Загрузка документа…
БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Бел айылдык кеңешинин (VIII чакырылышынын) кезексиз 5-сессиясы
2025-жылдын 5-февралы № 5-7
Бел айыл аймагынын балдар бакчаларына кошумча план коюу жана Жаш айылындагы “Карлыгач-Каңды ”, Кайрагач айылындагы “Күн балдары” балдар бакчасына кошумча кыска мөөнөттүү тайпа ачуу жөнүндө
Бел айыл аймагынын балдар бакчаларына кошумча план коюу, Жаш айылындагы “Карлыгач-Каңды ” балдар бакчасына кошумча кыска мөөнөттүү 4-тайпа жана Кайрагач айылындагы “Күн балдары” балдар бакчасына кошумча 7- кыска мөөнөттүү тайпаны ачуу жөнүндөгү маселени карап чыгып бала бакчанын жетекчисинин маалыматын угуп Бел айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Бел айыл аймагынын балдар бакчаларына кошумча 1725700 (бир миллион жети жүз жыйырма беш миң жети жүз ) сом планга коюуга макулдук берилсин.
2. Бел айыл аймагынын Жаш айылындагы “Карлыгач-Каңды” балдар бакчасына кошумча 4- кыска мөөнөттүү тайпа жана Кайрагач айылындагы “Күн балдары” балдар бакчасына кошумча 7- кыска мөөнөттүү тайпаны ачууга макулдук берилсин.
3. Кошумча кыска мөөнөттүү тайпаны ачуу боюнча иш алып баруу жагы бала бакча жетекчилерине, айыл өкмөтүнүн башчысы А.Эшматовго жана ФЭБнүн башчысы Ж.Сайдаматовго милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин “мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
| М. Ураимов |