Загрузка документа…
БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Бел айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги IV сессиясы
2025-жылдын 13-январы № 4-1
Бел айыл өкмөтүнүн 2025-жылга карата бюджети жана 2026- 2027-жылдарга бюджеттин болжолун бекитүү жөнүндө
Күн тартибинде каралган Бел айыл өкмөтүнүн 2025-жылга карата бюджеттин болжолун бекитүү жөнүндөгү маселени “Кыргыз Республикасынын 2025-жылга республикалык бюджеттин болжолун бекитүү жөнүндөгү” Мыйзамынын негизинде иштелип чыгылган долбоор, тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилеринин катышуусунда Бел айылдык кеңешинин “бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча” туруктуу комиссиясы тарабынан каралып, кошумча протоколун угуп жана айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысы Жыргал Сайдаматовдун маалыматын угуп, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-статьясынын 2-пунктуна Кыргыз Республикасынын “Бюджет Кодексинин” 102-беренесине ылайык Бел айылдык кеңеши токтом кылат:
1. 2025-жылда Бел айыл өкмөтүнүн киреше бөлүгү 25123,0 (эки миллион беш жүз он эки миң үч жүз) сом өлчөмүндө , анын ичинен салык жана салык эмес кирешелер 18379,2 (он сегиз миллион үч жүз жетимиш тогуз миң эки жүз) сом жана теңдештирүүчү грант 6743,8 (алты миллион жети жүз кырк үч миң сегиз жүз) сом бекитилсин.
2.Жергиликтүү бюджеттен каржылануучу чыгымдардын көлөмү төмөнкү көрсөткүчтөрдүн негизинде бөлүнүү жагы жактырылсын;
Р -701 ; айыл өкмөтүнүн башкаруу аппаратына 9 846 018 сом,
Р - 701; айылдык кенешке 874 176 сом,
Р-702; жарандык коргонууга 200 000 сом,
Р- 704; Бел жайыт пайдалануучулар бирикмесине 766 600 сом,
Р-704; экономикалык маселелерге 2811 810 сом,
Р-706;камуналдык башка чыгымдарга 750 000 сом,
Р- 708; клубга 643 496 сом,
Р-708; маданият боюнча иш чараларга 200 000 сом,
Р-708; спорттук башка чыгымдарга 200 000 сом,
Р-709; бала бакчаларга 2,633 000 сом ,
Р-709; мектептерге 2 097 400 сом ,
Р-710;социалдык коргоо; 816 000сом,
3. Бел айыл өкмөтүнүн 2026-2027-жылдарга кирешенин болжолу; 2026-жылга 19328,3 (он тогуз миң үч жүз жыйырма сегиз миң үч жүз )сомго, 2027-жылга 20892,3 (жыйырма миллион сегиз жүз токсон эки миң үч жүз) сомго бекитилсин. Бел айыл өкмөтүнүн 2026-2027-жылдарга айылдык бюджетинин негизги көрсөткүчтөрүнүн болжолу жактырылсын.
4.Жергиликтүү бюджеттен каржыланган мекемелердин атайын каражаттарын казыналыктан тышкары пайдаланууга тыюу салынсын. Казыналыктан тышкары пайдаланылган каражаттар тиешелүү денгээлдеги бюджеттерге алынышы бекитилсин.5. Айыл аймагындагы бала бакчаларга Жергиликтүү бюджетинен төлөнүүчү тамак-ашына 2025-жылы 36 баланын төлөмү жана ар бир балага 500 (беш жүз )сом өлчөмүндө белгиленип жалпысы болуп 216 000 ( эки жүз он алты миң) сом белгиленсин.
6.Айыл аймагындагы бала бакчаларга ата-энелерден төлөнүүчү мүчөлүк акы 2025-жылга 455 балага төлөмү 1000 (миң) сом өлчөмүндө белгиленип 3500 500 ( үч миллион беш жүз миң беш жүз) сом кошумча планга киргизилсин. 7.Жергиликтүү бюджеттик мекеме-ишканалардын финансылык-экономикалык негиздерин чыңдоо, алардын финансылык мамлекеттик каражаттарды максаттуу, сарамжалдуу пайдалануусун камсыздоо жана көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысы А.Эшматовго жана айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Ж.Сайдаматовго милдеттендирилсин. 8.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин “бюджет, экономика, муниципалдык менчик айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.:
Төрага: | М.Ураимов |