Загрузка документа…
БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Бел айылдык кеңешинин (VIII чакырылышынын) кезексиз 5-сессиясы
2025-жылдын 5-февралы № 5-6
Бел айыл аймагынын Сасык бука бөлүмүндөгү №342 контурунан 0,40га жана №341 контурунан 0,10га жер аянтын которуу (трансформациялоо) жөнүндө
Бел айыл аймагынын Сасык бука бөлүмүнөн №342 контурундагы 0,40га жана №341контурунан 0,10га жер аянтына “тоок ферма” куруу боюнча маселени отурумда туруктуу комиссия карап, талкуулап инвесторлордун презентациясын угуп чыгып кошумча айыл өкмөтүнүн билдирүүсүн угуп айылдык кенеш токтом кылат:
1.Бел айыл аймагынын Сасык-Бука бөлүмүнөн №342 контурунан 0,40 га жана №341 контурунан 0,10 га жер аянтына тоок ферма куруу үчүн аталган жерди которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин жана аткарууга алынсын.
2.Аныкталган контурдагы жерлер боюнча мыйзам чегинде иш алып баруу жагы айыл өкмөт башчысы А.Эшматовго жана жер адистерине милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы “Мыйзамдуулук,укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо,архитектура,курулуш,транспорт жана экология” боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төрага |
| М. Ураимов |