Редакцияот 08.10.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

СЫН-ТАШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН СЫН-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2025-жылдын 8-октябры № 53/8-29

Айыл чарба багытындагы жер тилкесин Сын-Таш айыл өкмөтүнүн муниципалдык

менчигине өткөрүп алуу жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Мыйзамынын негизинде, "Муниципалдык менчик жөнүндө" Мыйзамына ылайык, 07.10.2025-жылдагы К.А.Сатыгуловдун кайрылуусун карап чыгып, Сын-Таш айылдык кеңеши,

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. К.А.Сатыгулов тарабынан өз убагында 49 жылга убактылуу колдонууга берилген №66-контурдагы 18 (он сегиз) га айыл чарба багытындагы жер тилкеси, өз каалоосу менен баш тартканына байланыштуу, Сын-Таш айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине кабыл алынсын;

 

2. Сын-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы К.Асановго жогоруда көрсөтүлгөн мүлктү кабыл алуу-өткөрүп берүү актысын түзүү жана мүлктү белгиленген тартипте айыл өкмөтүнүн балансына киргизүү милдеттендирилсин;

 

3. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү Сын-Таш айыл кеңешинин жер суроолору боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Сын-Таш айыл

кеңешинин төрагасы:

 

М.Ш.Кучкачев