Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ
2025-жылдын 25-ноябры № 155
2025-жылдын 30-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо эл аралык байкоочуларды аккредитациялоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 30-сентябрындагы ПЖ № 272 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мɵɵнɵтүнɵн мурда шайлоону дайындоо жөнүндө" Жарлыгына ылайык, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10-беренесин, "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ɵткɵрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерин, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 9-ноябрындагы № 197 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүүдө эл аралык (чет өлкөлүк) байкоочулардын иш тартиби, статусу жана ыйгарым укуктары жөнүндө жобону жетекчиликке алып, эл аралык уюмдардан келип түшкөн билдирмелердин негизинде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ɵткɵрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркемеге ылайык Индия Республикасынын Шайлоо комиссиясынын, Азербайжан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин, Индонезия Республикасынын Ташкент шаарындагы Элчилигинин, Түркия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин, Өзбекстан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин, Венгриянын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин, Кыргыз Республикасындагы Иран Ислам Республикасынын Элчилигинин, Япониянын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин өкүлдөрү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо эл аралык байкоочулар катары аккредитациялансын.
2. Ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн аккредитацияланган эл аралык байкоочуларга белгиленген үлгүдөгү ырастамалар берилсин.
3. Ушул токтом "Эркин Тоо" мамлекеттик расмий гезитине жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ɵткɵрүү боюнча борбордук комиссиясынын тɵрагасынын орун басары А.С.Жупуевага жүктɵлсүн.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы |
| Т.Шайназаров |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 25-ноябрындагы № 155 токтомуна тиркеме |
Аккредитацияланган эл аралык байкоочулардын ТИЗМЕСИ
К/н № | Ырастама № | Уюм | Фамилиясы аты-жɵнү | Ɵлкɵ | Ээлеген кызмат орду |
1 | 771 | Индия Республикасынын Шайлоо комиссиясы | Б.Д.Р.Тивари | Индия Республикасы | Мегхалая штатынын башкы шайлоо офицери |
2 | 772 | Индия Республикасынын Шайлоо комиссиясы | Лату Трипатхи, | Индия Республикасы | Индиянын Шайлоо комиссиясынын катчысы |
3 | 773 | Азербайжан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы элчилиги | Гандилов Латиф Сейфаддин оглы | Азербайжан Республикасы | Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчи |
4 | 774 | Индонезия Республикасынын элчилиги Ташкент ш. | Юди Аламин Yudi Alamin | Индонезия Республикасы | Индонезия Республикасынын элчилигинин кеңешчиси - министри Ташкент ш. |
5 | 775 | Индонезия Республикасынын элчилиги Ташкент ш. | Джунэ Кунчоро Хадининграт/June Kuncoro Hadiningrat | Индонезия Республикасы | Индонезия Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин кеңешчиси |
6 | 776 | Индонезия Республикасынын элчилиги Ташкент ш. | Баскоро Прамадани/Baskoro Pramadani | Индонезия Республикасы | Индонезия Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин кызматкери |
7 | 777 | Индонезия Республикасынын элчилиги Ташкент ш. | Пуну Мариана Сюзан Punu Mariana Susan | Индонезия Республикасы | Индонезия Республикасынын элчилигинин кызматкери Ташкент ш. |
8 | 778 | Индонезия Республикасынын элчилиги Ташкент ш. | Росалина Тобинг Rosalina Tobing | Индонезия Республикасы | Индонезия Республикасынын элчилигинин кызматкери Ташкент ш. |
9 | 779 | Түркия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы элчилиги | Баязит Юсуф | Түркия Республикасы | Парламенттин депутаты, "Түркия-Кыргызстан" парламенттер аралык достук уюмунун башчысы |
10 | 780 | Түркия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы элчилиги | Жевахир Узкурт | Түркия Республикасы | "Түркия-Кыргызстан" парламенттер аралык достук уюмунун мүчɵсү |
11 | 781 | Түркия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы элчилиги | Эсма Кезбан Килич | Түркия Республикасы | Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын Аппаратынын Протокол жана тышкы байланыштар бөлүмүнүн кызматкери |
12 | 782 | Өзбекстан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы элчилиги | Ниязходжаев Саидикрам Пархатович | Өзбекстан Республикасы | Өзбекстан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси |
13 | 783 | Венгриянын Кыргыз Республикасындагы элчилиги | Шандор Дороги | Венгрия | Венгриянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси |
14 | 784 | Венгриянын Кыргыз Республикасындагы элчилиги | Жолт Силард Мариш | Венгрия | Элчинин орун басары |
15 | 785 | Венгриянын Кыргыз Республикасындагы элчилиги | Золтан Тимар | Венгрия | Жетектɵɵчү консул |
16 | 786 | Венгриянын Кыргыз Республикасындагы элчилиги | Дьёрдь Тар | Венгрия | Консул |
17 | 787 | Иран Ислам Республикасынын Кыргыз Республикасындагы элчилиги | Толу Аль Хашеми Хоссейни Нежад Сейед Мохаммад Сейед Мостафа | Иран Ислам Республикасы | Атташе |
18 | 788 | Япониянын Кыргыз Республикасындагы Элчилиги | Хирана Рюити | Япония | Япониянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси |