Загрузка документа…
БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Бел айылдык кеңешинин (VIII чакырылышынын) 4-сессиясы
13.01.2025 №4-3
Бел айыл өкмөтүнүн которуу (трансформациялоо) жана муниципалдык менчикке алуу жөнүндө
Бел айыл аймагынын Жаш айылындагы № 403 контурундагы жайыт жеринен 1,0 га жана Кайрагач айылынын № 435 контурундагы жайыт жеринен 1,0 га жер аянтында жайгашкан суу сактоочу резервуарларды өкмөттүн балансына алуу жөнүндөгү маселени карап чыгып, Бел айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Бел айыл аймагынын Жаш айылындагы № 403 контурундагы жайыт жеринен 1,0 га жана Кайрагач айылынын № 435 контурундагы жайыт жеринен 1,0 га жер аянтында жайгашкан суу сактоочу резервуарларды муниципалдык менчикке алууга макулдук берилсин жана трансформациялоо жагы аткарууга алынсын.
2.Жерди мыйзамдын негизинде карап, муниципалдык менчиктештирүү үчүн документ иштерин бүткөрүү жагы айыл өкмөт башчысы А.Эшматовго жана жер адистерине милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин “Мыйзамдуулук, укук тартиби, жер ,курулуш жана экология боюнча туруктуу комиссиясына” тапшырылсын.
Төрага М. Ураимов