Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 7-ноябры № 726
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 16 "Мамлекеттик башкаруу секторунун уюмдарынын финансылык отчеттуулугунун стандарттарын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Мамлекеттик финансыны башкарууда реформаларды жүргүзүү максатында, "Бухгалтердик эсеп жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1, 5-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 16 "Мамлекеттик башкаруу секторунун уюмдарынын финансылык отчеттуулугунун стандарттарын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 3-пунктта "2026" деген цифралар "2028" деген цифраларга алмаштырылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекетик расмий газетасынын 2025-жылдын 11 - ноябрындагы № 87 (3743) саны менен жарыяланган.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |