Редакцияот 10.11.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

 

2025-жылдын 10-ноябры № 730

 

Чегерүүлөрдүн өлчөмүн, мөөнөттөрүн аныктоо жана отчетту берүү тартибин бекитүү жөнүндө

 

 

“Камсыздандыруу жана камсыздандыруу иши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесинин 11-бөлүгүн ишке ашыруу максатында, Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексинин 1332-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

 

1. Чегерүүлөрдүн өлчөмүн, мөөнөттөрүн аныктоо жана отчетту берүү тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги ушул токтомдон келип чыккан чараларды көрсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 90 (3746) саны менен жарыяланды

 

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

 

А.А. Касымалиев