Загрузка документа…
БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Бел айылдык кеңешинин (VIII чакырылышынын) 4-сессиясы
2025-жылдын 5-февралы № 5-2
2025-2027-жылдарга карата Бел айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик адмиинистрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүдө” мыйзамынын 34-39-беренелерине жана Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 88-беренесине ылайык, айылдык кеңештин ”бюджет,экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш” боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, айылдык кеңеш токтом кылат:
1.2025-2027-жылдарга карата Бел айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасы кошумчаланып бекитилсин.
2.Программада камтылган иш-чарлардын аткарылышын камсыз кылуу жагы Бел айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы А. Эшматовго тапшырылсын.
3.Ушул токтом каттоого алынсын жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
4.Ушул токтомдун аткарылышын козөмөлдөө жагы Бел айылдык кеңешинин ”бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
| М. Ураимов |