Загрузка документа…
БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Бел айылдык кеңешинин (VIII чакырылышынын) кезексиз 5-сессиясы
2025-жылдын 5-февралы № 5-1
Бел айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын бюджетинен үнөмдөлүп калган калдык акчаны бөлүштүрүү жөнүндө
Бел айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын бюджетинен үнөмдөлүп калган акчаны бөлүштүрүү жөнүндө сунуштарды карап чыгып айылдык кеңештин “бюджет,экономика, муниципалдык менчик жана айыл чарбасы” боюнча туруктуу комиссиясынын маалыматын угуп, талкуулап айылдык кеңеш токтом кылат:
1.Бел айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын бюджетинен үнөмдөлүп калган 3 825 400 (үч миллион сегиз жүз жыйырма беш миң төрт жүз ) сомду төмөнкү даректерге;
- Проектилерге- 700 000 сом
- Мектеп, бала бакчаларга алынган көмүргө-235 453 сом
- Таштанды төгүүчү жерди тосууга- 200 000 сом
- Логистикалык борбордун айланасын тегиздеп, тазалоого- 500 000 сом
- Маданият үйүнө- 40 000 сом
- “Бел” муниципалдык ишканасына - 60 000 сом
- Экономикалык чыгымдарга- 10800 сом
- Жайыт – 179 412сом
Бел айылына;
- Чүчүк бөлүмгө -100 000
- Тимурлан Алым балдар бакчасына- 100 000
- Додоң бак бөлүмгө көпүрөгө – 100 000
- Додоң бак бөлүмгө столба зымдарга- 100 000
- А.Калыгулов мектебине-100 000
- Жаш айылына столба,зымдарга- 100 000
- Сражидинова Канзада атындагы “Райхан” балдар бакчасына- 500 000
Кайрагач айылына;
-Көчөлөрдү тегиздөө, шагыл төшөөгө- 500 000 сом
-Столба алууга-100 000 сом
- Бала бакчалардын тамак-ашынан үнөмдөлгөн акча-199 700
2.Жогорудагы көрсөтүлгөн суммаларды мыйзам чегинде төлөп берүү жагы айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысы Ж.Сайдаматовго жана айыл өкмөт башчысы А.Эшматовго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы “бюджет,экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага М.Ураимов