Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ
2025-жылдын 14-октябры № 105
2025-жылдын 30-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо шайлоо алдындагы үгүт иштерине катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын жалпыга маалымдоо каражаттарын жана интернет-басылмаларын аккредитациялоо жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 11, 22-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 30-сентябрындагы № 272 Жарлыгына, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 15-августундагы № 57 токтому менен бекитилген Шайлоолорду даярдоо жана өткөрүү мезгилинде жалпыга маалымдоо каражаттарын аккредитациялоо тартиби жөнүндө жобого ылайык, Шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча жумушчу топтун чечимин эске алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2025-жылдын 30-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо шайлоо алдындагы үгүт иштерине катышуу үчүн жалпыга маалымдоо каражаттары жана интернет-басылмалары 1-тиркемеге ылайык аккредитациялансын:
- 97 (токсон жети) жалпыга маалымдоо каражаттары (анын ичинде мезгилдүү басылмалар - 37, телекөрсөтүү - 41, радио - 19);
- 40 (кырк) интернет-басылмасы.
2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтында эфир убактысын, жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн басылма аянтын жана интернет-басылмаларда жарыялоо укугун бергендиги үчүн акы төлөөнүн өлчөмү жана башка шарттары жөнүндө маалымат 2-тиркемеге ылайык, жайгаштырылсын.
3. Бул токтом "Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезитине жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү, Шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча жумушчу топтун жетекчиси А.Г.Бекматовго жүктөлсүн.
“Эркин-Тоо” мамлекетик расмий газетасынын 2025-жылдын 17-октябрындагы № 79 (3735) саны менен жарыяланган.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы |
| Т.Шайназаров |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 14-октябрындагы № 105 токтомуна тиркеме |
2025-жылдын 30-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүгө катышуу үчүн аккредитацияланган жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-редакциялардын ТИЗМЕСИ
Басылмалар
1 | Ысык-Көл облустук "Ысык-Көл Кабарлары" газетасы |
2 | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети, "Кыргыз Туусу" газетасы |
3 | Кыргыз Республикасынын мамлекеттик расмий гезити, "Эркин-Тоо" газетасы |
4 | "АгроМир" ЖЧК, "Агромир" газетасы |
5 | Чүй облустук "Чүй баяны" газетасы |
6 | "Нур Ази Я" ЖЧК, "Lady.kg" газетасы |
7 | "Жарнама Инфо-Реклама" газетасынын редакциясы, "Жарнама Инфо" газетасы |
8 | Жалал-Абад облустук "Акыйкат" коомдук-саясий газетасы |
9 | "МЦ Россия" ЖЧК, "Комсомольская правда - Кыргызстан" газетасы |
10 | "МЦ Россия" ЖЧК, "Московский комсомолец - Азия" газетасы |
11 | "МЦ Россия" ЖЧК, "Аргументы и Факты - Кыргызстан" газетасы |
12 | Баткен облустук "Баткен Таңы" газетасы |
13 | Талас облустук "Талас Байрагы" газетасы |
14 | Ош облустук "Ош жаңырыгы" газетасы |
15 | "Компьютер Пресс" ЖЧК, "Супер Инфо" газетасы |
16 | "Учур" ЖЧК, "Азия Ньюс" газетасы |
17 | Сокулук райондук "Элдик трибуна - Народная трибуна" газетасы |
18 | Ноокат райондук "Ноокат таңы" газетасы |
19 | "Айбат Аймак" ЖЧК, "Багыт кж" газетасы |
20 | "Кыргыз Мобайл" ЖЧК, "Де Факто Плюс" газетасы |
21 | "Дубан" ЖЧК, "Аймак" газетасы |
22 | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети, "Слово Кыргызстана" газетасы" басма үйү |
23 | Талас шаарынын мэриясы, "Жаңы багыт" газетасы |
24 | Жеке ишкер Эшалиев А.Т., "Мугалимдер дүйнөсү" газетасы |
25 | "Учур" ЖЧК, "Учур" газетасы |
26 | "Для Вас" ЖЧК, "Для Вас" газетасы |
27 | Ысык-Көл облустук "Каракольская правда" газетасы |
28 | Ош шаарынын мэриясы, "Ош шамы" газетасы |
29 | Алай райондук "Алай таңы" газетасы |
30 | "Улукбек Медиа" ЖЧК, "Аралаш" газетасы |
31 | "АйзаБина" ЖЧК, "Кеңеш KG" журналы |
32 | Ысык-Ата райондук "Жеңиш Туусу" газетасы |
33 | "Майдан пресс" ЖЧК, "Майдан.Kg" газетасы |
34 | Араван райондук "Достук"/"Дустлик" газетасы |
35 | Өзгөн райондук "Өзгөн нуру" газетасы |
36 | "Адвокат" ЖЧК, "Адвокат" газетасы |
37 | "Келкел kg" журналы |
Телеканалдар
1 | "Проф Медиа Компани" ЖЧК, "Два Ноль" телеканалы |
2 | "Ракета Медиа" ЖЧК, "TV1.KG" телеканалы |
3 | "Ракета Медиа" ЖЧК, "TV2.KG" телеканалы |
4 | "ТРВК Марал тв" ЖЧК, "Марал ТВ" телеканалы |
5 | "Консалт Плюс" ЖЧК, "ТНТ Кыргызстан" телеканалы |
6 | Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясы, "УРТК Жалал-Абад" телеканалы |
7 | "МИА GOVORI" ЖЧК, "МИА Govori TV" телеканалы |
8 | "Media Selling Company" ЖЧК, "НТВ.kg" телеканалы |
9 | "Сереп ТВ" ЖЧК, "Супер ТВ" телеканалы |
10 | "Жаш эф эм" ЖЧК, "Т медиа" телеканалы |
11 | "РТРК Канал" ЖЧК, "7 канал" телеканалы |
12 | "Бакайнур-Мега" ЖЧК, "Next.tv" телеканалы |
13 | Ош шаардык "ОшТВ" муниципалдык телеканалы |
14 | Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясы, "УРТК Нарын" телеканалы |
15 | "312-тв Медиа-групп" ЖЧК, "312 кино" телеканалы |
16 | "312-тв Медиа-групп" ЖЧК, "312 ТВ" телеканалы |
17 | "312-тв Медиа-групп" ЖЧК, "312 Музыка" телеканалы |
18 | "2Канал" ЖЧК, "NewTV" телеканалы |
19 | "ЮТС-Медиа" КФ, "ЮТС" телеканалы |
20 | "Тумар Плюс" ЖЧК, "Тумар ТВ" телеканалы |
21 | Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясы, "Биринчи улуттук канал" телеканалы |
22 | Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясы, "Ала-Тоо 24" телеканалы |
23 | Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясы, "Музыка" телеканалы |
24 | Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясы, "Спорт" телеканалы |
25 | Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясы, "УРТК Баткен" телеканалы |
26 | Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясы, "УРТК Талас" телеканалы |
27 | "Болочок" КФ, "4-телеканал" телеканалы |
28 | "ТРК "АРТВ" ЖЧК, "Region" телеканалы |
29 | Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясы, "УРТК Чүй" телеканалы |
30 | Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясы, "УРТК Ош" телеканалы |
31 | Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясы, "УРТК Ысык-Көл" телеканалы |
32 | "Дамвидео" ЖЧК, "Номад-Тв" телеканалы |
33 | МТРК "Мир" ЖАК, "Мир" телеканалы |
34 | "Paragon" ЖЧК, "ТВ-15" телеканалы |
35 | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик телерадиоберүү компаниясы, "ЭлТР" телеканалы |
36 | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик телерадиоберүү компаниясы, "Илим Билим" телеканалы |
37 | "Ош Пирим Медиа" ЖЧК, "Ош пирим" телеканалы |
38 | "Телерадиокомпания Новая Телевизионная Сеть" ЖЧК, "НТС" телеканалы |
39 | "Медиасаин" ЖЧК, "Любимый" телеканалы |
40 | "Медиасаин" ЖЧК, "Cinemax" телеканалы |
41 | "NUR ТВ" телерадиокомпаниясы |
Радиолор
1 | "ТРВК Марал тв" ЖЧК, "Марал ФМ" радиосу |
2 | "Атлас Медиа" ЖЧК, "IRadio FM 92" радиосу |
3 | ТРК "ТОФ" ЖЧК, Авторадио Бишкек |
4 | "Татина" ЖЧК, "Татина" радиосу |
5 | "Атлас Медиа" ЖЧК, IRadio FM 92 |
6 | "Europa" ЖЧК, "Аура ФМ" радиосу |
7 | "Europa" ЖЧК, "Европа Плюс Кыргызстан" радиосу |
8 | "Europa" ЖЧК, "Ретро ФМ" радиосу |
9 | "Europa" ЖЧК, "Сүйүнчү ФМ" радиосу |
10 | "Europa" ЖЧК, "Кыргызстан Обондору" радиосу |
11 | "Дельта" жеке менчик көз карандысыз радио компаниясы, "Хит FM" радиосу |
12 | "Тумар Плюс" ЖЧК, "Тумар" радиосу |
13 | "Тумар Плюс" ЖЧК, "Лав Радио" радиосу |
14 | Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясы, "Биринчи радио" радиосу |
15 | Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясы, "Миң Кыял" радиосу |
16 | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик телерадиоберүү компаниясы, "ЭлФМ" радиосу |
17 | "Телерадиокомпания Новая Телевизионная Сеть" ЖЧК, "Санжыра" радиосу |
18 | МТРК "Мир" ЖАК, "Мир" радиосу |
19 | Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясы, "Ынтымак" радиосу |
Интернет-басылмалар
1 | "Кактус.медиа" ЖЧК, "Kaktus.kg" интернет редакциясы |
2 | "Кыргызстан" коммерциялык маалымат агенттиги" ЖЧК, "AKИpress" сайты |
3 | "24.kg" маалымат агенттиги" ЖЧК, "24.kg" сайты |
4 | "Кабар" кыргыз улуттук маалымат агенттиги, "kabar.kg" сайты |
5 | "Сереп Медиа" маалымат агенттиги" ЖЧК, "Serep.kg" сайты |
6 | "Султан Медиа" ЖЧК, "Сулуу" жарнама агенттиги |
7 | "РТРК Канал" ЖЧК, "7tv.kg" сайты |
8 | "БРЭН Майнинг" ЖЧК, "Караван-Инфо Кыргызстан" маалымат агенттиги |
9 | "Super.kg" ЖЧК, "Super.kg" телеканалы |
10 | Ош шаардык муниципалдык телеканалынын "Oshtv.kg" сайты |
11 | "Айбат Аймак" КФ, "Bagyt.kg" сайты |
12 | "Барометр" маалымат агенттиги, "Barometr.kg" сайты |
13 | "Барс"Медиа" ЖЧК, "Bars media" сайты |
14 | "ВБ Медиа" ЖЧК, "VB.KG" сайты |
15 | "Учур" ЖЧК, "Aryba.kg" сайты |
16 | "Кут Билим" медиа борбору |
17 | "Масс Медиа Групп" КБ, "Bulak.kg" сайты |
18 | "Медиа Центр КЖ" ЖЧК, "Медиа Центр" мультимедиалык-маалымат агенттиги |
19 | "Экономист" ЖЧК, "Economist.kg" сайты |
20 | "Экономист" ЖЧК, "Im.kg" сайты |
21 | "Жебе" ЖЧК, "ПолитКлиника" онлайн басылмасы |
22 | "КП ТРК" ЖЧК, "Коом Пресс" сайты |
23 | Жеке ишкер Кожомкулова Э.Б., "Kereez.kg" сайты |
24 | "Тез Медиа Групп" ЖЧК, "Тез кабар" ютуб каналы, Тик-Ток, Инстаграм, Фейсбук, Телеграм баракчалары |
25 | "Лимон Медиа" ЖЧК, "Limon.kg" сайты |
26 | "Элден элге жардам" коомдук фонду |
27 | "Майдан пресс" ЖЧК, "Nakta Media" ютуб каналы |
28 | "Башат Медиа" ЖЧК, "Башат Медиа" маалымат агенттиги |
29 | "Про Медиа" ЖЧК, "Vesti.kg" сайты |
30 | "Ньюс.кэйджи" ЖЧК, "news.kg", "Smi.kg", "Maalymat.kg" сайттары |
31 | "Акчабар" ЖЧК, "Акчабар" сайты, Фейсбук, Инстаграм, Твиттер баракчалары |
32 | "Медиа Манат" ЖЧК, "Mediahub" сайты |
33 | "Боркемик" ЖЧК, "Sokol.Media" сайты |
34 | "Спецрепортаж.kg" ЖЧК, "specreportage.kg" сайты |
35 | "Кабарлар" ЖЧК, "Kabarlar.kg" сайты |
36 | "Назарньюс.кж" ЖЧК, "NazarNews.org" сайты |
37 | "Майдан пресс" ЖЧК, "sayasat.kg" сайты |
38 | "Оймедиа" ЖЧК, "Оймедиа" жарнама агенттиги |
39 | "Осмон медиа" интернет басылмасы |
40 | BIA.KG Бишкек маалымат агенттиги |