Загрузка документа…
СЫН-ТАШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН СЫН-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 27-июну № 27/5-28
Сын-Таш айыл аймагынын айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү мамлекеттик
фондунун жерлерин пайдалануунун перспективдүү планын бекитүү жөнүндө
Сын-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы К.Асановдун ”Сын-Таш айыл аймагы боюнча 2024-2028-жылдарга АЖМФ жерлерин пайдалануунун келечек планын бекитүү жөнүндө” маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-пунктуна ылайык, “Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүүнүн шарттары жана тартиби жөнүндө” Типтүү жобонун 2-бөлүгүнүн 16, 17-пункттарын негизинде, Сын-Таш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Сын-Таш айыл аймагы боюнча 2024-2028-жылдарга айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин пайдалануунун келечек планы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Сын-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы К.Асановго жүктөлсүн.
Төрага: | Э.Б.Джолдошбеков |