Загрузка документа…
БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Бел айылдык кеңешинин (VIII чакырылышынын) кезексиз 5-сессиясы
2025-жылдын 5-февралы № 5-4
Бел айыл аймагынын Кайрагач айылынын Күнгөй бөлүмүнөн № 283 контурунан 6,0га жер аянтын которуу (трансформациялоо) жөнүндө
Бел айыл аймагынын Кайрагач айылынын Күнгөй бөлүмүнөн №283контурундагы 6,0га жер аянтына кум-шагыл майдалоочу жана бетон курулмаларды чыгаруучу кичи ишкана куруу боюнча маселени отурумда туруктуу комиссия карап, талкуулап инвесторлордун презентациясын угуп чыгып кошумча айыл өкмөтүнүн билдирүүсүн угуп айылдык кеңеш токтом кылат:
1.Бел айыл аймагынын кайрагач айылынын Күнгөй бөлүмүнөн №283 контуруна кум-шагыл майдалоочу жана бетон курулмаларды чыгаруучу кичи ишкана курууга 6,0га жер аянтын которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин жана аткарууга алынсын.
2.Аныкталган контурдагы жерлер боюнча мыйзам чегинде иш алып баруу жагы айыл өкмөт башчысы А.Эшматовго жана жер адистерине милдеттендирилсин. 3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы “Мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо,архитектура,курулуш,транспорт жана экология” боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төрага |
| М. Ураимов |