Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 5-ноябры № 719
Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмдарынын финансылык туруктуулугун камсыз кылуу боюнча ченемдик укуктук актыларды бекитүү жөнүндө
"Камсыздандыруу жана камсыздандыруу иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 82-беренесинин 3-бөлүгүн ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Камсыздандыруу келишиминдеги айрым тобокелдик боюнча жоопкерчиликтин максималдуу көлөмү өздүк каражаттардын суммасынын 20 пайызынан ашпайт деп белгиленсин.
2. Уставдык капиталдын минималдуу өлчөмүнө карата төмөнкүдөй талаптар белгиленсин:
1) жүктөлгөн камсыздандырууну, аннуитеттик камсыздандырууну жана такафул ислам принциптери боюнча камсыздандырууну кошкондо, камсыздандыруунун жана кайра камсыздандыруунун ыктыярдуу жана милдеттүү түрлөрү боюнча иш жүргүзгөн камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюму үчүн 150000000 (жүз элүү миллион) сомдон кем эмес өлчөмдө;
2) кайра камсыздандыруу боюнча гана иш жүргүзгөн камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюму үчүн - 300000000 (үч жүз миллион) сомдон кем эмес өлчөмдө;
3) Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналардын аймагында кайра камсыздандыруу боюнча гана иш жүргүзгөн камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюму үчүн - 100000000 (жүз миллион) сомдон кем эмес өлчөмдө;
4) камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) брокери үчүн - 1000000 (бир миллион) сомдон кем эмес өлчөмдө.
Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмдарынын жана камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) брокерлеринин уставдык капиталы Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында улуттук валютада гана түзүлөт.
3. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Камсыздандыруу уюмдары тарабынан камсыздандыруу (техникалык) резервдерин жайгаштыруу эрежелери 1-тиркемеге ылайык;
2) Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюму үчүн пруденциялык ченемдер жөнүндө нускама 2-тиркемеге ылайык;
3) Кыргыз Республикасынын камсыздандыруу уюмдарынын камсыздандыруу (техникалык) резервдерине чегерүүлөрдүн ченемдерин эсептөө тартиби жөнүндө жобо 3-тиркемеге ылайык.
4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 5-августундагы № 500 "Кыргыз Республикасынын камсыздандыруу уюмдарынын камсыздандыруу (техникалык) резервдерине чегерүүлөрдүн нормативдерин эсептөөнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 5-ноябрындагы № 265 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 5-августундагы № 500 "Кыргыз Республикасынын камсыздандыруу уюмдарынын камсыздандыруу (техникалык) резервдерине чегерүүлөрдүн нормативдерин эсептөөнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна толуктоо киргизүү жөнүндө" токтому;
3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 25-ноябрындагы № 299 "Камсыздандыруу келишиминдеги айрым коркунучтар боюнча жоопкерчиликтин максималдуу көлөмүн белгилөө жөнүндө" токтому;
4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-январындагы № 3 "Камсыздандыруучу уюмдар тарабынан камсыздандыруу (техникалык) резервдерин жайгаштыруунун эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтому;
5) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 26-августундагы № 485 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун 1-пункту;
6) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 1-июнундагы № 292 "Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмдары жана камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) брокерлери үчүн уставдык капиталдын минималдык өлчөмдөрүн бекитүү жөнүндө" токтому;
7) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 23-ноябрындагы № 608 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому;
8) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-декабрындагы № 673 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 1-июнундагы № 292 "Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмдары жана камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) брокерлери үчүн уставдык капиталдын минималдык өлчөмдөрүн бекитүү жөнүндө" токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому;
9) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 11-октябрындагы № 658 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 1-июнундагы № 292 "Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмдары жана камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) брокерлери үчүн уставдык капиталдын минималдык өлчөмдөрүн бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;
10) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 4-сентябрындагы № 417 "Финансылык рыноктун субъекттери тарабынан отчет (маалымат) берүү жана маалыматты ачыктоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомунун 1-пунктунун үчүнчү абзацы;
11) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 13-майындагы № 222 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 4-сентябрындагы № 417 "Финансылык рыноктун субъекттери тарабынан отчет (маалымат) берүү жана маалыматты ачыктоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун тиркемесинин 2-пункту.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекетик расмий газетасынын 2025-жылдын 7-октябрындагы № 85 (3741) саны менен жарыяланган.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |