Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ
2025-жылдын 26-сентябры № 78
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо талапкерлер, саясий партиялар тарабынан берилүүчү шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү тартиби жөнүндө жобону, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө документтердин тизмеги жана формаларын бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо талапкерлер, саясий партиялар тарабынан берилүүчү шайлоо документтерин кабыл алуунун жана текшерүүнүн тартибин жөнгө салуу жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө документтердин тизмегин жана формаларын бекитүү максатында, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо талапкерлер, саясий партиялар тарабынан берилүүчү шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү тартиби жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерди каттоо үчүн Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына саясий партиялар тарабынан берилүүчү документтердин тизмеги жана формалары 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде көрсөтүлгөн талапкерди каттоо үчүн Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына талапкер тарабынан берилүүчү документтердин тизмеги жана формалары 3-тиркемеге ылайык бекитилсин.
4. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо талапкерлер, саясий партиялар тарабынан берилген шайлоо документтерин кабыл алуунун жана текшерүүнүн тартиби, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө документтердин тизмеги жана формалары жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" 2021-жылдын 29-августундагы № 659 токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
5. Бул токтом "Эркин-Тоо" гезитине жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.С.Жупуевага жүктөлсүн.
7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага |
| Т.Шайназаров |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 26-сентябрындагы № 78 токтомуна 2-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлерди каттоо үчүн Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясына саясий партиялар тарабынан берилүүчү документтердин тизмеги жана формалары
№ | Документтин аталышы | формасы |
1. | Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого катышуусу жөнүндө саясий партиянын билдирүүсү | (№ 1-форма) |
2. | Көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерди көрсөтүү жөнүндө саясий партиянын съездинин чечими | (№ 2-форма) |
3. | Көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча саясий партиядан көрсөтүлгөн Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмеги | (№ 3-форма) |
4. | Көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына саясий партия тарабынан көрсөтүлгөн талапкер жөнүндө маалымат | (№ 4-форма) |
5. | Башка мамлекеттин жарандыгы жок экендиги жөнүндө декларация | (№ 5-форма) |
6. | Диний ишмерлер үчүн чектөөлөрдүн сакталышы жөнүндө декларация | (№ 6-форма) |
7. | Талапкерлердин биринчи жогорку кесиптик билими жөнүндө документтеринин нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү |
|
8. | Жеке маалыматтарды чогултууга жана иштетүүгө макулдук берүүнүн типтүү формасы | (№ 7-форма) |
9. | Талапкердин иштеген же окуган жеринен маалымкат. Анын кызматтык ыйгарым укуктарын токтотуу же токтото туруу жөнүндө тиешелүү буйруктардын (тескемелердин) күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү (талапкерди көрсөтүү учурунан тартып, башкача айтканда саясий партиянын съезди өткөрүлгөн күндөн тартып берилет) |
|
10. | Саясий партиянын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн тизмеси | (№ 8-форма) |
11. | Саясий партиянын ыйгарым укуктуу өкүлү болушунун макулдугу жөнүндө арызы | (№ 9-форма) |
12. | Ыйгарым укуктуу өкүлдү кайра чакыртып алуу жөнүндө саясий партиянын билдирүүсү | (№10-форма) |
13. | Саясий партия тарабынан көрсөтүлгөн талапкердин шайлоо комиссияларындагы өкүлдөрүнүн, ишенимдүү адамдарынын, байкоочуларынын тизмеси | (№ 11-форма) |
14. | Талапкердин шайлоо комиссиясындагы өкүлү, ишенимдүү адамы болууга макулдугу жөнүндө арызы | (№12-форма) |
15. | Талапкердин шайлоо комиссиясындагы өкүлүн, ишенимдүү адамын чакыртып алуу жөнүндө билдирүүсү | (№ 13-форма) |
16. | Саясий партия жөнүндө маалымат | (№ 14-форма) |
17. | Талапкер жөнүндө маалымат | (№ 141-форма) |
18. | Саясий партиянын, талапкердин шайлоо алдындагы программасы |
|
19. | Талапкердин байкоочуларын каттоо үчүн жолдомо | (№ 15-форма) |
№ 1-форма
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого катышуусу жөнүндө саясий партиянын билдирүүсү
Кыргыз Республикасынын
Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына
БИЛДИРҮҮ
______________________________________________саясий партиясы
(саясий партиянын аталышы)
______________________________________________________________________
(саясий партиянын каттоо номери жана датасы)
№______________________________________________ көп мандаттуу шайлоо округу боюнча (шайлоо округунун аталышы)
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо талапкерди көрсөтүү ниети жөнүндө билдирет.
______________________________________________саясий партиясы төмөндөгү
(саясий партиянын аталышы)
ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн дайындайт:
шайлоолор боюнча _________________________________________________________________
(аты-жөнү)
кол коюу укугу менен финансылык маселелер боюнча___________________________________
______________________________________________________________________
(аты-жөнү)
Тиркелет:
1) саясий партиянын каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү;
2) партиянын уставынын нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
3) саясий партиянын жетекчисинин паспортунун көчүрмөсү;
4) саясий партиянын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн тизмеси (№ 8-форма);
5) саясий партиянын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн арыздары (№ 9-форма);
6) саясий партиянын жетекчиси жана ыйгарым укуктуу өкүлдөрү тарабынан толтурулган жеке маалыматтарды чогултууга жана иштеп чыгууга макулдугунун типтүү бланкы (№ 7-форма);
7) ыйгарым укуктуу өкүлдөрдүн паспортторунун көчүрмөлөрү.
Саясий партиянын жетекчиси_______________________________ ____________________
(Аты-жөнү) (Кол тамгасы)
М.О.
“__ ” ________ 20___-ж
Эскертүү: Билдирүү кагаз түрүндө берилет