|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-ноябрындагы № 730 токтомуна) |
Чегерүүлөрдүн өлчөмүн, мөөнөттөрүн аныктоо жана отчетту берүү ТАРТИБИ
1. Ушул Тартип чегерүүлөрдүн өлчөмүн, которуу мөөнөттөрүн жана милдеттүү камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу сый акыларынан келип түшкөн чегерүүлөр жөнүндө отчетту берүү тартибин белгилейт.
2. Төлөөчүлөр болуп Кыргыз Республикасынын камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын аймагында өз ишин жүзөгө ашырган камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмдары саналат.
3. Чегерүүлөрдүн өлчөмү милдеттүү камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) боюнча келип түшкөн камсыздандыруу сый акыларынын суммасынын 0,5 пайызын түзөт.
4. Чегерүүлөр төлөөчүлөр тарабынан квартал сайын отчеттук мезгилден кийинки айдын 20сына чейин Кыргыз Республикасынын камсыздандыруу жаатындагы мыйзамдарына ылайык камсыздандыруу рыногун жөнгө салуу жана камсыздандыруу ишин көзөмөлдөө боюнча функцияларды жана ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органга киргизилет.
5. Төлөөчүлөр жүргүзүлгөн чегерүүлөр жөнүндө отчетту ыйгарым укуктуу органга чегерүүлөрдүн төлөнгөндүгүн ырастаган документтин/документтердин көчүрмөсүн тиркөө менен квартал сайын, отчеттук кварталдан кийинки айдын 25нен кечиктирбестен берет.
6. Жүргүзүлгөн чегерүүлөр жөнүндө отчетту берүүнүн формасы жана тартиби Кыргыз Республикасынын камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилет.