Загрузка документа…
БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Бел айылдык кеңешинин (VIII чакырылышынын) кезексиз 5-сессиясы
2025-жылдын 5-февралы № 5-3
Бел айыл аймагынын Жаш айылындагы Тегирмен-Башы бөлүмүнөн жалпы 29,76 га жана Сасык-Бука бөлүмүнөн 3,46га жер аянтын которуу (трансформациялоо) жөнүндө
Бел айыл аймагынын Жаш айылындагы Тегирмен-Башы бөлүмүнүн жайыт жеринен № 63 контурунан 23,46га жана №80-контурунан 4,70га, №99 контурунан 1,60га жана Сасык-Бука бөлүмүнүн кайрак айдоо жеринен №390 контурунан 3,46га жер аянтына “кыш завод” куруу боюнча маселени отурумда туруктуу комиссия карап, талкуулап инвесторлордун презентациясын карап чыгып кошумча айыл өкмөтүнүн билдирүүсүн угуп айылдык кеңеш токтом кылат:
1.Бел айыл аймагынын Жаш айылындагы Тегирмен-Башы бөлүмүнүн жайыт жеринен № 63 контурунан 23,46 га жана №80-контурунан 4,70 га, №99 контурунан 1,60га жана Сасык-Бука бөлүмүнүн кайрак айдоо жеринен №390 контурунан 3,46га жер аянтына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин жана аткарууга алынсын.
2.Аныкталган жерлер боюнча мыйзам чегинде иш алып баруу жагы айыл өкмөт башчысы А.Эшматовго жана жер адистерине милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы “Мыйзамдуулук,укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо,архитектура,курулуш,транспорт жана экология” боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төрага |
| М. Ураимов |