. Кардарга талаптагыдай текшерүү аткаруу мүмкүн болбогон жана шектенүүлөр пайда болгон учурда колдонулуучу чаралар
49. Кардарга талаптагыдай текшерүү жүргүзүү үчүн зарыл болгон маалыматтар жана (же) документтер кардар тарабынан берилбеген же кардарга талаптагыдай текшерүү жүргүзүү мүмкүн болбогон учурда финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар "Кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-беренесинин 5-бөлүгүндө каралган чараларды көрөт.
50. Эгерде кардар менен иштиктүү мамилелерди түзүү убагында же иштиктүү мамилелерди түзүүнүн жүрүшүндө, же бир жолку операцияларды (бүтүмдөрдү) жүргүзүүдө операциялар (бүтүмдөр) кылмыштуу ишти каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) менен байланышкандыгына шектенүүлөр пайда болсо, финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар төмөнкүдөй чараларды көрүүгө тийиш:
1) ар кандай бөтөнчөлүктөргө же белгиленген чектик маанилерге карабастан кардарга жана бенефициардык ээсине идентификация жана верификация жүргүзүү;
2) иштиктүү мамилелерге же операцияга (бүтүмгө) ар тараптуу талдоо жүргүзүү жана иштиктүү мамилелерди же операцияны (бүтүмдү) шектүү деп таануу жөнүндө чечим кабыл алуу;
3) шектүү операцияны (бүтүмдү) токтото туруу жана белгиленген тартипте операция (бүтүм) шектүү деп таанылган учурдан тартып беш сааттын ичинде шектүү операция (бүтүм) жөнүндө билдирүүнү финансылык чалгындоо органына жиберүү;
4) кардар менен иштиктүү мамилелерди токтото туруу же токтотуу.
51. Эгерде финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар кардарга талаптагыдай текшерүү жүргүзүү пайда болгон шектенүүлөр жөнүндө маалыматтын ачыкка чыгышына алып келе тургандыгына ынанса, финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар кардарды талаптагыдай текшерүү чараларын колдонбойт, шектүү операцияны (бүтүмдү) токтото турат жана шектүү операция (бүтүм) жөнүндө билдирүүнү финансылык чалгындоо органына жиберет.
9-глава. Кардарга талаптагыдай текшерүүнүн натыйжасында алынган маалыматтарды жана документтерди документ түрүндө жазуу жана жаңылоо
52. Идентификациялоонун натыйжасында алынган кардар, бенефициардык ээси жана пайда табуучу жөнүндө маалыматтар кардардын тибине (жеке жак же юридикалык жак) жараша кардардын анкетасына жана бенефициардык ээсинин анкетасына жазылып белгиленет.
Эгерде кардардын атынан ишенимдүү жак иш алып барса, финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар мындай жакты идентификациялоонун жана верификациялоонун натыйжасында алынган маалыматтарды документ түрүндө жазууга милдеттүү.
53. Кардардын, коомдук кызмат адамынын жана бенефициардык ээсинин анкеталары мыйзамдардын талаптарына ылайык маалыматтын сакталышын камсыз кылуучу коопсуздук системасы финансылык мекемелерде жана финансылык эмес категориядагы жактарда орнотулган шартта электрондук түрдө толтурулат жана сакталат. Анкетанын маалыматтары кагаз бетине түшүрүлүүдө финансылык мекеменин жана финансылык эмес категориядагы жактын жооптуу кызматчысынын колтамгасы менен күбөлөндүрүлөт.
Кардардын, коомдук кызмат адамынын жана бенефициардык ээсинин анкеталарына кардардын же кардардын өкүлүнүн колтамгасы коюлбайт.
Резиденттер болуп саналган кардардын жана коомдук кызмат адамынын анкеталарын толтурууда Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жеткиликтүү маалыматтар базаларын пайдалануу менен автоматташтырылган маалыматтык системалар колдонулушу мүмкүн.
Кардар же кардардын өкүлү (кардардын ишенимдүү адамы) жеке маалыматтарды чогултууга жана иштетүүгө, анын ичинде кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында белгиленген форма боюнча макулдук берүүгө тийиш. Субъекттин макулдугу жазуу жүзүндө кагаз түрүндө же болбосо электрондук колтамга коюлган электрондук документ түрүндө билдирилүүгө тийиш.
54. Кардардын жана бенефициардык ээсинин анкеталары төмөнкүдөй учурларда жаңыртылат:
1) кардардык документтер (алардын негизинде верификация жүргүзүлгөн документтер) өзгөрүлгөндө;
2) кардардын анкетасы жана бенефициардык ээсинин анкетасы боюнча жаңы маалымат кардар тарабынан берилгенде же финансылык мекеме жана финансылык эмес категориядагы жак тарабынан табылганда;
3) тейленип жүргөн кардар боюнча маалыматтардын жетишсиздигинин акылга сыярлык негиздери болгондо;
4) анкетаны жаңылоо мөөнөтү аяктаганда (тобокелдиктин деңгээлине жараша).
55. Кардардын жана бенефициардык ээсинин анкеталарын толтурууда финансылык мекеменин жана финансылык эмес категориядагы жактын компетенттүү кызматчысы (кызматчылары) кардардын анкетасында көрсөтүлгөн маалымат толук жана ишенимдүү экендигин жазуу жүзүндө ырастоого тийиш.
56. Кардардын жана (же) бенефициардык ээсинин анкеталарында камтылган маалыматтар өзгөрүлгөн учурда кардар жаңыланган маалыматты жана документтерди өзгөрүүлөр болгон күндөн тартып беш жумуш күндөн кечиктирбестен финансылык мекемеге жана финансылык эмес категориядагы жакка берүүгө милдеттүү. Финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар көрсөтүлгөн маалыматтар алган учурдан тартып бир жумуш күндүн ичинде жаңыланган маалыматтарды кардардын жана (же) бенефициардык ээсинин анкеталарына киргизүүгө тийиш.
57. Кардардын жана бенефициардык ээсинин анкеталарында көрсөтүлгөн маалыматтар финансылык мекемелердин жана финансылык эмес категориядагы жактардын электрондук маалыматтар базасында жазылууга жана сакталууга тийиш.
Финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар кардарга талаптагыдай текшерүүнү жүзөгө ашырган өз кызматчыларына, анын ичинде ички контроль кызматына кардардын жана бенефициардык ээсинин электрондук маалыматтар базасына ыкчам жана дайыма жетүү мүмкүндүгүн камсыздайт.
58. Финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар кардардын жана бенефициардык ээсинин анкеталарында каралган маалыматтарды жана кардарга талаптагыдай текшерүүнүн жүрүшүндө алынган документтердин көчүрмөлөрүн, биринчи кезекте жогорку тобокелдиктеги кардарларга же жогорку тобокелдиги бар иштиктүү мамилелерге карата үзгүлтүксүз жаңылап турууга тийиш.
Кардардын жана бенефициардык ээсинин анкеталарында каралган маалыматтарды жана кардарга талаптагыдай текшерүүнүн жүрүшүндө алынган документтердин көчүрмөлөрүн жаңылоо мөөнөттөрү финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар тарабынан тобокелдиктерди баалоону эске алуу менен аныкталат.
Кардардын, коомдук кызмат адамынын жана бенефициардык ээсинин анкеталары кардардан маалыматтарды жана сканерленген документтерди корголгон жана текшерилген электрондук байланыш каналдары (мобилдик тиркеме/интернет-сервис/электрондук почта) аркылуу, анын ичинде кардардын электрондук колтамгасын колдонуу менен алуу жолу менен алыстан режимде жаңыртылышы мүмкүн.
Финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар кардардын, коомдук кызмат адамынын жана бенефициардык ээсинин анкеталарындагы маалыматтардын актуалдуулугу жана аныктыгы үчүн жоопкерчилик тартат.
59. Финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар кардар менен иштиктүү мамилелерди түзүү жөнүндө келишимди түзүүдө кардардын жана (же) бенефициардык ээсинин анкеталарында көрсөтүлгөн маалыматтар жаңыланган учурда маалыматты жана документтердин көчүрмөлөрүн тезинен берүү тууралуу кардардын милдетин келишимде кароого тийиш.
60. Финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар "Кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесине ылайык маалыматтарды жана документтерди сактоого милдеттүү.
10-глава. Кардар менен иштиктүү мамилелерди талаптагыдай текшерүүнү туруктуу негизде жүргүзүү
61. Финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар иштиктүү мамилелердин масштабына жана тобокелдик деңгээлине жараша кардар менен иштиктүү мамилелердин бүткүл мезгил аралыгында кардарды талаптагыдай текшерүү чараларын көрүүгө милдеттүү.
62. Финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар кардар менен иштиктүү мамилелерди талаптагыдай текшерүүнү туруктуу негизде жүргүзүүгө милдеттүү, ага төмөнкүлөр кирет:
1) кардар тарабынан жүргүзүлгөн операциялардын (бүтүмдөрдүн) кардар, анын чарбалык иши, финансылык абалы жана каражаттарынын булагы жөнүндө, ошондой эле тобокелдиктердин мүнөзү жөнүндө колдо болгон маалыматтарга шайкештигин кылдаттык менен талдоо;
2) кардар жөнүндө колдо болгон, биринчи кезекте жогорку тобокелдиктеги кардарларга карата маалыматты текшерүү жана жаңылоо жолу менен кардарды талаптагыдай текшерүүнүн натыйжасында алынган маалыматтарды жана документтерди актуалдуу абалда жана тиешелүү түрдө сактоо.
63. Финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар тобокелдикке салынган мамилени колдонуу аркылуу кардар менен иштиктүү мамилелерди жөнөкөйлөтүлгөн же күчөтүлгөн текшерүүнү колдонот.
11-глава. Эл аралык корреспонденттик банктык жана ушул сыяктуу мамилелерди түзүүдө көрүлүүчү чаралар
64. Чет өлкөлүк банктар жана финансылык мекемелер (респондент-мекеме) менен эл аралык корреспонденттик банктык жана ушул сыяктуу мамилелерди түзүүдө финансылык мекемелер (корреспондент-мекеме) төмөнкүдөй кошумча чараларды (кардарды талаптагыдай текшерүү чараларына кошумча) көрүүгө милдеттүү:
1) респондент-мекеменин иши, анын финансылык абалы жана иш бедели жөнүндө, көзөмөлдөө ишинин сапаты жөнүндө, ошондой эле контролдоочу орган тарабынан таасир этүү чараларын колдонуу же КИК/ККЛК чөйрөсүндөгү мыйзамдарды бузгандыгы үчүн жоопкерчиликке тартуу жөнүндө маалыматтарды чогултууга;
2) респондент-мекеме тарабынан көрүлүүчү КИК/ККЛК чараларына баалоо жүргүзүүгө;
3) финансылык мекеменин жетекчисинен корреспонденттик мамилелерди түзүүгө уруксат алууга;
4) тараптардын (респондент-мекеме жана корреспондент-мекеме) ар биринин конкреттүү жоопкерчилигин аныктоого.
65. Үчүнчү тараптар бизнес жүргүзүү үчүн өз атынан түздөн-түз колдонгон корреспонденттик эсептерге (мындан ары - өтмө эсептер) карата финансылык мекемелер респондент-мекеме тууралуу төмөнкүдөй канааттандырарлык ырастоону алууга милдеттүү:
1) корреспондент-мекеменин эсептерине түз жетүү мүмкүндүгүнө ээ болгон өз кардарына карата кардарга талаптагыдай текшерүү жүргүзгөндүгүн;
2) корреспондент-мекеменин суроо-талабы боюнча кардарды талаптагыдай текшерүү жана өтмө эсептер боюнча колдо болгон маалыматты берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ экендигин;
3) обочо банктарга өз эсептерин колдонууга уруксат бербегендигин.
12-глава. Эл аралык электрондук акча которууларды жана Кыргыз Республикасынын ичинде электрондук акча которууларды жүзөгө ашырууда кардарга талаптагыдай текшерүү жүргүзүү тартиби
66. Электрондук акча которууну жүргүзүүдө финансылык мекемелер төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) акча которуунун жөнөтүүчүсү жана алуучусу жөнүндө талап кылынган маалыматтарды түзүүгө;
2) акча которуунун жөнөтүүчүсү жана алуучусу жөнүндө талап кылынган маалыматтардын электрондук акча которуунун ажыратылгыс бөлүктөрү болуп саналуусун жана төлөмдү жүргүзүүнүн жүрүшүндө электрондук акча которууну коштоп жүрүүсүн камсыз кылууга;
3) электрондук акча которууларга мониторинг жүргүзүүгө жана жөнөтүүчү жана (же) алуучу жөнүндө маалымат болбогон электрондук акча которууларды аныктоого жана кардарды талаптагыдай текшерүүнүн тиешелүү чараларын көрүүгө;
4) акча которуунун жөнөтүүчүсүн жана алуучусун санкциялык тизмектерде бар же жок экендигин текшерүү;
5) электрондук акча которууну тоңдуруу жана акча которуунун жөнөтүүчүсү жана (же) алуучусу санкциялык тизмектерде бар болгон учурда бул тууралуу үч сааттын ичинде финансылык чалгындоо органына билдирүү.
67. Эл аралык электрондук акча которууларды коштоочу маалыматта төмөнкүдөй маалыматтар камтылууга тийиш:
1) жөнөтүүчү - жеке жактын фамилиясы, аты жана атасынын аты же жөнөтүүчү - юридикалык жактын аталышы;
2) эгерде электрондук акча которууну жүзөгө ашырууда эсеп пайдаланылса, жөнөтүүчүнүн (жеке же юридикалык жак) эсебинин номери;
3) жөнөтүүчү - жеке жактын паспорттук маалыматтары же салык төлөөчүнүн идентификациялык номери же жөнөтүүчү - юридикалык жактын чет өлкөлүк уюмунун коду;
4) кардардын идентификациялык номери;
5) алуучунун - жеке жактын аты-жөнү же алуучунун -юридикалык жактын аталышы;
6) эгер электрондук акча которууну жүзөгө ашырууда эсеп пайдаланылса, алуучунун эсебинин номери.
Эсеп жок болгон учурда, электрондук акча которууга байкоо жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кыла турган электрондук акча которуунун уникалдуу номери көрсөтүлөт.
Эл аралык электрондук акча которууну жүзөгө ашырган финансылык мекеме кылмыштуу ишти каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) тууралуу шек саналса, кардарга тиешелүү жогоруда аталган маалыматтарды текшерет.
68. Алуучуларга берүү үчүн бир жөнөтүүчүнүн эл аралык электрондук которууларын бир пакеттик файлга бириктирген учурда, пакеттик файл ушул Жобонун 67-пунктунда көрсөтүлгөн маалыматтарды камтууга тийиш.
69. Кыргыз Республикасынын ичиндеги электрондук акча которууларды коштоочу маалымат төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
1) жөнөтүүчүнүн - жеке жактын аты-жөнү же жөнөтүүчүнүн -юридикалык жактын аталышы же болбосо жөнөтүүчүнүн (жеке же юридикалык жактын) эсебинин номери, эгерде электрондук акча которууну жүзөгө ашырууда эсеп же электрондук акча которууга байкоо жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кыла турган электрондук акча которуунун уникалдуу номери пайдаланылса;
2) алуучунун - жеке жактын аты-жөнү же алуучунун -юридикалык жактын аталышы же болбосо алуучунун (жеке же юридикалык жактын) эсебинин номери, эгерде электрондук акча которууну жүзөгө ашырууда эсеп пайдаланылса.
70. Электрондук акча которууну жөнөтүп жаткан финансылык мекеме төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) электрондук акча которуу ушул Жобонун 67-69-пункттарында көрсөтүлгөн толук маалымат менен коштолуусун камсыз кылууга;
2) эгерде ушул Жобонун 67-69-пункттарында көрсөтүлгөн коштоочу маалымат жок болсо, электрондук акча которууну жүргүзбөөгө.
71. Электрондук акча которуу транзит аркылуу жүзөгө ашырыла турган финансылык мекеме (транзиттик финансылык мекеме) төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) жөнөтүүчү же алуучу тууралуу талап кылынган маалыматы жок электрондук акча которууну таап чыгуу үчүн чараларды көрүүгө;
2) жөнөтүүчү же алуучу тууралуу талап кылынган маалыматы жок электрондук акча которууну аткаруу, четтетүү же токтото туруу жөнүндө, ошондой эле андан аркы жасала турган аракеттер жөнүндө маселени чечүү үчүн тобокелдикти азайтууга багытталган саясаты жана жол-жоболору болууга.
72. Электрондук акча которууну алуучу финансылык мекеме төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) жөнөтүүчү жана алуучу тууралуу зарыл маалыматы жок болгон электрондук акча которууларды текшерүүгө жана аныктоого;
2) электрондук акча которууну алуучунун ким экендигин аныктоого жана текшерүүгө, эгерде мурда текшерилбеген болсо;
3) жөнөтүүчү жана алуучу жөнүндө талап кылынган маалыматы жок электрондук акча которууну аткаруу, четке кагуу же токтото туруу, ошондой эле электрондук акча которууну артка кайтаруу боюнча андан аркы аракеттер тууралуу маселени чечүү үчүн тобокелдикти азайтууга багытталган саясатты жана жол-жоболорду колдонууга.
73. Электрондук акча которууну жөнөтүүчү же алуучу, же болбосо ал аркылуу транзиттик электрондук которуу жүргүзүлгөн финансылык мекеме (транзиттик финансылык мекеме) электрондук акча которууну коштогон жөнөтүүчү же алуучу тууралуу бардык маалыматты операция аяктагандан, же кардар менен иштиктүү мамиле токтогондон, же эсеп жабылган учурдан тартып беш жылдан кем эмес сактоого милдеттүү.
Бул маалыматтар жүргүзүлгөн операциянын (бүтүмдүн) мүнөзүн калыбына келтирүүгө же операциянын (бүтүмдүн) бардык тизмектерин калыбына келтирүү жолу менен каражаттарга байкоо жүргүзүүгө жана зарыл учурда Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза процессуалдык мыйзамдарына ылайык тергөөдө жана соттук териштирүүдө далил катары колдонууга мүмкүндүк берген жетиштүү көлөмдө сакталууга тийиш.
Электрондук акча которууну коштогон жөнөтүүчү же алуучу тууралуу толук маалыматты сактоого техникалык каражаттар мүмкүнчүлүк бербеген учурларда, алуучу транзиттик финансылык мекеме жөнөтүүчү финансылык мекемеден же башка транзиттик финансылык мекемеден алынган бардык маалыматтын жазуусун беш жылдан кем эмес сактоого милдеттүү.
74. Электрондук акча которууларды жөнөтүүчү жана алуучу тууралуу маалыматтар төмөнкүлөрдүн талабы боюнча берилет:
1) финансылык чалгындоо органынын жана тийиштүү текшерүү органынын;
2) Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза процессуалдык мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын укук коргоо органынын, улуттук коопсуздук органынын, прокуратура органынын;
3) идентификациялоону жеңилдетүү жана шектүү операциялар (бүтүмдөр) тууралуу билдирүүлөрдү жөнөтүү, ошондой эле максаттуу финансылык санкцияларды колдонуу боюнча талаптарды аткаруу үчүн жөнөтүүчү, транзиттик жана алуучу финансылык мекемелердин.
Ушул пунктта көрсөтүлгөн субъекттердин суроо-талаптары боюнча электрондук акча которууну жөнөтүүчү жана алуучу тууралуу маалымат суроо-талап алынгандан кийин үч жумуш күндүн ичинде, анын ичинде электрондук форматта берилет.
75. Эгерде акчаны жана баалуулуктарды которуу кызматтарын көрсөтүүчү, электрондук акча которууну жөнөтүүчү жана (же) алуучу тарапты контролдоочу операторлор шектүү электрондук акча которууну аныктаса, анда ушул операторлор шектүү электрондук акча которуу менен байланышкан кайсы болбосун өлкөнүн финансылык чалгындоо органына беш сааттын ичинде шектүү операция тууралуу билдирүүнү жана электрондук акча которуу жөнүндө тиешелүү маалыматты жиберүүгө милдеттүү.
Акчаны жана баалуулуктарды которуу боюнча кызматтарды көрсөтүүчү операторлордун ишин жөнгө салуу тартиби Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө мыйзамдарына ылайык аныкталат.
76. Бул Жобонун 66-75-пункттарында каралган ченемдер төмөнкү операцияларга колдонулбайт:
1) эгерде кредиттик, дебеттик же алдын ала төлөө картасынын номери ушул операция менен байланышкан бардык которууларды коштосо, кредиттик, дебеттик же товарларды сатып алуу же кызмат көрсөтүүлөргө төлөө үчүн алдын ала төлөө картасын пайдалануу менен жүзөгө ашырылган каалагандай электрондук акча которуулар. Кредиттик, дебеттик же алдын ала төлөө карталары жеке жактардын ортосундагы электрондук акча которууларды жүзөгө ашыруу үчүн төлөм системасы катары пайдаланылган учурда, бул операция электрондук акча которуу болуп саналат;
2) эгерде жөнөтүүчү жана алуучу өзүнүн атынан иш жүргүзгөн финансылык мекемелер болсо, финансылык мекемелердин өздөрүнүн арасындагы которуулар жана эсептешүүлөр.
|
| Кардарга талаптагыдай текшерүү жүргүзүү тартиби жөнүндө жобого 1-тиркеме |
Кардар - жеке жактын анкетасынын ТИПТҮҮ ФОРМАСЫ
Анкетанын түрү (керектүүсүнүн асты сызылат) | ||
Баштапкы анкета | Жаңыланган анкета | |
| ||
№ | Анкетанын тилкелеринин аталышы | Кардар жөнүндө маалыматтар |
1-глава. Идентификациялык маалыматтар | ||
1 | Кардардын статусу (керектүүсүнүн асты сызылат) | 1) резидент; 2) резидент эмес |
2 | Фамилиясы |
|
3 | Аты |
|
4 | Атасынын аты (бар болсо) |
|
5 | Туулган датасы |
|
6 | Туулган жери (документте бар болсо) |
|
7 | Улуту (документте бар болсо) |
|
8 | Жынысы |
|
9 | Жарандыгы |
|
10 | Үй-бүлөлүк абалы (кардардын сөзүнөн же документте бар болсо) |
|
11 | Ким экендигин күбөлөндүрүүчү документтин реквизиттери: |
|
1) Документтин аталышы |
| |
2) Документтин сериясы жана номери |
| |
3) Документтин берилген датасы |
| |
4) Документтин колдонуу мөөнөтү аяктаган датасы |
| |
5) Документти берген органдын аталышы |
| |
6) Бөлүмдүн коду (эгер бар болсо) |
| |
12 | Жеке идентификациялык номери |
|
13 | Катталган жеринин дареги (документте бар болсо) | Бул тилкеде төмөнкүлөр көрсөтүлөт: өлкө, облус, шаар, район, калктуу конуш, көчө, үй, корпус, батир |
14 | Иш жүзүндөгү жашаган же жүргөн жеринин дареги (кардардын сөзүнөн) | Бул тилкеде төмөнкүлөр көрсөтүлөт: өлкө, облус, шаар, район, калктуу конуш, көчө, үй, корпус, батир |
15 | Кардардын байланыш маалыматтары: |
|
1) Телефондорунун номерлери (үй, кызматтык жана мобилдик) |
| |
2) Факстын номери (бар болсо) |
| |
3) Электрондук почтасынын дареги (бар болсо) |
| |
Чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн гана толтурулат | ||
16 | Чет өлкөлүк жарандын же жарандыгы жок адамдын Кыргыз Республикасында жүрүү (жашоо) укугун ырастоочу документтин реквизиттери: |
|
1) Документтин аталышы (керектүүсүнүн асты сызылат) | 1) жашап турууга уруксат; 2) убактылуу жашап турууга уруксат; 3) виза | |
2) Документтин сериясы (эгер бар болсо) жана номери |
| |
3) Жүрүү (жашоо) укугунун колдонуу мөөнөтү башталган датасы |
| |
4) Жүрүү (жашоо) укугунун колдонуу мөөнөтү аяктаган датасы |
| |
2-глава. Кардардын иштиктүү профили жөнүндө маалыматтар | ||
17 | Кардардын максаты жана иштиктүү мамилелердин болжолдуу мүнөзү |
|
18 | Кардар коомдук кызмат адамы (ККА) болуп саналабы (керектүүсүнүн асты сызылат) | 1) ооба; 2) жок. Эгер ККА болсо, ККА анкетасы толтурулат |
19 | Кардардын бенефициардык ээси бар экендиги жөнүндө маалымат (керектүүсүнүн асты сызылат) | 1) бар; 2) жок. Эгер бар болсо, бенефициардык ээсинин анкетасы толтурулат |
20 | Кардардын акча каражаттарын же мүлктү тескөө боюнча ыйгарым укуктарын күбөлөндүргөн документтери жөнүндө маалымат (кол тамгалардын үлгүлөрүнүн карточкасына ылайык) |
|
Жеке ишкер үчүн гана толтурулат | ||
21 | Жеке ишкер катары катталгандыгы жөнүндө маалыматтар: |
|
1) Катталган датасы |
| |
2) Мамлекеттик каттоо номери |
| |
3) Каттаган органдын аталышы |
| |
4) Катталган жери |
| |
22 | Патент же лицензия жөнүндө маалыматтар: |
|
1) Патенттин же лицензиянын түрү |
| |
2) Патенттин же лицензиянын номери |
| |
3) Патенттин же лицензиянын берилген датасы |
| |
4) Патент же лицензия ким тарабынан берилген |
| |
5) Патенттин же лицензиянын колдонуу мөөнөтү |
| |
6) Уруксат берилген же лицензияланган иштин түрлөрүнүн тизмеги |
| |
3-глава. Кардарды верификациялоо, текшерүү жана тобокелдиктин деңгээли жөнүндө маалыматтар (финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар тарабынан толтурулат) | ||
23 | Кардарга верификация жүргүзүлгөндүгү жана верификациянын натыйжалары жөнүндө маалыматтар (керектүүсүнүн асты сызылат) | 1) жүргүзүлдү; 2) жүргүзүлгөн жок; 3) башка эскертүү; 4) жүргүзүлгөн датасы: |
24 | Кардарды санкциялык тизмектерде текшерүү жөнүндө жана текшерүүнүн натыйжалары жөнүндө маалыматтар (керектүүсүнүн асты сызылат) | 1) санкциялык тизмекте жок; 2) санкциялык тизмекте бар; 3) текшерилген датасы жана убактысы |
25 | Кардарды кылмыштуу ишти жасагандыгы, ошондой эле ушул ишти каржылагандыгы үчүн жаза өтөгөн жеке жактардын тизмегинде текшерүү жөнүндө жана текшерүүнүн натыйжалары жөнүндө маалыматтар (керектүүсүнүн асты сызылат) | 1) санкциялык тизмекте жок; 2) санкциялык тизмекте бар; 3) текшерилген датасы жана убактысы |
26 | Тобокелдиктин даражасы (деңгээли) (керектүүсүнүн асты сызылат) | 1) жогорку тобокелдик; 2) төмөнкү тобокелдик |
27 | Тобокелдиктин даражасын (деңгээлин) баалоонун негиздемеси (жогорку тобокелдик критерийлери боюнча) |
|
28 | Анкетада баяндалган маалыматтардын толтурулган же акыркы жаңыланган датасы (кардардын анкетасында маанилүү өзгөртүүлөр жана толуктоолор болбогон учурда жаңы анкета толтурулбайт) |
|
29 | Анкетада баяндалган маалыматтардын кезектеги жаңыланган датасы (тобокелдикти баалоонун натыйжасынын негизинде) |
|
30 | Ушул анкетада көрсөтүлгөн маалыматтар маалыматар базасына киргизилген дата жана финансылык мекеменин жана финансылык эмес категориядагы жактын жооптуу кызматчысынын аты-жөнү | датасы: аты-жөнү |
Мен, ________________________________________________________________________,
(анкетаны толтурган кызматкердин аты-жөнү)
ушул анкетада көрсөтүлгөн маалыматтардын аныктыгын ырастайм.
"Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына ылайык Кыргыз Республикасынын кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын талаптарын аткаруу максатында жеке маалыматтарды иштеп чыгууга макулдук алынды.
_______________________________________ | ____________________________________ | 20___-ж. "____" ___________________ |
(аты-жөнү) | (колу) | (датасы) |
|
|
|
| М.О. (бар болсо) |
|
|
| Кардарга талаптагыдай текшерүү жүргүзүү тартиби жөнүндө жобого 2-тиркеме |
Кардар - юридикалык жактын анкетасынын ТИПТҮҮ ФОРМАСЫ

2 | Толук аталышы |
|
3 | Кыскартылган аталышы (эгер бар болсо) |
|
4 | Чет тилдеги аталышы (эгер бар болсо) |
|
5 | Уюштуруу-укуктук формасы |
|
6 | Салык төлөөчүнүн идентификациялык номери (резидент үчүн) |
|
7 | Салык төлөөчүнүн идентификациялык номери же резидент эмес үчүн чет өлкөлүк уюмдун коду (эгер бар болсо) |
|
8 | Мамлекеттик каттоо жөнүндө маалыматтар: |
|
1) Датасы |
| |
2) Номери |
| |
3) Каттоочу органдын аталышы |
| |
4) Катталган жери (юридикалык дареги) | Бул тилкеде төмөнкүлөр көрсөтүлөт: өлкө, облус, шаар, район, калктуу конуш, көчө, үй, корпус, батир | |
9 | Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун каттоо номери (резидент үчүн) |
|
10 | ИУЖК коду (резидент үчүн) |
|
11 | Иштин түрү (мүнөзү) |
|
12 | Менчиктин түрү |
|
13 | Банктык идентификациялык код (коммерциялык банктар-резиденттер үчүн) |
|
14 | Кардардын байланыш маалыматтары: |
|
1) Телефондорунун номерлери (кызматтык жана мобилдик) |

4) Иш жүзүндө турган жеринин дареги жана почта дареги (иш жүзүндө турган жери юридикалык дарегинен айырмаланган учурда толтурулат) | Бул тилкеде төмөнкүлөр көрсөтүлөт: өлкө, облус, шаар, район, калктуу конуш, көчө, үй, корпус, батир | |
2-глава. Кардар - юридикалык жактын уставдык документтерине тиешелүү маалыматтар | ||
15 | Юридикалык жактын органдары жөнүндө маалыматтар (юридикалык жактын башкаруу органдарынын түзүмү жана персоналдык курамы): |
|
1) Органдын аталышы |
| |
2) Башкаруу органынын мүчөлөрүнүн аты-жөнү |
| |
3) Кол коюуга укугу бар кызмат адамдары (ишенимдүү жактар) |
| |
16 | Акча каражаттарын же мүлктү тескөө боюнча ыйгарым укуктарын ырастаган документтер жөнүндө маалыматтар (кол тамгалардын үлгүлөрүнүн карточкасына ылайык) |
|
17 | Катталган жана төлөнгөн уставдык (сакталган) капиталдын көлөмү же уставдык фонддун, мүлктүн көлөмү жөнүндө маалыматтар |
|
18 | Юридикалык жактын, анын туруктуу иштеген башкаруу органынын, башка органынын же Кыргыз Республикасынын аймагында ишеним катсыз юридикалык жактын атынан иш алып барууга укугу бар жактын жайгашкан орду боюнча бардыгы же жоктугу жөнүндө маалыматтар |
|
19 | Юридикалык жактын филиалдары жана өкүлчүлүктөрү жөнүндө маалыматтар (эгер бар болсо) |
|
20 | Юридикалык жактын бенефициардык ээси жөнүндө маалыматтар (керектүүсүнүн асты сызылат) | 1) резидент; 2) резидент эмес. Бенефициардык ээсинин анкетасы толтурулат |
21 | Кардар - юридикалык жактын менчигинин (башкаруусунун) түзүмүндө коомдук кызмат адамынын (ККА) бардыгы жөнүндө маалыматтар (керектүүсүнүн асты сызылат) | 1) бар; 2) жок. ККА болсо, ККА анкетасы толтурулат |
3-глава. Кардардын иштиктүү профили жөнүндө маалыматтар | ||
22 | Лицензиялана турган ишти жүзөгө ашыруу укугуна лицензия жөнүндө маалыматтар (бар болсо): |
|
1) Лицензиянын түрү |
| |
2) Лицензиянын номери |
| |
3) Лицензиянын берилген датасы |
| |
4) Лицензия ким тарабынан берилген |
| |
5) Лицензиянын колдонуу мөөнөтү |
| |
6) Лицензиялануучу иштин түрлөрүнүн тизмеги |
| |
23 | Иштин негизги түрлөрү, анын ичинде өндүрүлүүчү товарлар, аткарылуучу иштер, көрсөтүлүүчү кызматтар |
|
24 | Кардардын максаты жана иштиктүү мамилелердин болжолдуу мүнөзү |
|
4-глава. Кардарды верификациялоо, текшерүү жана тобокелдиктин деңгээли жөнүндө маалыматтар (финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар тарабынан толтурулат) | ||
25 | Кардарга верификация жүргүзүлгөндүгү жана верификациянын натыйжалары жөнүндө маалыматтар (керектүүсүнүн асты сызылат) | 1) жүргүзүлдү; 2) жүргүзүлгөн жок; 3) башка эскертүү; 4) жүргүзүлгөн датасы: |
26 | Кардарды санкциялык тизмектерде текшерүү жана текшерүүнүн натыйжалары жөнүндө маалыматтар (керектүүсүнүн асты сызылат) | 1) санкциялык тизмекте жок; 2) санкциялык тизмекте бар; 3) текшерилген датасы жана убактысы: |
27 | Тобокелдиктин даражасы (деңгээли) (керектүүсүнүн асты сызылат) | 1) жогорку тобокелдик; 2) төмөнкү тобокелдик |
28 | Тобокелдиктин даражасын (деңгээлин) баалоонун негиздемеси (жогорку тобокелдик критерийлери боюнча) |
|
29 | Анкетада баяндалган маалыматтардын толтурулган же акыркы жолу жаңыланган датасы (кардардын анкетасында маанилүү өзгөртүүлөр жана толуктоолор болбогон учурда жаңы анкета толтурулбайт) |
|
30 | Анкетада баяндалган маалыматтардын кезектеги жаңыланган датасы (кардардын тобокелдигин баалоонун негизинде) |
|
31 | Ушул анкетада көрсөтүлгөн маалыматтар маалыматтар базасына киргизилген дата жана финансылык мекеменин жана финансылык эмес категориядагы жактын жооптуу кызматчысынын аты-жөнү | датасы: аты-жөнү |
Мен, _____________________________________________________________________,

| Кардарга талаптагыдай текшерүү жүргүзүү тартиби жөнүндө жобого 3-тиркеме |
Бенефициардык ээсинин анкетасынын ТИПТҮҮ ФОРМАСЫ

| Баштапкы анкета | Жаңыланган анкета |
| ||
№ | Анкетанын тилкелеринин аталышы | Маалыматтар |
1-глава. Жалпы маалыматтар | ||
1 | Бенефициардык ээсинин тиби (керектүүсүнүн асты сызылат) | 1) кардар - юридикалык жактын бенефициардык ээси; 2) кардар - жеке жактын бенефициардык ээси |
2 | Бенефициардык ээсинин кызыкчылыгында аракеттенген кардардын аталышы | Бул тилкеде кардар - юридикалык жактын толук аталышы жана ИСН (ЧУК) же кардар - жеке жактын аты-жөнү жана ИСН көрсөтүлөт |
3 | Кардардын | анкетасынын номери жана датасы (бар болсо) |
4 | Жеке жакты бенефициардык ээси катары таануу үчүн критерийлер (керектүүсүнүн асты сызылат) | Юридикалык жактын 25 жана андан ашык пайызына ээлик кылуу аркылуу контролдоо: 1) жеке жак натыйжада түз же кыйыр (үчүнчү жактар аркылуу) кардар - юридикалык жактын үстүнөн ээлик кылат же контроль жүргүзөт же болбосо кардар - юридикалык жактын капиталына же активдерине ээлик кылуунун (башкаруунун) артыкчылыктарын пайдаланат (кардар - юридикалык жактын уставдык капиталында көбүрөөк катышка ээ (25 жана андан ашык %ына ээ) же добуш берүү укугу менен кардар - юридикалык жактын акцияларынын жалпы санынын 25 жана андан ашык %ына ээлик кылат). (Эгерде ээлик кылуу кыйыр (үчүнчү жактар аркылуу) болсо, өз ара байланышты көрсөтүү зарыл) |
Башка каражаттардын жардамы менен контролдоо: 1) кардар менен түзүлгөн келишимдин негизинде кардар тарабынан акча каражаттары же мүлк менен операцияларды (бүтүмдөрдү) жасоого түз же кыйыр таасир этүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон жеке жак (бул учурда келишимдин номерин жана датасын, колдонуу мөөнөтүн, келишимдин предметин, башка маанилүү шарттарын көрсөтүңүз) | ||
2) юридикалык жакта добуш берүү укуктарынын көпчүлүгүн контролдоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон жеке жак (бул учурда ушул контроль кантип жана кайсы жактар аркылуу жүзөгө ашырыларын көрсөтүңүз) | ||
3) юридикалык жактын башкарма мүчөлөрүнүн же ушундай кызмат адамдарынын жарымынан көбүн дайындоо же бошотуу мүмкүнчүлүгүнө/укугуна ээ болгон жеке жак (бул учурда мындай контроль кантип, кайсы адамдар жана кайсы инструменттер аркылуу жүзөгө ашырыларын көрсөтүңүз) | ||
4) юридикалык жактын менчик үлүшүнө байланышкан тиешелүү вето укугуна же чечимдерди кабыл алуу укугуна ээ болгон жеке жак (бул учурда мындай контроль кантип, кайсы жактар жана кайсы инструменттер аркылуу жүзөгө ашырыларын көрсөтүңүз) | ||
5) юридикалык жактын пайдасын бөлүштүрүү же юридикалык жактын активдерин которуу жөнүндө чечимдерди кабыл алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон жеке жак (бул учурда мындай контроль кантип, кайсы жактар жана кайсы инструменттер аркылуу жүзөгө ашырыларын көрсөтүңүз) | ||
6) юридикалык жактын конкреттүү мүнөздөмөлөрүнө, ошондой эле добуш берүүнүн тартибине жараша, ээлик кылуучулар, мүчөлөр же юридикалык жактар менен түзүлгөн расмий же расмий эмес макулдашуулар, уставдын жоболору, өнөктөштүк келишимдер, синдикация жөнүндө макулдашуулар же эквиваленттүү документтер же болбосо макулдашуулар аркылуу контроль жүргүзүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон жеке жак (бул учурда контроль кайсы келишимдер жана макулдашуулар аркылуу, кайсы жактар менен кандай шарттарда жүзөгө ашырыларын көрсөтүңүз) | ||
7) туугандык же үй-бүлөлүк мамилелер аркылуу контроль жүргүзгөн жеке жак (бул учурда контроль кайсы тууган адамдар аркылуу жана кандай шарттарда жүзөгө ашырыларын көрсөтүңүз) | ||
8) формалдуу же формалдуу эмес келишимге келүүнү колдонуу аркылуу контроль жүргүзгөн жеке жак (бул учурда контроль кайсы жактар аркылуу жана кандай шарттарда жүзөгө ашырыларын көрсөтүңүз) | ||
Трасттын бенефициарлары: 9) жеке жак натыйжада юридикалык түзүлүшкө түздөн-түз контроль жүргүзгөн адамдарды кошо алганда, юридикалык түзүлүшкө ээлик кылат же контроль жүргүзөт | ||
10) жеке жак трасттын же башка юридикалык түзүлүштүн ишеним көрсөтүүчүсүнүн (мүлктү трастка өткөрүп берген адам) атынан чыгат | ||
11) жеке жак трасттын же башка юридикалык түзүлүштүн ишеним көрсөтүүчү менчик ээсинин (башкаруучусунун) атынан чыгат | ||
12) жеке жак трасттын же башка юридикалык түзүлүштүн камкорчусунун атынан чыгат | ||
13) жеке жак трасттын же башка юридикалык түзүлүштүн бенефициарынын атынан чыгат | ||
Башка ыкмалар: 14) жеке жак кардардын иш-аракеттерине башка ыкма менен контролдоо мүмкүнчүлүгүнө ээ (бул учурда бенефициардык ээси кардардын иш-аракеттерине контролдоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон себебин көрсөтүңүз (кардардын түшүндүрмөсү) | ||
Ээлеген позициясы аркылуу көзөмөл: 15) юридикалык жактын түзүмүндө ээлеген позициясынын эсебинен кардар - юридикалык жакты башкара алган жеке жак (стратегиялык чечимдерди кабыл алууга жооптуу, аткаруучулук контролду жүзөгө ашырат, финансылык маселелер боюнча чечим кабыл алат) | ||
16) башка факторлор (кардардын каалоосу боюнча кайсылар экенин көрсөтүңүз) | ||
5 | Бенефициардык ээси - жеке жак катышуучусу (акционери) болуп саналган юридикалык жактын уставдык капиталындагы үлүш (%да) |
|
6 | Бенефициардык ээсинин таасир этүү тиби (кардар - жеке жак үчүн) (керектүүсүнүн асты сызылат) | 1) ата-эне; 2) багып алуучу; 3) камкорчу; 4) көзөмөлчү; 5) башка |
7 | Финансылык мекеменин жана финансылык эмес категориядагы жактардын жеке жакты кардардын бенефициардык ээси катары таануу чечими жана кабыл алынган чечимдин негиздемеси (керектүүсүнүн асты сызылат) | 1) ушул анкетада көрсөтүлгөн жеке жак кардардын бенефициардык ээси болуп саналат; 2) кардардын бенефициардык ээси төмөнкү себептер боюнча аныкталган жок: а) кардардын чынында эле бенефициардык ээси жок; б) кардарда анын бенефициардык ээси жөнүндө маалымат жок; в) кардар өзүнүн бенефициардык ээси жөнүндө маалымат берүүдөн баш тартат; г) жалпыга жеткиликтүү маалымат булактарында кардардын бенефициардык ээси жөнүндө маалымат жок |
2-глава. Идентификациялык маалыматтар | ||
8 | Бенефициардык ээсинин статусу (керектүүсүнүн асты сызылат) | 1) резидент; 2) резидент эмес |
9 | Фамилиясы |
|
10 | Аты |
|
11 | Атасынын аты (бар болсо) |
|
12 | Туулган датасы |
|
13 | Туулган жери (документте бар болсо) |
|
14 | Улуту (документте бар болсо) |
|
15 | Жынысы |
|
16 | Жарандыгы |
|
17 | Үй-бүлөлүк абалы (кардардын сөзүнөн же документте бар болсо) |
|
18 | Ким экендигин күбөлөндүрүүчү документтин реквизиттери: | |

19 | Жеке идентификациялык номери |
|
20 | Катталган жеринин дареги (документте бар болсо) | Бул тилкеде төмөнкүлөр көрсөтүлөт: өлкө, облус, шаар, район, калктуу конуш, көчө, үй, корпус, батир |
21 | Иш жүзүндөгү жашаган же жүргөн жеринин дареги (кардардын сөзүнөн) | Бул тилкеде төмөнкүлөр көрсөтүлөт: өлкө, облус, шаар, район, калктуу конуш, көчө, үй, корпус, батир |
22 | Бенефициардык ээсинин байланыш маалыматтары: |

Чет өлкөлүк жаран же жарандыгы жок адам болуп саналган бенефициардык ээси үчүн гана толтурулат | ||
23 | Чет өлкөлүк жарандын же жарандыгы жок адамдын Кыргыз Республикасында жүрүү (жашоо) укугун ырастоочу документтин реквизиттери: | |
1) Документтин аталышы | 1) жашап турууга уруксат; 2) убактылуу жашап турууга уруксат; 3) виза | |

24 | Бенефициардык ээси коомдук кызмат адамы (ККА) болуп саналабы (керектүүсүнүн асты сызылат) | 1) ооба; 2) жок. Эгер ККА болсо, ККА анкетасы толтурулат |
3-глава. Бенефициардык ээсин верификациялоо жана текшерүү жөнүндө маалыматтар (финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар тарабынан толтурулат) | ||
25 | Бенефициардык ээсине верификация жүргүзүлгөндүгү жөнүндө маалымат (керектүүсүнүн асты сызылат) | 1) жүргүзүлдү; 2) жүргүзүлгөн жок; 3) башка эскертүү |
26 | Бенефициардык ээсин санкциялык тизмектерде текшерүү жана текшерүүнүн натыйжалары жөнүндө маалымат (керектүүсүнүн асты сызылат) | 1) санкциялык тизмектерде жок; 2) санкциялык тизмектерде бар; 3) текшерилген датасы жана убактысы: |
27 | Бенефициардык ээсинин кылмыштуу ишти жасагандыгы, ошондой эле ушул ишти каржылагандыгы үчүн жаза өтөгөн жеке жактардын тизмегинде текшерүү жөнүндө жана текшерүүнүн натыйжалары жөнүндө маалымат (керектүүсүнүн асты сызылат) | 1) санкциялык тизмекте жок; 2) санкциялык тизмекте бар; 3) текшерилген датасы жана убактысы: |
28 | Анкетада баяндалган маалыматтардын толтурулган же акыркы жолу жаңыланган датасы (кардардын анкетасында маанилүү өзгөртүүлөр жана толуктоолор болбогон учурда жаңы анкета толтурулбайт) |
|
29 | Анкетада баяндалган маалыматтардын кезектеги жаңыланган датасы (кардардын тобокелдигин баалоонун натыйжасынын негизинде) |
|
30 | Ушул анкетада көрсөтүлгөн маалыматтар маалыматтар базасына киргизилген дата жана финансылык мекеменин жана финансылык эмес категориядагы жактын жооптуу кызматчысынын аты-жөнү | датасы: аты-жөнү |

| Кардарга талаптагыдай текшерүү жүргүзүү тартиби жөнүндө жобого 4-тиркеме |
Коомдук кызмат адамынын анкетасынын ТИПТҮҮ ФОРМАСЫ

1 | Статусу (керектүүсүнүн асты сызылат) | 1) резидент; 2) резидент эмес |

11 | Ким экендигин күбөлөндүрүүчү документтин реквизиттери: | |

13 | Банк эсебинин номери (бар болсо) |
|
14 | Катталган жеринин дареги (документте бар болсо) | Бул тилкеде төмөнкүлөр көрсөтүлөт: өлкө, облус, шаар, район, калктуу конуш, көчө, үй, корпус, батир |
15 | Иш жүзүндөгү жашаган же жүргөн жеринин дареги (кардардын сөзүнөн же документте бар болсо) | Бул тилкеде төмөнкүлөр көрсөтүлөт: өлкө, облус, шаар, район, калктуу конуш, көчө, үй, корпус, батир |
2-глава. Коомдук кызмат адамынын иштиктүү профили жөнүндө маалыматтар | ||
16 | 1) Ээлеген кызмат орду жөнүндө маалыматтар |
|
2) Кызмат ордуна дайындалган датасы |
| |
3) Кызмат ордунан бошотулган датасы |
| |
17 | Коомдук кызмат адамынын акча каражаттарынын жана мүлкүнүн келип чыгуу булагы жөнүндө маалыматтар |
|
18 | Коомдук кызмат адамын тейлөөгө кабыл алуу боюнча жазуу жүзүндөгү уруксат жөнүндө маалыматтар |
|
3-глава. Коомдук кызмат адамынын үй-бүлө мүчөлөрү жөнүндө идентификациялык маалыматтар | ||
19 | Туугандык даражасы (керектүүсүнүн асты сызылат) | 1) жубайы; 2) балдары, анын ичинде асырап алынгандары (андан ары ар бир үй-бүлө мүчөсүнө толтурулат) |
20 | Фамилиясы |
|
21 | Аты |
|
22 | Атасынын аты (бар болсо) |
|
23 | Жынысы |
|
24 | Туулган датасы |
|
25 | Жеке номери |
|
26 | Жарандыгы |
|
4-глава. Коомдук кызмат адамынын жакын адамдары жөнүндө идентификациялык маалыматтар | ||
27 | Байланыш даражасы (керектүүсүнүн асты сызылат) | 1) жакын туугандары; 2) коомдук кызмат адамы менен биргелешкен менчиги бар иш өнөктөштөрү; |
3) коомдук кызмат адамынын расмий өкүлдөрү болуп саналган жактар (андан ары ар бир жакын адамына толтурулат) | ||
28 | Фамилиясы |
|
29 | Аты |
|
30 | Атасынын аты (бар болсо) |
|
31 | Жынысы |
|
32 | Туулган датасы |
|
33 | Жеке номери |
|
34 | Жарандыгы |

| Кардарга талаптагыдай текшерүү жүргүзүү тартиби жөнүндө жобого 5-тиркеме |
Алыстан (аралыктан) ыкма менен иштиктүү мамилелерди түзүүчү жана операцияларды (бүтүмдөрдү) жүзөгө ашыруучу кардарды идентификациялоо жана верификациялоо ТАРТИБИ
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул Тартип алыстан (аралыктан) ыкма менен иштиктүү мамилелерди түзүүчү жана операцияларды (бүтүмдөрдү) жүзөгө ашыруучу кардарды - жеке адамды идентификациялоо жана верификациялоо үчүн (мындан ары - кардарды санариптик идентификациялоо жана верификациялоо) талаптарды жана шарттарды белгилейт.
2. Кардарды санариптик идентификациялоону жана верификациялоону төмөнкү финансылык мекемелер (мындан ары -финансылык мекемелер) колдоно алат:
1) коммерциялык банктар;
2) микрофинансылык уюмдар (микрокредиттик агенттиктер, микрокредиттик компаниялар, микрофинансылык компаниялар, адистештирилген финансылык-кредиттик мекемелер);
3) төлөм уюмдары;
4) электрондук акчаны колдонуу менен эсептешүү системасынын операторлору жана электрондук акчанын эмитенттери жана агенттери (дистрибьюторлору);
5) виртуалдык активдер кызматтарын көрсөтүүчүлөр;
6) баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучулары.
3. Кардарды санариптик идентификациялоо жана верификациялоо финансылык мекеме тарабынан төмөнкү финансылык кызматтарды көрсөтүүдө колдонулушу мүмкүн:
1) банктык эсепти, ошондой эле банктык картаны ачуу жана башкаруу;
2) үчүнчү жактардын пайдасына товарлар үчүн төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү кабыл алуу;
3) электрондук капчыктарды ачуу жана электрондук акча менен операциялар;
4) онлайн-кредит алуу;
5) виртуалдык активдин капчыктарын ачуу жана башкаруу;
6) виртуалдык активдер менен операцияларды жүргүзүү;
7) баалуу кагаздар менен операцияларды жүргүзүү.
4. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы өзүнүн компетенциясынын чегинде кардарды санариптик идентификациялоону жана верификациялоону жүргүзүүдө кошумча талаптарды белгилей алат.
5. Кардарды санариптик идентификациялоону жана верификациялоону жүргүзүүнүн жүрүшүндө кардардын идентификациялык маалыматтары белгиленет жана маалыматтык системаларды пайдалануу менен алыстан (аралыктан) ыкма менен кардардын идентификациялык маалыматтары текшерилет.
6. Кардарды санариптик идентификациялоо жана верификациялоо Кыргыз Республикасынын жарандарына жана Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу же убактылуу жашаган чет өлкөлүк жарандарга кардар менен иштиктүү мамилелерди түзүүдө колдонулат.
7. Мында кардар менен иштиктүү мамилелерди түзүүнүн башталышы операцияларды (бүтүмдөрдү) жүргүзүү үчүн ага кирүү мүмкүнчүлүгүн алуу максатында финансылык кызматтарды көрсөтүүгө багытталган электрондук аянтчага же маалыматтык системага (программалык камсыздоо) (мындан ары - финансылык мекеменин платформасы) кардардын өзүнүн жеке маалыматтарын киргизүүсүнүн (каттоосунун) башталышы болуп саналат жана иштиктүү мамилелер электрондук колтамганы колдонуу менен финансылык кызматтарды көрсөтүү жөнүндө ачык келишимге (ачык оферта) кол коюлган учурдан тартып түзүлдү деп эсептелет.
8. Кардарды санариптик идентификациялоо жана верификациялоо төмөнкү учурларда жүргүзүлбөйт жана аягына чыгарылбайт:
1) кардар тарабынан берилген маалыматтын аныктыгына кандай болбосун шектенүүлөр келип чыкса;
2) кардар 16 жашка чыга элек болсо;
3) кардар - Кыргыз Республикасынын жаранынын мобилдик телефон номериндеги өлкөнүн эл аралык коду улуттук кодго ылайык келбесе, ошондой эле анын IP-дареги Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жайгашкан болсо;
4) кардар - чет мамлекеттин жараны каттоо үчүн анын жарандыгы болгон өлкөнүн эл аралык телефон кодуна ылайык келбеген мобилдик телефон номерин көрсөтсө же IP-дареги башка өлкөдө жайгашкан болсо;
5) паспорттогу фотосүрөт менен тартылган фотосүрөттүн жана (же) видео жазуунун жана мамлекеттик электрондук сервистерге жайгаштырылган фотосүрөттүн шайкеш келүүсүнө шектенүүлөр болсо;
6) кардардан алынган маалыматтар мамлекеттик электрондук сервистерде жайгаштырылган маалыматтарга шайкеш келбесе же аларды текшерүү мүмкүн болбосо;
7) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын көзөмөлүндөгү уюмдар тарабынан кардарды идентификациялоо жана верификациялоо учурунда алынган фотосүрөт жана (же) видео жазуу ушул Тартиптин талаптарына жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын талаптарына шайкеш келбесе;
8) кардардын жүрүм-туруму шектүү болсо, анын ичинде платформада кардар берген видео жазууда ал үчүнчү жактардын көрсөтмөсү боюнча аракеттенип жаткандыгынын, алкоголдук же баңгизаттык мас абалында болгондугунун белгилери, шектүү жүрүм-турумдун башка белгилери болсо;
9) кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого), кылмыштуу ишти каржылоого шектенүүлөр болсо;
10) эгерде кардар жана (же) кардар жүзөгө ашыруучу операция жогорку деңгээлдеги тобокелдик категориясына тиешелүү болсо;
11) кардардын идентификациялык маалыматтары Кыргыз Республикасынын санкциялык тизмегине, Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин санкциялык тизмегине (мындан ары - санкциялык тизмектер) киргизилген жактын маалыматтары менен жарым-жартылай же толук дал келген учурда. Бул учурда финансылык мекеме финансылык мекеменин платформасына кирүү мүмкүнчүлүгүн блоктойт, тез арада билдирүүнү түзөт жана Кыргыз Республикасынын финансылык чалгындоо органына жөнөтөт;
12) зарыл болгон документтер берилбесе;
13) кардар берген маалыматты текшерүү мүмкүн болбосо же текшерүүнүн натыйжалары терс болсо;
14) кардар кызмат көрсөтүүнү пайдалануу шарттарына өз макулдугун ырастоодон, жеке маалыматтарды берүүдөн жана башка шарттардан баш тартса.
2-глава. Кардар - Кыргыз Республикасынын жаранын санариптик идентификациялоо жана верификациялоо
9. Кардар - Кыргыз Республикасынын жаранын санариптик идентификациялоо жана верификациялоо Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспортторунун мамлекеттик реестринен, "Паспорт", "Жүзүнөн таануу система үчүн чакан системалар" автоматташтырылган маалыматтык системасынан веб-сервистер аркылуу кармоочунун электрондук сервистери (мындан ары -мамлекеттик электрондук сервистер) аркылуу актуалдуу маалыматтарды пайдалануу жолу менен жүргүзүлөт.
10. Финансылык мекеме Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 12-июнундагы № 329 "Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспортторунун мамлекеттик реестринен алынган маалыматты берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспортторунун мамлекеттик реестринен алынган маалыматты берүү тартиби жөнүндө жобого ылайык жана Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлиги тарабынан аныкталган тартипте мамлекеттик электрондук сервистерге кирүү мүмкүнчүлүгүн алат.
11. Финансылык мекеменин платформасын жана мамлекеттик электрондук сервистерди пайдалануу менен кардар - Кыргыз Республикасынын жаранын санариптик идентификациялоо жана верификациялоо төмөнкүдөй тартипте жүргүзүлөт:
1) финансылык мекеменин платформасы аркылуу кардардан (реалдуу убакыт режиминде) төмөнкүлөрдү алуу:
- жарандын идентификациялык жеке номерин (мындан ары - ИЖН);
- паспорттун сериясын жана номерин;
- кардардын фотосүрөтүн же кардардын сүрөтү менен видео жазууну;
- паспорттун фотосүрөтүн;
- мобилдик телефон номерин;
- электрондук почта дарегин;
2) жеке маалыматтардын субъектинин анын жеке маалыматтарын белгиленген тартипте жана формада иштеп чыгууга макулдугун алуу;
3) финансылык мекеменин платформасына ИЖНди жана паспорттун номерин киргизүү;
4) финансылык мекеменин платформасында белги коюу аркылуу жеке маалыматтардын субъектинен анын жеке маалыматтарын берүүгө жазуу жүзүндөгү макулдугун алууну ырастоо;
5) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 12-июнундагы № 329 "Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспортторунун мамлекеттик реестринен алынган маалыматты берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспортторунун мамлекеттик реестринен алынган маалыматты берүү тартиби жөнүндө жобого ылайык мамлекеттик электрондук сервистерге электрондук суроо-талапты жиберүү жана кардардын жеке маалыматтарын алуу;
6) паспорттогу фотосүрөттү кардардан реалдуу убакыт режиминде алынган кардардын фотосүрөтү жана (же) видео жазуусу, ошондой эле мамлекеттик электрондук сервистер аркылуу алынган фотосүрөт менен автоматтык түрдө (адам факторунун катышуусуз) салыштыруу;
7) бул номер жана электрондук почта дареги так ушул кардар тарабынан колдонуларын аныктоого мүмкүндүк берген методдун (мобилдик телефонго чалуу, 8М8-билдирүүлөрдү жана электрондук катты жөнөтүү) жардамы аркылуу кардар менен байланышуу үчүн колдонулган мобилдик телефон номерин жана электрондук почтаны текшерүү;
8) кардардын алынган идентификациялык маалыматтарын (фамилиясы, аты, атасынын аты, туулган датасы) санкциялык тизмектер менен автоматтык түрдө (адам факторунун катышуусуз) салыштырып текшерүү.
12. Финансылык мекеменин жооптуу кызматкери кардар менен видеоконференц байланыш сеансын өткөрөт жана алынган маалыматтардын жана документтердин кайрылган кардарга таандык экендигин текшерет.
13. Кардар тарабынан берилген маалыматтар мамлекеттик электрондук сервистерден алынган маалыматтарга дал келген жана анык болгон учурда кардар идентификацияланган жана верификацияланган деп эсептелет.
14. Кардардан жана мамлекеттик электрондук сервистерден алынган маалымат жана документтер кардарды идентификациялоо жана верификациялоо, кардар - жеке жактын анкетасын белгиленген тартипте толтуруу үчүн колдонулат.
3-глава. Кардар - чет мамлекеттин жаранын санариптик идентификациялоо жана верификациялоо
15. Кардар - Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу же убактылуу жашаган чет мамлекеттин жаранын санариптик идентификациялоо жана верификациялоо кардар тарабынан берилген маалыматтардын негизинде, берилген электрондук сүрөттөрдүн жана документтердин көчүрмөлөрүнүн аныктыгын текшерүүнү камсыз кылуучу маалыматтык системаларды (программалык камсыздоолорду) милдеттүү түрдө пайдалануу менен жүргүзүлөт.
16. Кардар - чет мамлекеттин жаранын санариптик идентификациялоо жана верификациялоо жүргүзүү үчүн маалыматтык системаны (программалык камсыздоону) тандоодо кардар - чет мамлекеттин жараны расмий катталган чет мамлекеттин тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан берилген кардардын жеке маалыматтарынын, кардардын электрондук сүрөттөрүнүн жана документтеринин көчүрмөлөрүнүн аныктыгын текшерүү жана ырастоо боюнча кызматтарды көрсөтүүчү маалыматтык системага (программалык камсыздоого) артыкчылык берилет.
17. Финансылык мекеме Кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү боюнча Евразия тобуна катышуучу мамлекеттердин аймагында катталган кызматташуучу финансылык мекеме (үчүнчү тарап) менен түзүлгөн келишимдердин негизинде кардар - чет мамлекеттин жаранын верификациялоону жүзөгө ашырат.
18. Кардар - чет мамлекеттин жаранын санариптик идентификациялоо жана верификациялоо төмөнкүдөй тартипте жүргүзүлөт:
1) финансылык мекеменин платформасы аркылуу кардардан (реалдуу убакыт режиминде) төмөнкүлөрдү алуу:
- жарандын ИЖНин;
- паспорттун сериясын жана номерин;
- кардардын фотосүрөтүн же кардардын сүрөтү менен видео жазууну;
- паспорттун фотосүрөтүн;
- мобилдик телефон номерин;
- электрондук почта дарегин;
2) финансылык мекеменин платформасында белги коюу аркылуу жеке маалыматтардын субъектинен анын жеке маалыматтарын берүүгө жазуу жүзүндөгү макулдугун алууну ырастоо;
3) паспорттогу фотосүрөттү кардардан реалдуу убакыт режиминде алынган кардардын фотосүрөтү жана (же) видео жазуусу менен автоматтык түрдө (адам факторунун катышуусуз) салыштырып текшерүү;
4) маалыматтык системаларды (программалык камсыздоону) пайдалануу же кызматташкан финансылык мекемеге (үчүнчү тарапка) кайрылууну жиберүү менен алынган электрондук сүрөттөрдүн жана документтердин көчүрмөлөрүнүн аныктыгын текшерүү;
5) берилген номер жана электрондук почта дареги так ушул кардар тарабынан колдонуларын аныктоого мүмкүндүк берген методдун (мобилдик телефонго чалуу, SMS-билдирүүлөрдү жана электрондук катты жөнөтүү) жардамы аркылуу кардар менен байланышуу үчүн колдонулган мобилдик телефон номерин жана электрондук почтаны текшерүү;
6) кардардын алынган идентификациялык маалыматтарын (фамилиясы, аты, атасынын аты (болсо), туулган датасы) санкциялык тизмектер менен автоматтык түрдө (адам факторунун катышуусуз) салыштырып текшерүү.
19. Финансылык мекеменин ыйгарым укуктуу кызматкери кардар менен кошумча видеоконференц байланыш сеансын өткөрөт, ошондой эле зарыл болгон учурда кардарды идентификациялоого жана верификациялоого көмөк көрсөтүшү мүмкүн болгон кошумча документтерди сурайт. Алынган бардык маалыматтарды жана документтерди текшерүүнүн жана талдоонун жыйынтыгы боюнча кардардын маалыматтары аутенттүү болгон учурда, финансылык мекеменин ыйгарым укуктуу кызматкери кардар - чет мамлекеттин жаранын санариптик идентификациялоонун жана верификациялоонун аяктагандыгын белгилейт.
20. Кардардан, маалыматтык системалардан (программалык камсыздоолордон) жана үчүнчү тараптан алынган маалымат жана документтер кардарды идентификациялоо жана верификациялоо чет мамлекеттин жараны болуп саналган кардар - жеке жактын анкетасын белгиленген тартипте толтуруу үчүн колдонулат.
4-глава. Кардарды санариптик идентификациялоону жана верификациялоону жүргүзүүдө тобокелдикке салынган мамиле
21. Финансылык мекеме төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) кардарды санариптик идентификациялоо жана верификациялоо системасы ишке киргизилгенге чейин кылмыштуу ишти каржылоонун жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруунун (адалдоонун) мүмкүн болуучу тобокелдигин изилдөө, талдоо, аныктоо, баалоо, мониторинг жүргүзүү, башкаруу, документтештирүү жана деңгээлин төмөндөтүү боюнча чараларды көрүүгө;
2) кардарды санариптик идентификациялоонун жана верификациялоонун жүрүшүндө тобокелдикке салынган мамилени колдонууга;
3) финансылык кызматтарды көрсөтүүдө маалыматтык коопсуздукка байланышкан операциялык тобокелдиктерди азайтуу жана контролдоо боюнча чаралардын системасын камсыздоого, анын ичинде кардарды санариптик идентификациялоодо жана верификациялоодо коопсуздукту камсыз кылууга;
4) ички контролдоо программасына ылайык кардарды жогорку даражадагы тобокелдик категориясына киргизүү боюнча текшерүүнү жүзөгө ашырууга.
22. Финансылык мекеме санариптик идентификациялоодон жана верификациялоодон өткөн кардарлар менен операцияларды (бүтүмдөрдү) жүргүзүүдө тиешелүү текшерүүчү органдын талаптарын эске алуу менен тобокелдиктерди баалоонун негизинде чектөөлөрдү белгилейт:
1) бир операциянын (бүтүмдүн) максималдуу суммасын белгилөө;
2) кардардын эсебинде сакталган акча каражаттарынын максималдуу суммасын (балансын) белгилөө;
3) календардык күндүн, айдын ичинде кардар тарабынан жүзөгө ашырылуучу операциянын (бүтүмдүн) суммасын белгилөө;
4) онлайн-кредиттин суммасын жана санын белгилөө;
5) тобокелдиктерди жана ички контролдоо программасын эске алуу менен кардар үчүн башка чектөөлөрдү белгилөө.
5-глава. Финансылык мекемелердин милдеттери
23. Финансылык мекеме төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) кардарды санариптик идентификациялоо жана верификациялоо тартибин регламенттөөчү ички документтерди, ошондой эле кардар тарабынан берилүүчү маалыматтарга карата деталдуу талаптарды (сүрөттүн же файлдын өлчөмү, окулушу, форматы ж.б.) иштеп чыгууну жана бекитүүнү камсыз кылууга;
2) кардардын идентификациялык маалыматтарын коргоо жана купуялуулукту камсыз кылуу боюнча зарыл болгон укуктук, уюштуруучулук жана техникалык чараларды көрүүгө;
3) Кыргыз Республикасынын бул чөйрөдөгү мыйзамдарына ылайык маалыматтык коопсуздук боюнча зарыл болгон талаптарды колдонууга;
4) мамлекеттик электрондук сервистерге кошулган жана ушул Тартипте көрсөтүлгөн тиешелүү техникалык талаптарга шайкеш келген платформанын болушун камсыз кылууга;
5) кардардын идентификациялык маалыматтарынын аныктыгын жана тууралыгын камсыз кылууга;
6) кардардын идентификациялык маалыматтарын бурмалоого, санкцияланбаган өзгөртүүгө жана ачыкка чыгарууга каршы чараларды көрүүгө;
7) кардардын идентификациялык маалыматтарынын сакталышын жана пайдаланылышын контролдоону камсыз кылууга;
8) кардарды көп факторлуу аутентификациялоо жол-жоболорун колдонууга (мобилдик телефонго туташуу же SMS-билдирүүнү же электрондук почтага жөнөтүү, ошондой эле зарыл болгон учурда социалдык тармактар аркылуу кардардын ким экендигин кошумча текшерүү жана ырастоо);
9) кардарларды санариптик идентификациялоо жана верификациялоо жол-жоболорун талаптагыдай колдонуу жана тобокелдиктерди башкаруу маселелери боюнча жооптуу кызматкерлерди окутууга;
10) кардарды санариптик идентификациялоо жана верификациялоо шарттары жана талаптары жөнүндө маалыматты өзүнүн расмий интернет-сайтына (болсо) же колдонулуучу платформа аркылуу жарыялоого.
24. Финансылык мекеме төмөнкүдөй чараларды көрүүгө тийиш:
1) кардарды талаптагыдай текшерүү, анын ичинде ички контролдоо программасына жана кардардын тобокелдик деңгээлине ылайык санариптик идентификациялоодон жана верификациялоодон өткөн кардардын операциясына (бүтүмүнө) туруктуу мониторинг жүргүзүү жана талдоо боюнча;
2) кардарлардын операцияны (бүтүмдү) жүргүзүү үчүн белгиленген чектөөлөрдөн качуу аракеттерин аныктоо жана алдын алуу боюнча.
6-глава. Кардарды санариптик идентификациялоону жана верификациялоону жүргүзүүдө техникалык талаптар
25. Финансылык мекеме кардарды санариптик идентификациялоодо жана верификациялоодо финансылык кызматтарды көрсөтүү жана онлайн режимде корголгон байланыш каналдары боюнча автоматташтырылган маалыматтык өз ара аракеттенүү үчүн багытталган өзүнүн платформасын же үчүнчү жактар тарабынан келишимдик негизде берилген платформаны пайдаланат.
26. Финансылык мекеме кардарды санариптик идентификациялоо жана верификациялоо жүргүзүү үчүн платформаны жана маалыматтык системаны өз алдынча тандайт жана аларды пайдалануу менен байланышкан бардык тобокелдиктерди өзүнө алат.
Мында кардар - чет мамлекеттин жаранын санариптик идентификациялоо жана верификациялоо жүргүзүү үчүн маалыматтык системаларды (программалык камсыздоолорду) пайдалануу финансылык чалгындоо органы жана тиешелүү текшерүүчү орган менен алдын ала макулдашуу боюнча жүргүзүлөт.
27. Финансылык мекеменин кардарды санариптик идентификациялоо жана верификациялоо жүргүзүү үчүн пайдаланылуучу платформасы төмөнкүдөй болууга тийиш:
1) Кыргыз Республикасынын аймагындагы серверлерге жайгаштырылууга;
2) маалыматты берүүдө өз ара шифрлөөнү камсыз кылууга;
3) реалдуу убакыт режиминде түзүлгөн фотосүрөттү жана (же) видео жазууну гана пайдаланууну камсыз кылууга;
4) фотосүрөттү жана (же) видео жазууну алмаштыруудан жана бузуудан, мурда түзүлгөн фотосүрөттү жана (же) видео жазууну пайдалануудан корголууга;
5) идентификациялоонун жүрүшүндө кардарлардын башка адамдардын фотосүрөтүн жана (же) видео жазуусун колдонуу аракеттерин аныктоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болууга;
6) кардардын колдонулуучу акыркы түзүлүшүнүн IP-дарегин аныктоого;
7) санариптик идентификациялоодон жана верификациялоодон өткөн кардарлар жөнүндө жеке жана статистикалык маалыматтарды оперативдүү алуу жана түзүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга;
8) төмөнкүлөрдү камсыз кылуучу функцияларга ээ болууга:
- жеке маалыматтардын субъектинин анын жеке маалыматтарын белгиленген тартипте берүүгө жана иштеп чыгууга макулдугун алууну;
- суроо-талаптарды түзүүнү жана мамлекеттик электрондук сервистерден жоопторду белгиленген тартипте алууну автоматташтырууну;
- кардар берген маалыматтарды мамлекеттик электрондук сервистерден же кардардын берилген электрондук сүрөттөрүнүн жана документтеринин көчүрмөлөрүнүн аныктыгын текшерүүнү камсыз кылуучу маалыматтык системалардан (программалык камсыздоодон) алынган маалыматтар менен салыштырууну;
- санкциялык тизмектер менен кардардын идентификациялык маалыматтарын автоматтык түрдө текшерүүнү;
- кардарды санариптик идентификациялоону жана верификациялоону колдонуу менен ачылган, кардарга таандык болгон эсептерди аралыктан блоктоону жана блоктон чыгарууну;
- кардарлар жана жүргүзүлгөн операциялар (бүтүмдөр) жөнүндө маалыматтардын резервдик көчүрмөлөрүн системалуу түрдө түзүүнү, маалыматтардын өзгөрүлбөстүгүн жана сакталышын, ошондой эле аларды белгиленген мөөнөттө андан ары сактоо үчүн жүктөөнү.
28. Кардарды санариптик идентификациялоодо жана верификациялоодо:
1) фотосүрөт жана (же) видео жазуу түстүү болууга тийиш;
2) видео жазуу үн менен болууга тийиш;
3) фотосүрөттө жана (же) видео жазууда кардардын өзүнөн башка адамдардын болушуна жол берилбейт;
4) паспорттун алдынкы жана арткы беттеринин фотосүрөтүн алуу зарыл;
5) кардардын бети жарым-жартылай же толугу менен жабылбоого, кардардын бетине көлөкө түшпөөгө тийиш, ошондой эле кардар анын бетин жабып калуучу көз айнекчен (тунук айнеги бар көз айнектен тышкары) болбоого тийиш;
6) кардардын бети фотосүрөттө жана (же) видео жазууда даана көрүнүүгө тийиш. Видеобайланыш сеансынын жүрүшүндө кардар жетиштүү түрдө жарык жайда болууга тийиш.
29. Кардарларды санариптик идентификациялоону жана верификациялоону киргизүү платформада колдонулган алгоритмдердин тактык деңгээлин аныктоо аркылуу тестирлөө менен коштолууга тийиш. Эгерде жайылтуунун баштапкы этабында чечүүнүн тактыгын аныктоо үчүн маалыматтардын саны чектелүү болсо, финансылык мекеме өзгөчө кыйла жогорку тобокелдикти жараткан финансылык кызмат көрсөтүүлөр үчүн кошумча коопсуздук чараларын белгилөөгө же кардарды туура эмес идентификациялоого жана верификациялоого байланышкан бардык финансылык кызмат көрсөтүүлөр үчүн лимитти белгилөөгө тийиш.
30. Финансылык мекеме тарабынан кардарды санариптик идентификациялоодо жана верификациялоодо колдонулуучу платформа кардардын идентификациялык маалыматтарын иштеп чыгуунун колдонулуучу алгоритмдеринин жол берилген тактык деңгээлин кармап туруу предметине жылына бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүк менен текшерилүүгө тийиш. Мында кардардын идентификациялык маалыматтарын иштеп чыгуу системасын баалоонун натыйжалары финансылык мекеменин маалыматтык системасына мезгил-мезгили менен жүргүзүлүүчү тышкы аудиттин алкагында ырасталууга тийиш.
31. Финансылык мекеме жасалма интеллектти, машина менен окулуучу же биометрикалык маалыматтарды иштеп чыгуунун болжолдуу алгоритмдеринин башка формаларын колдонуу менен кардарды санариптик идентификациялоодо жана верификациялоодо кардарды идентификациялоонун жана верификациялоонун анык жана жасалма учурларын так аныктоону камсыз кылууга тийиш.
7-глава. Корутунду жоболор
32. Финансылык мекеме санариптик идентификациялоодон жана верификациялоодон өткөн кардарларга карата кардар менен ишкердик мамилелер токтотулгандан, эсеп жабылгандан же кардар менен операция (бүтүм) жүргүзүлгөндөн кийин төмөнкүлөрдү беш жылдан кем эмес сактоого тийиш:
1) кардарлардан алынган фотосүрөттү жана (же) видео жазууну;
2) кардарды идентификациялоо жана верификациялоо жүргүзүүнүн так датасын жана убактысын көрсөтүү менен документтерди;
3) мамлекеттик электрондук сервистерден, маалыматтык системалардан жана үчүнчү тараптан алынган маалыматтарды пайдалануу менен кардарларды верификациялоонун натыйжаларын;
4) санариптик идентификациялоодон жана верификациялоодон өткөн кардарлардын анкеталарын.
33. Финансылык мекеме Кыргыз Республикасынын финансылык чалгындоо органынын, тиешелүү текшерүүчү органдын, укук коргоо органынын (соттун чечиминин негизинде) суроо-талабы боюнча кардарды санариптик идентификациялоо жана верификациялоо жүргүзүүнүн натыйжасында алынган бардык маалыматтарды жана материалдарды берүүгө милдеттүү.
34. Финансылык мекеме кардарга санариптик идентификациялоо жана верификациялоо жүргүзгөндөн кийин кардарга карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте кардарды талаптагыдай текшерүүнүн башка чараларын колдонот.
35. Финансылык мекеме кардарды санариптик идентификациялоонун жана верификациялоонун толуктугу жана сапаты, ошондой эле ушул Тартиптин талаптарын бузгандыгы үчүн жоопкерчилик тартат.
36. Финансылык мекеме кардарды санариптик идентификациялоонун жана верификациялоонун натыйжасында алынган маалыматтарга өзгөртүүлөрдү киргизүүдө ушул Тартиптин талаптарын сактоого тийиш.
37. Кардарларды санариптик идентификациялоону жана верификациялоону киргизген финансылык мекеме 10 жумуш күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын финансылык чалгындоо органына жана тиешелүү текшерүүчү органына төмөнкү маалыматтарды камтыган отчетту берет:
1) кардарларды санариптик идентификациялоо жана верификациялоо системасын киргизүү датасын;
2) кардарларды санариптик идентификациялоо жана верификациялоо процесстеринин толук сыпатталышын;
3) кылмыштуу ишти каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) тобокелдиктерин баалоонун натыйжалары жана кардарларды санариптик идентификациялоо жана верификациялоо системасын киргизүүдөгү тобокелдиктерди азайтуу боюнча чаралар жөнүндө отчетту;
4) кардарды санариптик идентификациялоо жана верификациялоо аркылуу кардарларга көрсөтүлүүчү кызматтардын тизмегин.
|
| 12-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 739 токтомуна) |
Кардарга талаптагыдай текшерүү жүргүзүү тартиби жөнүндө ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 4-февралындагы № 59, 2026-жылдын 7-июлундагы № 463 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү (мындан ары - КИК/ККЛК) максатында кардарга талаптагыдай текшерүү жүргүзүү тартибин белгилейт.
2. Ушул Жободо төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр колдонулат:
1) жакын туугандары (ата-эне, асырап алуучулар, асыранды балдар, бир ата-энеден жана аталаш (энелеш) ага-инилер жана эже-сиңдилер, чоң ата, таята, чоң эне, таяне, неберелер, аларга карата коомдук кызмат адамы алардын жашап турууга, билим алууга, саламаттык сактоого кеткен чыгашаларын жана башка зарыл чыгашаларын жабуу бөлүгүндө финансылык чыгымдарды тартат);
2) верификация - кардардын жана (же) бенефициардык ээсинин идентификациялык маалыматтарын текшерүү жол-жобосу;
3) жогорку тобокелдиктеги өлкөлөр - акчаларды адалдоого, терроризмди каржылоого жана массалык кыргын салуучу куралдарды таратууну каржылоого каршы аракеттенүү боюнча эл аралык стандарттарды колдонбогон же жетишсиз деңгээлде колдонгон мамлекеттер жана аймактар (түзүлүштөр), ошондой эле оффшордук зоналар;
4) иштиктүү мамилелер - операцияны (бүтүмдү) жүзөгө ашыруу боюнча кызматтарды көрсөтүү тууралуу келишимдин (оозеки же жазуу) негизинде келип чыгуучу кардар менен финансылык мекеменин же кардар менен финансылык эмес категориядагы жактардын ортосундагы мамилелер;
5) идентификация - кардар жана (же) бенефициардык ээси жөнүндө идентификациялык маалыматтарды белгилөө жол-жобосу;
6) кардар - финансылык мекеменин же финансылык эмес категориядагы жактардын тейлөөсүнө алынган же тейлөөсүндө турган, же болбосо финансылык мекеме же финансылык эмес категориядагы жактар менен иштиктүү мамилени түзүп жаткан же түзгөн жеке же юридикалык жак (уюм), чет өлкөлүк траст же юридикалык уюм;
7) операциялар (бүтүмдөр) - каражаттар менен байланышкан жарандык укуктарды жана милдеттерди белгилөө, өзгөртүү же токтотуу үчүн жасалган каражаттар менен ар кандай операциялар (бүтүмдөр);
8) шектүү операция (бүтүм) - төмөнкү белгилерге туура келген операция (бүтүм):
- эгерде каражаттар кылмыштуу жол менен, анын ичинде предикаттык кылмыштардан алынган киреше экендиги же кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) менен байланыштуу деп шектенүү же шектенүүгө жетиштүү негиздер болсо;
- эгерде каражаттар террористтерди жана экстремисттерди, террористтик жана экстремисттик уюмдарды (топторду), террористтик жана экстремисттик ишти, уюшкан топторду же кылмыштуу коомдоштуктарды каржылоо жана массалык кыргын салуучу куралды таркатуу менен байланыштуу деп шектенүү же шектенүүгө жетиштүү негиздер болсо;
9) контролдо турган жактар - тиешелүү текшерүүчү органдын контролунда (көзөмөлүндө) турган финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар;
10) текшерүүчү органдар - КИК/ККЛК чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын аткаруу маселелери боюнча тиешелүү контролдо турган жактардын ишине текшерүү жүргүзгөн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары;
11) ички контролдоо программасы - КИК/ККЛК чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын аткаруу максатында финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар колдоно турган ички чаралар, жол-жоболор жана контролдоо системалары;
12) коомдук кызмат адамы - төмөнкү жеке адамдардын бири:
- чет өлкөлүк коомдук кызмат адамы - чет мамлекетте маанилүү мамлекеттик же саясий функцияларды (коомдук функцияларды) аткарып жаткан же аткарган адам (мамлекет же өкмөт башчылары, өкмөттөгү жана башка мамлекеттик органдардагы, соттордогу, куралдуу күчтөрдөгү, мамлекеттик ишканалардагы жогорку кызмат адамдары, ошондой эле көрүнүктүү саясий ишмерлер, анын ичинде саясий партиялардын көрүнүктүү ишмерлери);
- улуттук коомдук кызмат адамы - Кыргыз Республикасынын Президенти бекиткен Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестринде каралган Кыргыз Республикасындагы саясий жана атайын мамлекеттик кызмат ордун же саясий муниципалдык кызмат ордун ээлеп турган же мурда ээлеген адам, ошондой эле мамлекеттик корпорациялардын жогорку жетекчилиги, көрүнүктүү саясий ишмерлер, анын ичинде саясий партиялардын көрүнүктүү ишмерлери;
- эл аралык уюмдун коомдук кызмат адамы - маанилүү функциялар ишенип берилген же мурда ишенип берилген эл аралык уюмдун жогорку кызмат адамы (эл аралык уюмдун жетекчилери, жетекчилеринин орун басарлары жана башкармалыктын мүчөлөрү же эл аралык уюмда ага тете кызмат орундарын ээлеген адамдар);
13) бир жолку операция (бүтүм) - кардар менен финансылык мекеменин же кардар менен финансылык эмес категориядагы жактын ортосунда туруктуу иштиктүү мамилелер (келишимдик мамилелер) жок бир жолу жүзөгө ашырыла турган операция (бүтүм);
14) тобокелдик - кылмыштуу ишти каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) тобокелдиги;
15) тобокелдикке салынган мамиле - тобокелдиктерди башкаруунун белгиленген жол-жоболоруна (тобокелдикти табуу, баалоо, мониторинг жасоо, контролдоо, даражасын төмөндөтүү) ылайык тобокелдиктин жогорку даражасында күчөтүлгөн чараларды же тобокелдиктин төмөнкү даражасында жөнөкөйлөтүлгөн чараларды көрүү;
16) санкциялык тизмектер - Кыргыз Республикасынын Жыйынды санкциялык тизмеги жана Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин Жыйынды санкциялык тизмеги;
17) ички контроль кызматы - КИК/ККЛК боюнча ички контролдоо программасын жүзөгө ашырууга жооптуу финансылык мекемелердин жана финансылык эмес категориядагы жактардын ыйгарым укуктуу кызматчысы же түзүмдүк бөлүмү же болбосо комплаенс-контроль кызматы;
18) каражаттар - төмөнкү активдердин бири:
- акча каражаттары жана ар кандай финансылык активдер;
- экономикалык ресурстар, анын ичинде мунай жана башка жаратылыш ресурстары;
- сатып алуу ыкмасына карабастан ар кандай түрдөгү мүлк (материалдык же материалдык эмес, кыймылдуу же кыймылсыз);
- жогоруда көрсөтүлгөн мүлккө же активдерге укук же үлүш берүүчү, ар кандай формадагы, анын ичинде электрондук же санариптик формадагы укуктук документтер же инструменттер;
- банктык кредиттер жана банк ишинин жана каржылоонун ислам принциптерине ылайык алынуучу/берилүүчү акча каражаттары жана (же) башка мүлк, акча жана эсептешүү чектери, почта которуулары, акциялар, баалуу кагаздар, облигациялар, банктык траттар же аккредитивдер жана мындай каражаттардан же активдерден алынуучу же алар өндүрүүчү ар кандай пайыздар, дивиденддер жана киреше;
19) эсептер - Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарында аныкталгандай банк эсептери же финансылык мекеме менен кардардын ортосундагы же финансылык эмес категориядагы жак менен кардардын ортосундагы ушул сыяктуу иштиктүү мамилелер;
20) электрондук акча которуу - төлөм системаларын пайдалануу менен жүзөгө ашырылуучу акча которуунун алуучусуна жөнөтүүчүдөн акча каражаттарын (накталай, накталай эмес, электрондук) которуу боюнча операция;
21) финансылык топ - өз финансылык ресурстарын жалпы максаттарга жана кызыкчылыктарга бириктирген ар кандай типтеги бир нече юридикалык жактардан турган, ушул топтун мүчөлөрүнө карата контролдоо (көзөмөлдөө) жана координациялоо функцияларын жүзөгө ашырган топ;
22) финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар - "Кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинде көрсөтүлгөн жеке жана юридикалык жактар;
23) үй-бүлө мүчөлөрү - жубай (жубайы) жана балдары, анын ичинде асыранды балдары.
Эгерде ушул Жободо башкача каралбаса, ушул пунктта аныкталбаган жана ушул Жободо колдонулуучу түшүнүктөр жана терминдер Кыргыз Республикасынын тармактык мыйзамдарында кандай мааниде колдонулса, ошол маанисинде колдонулат.
2-глава. Кардарга талаптагыдай текшерүү жүргүзүү учурлары
3. Финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар кардарга талаптагыдай текшерүү төмөнкү учурлардын кайсы бири болбосун жүргүзөт:
1) иштиктүү мамилелерди түзүүдө;
2) 1000000 (бир миллион) сомго барабар же андан ашкан же чет өлкө валютасында ага тете суммада бир жолку операцияны (бүтүмдү) же бир нече өз ара байланышкан бир жолку операцияларды (бүтүмдөрдү) жасаганда, ушул Жобонун 5, 6 жана 7-пункттарында каралган учурларды кошпогондо;
3) 100000 (жүз миң) сомго барабар же андан ашкан же чет өлкө валютасында ага тете суммада бир жолку электрондук акча которууну жасоодо же виртуалдык активдер менен операцияларды (бүтүмдөрдү) жүргүзүүдө;
4) кардардын статусуна (туруктуу же бир жолку) же ар кандай өзгөчө учурларга карабастан же болбосо операциянын (бүтүмдүн) чектик суммасына карабастан кылмыштуу ишти каржылоону жүзөгө ашырууга жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) шектенүүлөр болсо;
5) кардар жөнүндө мурда алынган маалыматтар анык эмес же жетишсиз болгон фактылар аныкталганда.
Ушул Жобонун максаттары үчүн иштиктүү мамилелер деп алар түзүлгөн учурда бир жолку операциядан (бүтүмдөн) айырмаланып узак мөөнөттүү мүнөзгө ээ боло тургандыгы болжолдонгон мамилелер түшүнүлөт.
4. Бир жолку операциялардын (бүтүмдөрдүн) түрлөрү финансылык чалгындоо органы тарабынан бекитилет жана жарыяланат.
5. Финансылык эмес категориядагы жактар кардарга талаптагыдай текшерүү "Кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган учурларда жүргүзөт.
6. Баалуу металлдар жана асыл таштар, алардан жасалган зер буюмдар, ошондой эле мындай буюмдардын сыныктары менен операцияларды (бүтүмдөрдү) жүзөгө ашыруучу жеке жана юридикалык жактар кардарга талаптагыдай текшерүү төмөнкү учурларда жүргүзөт:
1) кардарга баалуу металлдарды жана асыл таштарды, алардан жасалган зер буюмдарды, ошондой эле мындай буюмдардын сыныктарын сатууда, эгерде накталай акча каражаттары менен операциянын (бүтүмдүн) суммасы 1000000 (бир миллион) сомго барабар болсо же андан ашса;
2) кардардан баалуу металлдарды жана асыл таштарды, алардан жасалган зер буюмдарды, ошондой эле мындай буюмдардын сыныктарын сатып алууда, эгерде накталай акча каражаттары менен операциянын (бүтүмдүн) суммасы 50000 (элүү миң) сомго барабар болсо же андан ашса.
Бир жолку операцияны (бүтүмдү) же бир нече өз ара байланышкан бир жолку операцияларды (бүтүмдөрдү) жасоодо же болбосо баалуу металлдарды жана асыл таштарды, алардан жасалган зер буюмдарды, ошондой эле мындай буюмдардын сыныктарын белгиленген чектик суммаларга чейин сатууда же сатып алууда ким экендигин күбөлөндүрүүчү документтин негизинде кардардын ким экендигин аныктоо, кардардын санкциялык тизмектерде бар же жок экендигин текшерүү жүргүзүлөт.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы же Кыргыз Республикасында катталган, Лондон баалуу металлдар рыногунун ассоциациясы тарабынан сертификатталган аффинаждык ишкана тарабынан эмиссиялануучу (чыгарылуучу) алтындан даярдалган жана маркаланган куймаларды 200000 (эки жүз миң) сомго барабар же андан ашкан суммага сатуу боюнча операцияларды (бүтүмдөрдү) жасоодо ким экендигин күбөлөндүрүүчү документтин негизинде кардардын ким экендигин аныктоо, кардардын санкциялык тизмектерде жана аларга карата алардын кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) катышкандыгы жөнүндө маалыматтар бар жактардын, топтордун жана уюмдардын тизмегинде бар же жок экендигин текшерүү жана жасалган операцияларды (бүтүмдөрдү) эсепке алуу жүргүзүлөт.
Төмөнкү тобокелдиктеги бир жолку операция (бүтүм) же бир нече өз ара байланышкан төмөнкү тобокелдиктеги бир жолку операциялар (бүтүмдөр) жасалган учурда кардарды идентификациялоо жана верификациялоо жүргүзүлбөйт. Төмөнкү тобокелдиктеги бир жолку операциялардын (бүтүмдөрдүн) тизмеги финансылык чалгындоо органы тарабынан аныкталат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 4-февралындагы № 59 токтомунун редакциясына ылайык)
7. Накталай улуттук жана/же чет өлкө валютасында сатуу-сатып алуу (алмашуу) боюнча операцияларды жүзөгө ашыруучу жактар 1000000 (бир миллион) сомго барабар же андан ашкан же чет өлкө валютасында ага тете суммада бир жолку операция (бүтүм) же бир нече өз ара байланышкан бир жолку операциялар (бүтүмдөр) жасалган учурда кардарга талаптагыдай текшерүү жүргүзөт.
100000 (жүз миң) сомдон 1000000 (бир миллион) сомго чейинки же чет өлкө валютасында ага тете суммада накталай улуттук жана/же чет өлкө валютасында сатуу-сатып алуу (алмашуу) боюнча бир жолку операция (бүтүм) же бир нече өз ара байланышкан бир жолку операциялар (бүтүмдөр) жасалган учурда ким экендигин күбөлөндүрүүчү документтин негизинде кардардын ким экендигин аныктоо, кардардын санкциялык тизмектерде бар же жок экендигин текшерүү жүргүзүлөт.
8. Ушул Жобонун 3-пунктунун 3-пунктчасында белгиленген суммадан ашпаган суммага бир жолку электрондук акча которуу же виртуалдык активдерди которуу жасалган учурда ушул Жобонун 12-главасында каралган ченемдер сакталууга тийиш. Бир жолку электрондук акча которуу же виртуалдык активдерди которуу жасалган учурда кардардын жана бенефициардык ээсинин анкетасы толтурулбайт.
9. Кардарды талаптагыдай текшерүү чаралары мурда жүргүзүлгөн кардарга талаптагыдай текшерүү жана кардардын тобокелдик деңгээлин эске алуу менен жаңы жана тейленүүдөгү кардарларга колдонулат.
3-глава. Кардарга талаптагыдай текшерүү жүргүзүүдө тобокелдикке салынган мамиле
10. Финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар кардарга талаптагыдай текшерүү жүргүзүүдө тобокелдикке салынган мамилени колдонууга милдеттүү. Кардарды талаптагыдай текшерүү чаралары жана аларды деталдаштыруу даражасы мындай баалоонун натыйжаларынын негизинде иштиктүү мамилелердин максатын жана болжолдонгон мүнөзүн, ошондой эле кардардын операцияларынын (бүтүмдөрүнүн) тибин, көлөмүн жана үзгүлтүксүздүгүн эске алуу менен аныкталат.
11. Финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар өз кардарларын эң аз дегенде тобокелдиктин үч деңгээли боюнча: жогорку, орточо жана төмөнкү деп классификациялоого милдеттүү.
Финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар өз ишинин масштабына жана тобокелдиктердин өзгөчөлүгүнө жараша өзүнүн ички контролдоо программасынын алкагында тобокелдиктин кошумча деңгээлдерин киргизүүгө укуктуу.
Жогорку жана төмөнкү тобокелдиктердин типтүү критерийлери финансылык чалгындоо органы тарабынан белгиленет жана жарыяланат.
Орточо тобокелдик критерийлери финансылык мекемелер тарабынан өз алдынча белгиленет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 7-июлундагы № 463 токтомунун редакциясына ылайык)
12. Жогорку тобокелдик аныкталган учурда финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар кардарга талаптагыдай текшерүүнүн төмөнкүдөй күчөтүлгөн чараларын колдонууга милдеттүү:
1) маалыматтын жеткиликтүү жана ишенимдүү булактарынан кардарга карата кошумча идентификациялык маалыматтарды жана документтерди чогултуу, ошондой эле ушул маалыматтарды кардар менен байланышкан тобокелдикти баалоодо колдонуу;
2) мындай кардардын жана бенефициардык ээсинин кылмыш ишине тартылуусу мүмкүн болгон тобокелдикти тереңирээк түшүнүү үчүн кардар жана бенефициардык ээси жөнүндө кошумча маалыматты чогултуу;
3) кардардан иштиктүү мамилелердин максаты жана болжолдонгон мүнөзү, ошондой эле кардардын акча каражаттарынын булагы тууралуу кошумча маалыматты суроо;
4) акча каражаттары кылмыштуу иштен алынган кирешелер эмес экендигине ынануу үчүн иштиктүү мамилелерди түзүүнүн алкагында колдонулуучу кардардын акча каражаттарынын булактарын текшерүү;
5) кардардын жана бенефициардык ээсинин идентификациялык маалыматтарын тобокелдикке салынган мамилени колдонуу менен үзгүлтүксүз жаңылап туруу;
6) кардардан пландаштырылган же жүргүзүлгөн операциялардын (бүтүмдөрдүн) себебин же экономикалык маңызын түшүндүргөн кошумча маалыматты суроо;
7) кардары менен иштиктүү мамилелерди түзүүгө же улантууга финансылык мекеменин жана финансылык эмес категориядагы жактардын учурдагы ишине жетекчилик кылган аткаруу органынан же болбосо аткаруу органынын мүчөлөрүнүн биринен уруксат алуу;
8) шектүү операциялардын (бүтүмдөрдүн) жана айкын экономикалык маңызы же айкын мыйзамдуу максаты жок операциялардын (бүтүмдөрдүн) белгилерин аныктоо максатында операцияларга (бүтүмдөргө) күн сайын мониторинг жүргүзүү, маалыматтарды талдоо, акча каражаттарын дайындоону карап чыгуу жана эсепке алуу, анын ичинде кол менен киргизүү жолу менен иштиктүү мамилелерге күчөтүлгөн мониторинг жүргүзүү, ошондой эле мониторинг жүргүзүүнүн натыйжаларын ички контроль кызматына жана финансылык мекеменин жана финансылык эмес категориядагы жактардын учурдагы ишине жетекчилик кылган аткаруу органына жеткирүү;
9) эгерде операцияны (бүтүмдү) банк эсебин ачпастан жүргүзүү пландаштырылса, банк эсеби аркылуу операцияны (бүтүмдү) жүргүзүү жөнүндө сунуш кылуу.
Муну менен бирге финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар тобокелдиктерди натыйжалуу башкаруу жана (же) азайтуу үчүн кардарга талаптагыдай текшерүүнүн күчөтүлгөн чараларын колдонуу зарылдыгын документ түрүндө жазууга тийиш.
13. Ушул Жобонун 12-пунктунда көрсөтүлгөн кардарга талаптагыдай текшерүүнүн күчөтүлгөн чаралары жогорку тобокелдиктеги өлкөлөрдүн жеке же юридикалык жактарына карата колдонулат.
14. Төмөнкү тобокелдик аныкталган учурда финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар кардарга талаптагыдай текшерүүнүн төмөнкүдөй жөнөкөйлөтүлгөн чараларын колдоно алат:
1) иштиктүү мамилелердин максаты жана болжолдонгон мүнөзү жөнүндө жалпы маалыматты алуу;
2) кардардын жана бенефициардык ээсинин идентификациялык маалыматтарын жаңыртуу жыштыгын кыскартуу;
3) финансылык мекеме жана финансылык эмес категориядагы жак тарабынан аныкталган лимиттин негизинде операцияларды (бүтүмдөрдү) кардарга талаптагыдай автоматташтырылган системасын колдонуу менен кардардын операцияларына (бүтүмдөрүнө) кыскартылган түрдө мониторинг жүргүзүү.
15. Финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар тобокелдиктин төмөнкү даражасына жараша кардарга талаптагыдай текшерүүнүн жөнөкөйлөтүлгөн чараларын колдонот.
Кардарга карата төмөнкү тобокелдикти аныктоо кардарга талаптагыдай текшерүүнүн бардык чаралары үчүн, тактап айтканда операцияларга (бүтүмдөргө) туруктуу мониторинг жүргүзүү үчүн кардар тобокелдиктин төмөнкү даражасы менен мүнөздөлөт дегенди түшүндүрбөйт.
Финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) шектенүүлөр болсо, кардарга талаптагыдай текшерүүнүн жөнөкөйлөтүлгөн чараларын колдонбойт.
4-глава. Кардарды идентификациялоо жана верификациялоо
§ 1. Кардарды идентификациялоо
16. Финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар ушул Жобонун талаптарын эске алуу менен кардарды (туруктуу же бир жолку) идентификациялоого милдеттүү.
Кардарды идентификациялоо учурунда кардар - жеке жактын анкетасы же кардар - юридикалык жактын анкетасы ушул Жобонун 1 жана 2-тиркемелерине ылайык формалар боюнча толтурулат.
17. Эгерде кардардын атынан же анын тапшырмасы боюнча ишенимдүү жак иш алып барса, финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар бул жакты идентификациялоого милдеттүү.
18. Кардарга идентификация жүргүзүүдө финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар кардар менен иштиктүү мамилелердин максатын жана болжолдонгон мүнөзүн аныктайт.
19. Кардарды – жеке жакты иштиктүү мамилелерди түзүүдө жана операцияларды (бүтүмдөрдү) алыстан ыкма менен жүзөгө ашырууда, анын ичинде банк эсебин, финансылык мекемелердеги эсептерди, ошондой эле электрондук капчыкты ачууда идентификациялоо жана верификациялоо ушул Жобонун 5-тиркемесинде белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жана башка ыйгарым укуктуу мамлекеттик текшерүү органдары (анын ичинде финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча орган) өздөрүнүн компетенциясынын чегинде санариптик идентификациялоону жана верификациялоону жүргүзүүгө кошумча талаптарды, анын ичинде идентификациялоо жана верификациялоо жол-жоболоруна, колдонулган технологияларга, маалыматтык коопсуздукту камсыздоого, маалыматтарды сактоого жана коргоого, ошондой эле тобокелдиктерди башкарууга талаптарды белгилөөгө укуктуу.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 7-июлундагы № 463 токтомунун редакциясына ылайык)
§ 2. Кардарды верификациялоо
20. Финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар ишенимдүү булактардан алынган маалыматтарды жана документтерди колдонуу менен кардар - жеке жактын анкетасында же кардар - юридикалык жактын анкетасында каралган маалыматтардын ишенимдүүлүгүн текшерүү жолу менен кардарды верификациялоого милдеттүү.
21. Финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар кардар менен иштиктүү мамилелерди түзүүгө чейин же түзүүнүн же кардар бир жолку операцияларды (бүтүмдөрдү) жүргүзүүнүн жүрүшүндө верификациялоого милдеттүү. Эсепти ачууда кардар менен иштиктүү мамилелерди түзүүнүн жүрүшүндө кардарды верификациялоо ал боюнча биринчи финансылык операция жүргүзүлгөнгө чейин аякталууга тийиш.
22. Тараптар катышпаган же баалуу кагаздар менен жүзөгө ашырылуучу операцияны (бүтүмдү) жүргүзүүдө бизнести нормалдуу жүргүзүүнүн үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылуу максатында финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар зарыл болгон учурда иштиктүү мамилелер түзүлгөндөн кардарды верификациялоону жүзөгө ашырат.
Мындай учурда верификация тобокелдиктер төмөнкү аныкталган шартта, мүмкүн болушунча кыска мөөнөттө, иштиктүү мамилелер түзүлгөндөн кийин 10 календардык күндөн кечиктирилбестен аякталууга тийиш. Жогорку тобокелдик категориясына кирген кардарларды иштиктүү мамилелер түзүлгөндөн кийин верификациялоого жол берилбейт.
Кардарды верификациялоо аяктаганга чейин финансылык категориядагы жактар түрлөрүн жана (же) эле ири жана татаал кийин катары бирок финансылык эмес санын, мекемелер же операциялардын (бүтүмдөрдүн) суммаларын чектөө боюнча, ошондой операцияларга (бүтүмдөргө) мониторинг жүргүзүү боюнча чараларды камтыган тобокелдиктерди натыйжалуу башкаруунун ички жол-жоболорун колдонууга милдеттүү.
23. Кардардын - жеке жактын ким экендигин верификациялоо үчүн финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар ким экендигин күбөлөндүрүүчү төмөнкү документтердин бирин колдонот:
1) Кыргыз Республикасынын жарандарына карата:
- идентификациялык карта - Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту (ID-карта);
- Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспорту;
- туулгандыгы тууралуу күбөлүк - жашы 16 жашка толо элек Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн;
- аскердик билет;
- идентификациялык жеке номерди (ИЖН) камтыган улуттук үлгүдөгү айдоочулук күбөлүк;
2) чет өлкөлүк жарандарга карата:
- чет өлкөлүк жарандын паспорту;
- Кыргыз Республикасында жашап туруу укугу;
3) жарандыгы жок жактарга карата - Кыргыз Республикасында жашап туруу укугу;
4) качкындарга карата:
- адамды качкын деп таануу жөнүндө өтүнмөнү каттоо тууралуу күбөлүк;
- качкындын күбөлүгү.
24. Кардарды - юридикалык жакты верификациялоо үчүн финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар төмөнкү документтерди колдонот:
1) юридикалык жакты түзүү жөнүндө уюштуруучунун (уюштуруучулардын) чечими;
2) устав жана уюштуруучу келишим (эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралса);
3) юридикалык жакты мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүк;
4) уюштуруучу документтерге (чечим, устав, уюштуруучу келишим) өзгөртүүлөр (толуктоолор) - юридикалык жакты кайра каттоодо;
5) салык органында каттоого коюлгандыгын ырастоочу документ;
6) колтамгалардын үлгүлөрү жана мөөрдүн оттискасы бар карточкага биринчи жана экинчи кол коюу укугуна ээ жактардын ыйгарым укуктарын ырастоочу документтер (башкаруу органдарынын чечимдери, буйруктар, ишеним каттар);
7) ишкердик ишти жүзөгө ашыруу укугуна лицензия (бар болсо).
25. Кардарды верификациялоодо финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар документтер көрсөтүлгөн датада жарактуу болгон документтердин түп нускаларын же нотариус тарабынан күбөлөндүрүлгөн алардын көчүрмөлөрүн колдонууга тийиш.
Эгерде кардарды верификациялоого документтин бир бөлүгү гана тиешелүү болсо, нотариус тарабынан күбөлөндүрүлгөн, андан алынган көчүрмө бөлүгү берилиши мүмкүн.
Документтердин көчүрмөлөрү берилген учурда финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар таанышуу жана салыштырып текшерүү үчүн документтердин түп нускаларын берүүсүн талап кылууга тийиш.
26. Эгерде документтер толук же жарым-жартылай чет тилинде түзүлсө, финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар кардардан котормо мекемеси тарабынан күбөлөндүрүлгөн мамлекеттик же расмий тилдеги документтин котормосун талап кылууга тийиш.
Юридикалык жактардын - резидент эместердин статусун ырастоочу чет мамлекеттердин мамлекеттик органдарынан келген документтер Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 18-ноябрындагы № 283 токтому менен бекитилген Апостиль коюунун тартиби жана шарттары жөнүндө нускамага ылайык алар легалдаштырылган (апостиль) учурда финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар тарабынан кабыл алынат.
Көрсөтүлгөн документтер Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде каралган учурларда легалдаштырылбастан (апостилсиз) берилиши мүмкүн.
27. Финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар кардарды верификациялоодо ишенимдүү булактардан алынган кошумча (жардамчы) маалыматты да колдоно алат.
Финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар кардар - юридикалык жактын статусу жөнүндө маалыматты (иштейт, жоюлган же жоюу процессинде турат) алуу үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга кайрылат.
28. Эгерде кардардын атынан ишенимдүү жак иш алып барса, финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар аны верификациялоого, ошондой эле мындай жактын ыйгарым укугун ырастоочу тиешелүү документтерди текшерүүгө милдеттүү.
29. Алыстан (аралыктан) ыкма менен иштиктүү мамилелерди түзүүчү жана операцияларды (бүтүмдөрдү) жүзөгө ашыруучу кардарды верификациялоо ушул Жобонун 5-тиркемесинде белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
5-глава. Бенефициардык ээсин идентификациялоо жана верификациялоо
§ 1. Бенефициардык ээсин идентификациялоо
30. Финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар бенефициардык ээсин идентификациялоого милдеттүү.
Бенефициардык ээсин идентификациялоо ушул Жобонун 3-тиркемесине ылайык форма боюнча бенефициардык ээсинин анкетасын толтуруу жолу менен жүргүзүлөт.
31. Бенефициардык ээсинин анкетасы жаңы жана тейленүүдөгү кардарлардын бенефициардык ээлерине карата толтурулат.
32. Бенефициардык ээсинин анкетасы төмөнкү субъекттерге карата толтурулбайт:
1) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдары;
2) Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары;
3) тизмеги Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги тарабынан түзүлгөн жана жарыяланган, Кыргыз Республикасы мүчөсү болуп саналган жалпыга маалым эл аралык уюмдар.
33. Финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар кардары юридикалык жак же юридикалык түзүлүш болуп саналган бенефициардык ээсин идентификациялоо жана верификациялоо үчүн төмөнкүдөй баскычтуу ыкманы колдонуу менен акылга сыярлык жана жеткиликтүү чараларды көрүүгө милдеттүү:
1) биринчи кезекте акыры аягында түздөн-түз же кыйыр (үчүнчү жактар аркылуу) юридикалык жак болуп саналган кардардын уставдык капиталында акциялардын же үлүштөрдүн 25 жана андан көп пайызына ээлик кылган жеке жактар аныкталат;
2) эгерде менчик түзүмүн талдоонун натыйжасында ушул бөлүктүн 1-пунктчасында көрсөтүлгөн критерийге туура келген жактар аныкталбаса, же болбосо эгерде алардын акыркы бенефициарлар экенине негизделген шектенүүлөр болсо, финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар кардарды (юридикалык жакты же юридикалык түзүлүштү) башка ыкмалар менен контролдогон жеке жактарды аныктоого жана идентификациялоого милдеттүү;
3) ушул бөлүктүн 1 жана 2-пунктчаларына ылайык бенефициардык ээсин аныктоо мүмкүн болбогон учурда, бенефициардык ээси катары юридикалык жактын түзүмүндө ээлеген позицияларынын эсебинен кардардын иш-аракеттерин контролдоо мүмкүнчүлүгү бар жеке жак (стратегиялык чечимдерди кабыл алууга жооптуу, аткаруучулук контролду жүзөгө ашырган же негизги финансылык чечимдерди кабыл алган адам) идентификацияланат. Бул адамга карата бенефициардык ээсинин анкетасы толтурулат.
34. Бир нече бенефициардык ээлери, анын ичинде 25 жана андан көп пайыздык үлүштөргө (акцияларга) ээ болгон жана/же башка ыкмалар менен контроль жүргүзгөн бенефициардык ээлери аныкталган учурда, бенефициардык ээсинин анкетасы мындай жеке жактын ар бирине толтурулат.
35. Эгерде кардардын уставдык капиталында үлүштөрдүн (акциялардын) 25 жана андан көп пайызына ээ болгон катышуучу (акционер) башка юридикалык жак болуп саналса, анын акыркы бенефициардык ээси болуп саналган жеке жакты аныктоо жана верификациялоо зарыл.
Эгерде кардардын менчик түзүмүндө чет өлкөлүк трасттар же башка юридикалык түзүлүштөр болсо, финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар алардын бенефициардык ээлерин ушул Жобонун 37-пунктунун талаптарына ылайык аныктоого жана верификациялоого милдеттүү.
Татаал менчик түзүмүн талдоонун натыйжалары бенефициардык ээсинин анкетасына тиркеле турган схема түрүндө документтештирилүүгө тийиш. Схема бүткүл ээлик кылуу чынжырын көрүнөө чагылдырууга тийиш, анын ичинде ортомчу юридикалык жактар жана юридикалык түзүлүштөр, акыркы бенефициардык ээлери - жеке жактарга чейин толук чагылдырууга тийиш. Схемада ошондой эле башка ыкмалар менен контроль жүргүзгөн бенефициардык ээлери жөнүндө маалымат, мындай контролдун негиздерин көрсөтүү менен камтылууга тийиш.
§ 2. Бенефициардык ээсин верификациялоо
36. Финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар бенефициардык ээсин верификациялоо үчүн ушул Жобонун 23 жана 24-пункттарында көрсөтүлгөн документтерди же алардын нотариус тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн жана (же) бенефициардык ээсин аныктоого мүмкүндүк берген ишенимдүү булактардан алынган маалыматты колдонуу менен акылга сыярлык чараларды колдонууга милдеттүү. Финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар бенефициардык ээсин идентификациялоого жана тиешелүү маалыматты же бенефициардык ээсинин ким экендигине ынануу үчүн жетиштүү болгон ишенимдүү булактан алынган маалыматтарды колдонуу менен бенефициардык ээсинин ким экендигин текшерүү үчүн чараларды колдонууга милдеттүү.
Финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар юридикалык түзүлүш болуп саналган бенефициардык ээсин верификациялоодо төмөнкүдөй маалыматтарды кошумча колдонот:
- трасттарга карата: ишеним көрсөтүүчүнүн, ишенимдүү адамдын, камкорчунун (эгерде бар болсо), бенефициарлардын же бенефициарлар тобунун жана натыйжада трасттын үстүнөн иш жүзүндө контроль жүргүзгөн ар кандай башка жеке жактын жеке маалыматтары;
- юридикалык түзүлүштөрдүн башка түрлөрүнө карата: эквиваленттүү кызмат орундарын ээлеген адамдардын жеке маалыматтары.
37. Финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар кардардын тобокелдик деңгээлине жараша кардар менен иштиктүү мамилелерди түзгөнгө чейин же түзүүдө же кардар менен бир жолку операцияларды (бүтүмдөрдү) жүргүзүүдө бенефициардык ээсин верификациялоого милдеттүү.
38. Бизнести нормалдуу жүргүзүүнүн үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылуу максатында тараптар катышпаган же баалуу кагаздар менен жүзөгө ашырылуучу операцияны (бүтүмдү) жүргүзүүдө финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар зарыл болгон учурда бенефициардык ээсин иштиктүү мамилелер түзүлгөндөн кийин верификациялоону жүзөгө ашырат.
Мындай учурда верификация тобокелдиктер төмөнкү катары аныкталган шартта, мүмкүн болушунча кыска мөөнөттө, бирок иштиктүү мамилелер түзүлгөндөн кийин 10 календардык күндөн кечиктирилбестен аякталууга тийиш. Жогорку тобокелдик категориясына киргизилген бенефициардык ээсин иштиктүү мамилелер түзүлгөндөн кийин верификациялоого жол берилбейт.
Бенефициардык ээсин верификациялоо аяктаганга чейин финансылык мекемелер же финансылык эмес категориядагы жактар операциялардын (бүтүмдөрдүн) санын, түрлөрүн жана (же) суммаларын чектөө боюнча, ошондой эле ири жана татаал операцияларга (бүтүмдөргө) мониторинг жүргүзүү боюнча чараларды камтыган тобокелдиктерди натыйжалуу башкаруунун ички жол-жоболорун колдонууга милдеттүү.
6-глава. Кардарлардын айрым категорияларына карата колдонулуучу кардарга талаптагыдай текшерүүнүн кошумча чаралары
§ 1. Коомдук кызмат адамдарына карата колдонулуучу кошумча чаралар
39. Коомдук кызмат адамдарына, алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө жана коомдук кызмат адамдарынын жакын адамдарына (жакын туугандары, ишкер өнөктөштөрү жана расмий өкүлдөрү) карата, ошондой эле жогорку тобокелдик деңгээли бар башка кардарларга карата финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар "Кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-беренесинин 3-бөлүгүндө каралган кардарга талаптагыдай текшерүүнүн кошумча чараларын колдонот.
40. "Кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-беренесинин 3-бөлүгүнүн 2-4-пунктчаларында көрсөтүлгөн чаралар улуттук коомдук кызмат адамдарына жана эл аралык уюмдардын коомдук кызмат адамдарына, ошондой эле алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө жана жакын адамдарына карата, мындай адамдар менен иштиктүү мамилелердин жогорку тобокелдиги аныкталган учурда колдонулат.
41. Улуттук коомдук кызмат адамдарынын, алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн жана улуттук коомдук кызмат адамынын жакын адамдарынын тизмеси электрондук маалыматтар базасы түрүндө финансылык чалгындоо органы тарабынан түзүлөт.
Улуттук коомдук кызмат адамдарынын электрондук маалыматтар базасынын маалыматтарына жетүү мүмкүндүгү электрондук байланыш каналдары аркылуу финансылык мекемелерге жана финансылык эмес категориядагы жактарга (мындан ары - колдонуучулар) берилет.
Жетүү мүмкүндүгү берилген улуттук коомдук кызмат адамдарынын маалыматтар базасынын маалыматтар тизмеги финансылык чалгындоо органы менен маалыматтар базасын колдонуучунун ортосундагы макулдашуу менен аныкталат.
Маалыматтар базасын колдонуучулар улуттук коомдук кызмат адамдарынын маалыматтар базасынан алынган маалыматтардын купуялуулугун, сакталышын жана санкцияланбаган жетүүдөн корголушун камсыздайт жана үчүнчү жактарга берилгендиги үчүн жоопкерчилик тартат.
Улуттук коомдук кызмат адамдарын аныктаган учурда финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар алынган маалыматтарды Коомдук кызмат адамынын анкетасынын типтүү формасына (ушул Жобонун 4-тиркемеси) ылайык электрондук форматта жазат.
42. Финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар коомдук кызмат адамдарына карата маалыматты аныктоо, мониторинг жүргүзүү, текшерүү үчүн маалыматтын ачык булактарын колдоно алат.
§ 2. Өмүрдү камсыздандыруу полиси же инвестициялоо менен байланышкан башка камсыздандыруу полистери боюнча пайда табуучуларга карата колдонулуучу кошумча чаралар
43. Финансылык мекемелер өмүрдү камсыздандыруу полиси же инвестициялоо менен байланышкан башка камсыздандыруу полистери боюнча пайда табуучуларга (мындан ары - пайда табуучу) карата кардарга талаптагыдай текшерүүнүн төмөнкүдөй кошумча чараларын колдонууга тийиш:
1) пайда табуучу болуп саналган жеке же юридикалык жактын же болбосо юридикалык түзүлүштүн идентификациялык маалыматтарын аныктоо;
2) пайда табуучунун ким экендигин верификациялоого мүмкүндүк берген пайда табуучу жөнүндө жетиштүү маалыматты алуу.
Муну менен бирге пайда табуучуну верификациялоо өмүрдү камсыздандыруу полиси жана инвестициялоо менен байланышкан башка камсыздандыруу полистери боюнча каражаттарды төлөө учурунда жүргүзүлөт.
44. Эгерде пайда табуучу (юридикалык жак же юридикалык түзүлүш, коомдук кызмат адамы) жогорку тобокелдиктеги кардар катары бааланса, финансылык мекемелер пайда табуучуга карата ушул Жобонун 12-пунктунда каралган кардарга талаптагыдай текшерүүнүн күчөтүлгөн чараларын колдонот.
Камсыздандыруу учуру келген жана жогорку тобокелдик аныкталган учурда, кардарга талаптагыдай текшерүүнүн күчөтүлгөн чаралары өмүрдү камсыздандыруу полиси жана инвестициялоо менен байланышкан башка камсыздандыруу полистери боюнча акча каражаттары төлөнгөнгө чейин колдонулат.
Өмүрдү камсыздандыруу полиси жана инвестициялоо менен байланышкан башка камсыздандыруу полистери боюнча каражаттарды төлөө учурунда финансылык мекемелер пайда табуучу же бенефициардык ээси коомдук кызмат адамы болуп саналарын же саналбасын аныктоо үчүн чараларды көрөт.
45. Жогорку тобокелдик аныкталган учурда же пайда табуучуга карата кардарга талаптагыдай текшерүүнүн күчөтүлгөн чараларын колдонуу мүмкүн болбогон учурда финансылык мекемелер шектүү операция (бүтүм) жөнүндө билдирүүнү финансылык чалгындоо органына жиберүү тууралуу маселени карайт.
7-глава. Жүргүзүлгөн идентификациялоого жана верификациялоого болгон ишеним, ошондой эле үчүнчү тараптарга болгон ишеним
46. Финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар кардар операцияны (бүтүмдү) жүзөгө ашырган сайын кардарды кайрадан идентификациялоону жана верификациялоону жүргүзүүгө тийиш эмес.
Финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар болгон маалыматтын аныктыгына негиздүү күмөн саноолор пайда болгонго же кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) шектенүүлөр келип чыкканга же болбосо кардардын ишинин ишкер профилине ылайык келбеген операциялар (бүтүмдөр) жүргүзүлгөнгө чейин кардарды идентификациялоо жана верификациялоо боюнча көрүлгөн чараларга таянууга укуктуу.
47. Кардарга талаптагыдай текшерүү жүргүзүү максатында финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар түзүлгөн келишимдердин негизинде Кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү боюнча евразиялык топтун катышуучу мамлекеттеринин аймагында катталган кызматташуучу финансылык мекемелерге (үчүнчү тарап) таяна алат.
Муну менен бирге үчүнчү тарапка таянган финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар төмөнкү талаптарды сактоого тийиш:
1) үчүнчү тараптын иши тиешелүү текшерүүчү орган тарабынан контролдонуп жана жөнгө салынып турарына жана үчүнчү тарап кардарга талаптагыдай текшерүүнүн талаптарын аткаруу жана КИК/ККЛК чөйрөсүндөгү Кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү боюнча евразиялык топтун катышуучу мамлекеттеринин мыйзамдарына ылайык маалыматтарды сактоо боюнча чараларды көрө тургандыгына ынануу;
2) бир жумуш күндүн ичинде үчүнчү тараптан кардар жана бенефициардык ээси жөнүндө зарыл маалыматты, кардардын жана бенефициардык ээсинин анкеталарынын көчүрмөлөрүн, ошондой эле кардарга талаптагыдай текшерүүнүн натыйжасында алынган башка документтердин көчүрмөлөрүн алуу.
Жогоруда көрсөтүлгөн талаптар сакталган учурда кардарга талаптагыдай текшерүүнүн натыйжасында түзүлгөн бардык маалыматтар жана документтер алынгандан кийин иштиктүү мамилелер түзүлөт же операциялар (бүтүмдөр) жасалат.
Банк сырын түзгөн маалыматтар кардардын жазуу жүзүндөгү макулдугунун негизинде берилет.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын көзөмөлүндөгү юридикалык жактардан тышкары, финансылык мекеме жогорку тобокелдиктеги өлкөлөрдүн тизмесине кирбеген юрисдикциялардын резиденти болуп саналган үчүнчү жак (финансылык мекеме) тарабынан жүргүзүлгөн чет мамлекеттин жараны болгон кардарды идентификациялоо жана верификациялоо боюнча чараларга таянууга укуктуу. Мындай аутсорсингге үчүнчү жак тарабынан чогултулган идентификациялык маалыматтарга дароо жетүү мүмкүнчүлүгү финансылык уюм тарабынан камсыз кылынган шартта жазуу жүзүндөгү макулдашуунун негизинде гана жана финансылык мекеменин үчүнчү тарап чет элдик компетенттүү органдар тарабынан КИК/ККЛК чөйрөсүндө адекваттуу көзөмөлдөнүүгө тийиш экендигине ишеними болгон учурда жол берилет. Жүргүзүлгөн идентификациялоонун жана верификациялоонун сапаты үчүн акыркы жоопкерчилик Кыргыз Республикасынын финансылык мекемесинде калат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 7-июлундагы № 463 токтомунун редакциясына ылайык)
48. Кардарга талаптагыдай текшерүү өз убагында жана сапаттуу аткаруу үчүн жоопкерчилик үчүнчү тарапка таянган финансылык мекемелерге жана финансылык эмес категориядагы жактарга жүктөлөт.
8-глава. Кардарга талаптагыдай текшерүү аткаруу мүмкүн болбогон жана шектенүүлөр пайда болгон учурда колдонулуучу чаралар
49. Кардарга талаптагыдай текшерүү жүргүзүү үчүн зарыл болгон маалыматтар жана (же) документтер кардар тарабынан берилбеген же кардарга талаптагыдай текшерүү жүргүзүү мүмкүн болбогон учурда финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар "Кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-беренесинин 5-бөлүгүндө каралган чараларды көрөт.
50. Эгерде кардар менен иштиктүү мамилелерди түзүү убагында же иштиктүү мамилелерди түзүүнүн жүрүшүндө, же бир жолку операцияларды (бүтүмдөрдү) жүргүзүүдө операциялар (бүтүмдөр) кылмыштуу ишти каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) менен байланышкандыгына шектенүүлөр пайда болсо, финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар төмөнкүдөй чараларды көрүүгө тийиш:
1) ар кандай бөтөнчөлүктөргө же белгиленген чектик маанилерге карабастан кардарга жана бенефициардык ээсине идентификация жана верификация жүргүзүү;
2) иштиктүү мамилелерге же операцияга (бүтүмгө) ар тараптуу талдоо жүргүзүү жана иштиктүү мамилелерди же операцияны (бүтүмдү) шектүү деп таануу жөнүндө чечим кабыл алуу;
3) шектүү операцияны (бүтүмдү) токтото туруу жана белгиленген тартипте операция (бүтүм) шектүү деп таанылган учурдан тартып беш сааттын ичинде шектүү операция (бүтүм) жөнүндө билдирүүнү финансылык чалгындоо органына жиберүү;
4) кардар менен иштиктүү мамилелерди токтото туруу же токтотуу.
51. Эгерде финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар кардарга талаптагыдай текшерүү жүргүзүү пайда болгон шектенүүлөр жөнүндө маалыматтын ачыкка чыгышына алып келе тургандыгына ынанса, финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар кардарды талаптагыдай текшерүү чараларын колдонбойт, шектүү операцияны (бүтүмдү) токтото турат жана шектүү операция (бүтүм) жөнүндө билдирүүнү финансылык чалгындоо органына жиберет.
9-глава. Кардарга талаптагыдай текшерүүнүн натыйжасында алынган маалыматтарды жана документтерди документ түрүндө жазуу жана жаңылоо
52. Идентификациялоонун натыйжасында алынган кардар, бенефициардык ээси жана пайда табуучу жөнүндө маалыматтар кардардын тибине (жеке жак же юридикалык жак) жараша кардардын анкетасына жана бенефициардык ээсинин анкетасына жазылып белгиленет.
Эгерде кардардын атынан ишенимдүү жак иш алып барса, финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар мындай жакты идентификациялоонун жана верификациялоонун натыйжасында алынган маалыматтарды документ түрүндө жазууга милдеттүү.
53. Кардардын, коомдук кызмат адамынын жана бенефициардык ээсинин анкеталары мыйзамдардын талаптарына ылайык маалыматтын сакталышын камсыз кылуучу коопсуздук системасы финансылык мекемелерде жана финансылык эмес категориядагы жактарда орнотулган шартта электрондук түрдө толтурулат жана сакталат. Анкетанын маалыматтары кагаз бетине түшүрүлүүдө финансылык мекеменин жана финансылык эмес категориядагы жактын жооптуу кызматчысынын колтамгасы менен күбөлөндүрүлөт.
Кардардын, коомдук кызмат адамынын жана бенефициардык ээсинин анкеталарына кардардын же кардардын өкүлүнүн колтамгасы коюлбайт.
Резиденттер болуп саналган кардардын жана коомдук кызмат адамынын анкеталарын толтурууда Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жеткиликтүү маалыматтар базаларын пайдалануу менен автоматташтырылган маалыматтык системалар колдонулушу мүмкүн.
Кардар же кардардын өкүлү (кардардын ишенимдүү адамы) жеке маалыматтарды чогултууга жана иштетүүгө, анын ичинде кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында белгиленген форма боюнча макулдук берүүгө тийиш. Субъекттин макулдугу жазуу жүзүндө кагаз түрүндө же болбосо электрондук колтамга коюлган электрондук документ түрүндө билдирилүүгө тийиш.
54. Кардардын жана бенефициардык ээсинин анкеталары төмөнкүдөй учурларда жаңыртылат:
1) кардардык документтер (алардын негизинде верификация жүргүзүлгөн документтер) өзгөрүлгөндө;
2) кардардын анкетасы жана бенефициардык ээсинин анкетасы боюнча жаңы маалымат кардар тарабынан берилгенде же финансылык мекеме жана финансылык эмес категориядагы жак тарабынан табылганда;
3) тейленип жүргөн кардар боюнча маалыматтардын жетишсиздигинин акылга сыярлык негиздери болгондо;
4) анкетаны жаңылоо мөөнөтү аяктаганда (тобокелдиктин деңгээлине жараша).
55. Кардардын жана бенефициардык ээсинин анкеталарын толтурууда финансылык мекеменин жана финансылык эмес категориядагы жактын компетенттүү кызматчысы (кызматчылары) кардардын анкетасында көрсөтүлгөн маалымат толук жана ишенимдүү экендигин жазуу жүзүндө ырастоого тийиш.
56. Кардардын жана (же) бенефициардык ээсинин анкеталарында камтылган маалыматтар өзгөрүлгөн учурда кардар жаңыланган маалыматты жана документтерди өзгөрүүлөр болгон күндөн тартып беш жумуш күндөн кечиктирбестен финансылык мекемеге жана финансылык эмес категориядагы жакка берүүгө милдеттүү. Финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар көрсөтүлгөн маалыматтар алган учурдан тартып бир жумуш күндүн ичинде жаңыланган маалыматтарды кардардын жана (же) бенефициардык ээсинин анкеталарына киргизүүгө тийиш.
57. Кардардын жана бенефициардык ээсинин анкеталарында көрсөтүлгөн маалыматтар финансылык мекемелердин жана финансылык эмес категориядагы жактардын электрондук маалыматтар базасында жазылууга жана сакталууга тийиш.
Финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар кардарга талаптагыдай текшерүүнү жүзөгө ашырган өз кызматчыларына, анын ичинде ички контроль кызматына кардардын жана бенефициардык ээсинин электрондук маалыматтар базасына ыкчам жана дайыма жетүү мүмкүндүгүн камсыздайт.
Финансылык мекеменин кызматкерлери жана финансылык эмес категориядагы адамдар кардарды талаптагыдай текшерүүнүн жүрүшүндө алынган маалыматтардын сакталышы жана ачыкка чыкпоосу үчүн жеке жоопкерчилик тартат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 7-июлундагы № 463 токтомунун редакциясына ылайык)
58. Финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар кардардын жана бенефициардык ээсинин анкеталарында каралган маалыматтарды жана кардарга талаптагыдай текшерүүнүн жүрүшүндө алынган документтердин көчүрмөлөрүн, биринчи кезекте жогорку тобокелдиктеги кардарларга же жогорку тобокелдиги бар иштиктүү мамилелерге карата үзгүлтүксүз жаңылап турууга тийиш.
Кардардын жана бенефициардык ээсинин анкеталарында каралган маалыматтарды жана кардарга талаптагыдай текшерүүнүн жүрүшүндө алынган документтердин көчүрмөлөрүн жаңылоо мөөнөттөрү финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар тарабынан тобокелдиктерди баалоону эске алуу менен аныкталат.
Кардардын, коомдук кызмат адамынын жана бенефициардык ээсинин анкеталары кардардан маалыматтарды жана сканерленген документтерди корголгон жана текшерилген электрондук байланыш каналдары (мобилдик тиркеме/интернет-сервис/электрондук почта) аркылуу, анын ичинде кардардын электрондук колтамгасын колдонуу менен алуу жолу менен алыстан режимде жаңыртылышы мүмкүн.
Финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар кардардын, коомдук кызмат адамынын жана бенефициардык ээсинин анкеталарындагы маалыматтардын актуалдуулугу жана аныктыгы үчүн жоопкерчилик тартат.
59. Финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар кардар менен иштиктүү мамилелерди түзүү жөнүндө келишимди түзүүдө кардардын жана (же) бенефициардык ээсинин анкеталарында көрсөтүлгөн маалыматтар жаңыланган учурда маалыматты жана документтердин көчүрмөлөрүн тезинен берүү тууралуу кардардын милдетин келишимде кароого тийиш.
60. Финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар "Кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесине ылайык маалыматтарды жана документтерди сактоого милдеттүү.
10-глава. Кардар менен иштиктүү мамилелерди талаптагыдай текшерүүнү туруктуу негизде жүргүзүү
61. Финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар иштиктүү мамилелердин масштабына жана тобокелдик деңгээлине жараша кардар менен иштиктүү мамилелердин бүткүл мезгил аралыгында кардарды талаптагыдай текшерүү чараларын көрүүгө милдеттүү.
62. Финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар кардар менен иштиктүү мамилелерди талаптагыдай текшерүүнү туруктуу негизде жүргүзүүгө милдеттүү, ага төмөнкүлөр кирет:
1) кардар тарабынан жүргүзүлгөн операциялардын (бүтүмдөрдүн) кардар, анын чарбалык иши, финансылык абалы жана каражаттарынын булагы жөнүндө, ошондой эле тобокелдиктердин мүнөзү жөнүндө колдо болгон маалыматтарга шайкештигин кылдаттык менен талдоо;
2) кардар жөнүндө колдо болгон, биринчи кезекте жогорку тобокелдиктеги кардарларга карата маалыматты текшерүү жана жаңылоо жолу менен кардарды талаптагыдай текшерүүнүн натыйжасында алынган маалыматтарды жана документтерди актуалдуу абалда жана тиешелүү түрдө сактоо.
63. Финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар тобокелдикке салынган мамилени колдонуу аркылуу кардар менен иштиктүү мамилелерди жөнөкөйлөтүлгөн же күчөтүлгөн текшерүүнү колдонот.
11-глава. Эл аралык корреспонденттик банктык жана ушул сыяктуу мамилелерди түзүүдө көрүлүүчү чаралар
64. Чет өлкөлүк банктар жана финансылык мекемелер (респондент-мекеме) менен эл аралык корреспонденттик банктык жана ушул сыяктуу мамилелерди түзүүдө финансылык мекемелер (корреспондент-мекеме) төмөнкүдөй кошумча чараларды (кардарды талаптагыдай текшерүү чараларына кошумча) көрүүгө милдеттүү:
1) респондент-мекеменин иши, анын финансылык абалы жана иш бедели жөнүндө, көзөмөлдөө ишинин сапаты жөнүндө, ошондой эле контролдоочу орган тарабынан таасир этүү чараларын колдонуу же КИК/ККЛК чөйрөсүндөгү мыйзамдарды бузгандыгы үчүн жоопкерчиликке тартуу жөнүндө маалыматтарды чогултууга;
2) респондент-мекеме тарабынан көрүлүүчү КИК/ККЛК чараларына баалоо жүргүзүүгө;
3) финансылык мекеменин жетекчисинен корреспонденттик мамилелерди түзүүгө уруксат алууга;
4) тараптардын (респондент-мекеме жана корреспондент-мекеме) ар биринин конкреттүү жоопкерчилигин аныктоого.
65. Үчүнчү тараптар бизнес жүргүзүү үчүн өз атынан түздөн-түз колдонгон корреспонденттик эсептерге (мындан ары - өтмө эсептер) карата финансылык мекемелер респондент-мекеме тууралуу төмөнкүдөй канааттандырарлык ырастоону алууга милдеттүү:
1) корреспондент-мекеменин эсептерине түз жетүү мүмкүндүгүнө ээ болгон өз кардарына карата кардарга талаптагыдай текшерүү жүргүзгөндүгүн;
2) корреспондент-мекеменин суроо-талабы боюнча кардарды талаптагыдай текшерүү жана өтмө эсептер боюнча колдо болгон маалыматты берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ экендигин;
3) обочо банктарга өз эсептерин колдонууга уруксат бербегендигин.
12-глава. Эл аралык электрондук акча которууларды жана Кыргыз Республикасынын ичинде электрондук акча которууларды жүзөгө ашырууда кардарга талаптагыдай текшерүү жүргүзүү тартиби
66. Электрондук акча которууну жүргүзүүдө финансылык мекемелер төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) акча которуунун жөнөтүүчүсү жана алуучусу жөнүндө талап кылынган маалыматтарды түзүүгө;
2) акча которуунун жөнөтүүчүсү жана алуучусу жөнүндө талап кылынган маалыматтардын электрондук акча которуунун ажыратылгыс бөлүктөрү болуп саналуусун жана төлөмдү жүргүзүүнүн жүрүшүндө электрондук акча которууну коштоп жүрүүсүн камсыз кылууга;
3) электрондук акча которууларга мониторинг жүргүзүүгө жана жөнөтүүчү жана (же) алуучу жөнүндө маалымат болбогон электрондук акча которууларды аныктоого жана кардарды талаптагыдай текшерүүнүн тиешелүү чараларын көрүүгө;
4) акча которуунун жөнөтүүчүсүн жана алуучусун санкциялык тизмектерде бар же жок экендигин текшерүү;
5) электрондук акча которууну тоңдуруу жана акча которуунун жөнөтүүчүсү жана (же) алуучусу санкциялык тизмектерде бар болгон учурда бул тууралуу үч сааттын ичинде финансылык чалгындоо органына билдирүү.
67. Эл аралык электрондук акча которууларды коштоочу маалыматта төмөнкүдөй маалыматтар камтылууга тийиш:
1) жөнөтүүчү - жеке жактын фамилиясы, аты жана атасынын аты же жөнөтүүчү - юридикалык жактын аталышы;
2) эгерде электрондук акча которууну жүзөгө ашырууда эсеп пайдаланылса, жөнөтүүчүнүн (жеке же юридикалык жак) эсебинин номери;
3) жөнөтүүчү - жеке жактын паспорттук маалыматтары же салык төлөөчүнүн идентификациялык номери же жөнөтүүчү - юридикалык жактын чет өлкөлүк уюмунун коду;
4) кардардын идентификациялык номери;
5) алуучунун - жеке жактын аты-жөнү же алуучунун -юридикалык жактын аталышы;
6) эгер электрондук акча которууну жүзөгө ашырууда эсеп пайдаланылса, алуучунун эсебинин номери.
Эсеп жок болгон учурда, электрондук акча которууга байкоо жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кыла турган электрондук акча которуунун уникалдуу номери көрсөтүлөт.
Эл аралык электрондук акча которууну жүзөгө ашырган финансылык мекеме кылмыштуу ишти каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) тууралуу шек саналса, кардарга тиешелүү жогоруда аталган маалыматтарды текшерет.
68. Алуучуларга берүү үчүн бир жөнөтүүчүнүн эл аралык электрондук которууларын бир пакеттик файлга бириктирген учурда, пакеттик файл ушул Жобонун 67-пунктунда көрсөтүлгөн маалыматтарды камтууга тийиш.
69. Кыргыз Республикасынын ичиндеги электрондук акча которууларды коштоочу маалымат төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
1) жөнөтүүчүнүн - жеке жактын аты-жөнү же жөнөтүүчүнүн -юридикалык жактын аталышы же болбосо жөнөтүүчүнүн (жеке же юридикалык жактын) эсебинин номери, эгерде электрондук акча которууну жүзөгө ашырууда эсеп же электрондук акча которууга байкоо жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кыла турган электрондук акча которуунун уникалдуу номери пайдаланылса;
2) алуучунун - жеке жактын аты-жөнү же алуучунун -юридикалык жактын аталышы же болбосо алуучунун (жеке же юридикалык жактын) эсебинин номери, эгерде электрондук акча которууну жүзөгө ашырууда эсеп пайдаланылса.
70. Электрондук акча которууну жөнөтүп жаткан финансылык мекеме төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) электрондук акча которуу ушул Жобонун 67-69-пункттарында көрсөтүлгөн толук маалымат менен коштолуусун камсыз кылууга;
2) эгерде ушул Жобонун 67-69-пункттарында көрсөтүлгөн коштоочу маалымат жок болсо, электрондук акча которууну жүргүзбөөгө.
71. Электрондук акча которуу транзит аркылуу жүзөгө ашырыла турган финансылык мекеме (транзиттик финансылык мекеме) төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) жөнөтүүчү же алуучу тууралуу талап кылынган маалыматы жок электрондук акча которууну таап чыгуу үчүн чараларды көрүүгө;
2) жөнөтүүчү же алуучу тууралуу талап кылынган маалыматы жок электрондук акча которууну аткаруу, четтетүү же токтото туруу жөнүндө, ошондой эле андан аркы жасала турган аракеттер жөнүндө маселени чечүү үчүн тобокелдикти азайтууга багытталган саясаты жана жол-жоболору болууга.
72. Электрондук акча которууну алуучу финансылык мекеме төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) жөнөтүүчү жана алуучу тууралуу зарыл маалыматы жок болгон электрондук акча которууларды текшерүүгө жана аныктоого;
2) электрондук акча которууну алуучунун ким экендигин аныктоого жана текшерүүгө, эгерде мурда текшерилбеген болсо;
3) жөнөтүүчү жана алуучу жөнүндө талап кылынган маалыматы жок электрондук акча которууну аткаруу, четке кагуу же токтото туруу, ошондой эле электрондук акча которууну артка кайтаруу боюнча андан аркы аракеттер тууралуу маселени чечүү үчүн тобокелдикти азайтууга багытталган саясатты жана жол-жоболорду колдонууга.
73. Электрондук акча которууну жөнөтүүчү же алуучу, же болбосо ал аркылуу транзиттик электрондук которуу жүргүзүлгөн финансылык мекеме (транзиттик финансылык мекеме) электрондук акча которууну коштогон жөнөтүүчү же алуучу тууралуу бардык маалыматты операция аяктагандан, же кардар менен иштиктүү мамиле токтогондон, же эсеп жабылган учурдан тартып беш жылдан кем эмес сактоого милдеттүү.
Бул маалыматтар жүргүзүлгөн операциянын (бүтүмдүн) мүнөзүн калыбына келтирүүгө же операциянын (бүтүмдүн) бардык тизмектерин калыбына келтирүү жолу менен каражаттарга байкоо жүргүзүүгө жана зарыл учурда Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза процессуалдык мыйзамдарына ылайык тергөөдө жана соттук териштирүүдө далил катары колдонууга мүмкүндүк берген жетиштүү көлөмдө сакталууга тийиш.
Электрондук акча которууну коштогон жөнөтүүчү же алуучу тууралуу толук маалыматты сактоого техникалык каражаттар мүмкүнчүлүк бербеген учурларда, алуучу транзиттик финансылык мекеме жөнөтүүчү финансылык мекемеден же башка транзиттик финансылык мекемеден алынган бардык маалыматтын жазуусун беш жылдан кем эмес сактоого милдеттүү.
74. Электрондук акча которууларды жөнөтүүчү жана алуучу тууралуу маалыматтар төмөнкүлөрдүн талабы боюнча берилет:
1) финансылык чалгындоо органынын жана тийиштүү текшерүү органынын;
2) Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза процессуалдык мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын укук коргоо органынын, улуттук коопсуздук органынын, прокуратура органынын;
3) идентификациялоону жеңилдетүү жана шектүү операциялар (бүтүмдөр) тууралуу билдирүүлөрдү жөнөтүү, ошондой эле максаттуу финансылык санкцияларды колдонуу боюнча талаптарды аткаруу үчүн жөнөтүүчү, транзиттик жана алуучу финансылык мекемелердин.
Ушул пунктта көрсөтүлгөн субъекттердин суроо-талаптары боюнча электрондук акча которууну жөнөтүүчү жана алуучу тууралуу маалымат суроо-талап алынгандан кийин үч жумуш күндүн ичинде, анын ичинде электрондук форматта берилет.
75. Эгерде акчаны жана баалуулуктарды которуу кызматтарын көрсөтүүчү, электрондук акча которууну жөнөтүүчү жана (же) алуучу тарапты контролдоочу операторлор шектүү электрондук акча которууну аныктаса, анда ушул операторлор шектүү электрондук акча которуу менен байланышкан кайсы болбосун өлкөнүн финансылык чалгындоо органына беш сааттын ичинде шектүү операция тууралуу билдирүүнү жана электрондук акча которуу жөнүндө тиешелүү маалыматты жиберүүгө милдеттүү.
Акчаны жана баалуулуктарды которуу боюнча кызматтарды көрсөтүүчү операторлордун ишин жөнгө салуу тартиби Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө мыйзамдарына ылайык аныкталат.
76. Бул Жобонун 66-75-пункттарында каралган ченемдер төмөнкү операцияларга колдонулбайт:
1) эгерде кредиттик, дебеттик же алдын ала төлөө картасынын номери ушул операция менен байланышкан бардык которууларды коштосо, кредиттик, дебеттик же товарларды сатып алуу же кызмат көрсөтүүлөргө төлөө үчүн алдын ала төлөө картасын пайдалануу менен жүзөгө ашырылган каалагандай электрондук акча которуулар. Кредиттик, дебеттик же алдын ала төлөө карталары жеке жактардын ортосундагы электрондук акча которууларды жүзөгө ашыруу үчүн төлөм системасы катары пайдаланылган учурда, бул операция электрондук акча которуу болуп саналат;
2) эгерде жөнөтүүчү жана алуучу өзүнүн атынан иш жүргүзгөн финансылык мекемелер болсо, финансылык мекемелердин өздөрүнүн арасындагы которуулар жана эсептешүүлөр.
|
| Кардарга талаптагыдай текшерүү жүргүзүү тартиби жөнүндө жобого 1-тиркеме |
Кардар - жеке жактын анкетасынын ТИПТҮҮ ФОРМАСЫ
Анкетанын түрү (керектүүсүнүн асты сызылат) | ||
Баштапкы анкета | Жаңыланган анкета | |
| ||
№ | Анкетанын тилкелеринин аталышы | Кардар жөнүндө маалыматтар |
1-глава. Идентификациялык маалыматтар | ||
1 | Кардардын статусу (керектүүсүнүн асты сызылат) | 1) резидент; 2) резидент эмес |
2 | Фамилиясы |
|
3 | Аты |
|
4 | Атасынын аты (бар болсо) |
|
5 | Туулган датасы |
|
6 | Туулган жери (документте бар болсо) |
|
7 | Улуту (документте бар болсо) |
|
8 | Жынысы |
|
9 | Жарандыгы |
|
10 | Үй-бүлөлүк абалы (кардардын сөзүнөн же документте бар болсо) |
|
11 | Ким экендигин күбөлөндүрүүчү документтин реквизиттери: |
|
1) Документтин аталышы |
| |
2) Документтин сериясы жана номери |
| |
3) Документтин берилген датасы |
| |
4) Документтин колдонуу мөөнөтү аяктаган датасы |
| |
5) Документти берген органдын аталышы |
| |
6) Бөлүмдүн коду (эгер бар болсо) |
| |
12 | Жеке идентификациялык номери |
|
13 | Катталган жеринин дареги (документте бар болсо) | Бул тилкеде төмөнкүлөр көрсөтүлөт: өлкө, облус, шаар, район, калктуу конуш, көчө, үй, корпус, батир |
14 | Иш жүзүндөгү жашаган же жүргөн жеринин дареги (кардардын сөзүнөн) | Бул тилкеде төмөнкүлөр көрсөтүлөт: өлкө, облус, шаар, район, калктуу конуш, көчө, үй, корпус, батир |
15 | Кардардын байланыш маалыматтары: |
|
1) Телефондорунун номерлери (үй, кызматтык жана мобилдик) |
| |
2) Факстын номери (бар болсо) |
| |
3) Электрондук почтасынын дареги (бар болсо) |
| |
Чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн гана толтурулат | ||
16 | Чет өлкөлүк жарандын же жарандыгы жок адамдын Кыргыз Республикасында жүрүү (жашоо) укугун ырастоочу документтин реквизиттери: |
|
1) Документтин аталышы (керектүүсүнүн асты сызылат) | 1) жашап турууга уруксат; 2) убактылуу жашап турууга уруксат; 3) виза | |
2) Документтин сериясы (эгер бар болсо) жана номери |
| |
3) Жүрүү (жашоо) укугунун колдонуу мөөнөтү башталган датасы |
| |
4) Жүрүү (жашоо) укугунун колдонуу мөөнөтү аяктаган датасы |
| |
2-глава. Кардардын иштиктүү профили жөнүндө маалыматтар | ||
17 | Кардардын максаты жана иштиктүү мамилелердин болжолдуу мүнөзү |
|
18 | Кардар коомдук кызмат адамы (ККА) болуп саналабы (керектүүсүнүн асты сызылат) | 1) ооба; 2) жок. Эгер ККА болсо, ККА анкетасы толтурулат |
19 | Кардардын бенефициардык ээси бар экендиги жөнүндө маалымат (керектүүсүнүн асты сызылат) | 1) бар; 2) жок. Эгер бар болсо, бенефициардык ээсинин анкетасы толтурулат |
20 | Кардардын акча каражаттарын же мүлктү тескөө боюнча ыйгарым укуктарын күбөлөндүргөн документтери жөнүндө маалымат (кол тамгалардын үлгүлөрүнүн карточкасына ылайык) |
|
Жеке ишкер үчүн гана толтурулат | ||
21 | Жеке ишкер катары катталгандыгы жөнүндө маалыматтар: |
|
1) Катталган датасы |
| |
2) Мамлекеттик каттоо номери |
| |
3) Каттаган органдын аталышы |
| |
4) Катталган жери |
| |
22 | Патент же лицензия жөнүндө маалыматтар: |
|
1) Патенттин же лицензиянын түрү |
| |
2) Патенттин же лицензиянын номери |
| |
3) Патенттин же лицензиянын берилген датасы |
| |
4) Патент же лицензия ким тарабынан берилген |
| |
5) Патенттин же лицензиянын колдонуу мөөнөтү |
| |
6) Уруксат берилген же лицензияланган иштин түрлөрүнүн тизмеги |
| |
3-глава. Кардарды верификациялоо, текшерүү жана тобокелдиктин деңгээли жөнүндө маалыматтар (финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар тарабынан толтурулат) | ||
23 | Кардарга верификация жүргүзүлгөндүгү жана верификациянын натыйжалары жөнүндө маалыматтар (керектүүсүнүн асты сызылат) | 1) жүргүзүлдү; 2) жүргүзүлгөн жок; 3) башка эскертүү; 4) жүргүзүлгөн датасы: |
24 | Кардарды санкциялык тизмектерде текшерүү жөнүндө жана текшерүүнүн натыйжалары жөнүндө маалыматтар (керектүүсүнүн асты сызылат) | 1) санкциялык тизмекте жок; 2) санкциялык тизмекте бар; 3) текшерилген датасы жана убактысы |
25 | Кардарды кылмыштуу ишти жасагандыгы, ошондой эле ушул ишти каржылагандыгы үчүн жаза өтөгөн жеке жактардын тизмегинде текшерүү жөнүндө жана текшерүүнүн натыйжалары жөнүндө маалыматтар (керектүүсүнүн асты сызылат) | 1) санкциялык тизмекте жок; 2) санкциялык тизмекте бар; 3) текшерилген датасы жана убактысы |
26 | Тобокелдиктин даражасы (деңгээли) (керектүүсүнүн асты сызылат) | 1) жогорку тобокелдик; 2) төмөнкү тобокелдик |
27 | Тобокелдиктин даражасын (деңгээлин) баалоонун негиздемеси (жогорку тобокелдик критерийлери боюнча) |
|
28 | Анкетада баяндалган маалыматтардын толтурулган же акыркы жаңыланган датасы (кардардын анкетасында маанилүү өзгөртүүлөр жана толуктоолор болбогон учурда жаңы анкета толтурулбайт) |
|
29 | Анкетада баяндалган маалыматтардын кезектеги жаңыланган датасы (тобокелдикти баалоонун натыйжасынын негизинде) |
|
30 | Ушул анкетада көрсөтүлгөн маалыматтар маалыматар базасына киргизилген дата жана финансылык мекеменин жана финансылык эмес категориядагы жактын жооптуу кызматчысынын аты-жөнү | датасы: аты-жөнү |
Мен, ________________________________________________________________________,
(анкетаны толтурган кызматкердин аты-жөнү)
ушул анкетада көрсөтүлгөн маалыматтардын аныктыгын ырастайм.
"Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына ылайык Кыргыз Республикасынын кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын талаптарын аткаруу максатында жеке маалыматтарды иштеп чыгууга макулдук алынды.
_______________________________________ | ____________________________________ | 20___-ж. "____" ___________________ |
(аты-жөнү) | (колу) | (датасы) |
|
|
|
| М.О. (бар болсо) |
|
|
| Кардарга талаптагыдай текшерүү жүргүзүү тартиби жөнүндө жобого 2-тиркеме |
Кардар - юридикалык жактын анкетасынын ТИПТҮҮ ФОРМАСЫ
Анкетанын түрү (керектүүсүнүн асты сызылат) | ||
Баштапкы анкета | Жаңыланган анкета | |
| ||
№ | Анкетанын тилкелеринин аталышы | Кардар жөнүндө маалыматтар |
1-глава. Идентификациялык маалыматтар | ||
1 | Кардардын статусу (керектүүсүнүн асты сызылат) | 1) резидент; 2) резидент эмес |
2 | Толук аталышы |
|
3 | Кыскартылган аталышы (эгер бар болсо) |
|
4 | Чет тилдеги аталышы (эгер бар болсо) |
|
5 | Уюштуруу-укуктук формасы |
|
6 | Салык төлөөчүнүн идентификациялык номери (резидент үчүн) |
|
7 | Салык төлөөчүнүн идентификациялык номери же резидент эмес үчүн чет өлкөлүк уюмдун коду (эгер бар болсо) |
|
8 | Мамлекеттик каттоо жөнүндө маалыматтар: |
|
1) Датасы |
| |
2) Номери |
| |
3) Каттоочу органдын аталышы |
| |
4) Катталган жери (юридикалык дареги) | Бул тилкеде төмөнкүлөр көрсөтүлөт: өлкө, облус, шаар, район, калктуу конуш, көчө, үй, корпус, батир | |
9 | Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун каттоо номери (резидент үчүн) |
|
10 | ИУЖК коду (резидент үчүн) |
|
11 | Иштин түрү (мүнөзү) |
|
12 | Менчиктин түрү |
|
13 | Банктык идентификациялык код (коммерциялык банктар-резиденттер үчүн) |
|
14 | Кардардын байланыш маалыматтары: |
|
1) Телефондорунун номерлери (кызматтык жана мобилдик) |
| |
2) Факстын номери (бар болсо) |
| |
3) Электрондук почтасынын дареги (бар болсо) |
| |
4) Иш жүзүндө турган жеринин дареги жана почта дареги (иш жүзүндө турган жери юридикалык дарегинен айырмаланган учурда толтурулат) | Бул тилкеде төмөнкүлөр көрсөтүлөт: өлкө, облус, шаар, район, калктуу конуш, көчө, үй, корпус, батир | |
2-глава. Кардар - юридикалык жактын уставдык документтерине тиешелүү маалыматтар | ||
15 | Юридикалык жактын органдары жөнүндө маалыматтар (юридикалык жактын башкаруу органдарынын түзүмү жана персоналдык курамы): |
|
1) Органдын аталышы |
| |
2) Башкаруу органынын мүчөлөрүнүн аты-жөнү |
| |
3) Кол коюуга укугу бар кызмат адамдары (ишенимдүү жактар) |
| |
16 | Акча каражаттарын же мүлктү тескөө боюнча ыйгарым укуктарын ырастаган документтер жөнүндө маалыматтар (кол тамгалардын үлгүлөрүнүн карточкасына ылайык) |
|
17 | Катталган жана төлөнгөн уставдык (сакталган) капиталдын көлөмү же уставдык фонддун, мүлктүн көлөмү жөнүндө маалыматтар |
|
18 | Юридикалык жактын, анын туруктуу иштеген башкаруу органынын, башка органынын же Кыргыз Республикасынын аймагында ишеним катсыз юридикалык жактын атынан иш алып барууга укугу бар жактын жайгашкан орду боюнча бардыгы же жоктугу жөнүндө маалыматтар |
|
19 | Юридикалык жактын филиалдары жана өкүлчүлүктөрү жөнүндө маалыматтар (эгер бар болсо) |
|
20 | Юридикалык жактын бенефициардык ээси жөнүндө маалыматтар (керектүүсүнүн асты сызылат) | 1) резидент; 2) резидент эмес. Бенефициардык ээсинин анкетасы толтурулат |
21 | Кардар - юридикалык жактын менчигинин (башкаруусунун) түзүмүндө коомдук кызмат адамынын (ККА) бардыгы жөнүндө маалыматтар (керектүүсүнүн асты сызылат) | 1) бар; 2) жок. ККА болсо, ККА анкетасы толтурулат |
3-глава. Кардардын иштиктүү профили жөнүндө маалыматтар | ||
22 | Лицензиялана турган ишти жүзөгө ашыруу укугуна лицензия жөнүндө маалыматтар (бар болсо): |
|
1) Лицензиянын түрү |
| |
2) Лицензиянын номери |
| |
3) Лицензиянын берилген датасы |
| |
4) Лицензия ким тарабынан берилген |
| |
5) Лицензиянын колдонуу мөөнөтү |
| |
6) Лицензиялануучу иштин түрлөрүнүн тизмеги |
| |
23 | Иштин негизги түрлөрү, анын ичинде өндүрүлүүчү товарлар, аткарылуучу иштер, көрсөтүлүүчү кызматтар |
|
24 | Кардардын максаты жана иштиктүү мамилелердин болжолдуу мүнөзү |
|
4-глава. Кардарды верификациялоо, текшерүү жана тобокелдиктин деңгээли жөнүндө маалыматтар (финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар тарабынан толтурулат) | ||
25 | Кардарга верификация жүргүзүлгөндүгү жана верификациянын натыйжалары жөнүндө маалыматтар (керектүүсүнүн асты сызылат) | 1) жүргүзүлдү; 2) жүргүзүлгөн жок; 3) башка эскертүү; 4) жүргүзүлгөн датасы: |
26 | Кардарды санкциялык тизмектерде текшерүү жана текшерүүнүн натыйжалары жөнүндө маалыматтар (керектүүсүнүн асты сызылат) | 1) санкциялык тизмекте жок; 2) санкциялык тизмекте бар; 3) текшерилген датасы жана убактысы: |
27 | Тобокелдиктин даражасы (деңгээли) (керектүүсүнүн асты сызылат) | 1) жогорку тобокелдик; 2) төмөнкү тобокелдик |
28 | Тобокелдиктин даражасын (деңгээлин) баалоонун негиздемеси (жогорку тобокелдик критерийлери боюнча) |
|
29 | Анкетада баяндалган маалыматтардын толтурулган же акыркы жолу жаңыланган датасы (кардардын анкетасында маанилүү өзгөртүүлөр жана толуктоолор болбогон учурда жаңы анкета толтурулбайт) |
|
30 | Анкетада баяндалган маалыматтардын кезектеги жаңыланган датасы (кардардын тобокелдигин баалоонун негизинде) |
|
31 | Ушул анкетада көрсөтүлгөн маалыматтар маалыматтар базасына киргизилген дата жана финансылык мекеменин жана финансылык эмес категориядагы жактын жооптуу кызматчысынын аты-жөнү | датасы: аты-жөнү |
Мен, _____________________________________________________________________,
(анкетаны толтурган кызматкердин аты-жөнү)
ушул анкетада көрсөтүлгөн маалыматтардын аныктыгын ырастайм.
"Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына ылайык Кыргыз Республикасынын кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын талаптарын аткаруу максатында жеке маалыматтарды иштеп чыгууга макулдук алынды.
_______________________________________ | ____________________________________ | 20___-ж. "____" ___________________ |
(аты-жөнү) | (колу) | (датасы) |
|
|
|
| М.О. (бар болсо) |
|
|
| Кардарга талаптагыдай текшерүү жүргүзүү тартиби жөнүндө жобого 3-тиркеме |
Бенефициардык ээсинин анкетасынын ТИПТҮҮ ФОРМАСЫ
Анкетанын түрү (керектүүсүнүн асты сызылат) | ||
| Баштапкы анкета | Жаңыланган анкета |
| ||
№ | Анкетанын тилкелеринин аталышы | Маалыматтар |
1-глава. Жалпы маалыматтар | ||
1 | Бенефициардык ээсинин тиби (керектүүсүнүн асты сызылат) | 1) кардар - юридикалык жактын бенефициардык ээси; 2) кардар - жеке жактын бенефициардык ээси |
2 | Бенефициардык ээсинин кызыкчылыгында аракеттенген кардардын аталышы | Бул тилкеде кардар - юридикалык жактын толук аталышы жана ИСН (ЧУК) же кардар - жеке жактын аты-жөнү жана ИСН көрсөтүлөт |
3 | Кардардын | анкетасынын номери жана датасы (бар болсо) |
4 | Жеке жакты бенефициардык ээси катары таануу үчүн критерийлер (керектүүсүнүн асты сызылат) | Юридикалык жактын 25 жана андан ашык пайызына ээлик кылуу аркылуу контролдоо: 1) жеке жак натыйжада түз же кыйыр (үчүнчү жактар аркылуу) кардар - юридикалык жактын үстүнөн ээлик кылат же контроль жүргүзөт же болбосо кардар - юридикалык жактын капиталына же активдерине ээлик кылуунун (башкаруунун) артыкчылыктарын пайдаланат (кардар - юридикалык жактын уставдык капиталында көбүрөөк катышка ээ (25 жана андан ашык %ына ээ) же добуш берүү укугу менен кардар - юридикалык жактын акцияларынын жалпы санынын 25 жана андан ашык %ына ээлик кылат). (Эгерде ээлик кылуу кыйыр (үчүнчү жактар аркылуу) болсо, өз ара байланышты көрсөтүү зарыл) |
Башка каражаттардын жардамы менен контролдоо: 1) кардар менен түзүлгөн келишимдин негизинде кардар тарабынан акча каражаттары же мүлк менен операцияларды (бүтүмдөрдү) жасоого түз же кыйыр таасир этүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон жеке жак (бул учурда келишимдин номерин жана датасын, колдонуу мөөнөтүн, келишимдин предметин, башка маанилүү шарттарын көрсөтүңүз) | ||
2) юридикалык жакта добуш берүү укуктарынын көпчүлүгүн контролдоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон жеке жак (бул учурда ушул контроль кантип жана кайсы жактар аркылуу жүзөгө ашырыларын көрсөтүңүз) | ||
3) юридикалык жактын башкарма мүчөлөрүнүн же ушундай кызмат адамдарынын жарымынан көбүн дайындоо же бошотуу мүмкүнчүлүгүнө/укугуна ээ болгон жеке жак (бул учурда мындай контроль кантип, кайсы адамдар жана кайсы инструменттер аркылуу жүзөгө ашырыларын көрсөтүңүз) | ||
4) юридикалык жактын менчик үлүшүнө байланышкан тиешелүү вето укугуна же чечимдерди кабыл алуу укугуна ээ болгон жеке жак (бул учурда мындай контроль кантип, кайсы жактар жана кайсы инструменттер аркылуу жүзөгө ашырыларын көрсөтүңүз) | ||
5) юридикалык жактын пайдасын бөлүштүрүү же юридикалык жактын активдерин которуу жөнүндө чечимдерди кабыл алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон жеке жак (бул учурда мындай контроль кантип, кайсы жактар жана кайсы инструменттер аркылуу жүзөгө ашырыларын көрсөтүңүз) | ||
6) юридикалык жактын конкреттүү мүнөздөмөлөрүнө, ошондой эле добуш берүүнүн тартибине жараша, ээлик кылуучулар, мүчөлөр же юридикалык жактар менен түзүлгөн расмий же расмий эмес макулдашуулар, уставдын жоболору, өнөктөштүк келишимдер, синдикация жөнүндө макулдашуулар же эквиваленттүү документтер же болбосо макулдашуулар аркылуу контроль жүргүзүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон жеке жак (бул учурда контроль кайсы келишимдер жана макулдашуулар аркылуу, кайсы жактар менен кандай шарттарда жүзөгө ашырыларын көрсөтүңүз) | ||
7) туугандык же үй-бүлөлүк мамилелер аркылуу контроль жүргүзгөн жеке жак (бул учурда контроль кайсы тууган адамдар аркылуу жана кандай шарттарда жүзөгө ашырыларын көрсөтүңүз) | ||
8) формалдуу же формалдуу эмес келишимге келүүнү колдонуу аркылуу контроль жүргүзгөн жеке жак (бул учурда контроль кайсы жактар аркылуу жана кандай шарттарда жүзөгө ашырыларын көрсөтүңүз) | ||
Трасттын бенефициарлары: 9) жеке жак натыйжада юридикалык түзүлүшкө түздөн-түз контроль жүргүзгөн адамдарды кошо алганда, юридикалык түзүлүшкө ээлик кылат же контроль жүргүзөт | ||
10) жеке жак трасттын же башка юридикалык түзүлүштүн ишеним көрсөтүүчүсүнүн (мүлктү трастка өткөрүп берген адам) атынан чыгат | ||
11) жеке жак трасттын же башка юридикалык түзүлүштүн ишеним көрсөтүүчү менчик ээсинин (башкаруучусунун) атынан чыгат | ||
12) жеке жак трасттын же башка юридикалык түзүлүштүн камкорчусунун атынан чыгат | ||
13) жеке жак трасттын же башка юридикалык түзүлүштүн бенефициарынын атынан чыгат | ||
Башка ыкмалар: 14) жеке жак кардардын иш-аракеттерине башка ыкма менен контролдоо мүмкүнчүлүгүнө ээ (бул учурда бенефициардык ээси кардардын иш-аракеттерине контролдоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон себебин көрсөтүңүз (кардардын түшүндүрмөсү) | ||
Ээлеген позициясы аркылуу көзөмөл: 15) юридикалык жактын түзүмүндө ээлеген позициясынын эсебинен кардар - юридикалык жакты башкара алган жеке жак (стратегиялык чечимдерди кабыл алууга жооптуу, аткаруучулук контролду жүзөгө ашырат, финансылык маселелер боюнча чечим кабыл алат) | ||
16) башка факторлор (кардардын каалоосу боюнча кайсылар экенин көрсөтүңүз) | ||
5 | Бенефициардык ээси - жеке жак катышуучусу (акционери) болуп саналган юридикалык жактын уставдык капиталындагы үлүш (%да) |
|
6 | Бенефициардык ээсинин таасир этүү тиби (кардар - жеке жак үчүн) (керектүүсүнүн асты сызылат) | 1) ата-эне; 2) багып алуучу; 3) камкорчу; 4) көзөмөлчү; 5) башка |
7 | Финансылык мекеменин жана финансылык эмес категориядагы жактардын жеке жакты кардардын бенефициардык ээси катары таануу чечими жана кабыл алынган чечимдин негиздемеси (керектүүсүнүн асты сызылат) | 1) ушул анкетада көрсөтүлгөн жеке жак кардардын бенефициардык ээси болуп саналат; 2) кардардын бенефициардык ээси төмөнкү себептер боюнча аныкталган жок: а) кардардын чынында эле бенефициардык ээси жок; б) кардарда анын бенефициардык ээси жөнүндө маалымат жок; в) кардар өзүнүн бенефициардык ээси жөнүндө маалымат берүүдөн баш тартат; г) жалпыга жеткиликтүү маалымат булактарында кардардын бенефициардык ээси жөнүндө маалымат жок |
2-глава. Идентификациялык маалыматтар | ||
8 | Бенефициардык ээсинин статусу (керектүүсүнүн асты сызылат) | 1) резидент; 2) резидент эмес |
9 | Фамилиясы |
|
10 | Аты |
|
11 | Атасынын аты (бар болсо) |
|
12 | Туулган датасы |
|
13 | Туулган жери (документте бар болсо) |
|
14 | Улуту (документте бар болсо) |
|
15 | Жынысы |
|
16 | Жарандыгы |
|
17 | Үй-бүлөлүк абалы (кардардын сөзүнөн же документте бар болсо) |
|
18 | Ким экендигин күбөлөндүрүүчү документтин реквизиттери: | |
1) Документтин аталышы |
| |
2) Документтин сериясы жана номери |
| |
3) Документтин берилген датасы |
| |
4) Документтин колдонуу мөөнөтү аяктаган датасы |
| |
5) Документти берген органдын аталышы |
| |
6) Бөлүмдүн коду (эгер бар болсо) |
| |
19 | Жеке идентификациялык номери |
|
20 | Катталган жеринин дареги (документте бар болсо) | Бул тилкеде төмөнкүлөр көрсөтүлөт: өлкө, облус, шаар, район, калктуу конуш, көчө, үй, корпус, батир |
21 | Иш жүзүндөгү жашаган же жүргөн жеринин дареги (кардардын сөзүнөн) | Бул тилкеде төмөнкүлөр көрсөтүлөт: өлкө, облус, шаар, район, калктуу конуш, көчө, үй, корпус, батир |
22 | Бенефициардык ээсинин байланыш маалыматтары: |
|
1) Телефондорунун номерлери (кызматтык жана мобилдик) |
| |
2) Факстын номери (бар болсо) |
| |
3) Электрондук почтасынын дареги (бар болсо) |
| |
Чет өлкөлүк жаран же жарандыгы жок адам болуп саналган бенефициардык ээси үчүн гана толтурулат | ||
23 | Чет өлкөлүк жарандын же жарандыгы жок адамдын Кыргыз Республикасында жүрүү (жашоо) укугун ырастоочу документтин реквизиттери: | |
1) Документтин аталышы | 1) жашап турууга уруксат; 2) убактылуу жашап турууга уруксат; 3) виза | |
2) Документтин сериясы (эгер бар болсо) жана номери |
| |
3) Жүрүү (жашоо) укугунун колдонуу мөөнөтү башталган датасы |
| |
4) Жүрүү (жашоо) укугунун колдонуу мөөнөтү аяктаган датасы |
| |
24 | Бенефициардык ээси коомдук кызмат адамы (ККА) болуп саналабы (керектүүсүнүн асты сызылат) | 1) ооба; 2) жок. Эгер ККА болсо, ККА анкетасы толтурулат |
3-глава. Бенефициардык ээсин верификациялоо жана текшерүү жөнүндө маалыматтар (финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар тарабынан толтурулат) | ||
25 | Бенефициардык ээсине верификация жүргүзүлгөндүгү жөнүндө маалымат (керектүүсүнүн асты сызылат) | 1) жүргүзүлдү; 2) жүргүзүлгөн жок; 3) башка эскертүү |
26 | Бенефициардык ээсин санкциялык тизмектерде текшерүү жана текшерүүнүн натыйжалары жөнүндө маалымат (керектүүсүнүн асты сызылат) | 1) санкциялык тизмектерде жок; 2) санкциялык тизмектерде бар; 3) текшерилген датасы жана убактысы: |
27 | Бенефициардык ээсинин кылмыштуу ишти жасагандыгы, ошондой эле ушул ишти каржылагандыгы үчүн жаза өтөгөн жеке жактардын тизмегинде текшерүү жөнүндө жана текшерүүнүн натыйжалары жөнүндө маалымат (керектүүсүнүн асты сызылат) | 1) санкциялык тизмекте жок; 2) санкциялык тизмекте бар; 3) текшерилген датасы жана убактысы: |
28 | Анкетада баяндалган маалыматтардын толтурулган же акыркы жолу жаңыланган датасы (кардардын анкетасында маанилүү өзгөртүүлөр жана толуктоолор болбогон учурда жаңы анкета толтурулбайт) |
|
29 | Анкетада баяндалган маалыматтардын кезектеги жаңыланган датасы (кардардын тобокелдигин баалоонун натыйжасынын негизинде) |
|
30 | Ушул анкетада көрсөтүлгөн маалыматтар маалыматтар базасына киргизилген дата жана финансылык мекеменин жана финансылык эмес категориядагы жактын жооптуу кызматчысынын аты-жөнү | датасы: аты-жөнү |
Мен, _____________________________________________________________________,
(анкетаны толтурган кызматкердин аты-жөнү)
ушул анкетада көрсөтүлгөн маалыматтардын аныктыгын ырастайм.
"Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына ылайык Кыргыз Республикасынын кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын талаптарын аткаруу максатында жеке маалыматтарды иштеп чыгууга макулдук алынды.
_______________________________________ | ____________________________________ | 20___-ж. "____" ___________________ |
(аты-жөнү) | (колу) | (датасы) |
|
|
|
| М.О. (бар болсо) |
|
|
| Кардарга талаптагыдай текшерүү жүргүзүү тартиби жөнүндө жобого 4-тиркеме |
Коомдук кызмат адамынын анкетасынын ТИПТҮҮ ФОРМАСЫ
Анкетанын түрү (керектүүсүнүн асты сызылат) | ||
| Баштапкы анкета | Жаңыланган анкета |
|
|
|
№ | Анкетанын тилкелеринин аталышы | Кардар жөнүндө маалыматтар |
1-глава. Идентификациялык маалыматтар | ||
1 | Статусу (керектүүсүнүн асты сызылат) | 1) резидент; 2) резидент эмес |
2 | Фамилиясы |
|
3 | Аты |
|
4 | Атасынын аты (бар болсо) |
|
5 | Туулган датасы |
|
6 | Туулган жери (документте бар болсо) |
|
7 | Улуту (документте бар болсо) |
|
8 | Жынысы |
|
9 | Жарандыгы |
|
10 | Үй-бүлөлүк абалы (кардардын сөзүнөн же документте бар болсо) |
|
11 | Ким экендигин күбөлөндүрүүчү документтин реквизиттери: | |
1) Документтин аталышы |
| |
2) Документтин сериясы жана номери |
| |
3) Документтин берилген датасы |
| |
4) Документтин колдонуу мөөнөтү аяктаган датасы |
| |
5) Документти берген органдын аталышы |
| |
6) Бөлүмдүн коду (эгер бар болсо) |
| |
12 | Жеке идентификациялык номери |
|
13 | Банк эсебинин номери (бар болсо) |
|
14 | Катталган жеринин дареги (документте бар болсо) | Бул тилкеде төмөнкүлөр көрсөтүлөт: өлкө, облус, шаар, район, калктуу конуш, көчө, үй, корпус, батир |
15 | Иш жүзүндөгү жашаган же жүргөн жеринин дареги (кардардын сөзүнөн же документте бар болсо) | Бул тилкеде төмөнкүлөр көрсөтүлөт: өлкө, облус, шаар, район, калктуу конуш, көчө, үй, корпус, батир |
2-глава. Коомдук кызмат адамынын иштиктүү профили жөнүндө маалыматтар | ||
16 | 1) Ээлеген кызмат орду жөнүндө маалыматтар |
|
2) Кызмат ордуна дайындалган датасы |
| |
3) Кызмат ордунан бошотулган датасы |
| |
17 | Коомдук кызмат адамынын акча каражаттарынын жана мүлкүнүн келип чыгуу булагы жөнүндө маалыматтар |
|
18 | Коомдук кызмат адамын тейлөөгө кабыл алуу боюнча жазуу жүзүндөгү уруксат жөнүндө маалыматтар |
|
3-глава. Коомдук кызмат адамынын үй-бүлө мүчөлөрү жөнүндө идентификациялык маалыматтар | ||
19 | Туугандык даражасы (керектүүсүнүн асты сызылат) | 1) жубайы; 2) балдары, анын ичинде асырап алынгандары (андан ары ар бир үй-бүлө мүчөсүнө толтурулат) |
20 | Фамилиясы |
|
21 | Аты |
|
22 | Атасынын аты (бар болсо) |
|
23 | Жынысы |
|
24 | Туулган датасы |
|
25 | Жеке номери |
|
26 | Жарандыгы |
|
4-глава. Коомдук кызмат адамынын жакын адамдары жөнүндө идентификациялык маалыматтар | ||
27 | Байланыш даражасы (керектүүсүнүн асты сызылат) | 1) жакын туугандары; 2) коомдук кызмат адамы менен биргелешкен менчиги бар иш өнөктөштөрү; |
3) коомдук кызмат адамынын расмий өкүлдөрү болуп саналган жактар (андан ары ар бир жакын адамына толтурулат) | ||
28 | Фамилиясы |
|
29 | Аты |
|
30 | Атасынын аты (бар болсо) |
|
31 | Жынысы |
|
32 | Туулган датасы |
|
33 | Жеке номери |
|
34 | Жарандыгы |
|
Мен, _____________________________________________________________________,
(анкетаны толтурган кызматкердин аты-жөнү)
"Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына ылайык Кыргыз Республикасынын кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын талаптарын аткаруу максатында жеке маалыматтарды иштеп чыгууга макулдук алынды.
_______________________________________ | ____________________________________ | 20___-ж. "____" ___________________ |
(аты-жөнү) | (колу) | (датасы) |
|
|
|
| М.О. (бар болсо) |
|
|
| Кардарга талаптагыдай текшерүү жүргүзүү тартиби жөнүндө жобого 5-тиркеме |
Алыстан ыкма менен иштиктүү мамилелерди түзүүчү жана операцияларды (бүтүмдөрдү) жүзөгө ашыруучу кардарды санариптик идентификациялоо жана верификациялоо ТАРТИБИ
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 7-июлундагы № 463 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул Тартип алыстан ыкма менен иштиктүү мамилелерди түзүүчү жана операцияларды (бүтүмдөрдү) жүзөгө ашыруучу кардарды – жеке адамды санариптик идентификациялоо жана верификациялоо үчүн (мындан ары – кардарды санариптик идентификациялоо жана верификациялоо) талаптарды жана шарттарды белгилейт.
Бул Тартиптин технологиялык коопсуздуктун стандарттарын, биометрикалык көрсөтүүнүн аныктыгына чабуулдарга каршы аракеттенүүнү жана санариптик чөйрөдө документтердин аныктыгын текшерүү алгоритмдерин белгилеген жоболору иштиктүү мамилелерди аралыктан түзүүдө юридикалык жактардын бенефициардык ээлеринин жана кардардын (өкүлдөрүнүн) атынан аракеттенген адамдардын инсандыгын аралыктан аныктоо жана верификациялоо жол-жоболоруна тиешелүү айырмачылыктарды эске алуу менен колдонулат.
2. Кардарды санариптик идентификациялоону жана верификациялоону төмөнкү финансылык мекемелер (мындан ары -финансылык мекемелер) колдоно алат:
1) коммерциялык банктар;
2) микрофинансылык уюмдар (микрокредиттик агенттиктер, микрокредиттик компаниялар, микрофинансылык компаниялар, адистештирилген финансылык-кредиттик мекемелер);
3) төлөм уюмдары;
4) электрондук акчаны колдонуу менен эсептешүү системасынын операторлору жана электрондук акчанын эмитенттери жана агенттери (дистрибьюторлору);
5) виртуалдык активдер кызматтарын көрсөтүүчүлөр;
6) баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучулары.
7) Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын көзөмөлүндөгү башка финансылык мекемелер.
3. Кардарды санариптик идентификациялоо жана верификациялоо финансылык мекеме тарабынан төмөнкү финансылык кызматтарды көрсөтүүдө колдонулушу мүмкүн:
1) банктык эсепти, ошондой эле банктык картаны ачуу жана башкаруу;
2) үчүнчү жактардын пайдасына товарлар үчүн төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү кабыл алуу;
3) электрондук капчыктарды ачуу жана электрондук акча менен операциялар;
4) онлайн-кредит алуу;
5) виртуалдык активдин капчыктарын ачуу жана башкаруу;
6) виртуалдык активдер менен операцияларды жүргүзүү;
7) баалуу кагаздар менен операцияларды жүргүзүү.
8) финансылык мекемелерде кардарлардын эсептерин ачуу.
4. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жана башка ыйгарым укуктуу мамлекеттик текшерүү органдары (анын ичинде финансылык рынокту жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча орган) өздөрүнүн компетенциясынын чегинде жана сектордук тобокелдиктерди эске алуу менен маалыматтык системаларга уюштуруу-техникалык талаптарды, алдамчылыкка каршы алгоритмдерди, ошондой эле санариптик идентификациялоо жол-жоболорун колдонуу менен ачылган эсептер боюнча операцияларды жүргүзүүгө катуу сандык жана сапаттык чектөөлөрдү ченемдик укуктук актылар менен белгилөөгө укуктуу. Көрсөтүлгөн кошумча талаптар ушул Тартипте белгиленген кардарды талаптагыдай текшерүүнүн базалык стандарттарын жеңилдете албайт же жокко чыгара албайт.
5. Кардарды санариптик идентификациялоону жана верификациялоону жүргүзүүнүн жүрүшүндө кардардын идентификациялык маалыматтары белгиленет жана маалыматтык системаларды пайдалануу менен алыстан (аралыктан) ыкма менен кардардын идентификациялык маалыматтары текшерилет.
6. Кардарды санариптик идентификациялоо жана верификациялоо Кыргыз Республикасынын жарандарына жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 739 «Кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу» токтому менен бекитилген Жогорку тобокелдиктеги өлкөлөргө карата чараларды (санкцияларды) колдонуу тартиби жөнүндө жобонун талаптарына ылайык түзүлгөн жогорку тобокелдиктеги өлкөлөрдүн тизмегине кирбеген өлкөлөрдүн чет өлкөлүк жарандарына карата кардар менен иштиктүү мамилелерди түзүүдө колдонулат.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын көзөмөлүндөгү финансылык мекемелер Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандар туруктуу же убактылуу жашаган шартта аларды санариптик идентификациялоону жана верификациялоону жүргүзөт.
7. Мында кардар менен иштиктүү мамилелерди түзүүнүн башталышы операцияларды (бүтүмдөрдү) жүргүзүү үчүн ага кирүү мүмкүнчүлүгүн алуу максатында финансылык кызматтарды көрсөтүүгө багытталган электрондук аянтчага же маалыматтык системага (программалык камсыздоо) (мындан ары - финансылык мекеменин платформасы) кардардын өзүнүн жеке маалыматтарын киргизүүсүнүн (каттоосунун) башталышы болуп саналат жана иштиктүү мамилелер электрондук колтамганы колдонуу менен финансылык кызматтарды көрсөтүү жөнүндө ачык келишимге (ачык оферта) кол коюлган учурдан тартып түзүлдү деп эсептелет.
Муну менен бирге финансылык мекемелер жетүү мүмкүнчүлүгүн берүүнүн ишенимдүү механизмдерин колдонууга милдеттүү, анын ичинде:
– видео байланыш аркылуу идентификациялоо жана верификациялоо технологияларын (текшерүүнүн кошумча инструменти катары);
– беткаптарды, сүрөттөрдү жана башка инсанды алмаштыруу каражаттарын колдонууну жокко чыгаруу үчүн жандуулугун текшерүү методдорун (liveness check);
– кардардын атынан уруксатсыз кирүүнү жана алдамчылык иш-аракеттерди алдын алуу боюнча чараларды.
8. Кардарды санариптик идентификациялоо жана верификациялоо төмөнкү учурларда жүргүзүлбөйт жана аягына чыгарылбайт:
1) кардар тарабынан берилген маалыматтын аныктыгына кандай болбосун шектенүүлөр келип чыкса;
2) кардар 16 жашка чыга элек болсо;
3) кардар – Кыргыз Республикасынын жаранынын мобилдик телефон номериндеги өлкөнүн эл аралык коду улуттук кодго дал келбесе, ошондой эле анын IP-дареги чет өлкөдө жүргөндүгүнүн объективдүү себептерин (мисалы эл аралык роуминг, тунук маршрутизациялоосу менен корпоративдик VPN-тармактарды колдонуу) документ же алгоритм менен тастыктоосуз Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жайгашса;
31) кардар тарабынан реалдуу тармак дарегин (VPN, proxy-серверлер, Tor тармагы) жашырууга же алмаштырууга арналган программалык же аппараттык камсыздоонун колдонулушу аныкталса же кардардын түзүлүшүн алыстан башкаруу сеансынын белгилери (RDP, TeamViewer, AnyDesk жана ушул сыяктуулар) аныкталса;
32) түзүлүштүн идентификаторлору (Device ID, IMEI, MAC-дареги) ушул финансылык мекемеде санариптик идентификациялоодон өтүү үчүн мурун башка кардарлар тарабынан колдонулган түзүлүштөрдүн маалыматтарына дал келгендиги аныкталса;
33) эгерде идентификациялык маалыматтарды санкцияланбаган алмаштыруу алгоритмдери (Anti-Spoofing) жасалмалоо, монтаждоо каражаттарын, камера эмуляторлорун же жасалма интеллектти (Deepfake) колдонуунун орточо же жогорку ыктымалдыгын белгилесе;
4) кардар - чет мамлекеттин жараны каттоо үчүн анын жарандыгы болгон өлкөнүн эл аралык телефон кодуна ылайык келбеген мобилдик телефон номерин көрсөтсө же IP-дареги башка өлкөдө жайгашкан болсо;
5) паспорттогу фотосүрөт менен тартылган фотосүрөттүн жана (же) видео жазуунун жана мамлекеттик электрондук сервистерге жайгаштырылган фотосүрөттүн шайкеш келүүсүнө шектенүүлөр болсо;
6) кардардан алынган маалыматтар мамлекеттик электрондук сервистерде жайгаштырылган маалыматтарга шайкеш келбесе же аларды текшерүү мүмкүн болбосо;
7) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын көзөмөлүндөгү уюмдар тарабынан кардарды идентификациялоо жана верификациялоо учурунда алынган фотосүрөт жана (же) видео жазуу ушул Тартиптин талаптарына жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын талаптарына шайкеш келбесе;
8) кардардын жүрүм-туруму шектүү болсо, анын ичинде платформада кардар берген видео жазууда ал үчүнчү жактардын көрсөтмөсү боюнча аракеттенип жаткандыгынын, алкоголдук же баңгизаттык мас абалында болгондугунун белгилери, шектүү жүрүм-турумдун башка белгилери болсо;
9) кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого), кылмыштуу ишти каржылоого шектенүүлөр болсо;
10) эгерде кардар жана (же) кардар жүзөгө ашыруучу операция жогорку деңгээлдеги тобокелдик категориясына тиешелүү болсо;
101) финансылык мекеменин жогорку жетекчилигинен иштиктүү мамилелерди белгилөөгө жазуу жүзүндөгү (электрондук) макулдук алганга жана каражаттын келип чыгуу булагын белгилегенге чейин кардардын маалыматтары улуттук коомдук кызмат адамдарынын (ККА), чет элдик ККАлардын же эл аралык уюмдар тарабынан маанилүү функциялар ишенип берилген адамдардын электрондук маалыматтар базаларына дал келсе;
11) кардардын идентификациялык маалыматтары Кыргыз Республикасынын санкциялык тизмегине, Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин санкциялык тизмегине (мындан ары - санкциялык тизмектер) киргизилген жактын маалыматтары менен жарым-жартылай же толук дал келген учурда. Бул учурда финансылык мекеме финансылык мекеменин платформасына кирүү мүмкүнчүлүгүн блоктойт, тез арада билдирүүнү түзөт жана Кыргыз Республикасынын финансылык чалгындоо органына жөнөтөт;
12) зарыл болгон документтер берилбесе;
13) кардар берген маалыматты текшерүү мүмкүн болбосо же текшерүүнүн натыйжалары терс болсо;
14) кардар кызмат көрсөтүүнү пайдалануу шарттарына өз макулдугун ырастоодон, жеке маалыматтарды берүүдөн жана башка шарттардан баш тартса.
2-глава. Кардар - Кыргыз Республикасынын жаранын санариптик идентификациялоо жана верификациялоо
9. Кардар - Кыргыз Республикасынын жаранын санариптик идентификациялоо жана верификациялоо Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспортторунун мамлекеттик реестринен, ээсинин электрондук сервистери аркылуу веб-сервистер (мындан ары -мамлекеттик электрондук сервистер) аркылуу актуалдуу маалыматтарды пайдалануу жолу менен жүргүзүлөт.
10. Финансылык мекеме Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспортторунун мамлекеттик реестринен маалымат берүү тартиби жөнүндө жобого ылайык Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы тарабынан аныкталган тартипте мамлекеттик электрондук сервистерге кирүү мүмкүнчүлүгүн алат.
11. Финансылык мекеменин платформасын жана мамлекеттик электрондук сервистерди пайдалануу менен кардар - Кыргыз Республикасынын жаранын санариптик идентификациялоо жана верификациялоо төмөнкүдөй тартипте жүргүзүлөт:
1) финансылык мекеменин платформасы аркылуу кардардан (реалдуу убакыт режиминде) төмөнкүлөрдү алуу:
- жарандын идентификациялык жеке номерин (мындан ары - ИЖН);
- паспорттун сериясын жана номерин;
- кардардын фотосүрөтүн же кардардын сүрөтү менен видео жазууну;
- паспорттун фотосүрөтүн;
- мобилдик телефон номерин;
- электрондук почта дарегин;
2) жеке маалыматтардын субъектинин анын жеке маалыматтарын белгиленген тартипте жана формада иштеп чыгууга макулдугун алуу;
3) финансылык мекеменин платформасына ИЖНди жана паспорттун номерин киргизүү;
4) финансылык мекеменин платформасында белги коюу аркылуу жеке маалыматтардын субъектинен анын жеке маалыматтарын берүүгө жазуу жүзүндөгү макулдугун алууну ырастоо;
5) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 12-июнундагы № 329 "Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспортторунун мамлекеттик реестринен алынган маалыматты берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспортторунун мамлекеттик реестринен алынган маалыматты берүү тартиби жөнүндө жобого ылайык мамлекеттик электрондук сервистерге электрондук суроо-талапты жиберүү жана кардардын жеке маалыматтарын алуу;
6) паспорттогу фотосүрөттү кардардан реалдуу убакыт режиминде алынган кардардын фотосүрөтү жана (же) видео жазуусу, ошондой эле мамлекеттик электрондук сервистер аркылуу алынган фотосүрөт менен автоматтык түрдө (адам факторунун катышуусуз) салыштыруу;
7) бул номер жана электрондук почта дареги так ушул кардар тарабынан колдонуларын аныктоого мүмкүндүк берген методдун (мобилдик телефонго чалуу, 8М8-билдирүүлөрдү жана электрондук катты жөнөтүү) жардамы аркылуу кардар менен байланышуу үчүн колдонулган мобилдик телефон номерин жана электрондук почтаны текшерүү;
8) кардардын алынган идентификациялык маалыматтарын (фамилиясы, аты, атасынын аты, туулган датасы) санкциялык тизмектер менен автоматтык түрдө (адам факторунун катышуусуз) салыштырып текшерүү.
12. Финансылык мекеменин жооптуу кызматкери кардар менен видеоконференц байланыш сеансын өткөрөт жана алынган маалыматтардын жана документтердин кайрылган кардарга таандык экендигин текшерет.
13. Кардар тарабынан берилген маалыматтар мамлекеттик электрондук сервистерден алынган маалыматтарга дал келген жана анык болгон учурда кардар идентификацияланган жана верификацияланган деп эсептелет.
14. Кардардан жана мамлекеттик электрондук сервистерден алынган маалымат жана документтер кардарды идентификациялоо жана верификациялоо, кардар - жеке жактын анкетасын белгиленген тартипте толтуруу үчүн колдонулат.
3-глава. Кардар - чет мамлекеттин жаранын санариптик идентификациялоо жана верификациялоо
15. Кардар – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 739 «Кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу» токтому менен бекитилген Жогорку тобокелдиктеги өлкөлөргө карата чараларды (санкцияларды) колдонуу тартиби жөнүндө жобонун талаптарына ылайык түзүлгөн жогорку тобокелдиктеги өлкөлөрдүн тизмегине кирбеген чет мамлекеттин жаранын санариптик идентификациялоо жана верификациялоо кардар тарабынан берилген маалыматтардын негизинде, берилген электрондук сүрөттөрдүн жана документтердин көчүрмөлөрүнүн аныктыгын текшерүүнү камсыз кылуучу маалыматтык системаларды (программалык камсыздоону) милдеттүү түрдө пайдалануу менен жүргүзүлөт.
151. Кардарды – чет мамлекеттин жаранын ал жараны жана (же) резиденти болгон мамлекет финансылык чалгындоо органы тарабынан Жогорку тобокелдиктеги өлкөлөргө карата чараларды (санкцияларды) колдонуу тартиби жөнүндө жобого (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 739 «Кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу» токтомуна 10-тиркеме) ылайык талаптагыдай текшерүүнүн же максаттуу контрчаралардын күчөтүлгөн чаралары көрүлгөн жогорку тобокелдиктеги өлкөлөрдүн тизмегине киргизилбеген шартта санариптик идентификациялоо жана верификациялоо кардар тарабынан берилген маалыматтардын негизинде, берилген электрондук сүрөттөрдүн жана документтердин көчүрмөлөрүнүн аныктыгын криптографиялык жана алгоритмдик текшерүүнү камсыз кылуучу маалыматтык системаларды (программалык камсыздоону) милдеттүү түрдө колдонуу менен жүргүзүлөт.
16. Кардар - чет мамлекеттин жаранын санариптик идентификациялоо жана верификациялоо жүргүзүү үчүн маалыматтык системаны (программалык камсыздоону) тандоодо кардар - чет мамлекеттин жараны расмий катталган чет мамлекеттин тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан берилген кардардын жеке маалыматтарынын, кардардын электрондук сүрөттөрүнүн жана документтеринин көчүрмөлөрүнүн аныктыгын текшерүү жана ырастоо боюнча кызматтарды көрсөтүүчү маалыматтык системага (программалык камсыздоого) артыкчылык берилет.
17. Финансылык мекеме Кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү боюнча Евразия тобуна катышуучу мамлекеттердин аймагында катталган кызматташуучу финансылык мекеме (үчүнчү тарап) менен түзүлгөн келишимдердин негизинде кардар - чет мамлекеттин жаранын верификациялоону жүзөгө ашырат.
171. Финансылык мекеме кардарды – чет мамлекеттин жаранын идентификациялоо жана верификациялоо боюнча жогорку тобокелдиктеги өлкөлөрдүн тизмегине киргизилбеген юрисдикциянын резиденти болуп саналган үчүнчү тарап (финансылык мекеме) жүргүзгөн чараларга таянууга укуктуу. Мындай аутсорсингге финансылык мекеме үчүнчү тарап чогулткан идентификациялык маалыматтарга дароо жетүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылган жана финансылык мекеменин үчүнчү тарап чет элдик компетенттүү органдар тарабынан КИК/ККЛК чөйрөсүндө адекваттуу көзөмөлдөнүүгө тийиш экендигине ишеними болгон шартта жазуу жүзүндөгү макулдашуунун негизинде гана жол берилет. Жүргүзүлгөн идентификациялоонун сапаты үчүн акыркы жоопкерчилик Кыргыз Республикасынын финансылык мекемесинде калат.
18. Кардар - чет мамлекеттин жаранын санариптик идентификациялоо жана верификациялоо төмөнкүдөй тартипте жүргүзүлөт:
1) финансылык мекеменин платформасы аркылуу кардардан (реалдуу убакыт режиминде) төмөнкүлөрдү алуу:
- жарандын ИЖНин;
- паспорттун сериясын жана номерин;
- кардардын фотосүрөтүн же кардардын сүрөтү менен видео жазууну;
- паспорттун фотосүрөтүн;
- мобилдик телефон номерин;
- электрондук почта дарегин;
2) финансылык мекеменин платформасында белги коюу аркылуу жеке маалыматтардын субъектинен анын жеке маалыматтарын берүүгө жазуу жүзүндөгү макулдугун алууну ырастоо;
3) паспорттогу фотосүрөттү кардардан реалдуу убакыт режиминде алынган кардардын фотосүрөтү жана (же) видео жазуусу менен автоматтык түрдө (адам факторунун катышуусуз) салыштырып текшерүү;
4) маалыматтык системаларды (программалык камсыздоону) пайдалануу же кызматташкан финансылык мекемеге (үчүнчү тарапка) кайрылууну жиберүү менен алынган электрондук сүрөттөрдүн жана документтердин көчүрмөлөрүнүн аныктыгын текшерүү;
5) берилген номер жана электрондук почта дареги так ушул кардар тарабынан колдонуларын аныктоого мүмкүндүк берген методдун (мобилдик телефонго чалуу, SMS-билдирүүлөрдү жана электрондук катты жөнөтүү) жардамы аркылуу кардар менен байланышуу үчүн колдонулган мобилдик телефон номерин жана электрондук почтаны текшерүү;
6) кардардын алынган идентификациялык маалыматтарын (фамилиясы, аты, атасынын аты (болсо), туулган датасы) санкциялык тизмектер менен автоматтык түрдө (адам факторунун катышуусуз) салыштырып текшерүү.
7) кардардын идентификациялык маалыматтарын жана анын талаптагыдай идентификациясы үчүн зарыл болгон башка маалыматтарды тастыктаган же тактаган кошумча документтерди (анын ичинде коммуналдык кызматтар үчүн төлөмдөр, ижара келишими, банктык эсептен көчүрмө, жашаган жери жөнүндө маалымкат, менчик укугун тастыктаган документтер жана башка документтер) суроо аркылуу текшерүү жүргүзүү.
19. Финансылык мекеменин ыйгарым укуктуу кызматкери зарыл болгон учурда жана/же күмөн саноо болгондо кардар менен кошумча видеоконференц байланыш сеансын өткөрөт, ошондой эле зарыл болгон учурда кардарды идентификациялоого жана верификациялоого көмөк көрсөтүшү мүмкүн болгон кошумча документтерди сурайт. Алынган бардык маалыматтарды жана документтерди текшерүүнүн жана талдоонун жыйынтыгы боюнча кардардын маалыматтары аутенттүү болгон учурда, финансылык мекеменин ыйгарым укуктуу кызматкери кардар - чет мамлекеттин жаранын санариптик идентификациялоонун жана верификациялоонун аяктагандыгын белгилейт.
20. Кардардан, маалыматтык системалардан (программалык камсыздоолордон) жана үчүнчү тараптан алынган маалымат жана документтер кардарды идентификациялоо жана верификациялоо чет мамлекеттин жараны болуп саналган кардар - жеке жактын анкетасын белгиленген тартипте толтуруу үчүн колдонулат.
4-глава. Кардарды санариптик идентификациялоону жана верификациялоону жүргүзүүдө тобокелдикке салынган мамиле
21. Финансылык мекеме төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) кардарды санариптик идентификациялоо жана верификациялоо системасы ишке киргизилгенге чейин кылмыштуу ишти каржылоонун жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруунун (адалдоонун) мүмкүн болуучу тобокелдигин изилдөө, талдоо, аныктоо, баалоо, мониторинг жүргүзүү, башкаруу, документтештирүү жана деңгээлин төмөндөтүү боюнча чараларды көрүүгө;
2) кардарды санариптик идентификациялоонун жана верификациялоонун жүрүшүндө тобокелдикке салынган мамилени колдонууга;
3) финансылык кызматтарды көрсөтүүдө маалыматтык коопсуздукка байланышкан операциялык тобокелдиктерди азайтуу жана контролдоо боюнча чаралардын системасын камсыздоого, анын ичинде кардарды санариптик идентификациялоодо жана верификациялоодо коопсуздукту камсыз кылууга;
4) ички контролдоо программасына ылайык кардарды жогорку даражадагы тобокелдик категориясына киргизүү боюнча текшерүүнү жүзөгө ашырууга.
22. Финансылык мекеме санариптик идентификациялоодон жана верификациялоодон өткөн кардарлар менен операцияларды (бүтүмдөрдү) жүргүзүүдө тиешелүү текшерүүчү органдын талаптарын эске алуу менен тобокелдиктерди баалоонун негизинде чектөөлөрдү белгилейт:
1) бир операциянын (бүтүмдүн) максималдуу суммасын белгилөө;
2) кардардын эсебинде сакталган акча каражаттарынын максималдуу суммасын (балансын) белгилөө;
3) календардык күндүн, айдын ичинде кардар тарабынан жүзөгө ашырылуучу операциянын (бүтүмдүн) суммасын белгилөө;
4) онлайн-кредиттин суммасын жана санын белгилөө;
5) тобокелдиктерди жана ички контролдоо программасын эске алуу менен кардар үчүн башка чектөөлөрдү белгилөө.
5-глава. Финансылык мекемелердин милдеттери
23. Финансылык мекеме төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) кардарды санариптик идентификациялоо жана верификациялоо тартибин регламенттөөчү ички документтерди, ошондой эле кардар тарабынан берилүүчү маалыматтарга карата деталдуу талаптарды (сүрөттүн же файлдын өлчөмү, окулушу, форматы ж.б.) иштеп чыгууну жана бекитүүнү камсыз кылууга;
2) кардардын идентификациялык маалыматтарын коргоо жана купуялуулукту камсыз кылуу боюнча зарыл болгон укуктук, уюштуруучулук жана техникалык чараларды көрүүгө;
3) Кыргыз Республикасынын бул чөйрөдөгү мыйзамдарына ылайык маалыматтык коопсуздук боюнча зарыл болгон талаптарды колдонууга;
4) мамлекеттик электрондук сервистерге кошулууга мүмкүндүк берген жана ушул Тартипте көрсөтүлгөн тиешелүү техникалык талаптарга шайкеш келген платформанын болушун камсыз кылууга;
5) кардардын идентификациялык маалыматтарынын аныктыгын жана тууралыгын камсыз кылууга;
6) кардардын идентификациялык маалыматтарын бурмалоого, санкцияланбаган өзгөртүүгө жана ачыкка чыгарууга каршы чараларды көрүүгө;
7) кардардын идентификациялык маалыматтарынын сакталышын жана пайдаланылышын контролдоону камсыз кылууга;
8) кардарды көп факторлуу аутентификациялоо жол-жоболорун колдонууга (мобилдик телефонго туташуу же SMS-билдирүүнү же электрондук почтага жөнөтүү, ошондой эле зарыл болгон учурда социалдык тармактар аркылуу кардардын ким экендигин кошумча текшерүү жана ырастоо);
9) кардарларды санариптик идентификациялоо жана верификациялоо жол-жоболорун талаптагыдай колдонуу жана тобокелдиктерди башкаруу маселелери боюнча жооптуу кызматкерлерди окутууга;
10) кардарды санариптик идентификациялоо жана верификациялоо шарттары жана талаптары жөнүндө маалыматты өзүнүн расмий интернет-сайтына (болсо) же колдонулуучу платформа аркылуу жарыялоого.
11) баштапкы каттоодон өткөндөн кийин эсептик жазууну пайдаланууда үчүнчү жактарга (дропторго) эсепти башкаруу укугунун өткөрүп берилгендиги жөнүндө күбөлөндүрүүчү аномалияларды аныктоо үчүн жүрүм-турумду талдоо модулдарын интеграциялоого.
24. Финансылык мекеме төмөнкүдөй чараларды көрүүгө тийиш:
1) кардарды талаптагыдай текшерүү, анын ичинде ички контролдоо программасына жана кардардын тобокелдик деңгээлине ылайык санариптик идентификациялоодон жана верификациялоодон өткөн кардардын операциясына (бүтүмүнө) туруктуу мониторинг жүргүзүү жана талдоо боюнча;
2) кардарлардын операцияны (бүтүмдү) жүргүзүү үчүн белгиленген чектөөлөрдөн качуу аракеттерин аныктоо жана алдын алуу боюнча.
6-глава. Кардарды санариптик идентификациялоону жана верификациялоону жүргүзүүдө техникалык талаптар
25. Финансылык мекеме кардарды санариптик идентификациялоодо жана верификациялоодо финансылык кызматтарды көрсөтүү жана онлайн режимде корголгон байланыш каналдары боюнча автоматташтырылган маалыматтык өз ара аракеттенүү үчүн багытталган өзүнүн платформасын же үчүнчү жактар тарабынан келишимдик негизде берилген платформаны пайдаланат.
25¹. Финансылык мекемелер тарабынан санариптик идентификациялоо жана верификациялоо үчүн пайдаланылуучу маалыматтык системалар (веб-сайттар, мобилдик тиркемелер) инклюзивдүүлүк принциптерин эске алуу менен долбоорлонууга жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү (ДМЧ) адамдар үчүн жеткиликтүүлүктү камсыз кылууга тийиш. Финансылык мекемелер ылайыкташтырылган колдонуучу интерфейстерин (анын ичинде экрандык дикторлорду колдоо, визуалдык элементтерди масштабдоо) киргизүүгө жана физикалык өзгөчөлүктөрү автоматташтырылган биометрикалык көзөмөлдөн туура өтүүгө тоскоолдук кылган кардарлар үчүн идентификациялоонун коопсуздук деңгээли боюнча тең маанилүү альтернативдүү каналдарды (мисалы корголгон видеоконференцбайланыш каналы боюнча оператор аркылуу верификациялоо) кароого тийиш.
26. Финансылык мекеме кардарды санариптик идентификациялоо жана верификациялоо жүргүзүү үчүн платформаны жана маалыматтык системаны өз алдынча тандайт жана аларды пайдалануу менен байланышкан бардык тобокелдиктерди өзүнө алат.
Мында кардар - чет мамлекеттин жаранын санариптик идентификациялоо жана верификациялоо жүргүзүү үчүн маалыматтык системаларды (программалык камсыздоолорду) пайдалануу финансылык чалгындоо органы жана тиешелүү текшерүүчү орган менен алдын ала макулдашуу боюнча жүргүзүлөт.
Кардарларды санариптик идентификациялоо жана верификациялоо үчүн колдонулган финансылык мекеменин платформасы же программалык продуктунун комплекси төмөнкүлөрдү камсыз кылууга тийиш:
1) маалыматтарды берүү каналдарын шифрлөөнү, анын ичинде сүрөттөрдү, видеоагымды жана жандуулукту текшерүү маалыматтарын берүүнү, ошондой эле видео байланыш сеанстарын (болгон учурда);
2) фото- жана видеоматериалдардын тийиштүү сапатын, ошондой эле аларды уруксатсыз кирүүдөн, көчүрүүдөн жана үчүнчү жактардын колдонуусунан коргоону;
3) фото- жана видеоматериалдарды система тарабынан белгиленген баштапкы сапатта сактоону. Сапатка карата техникалык талаптарды финансылык мекеме аныктайт жана ички ченемдик документтерде бекитилет;
4) фото- жана видеоматериалдардын файлдарында жазуунун датасы жана убактысы жөнүндө маалыматтарды, ошондой эле кардардын идентификациялык маалыматтарын, анын ичинде фамилиясын, атын, атасынын атын (болгон учурда) жана башка маалыматтарды белгилөөнү, ошондой эле кардардын анкетасына киргизилген бардык өзгөртүүлөрдү журналга түшүрүүнү;
5) реалдуу убакыт режиминде алынган фото- жана видеоматериалдарды гана колдонууну;
6) мурун түзүлгөн фото- жана видеоматериалдарды алмаштыруудан, уруксатсыз өзгөртүүдөн жана колдонуудан коргоону;
7) үчүнчү жактардын сүрөттөрдү жана (же) видео жазууларды тараптан колдонуу аракеттерин аныктоону;
8) кардардын акыркы түзүлүшүнүн IP-дарегин аныктоону;
9) санариптик идентификациялоодон жана верификациялоодон өткөн кардарлар жөнүндө жеке жана статистикалык маалыматтарды түзүүнү жана алууну;
10) төмөнкүлөрдү камтыган функционалдык мүмкүнчүлүктөрдү:
– жеке маалыматтарды иштетүүгө жана берүүгө жеке маалыматтар субъектинин макулдугун алуу;
– суроо-талаптарды автоматтык түрдө түзүү жана мамлекеттик электрондук сервистерден жоопторду алуу;
– кардар тарабынан берилген маалыматтарды мамлекеттик маалымат системаларынын жана башка булактардын маалыматтары менен салыштыруу;
– кардарды санкциялык тизмектер боюнча автоматташтырылган текшерүү;
– маалыматтарды үзгүлтүксүз резервдик көчүрүү, алардын сакталышын, өзгөрүлбөстүгүн жана кийинчерээк белгиленген мөөнөттөрдө жүктөлүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу.
Видео байланыш сеанстарынын видео жазуулары, ошондой эле кардардын сүрөтү КИК/ККЛК чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларда каралган башка маалыматтар менен бирге кардардын электрондук досьесинде сакталууга тийиш.
Иштиктүү мамилелердин жүрүшүндө финансылык мекеме кардар жөнүндө маалыматтарды Кыргыз Республикасынын КИК/ККЛК чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө актуалдаштырууну (жаңыртууну) жүзөгө ашырууга милдеттүү.
Жасалма интеллект технологияларын, машиналык окутууну жана биометрикалык маалыматтарды иштетүүчү башка алгоритмдерди колдонууда финансылык мекеме ушул Тартиптин талаптарына ылайык кардарларды идентификациялоонун жана верификациялоонун талап кылынган тактыгынын деңгээлин камсыз кылууга милдеттүү.
Финансылык мекеме ички контролдоо системасын, ошондой эле маалыматтык коопсуздук механизмдерин киргизүү жана үзгүлтүксүз өркүндөтүү аркылуу санариптик идентификациялоо процессинде алынган кардарлардын купуя маалыматтарын жана жеке маалыматтарын коргоону камсыз кылууга милдеттүү.
Санариптик идентификациялоо платформасы жана колдонулган алгоритмдер реалдуу убакыт режиминде алынган кардардын сүрөтүн өздүгүн күбөлөндүрүүчү документтерде жана (же) мамлекеттик маалыматтык системаларда камтылган сүрөттөр менен салыштырууну караган «бирге-бир» («one-to-one») идентификациялоо ыкмасын колдонууну камсыз кылышы керек.
Салыштыруу беттин уникалдуу биометрикалык параметрлерин талдоого жана видеоагымды алмаштыруунун алдын алуу үчүн жандуулуктун белгилерин аныктоону камсыз кылууга мүмкүндүк берген технологияларды колдонуу менен жүргүзүлүшү керек.
Платформаларга карата минималдуу техникалык талаптар милдеттүү базалык деңгээл катары белгиленет жана бардык көзөмөлдөнүүчү уюмдар тарабынан сакталууга тийиш. Жөнгө салуучу органдар аларга берилген ыйгарым укуктардын чегинде техникалык платформаларга кошумча жана (же) күчөтүлгөн талаптарды белгилөөгө укуктуу.
27. Финансылык мекеменин кардарды санариптик идентификациялоо жана верификациялоо жүргүзүү үчүн пайдаланылуучу платформасы төмөнкүдөй болууга тийиш:
1) Кыргыз Республикасынын аймагындагы серверлерге жайгаштырылууга;
2) маалыматты берүүдө өз ара шифрлөөнү камсыз кылууга;
3) реалдуу убакыт режиминде түзүлгөн фотосүрөттү жана (же) видео жазууну гана пайдаланууну камсыз кылууга;
4) фотосүрөттү жана (же) видео жазууну алмаштыруудан жана бузуудан, мурда түзүлгөн фотосүрөттү жана (же) видео жазууну пайдалануудан корголууга;
5) идентификациялоонун жүрүшүндө кардарлардын башка адамдардын фотосүрөтүн жана (же) видео жазуусун колдонуу аракеттерин аныктоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болууга;
6) кардардын колдонулуучу акыркы түзүлүшүнүн IP-дарегин аныктоого;
7) санариптик идентификациялоодон жана верификациялоодон өткөн кардарлар жөнүндө жеке жана статистикалык маалыматтарды оперативдүү алуу жана түзүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга;
8) төмөнкүлөрдү камсыз кылуучу функцияларга ээ болууга:
- жеке маалыматтардын субъектинин анын жеке маалыматтарын белгиленген тартипте берүүгө жана иштеп чыгууга макулдугун алууну;
- суроо-талаптарды түзүүнү жана мамлекеттик электрондук сервистерден жоопторду белгиленген тартипте алууну автоматташтырууну;
- кардар берген маалыматтарды мамлекеттик электрондук сервистерден же кардардын берилген электрондук сүрөттөрүнүн жана документтеринин көчүрмөлөрүнүн аныктыгын текшерүүнү камсыз кылуучу маалыматтык системалардан (программалык камсыздоодон) алынган маалыматтар менен салыштырууну;
- кардардын идентификациялык маалыматтарын санкциялык тизмектер, кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) жана террористтик ишмердүүлүк үчүн жаза өтөгөн адамдардын тизмеги менен автоматтык түрдө текшерүүнү, ошондой эле улуттук жана чет өлкөлүк ККА маалымат базалары менен салыштырууну. ККА статусу аныкталган учурда комплаенс-кызматы тарабынан күчөтүлгөн талаптагыдай текшерүү жол-жоболорун колдонуу үчүн иштиктүү мамилелерди автоматташтырылган түрдө түзүү убактылуу токтотулат;
- кардарды санариптик идентификациялоону жана верификациялоону колдонуу менен ачылган, кардарга таандык болгон эсептерди аралыктан блоктоону жана блоктон чыгарууну;
- кардарлар жана жүргүзүлгөн операциялар (бүтүмдөр) жөнүндө маалыматтардын резервдик көчүрмөлөрүн системалуу түрдө түзүүнү, маалыматтардын өзгөрүлбөстүгүн жана сакталышын, ошондой эле аларды белгиленген мөөнөттө андан ары сактоо үчүн жүктөөнү.
– корпоративдик кардарлардын чыныгы ээлери жөнүндө маалыматтарды аларды кызмат көрсөтүүгө аралыктан кабыл алуу процессинде автоматтык түрдө салыштыруу үчүн финансылык чалгындоо органынын жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин юридикалык жактарынын бенефициардык ээлеринин электрондук маалыматтар базасы менен интеграциялоону.
28. Кардарды санариптик идентификациялоодо жана верификациялоодо:
1) фотосүрөт жана (же) видео жазуу түстүү болууга тийиш;
2) фотосүрөттө жана (же) видео жазууда кардардын өзүнөн тышкары башка адамдардын болушуна жол берилбейт;
3) паспорттун алдынкы жана арткы беттеринин фотосүрөтүн алуу зарыл;
4) кардардын бети жарым-жартылай же толугу менен жабылбоого тийиш, кардардын бетине көлөкө түшпөөгө тийиш, кардар анын бетин жаап калуучу көз айнекчен (тунук айнеги бар көз айнектен тышкары) болбоого тийиш;
5) кардардын бети фотосүрөттө жана (же) видео жазууда даана көрүнүүгө тийиш. Видеобайланыш сеансынын жүрүшүндө кардар жетиштүү түрдө жарык жайда болууга тийиш;
6) жандуулукту текшерүү (liveness check) алгоритмдери биометрикалык көрсөтүүгө каршы чабуулдардан коргонуунун эл аралык стандарттарына (мисалы ISO/IEC 30107-3 же эквивалент) шайкештигине сертификацияланышы керек.