Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 31-октябры № 711
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын
4-августундагы № 421 “Жол кыймылынын эрежелерин жана Транспорт каражаттарын пайдаланууга уруксат берүү боюнча негизги жоболорду жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча кызмат адамдарынын милдеттерин бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү
киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 31-декабрындагы № 398 “Автотранспорт каражаттарын легалдаштыруу боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 4-августундагы № 421 “Жол кыймылынын эрежелерин жана Транспорт каражаттарын пайдаланууга уруксат берүү боюнча негизги жоболорду жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча кызмат адамдарынын милдеттерин бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Жол кыймылынын эрежелеринде:
– 2-пунктта:
2.2-пунктчанын экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“Жол кыймылы жөнүндө конвенцияга ылайык келген, бул транспорт каражатынын каттоо, укук белгилөөчү документтерин (транспорт каражатын каттоо жөнүндө күбөлүктү, транспорт каражатын башкаруу укугуна ишеним катты) жана айдоочулук күбөлүктү, Евразия экономикалык бирлигинин бажы мыйзамдарында каралган, бажы органдарынын бул транспорт каражатынын убактылуу ташып келингендигин ырастоочу белгилери бар документтерди жанында алып жүрүүгө жана ички иштер органдарынын кызматкерлеринин талабы боюнча аларга текшерүү үчүн берүүгө, ошондой эле транспорт каражаттарын каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда милдеттүү тартипте убактылуу каттоодон өтүүгө;”;
– төмөнкүдөй мазмундагы эскертүү менен толукталсын:
“Эскертүү: автоматташтырылган маалыматтык системада Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасынан өткөн датасы жөнүндө маалыматтар жок болгон учурда чет мамлекеттин мамлекеттик каттоо белгиси бар механикалык транспорт каражатынын кирген (ташып келинген) күнү болуп 2024-жылдын 31-декабры эсептелет.”.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 4-ноябрындагы № 84 (3740) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |