Загрузка документа…
БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Бел айылдык кеңешинин (VIII чакырылышынын) кезексиз 5-сессиясы
2025-жылдын 5-февралы № 5-8
Бел айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн “Бел” муниципалдык ишканасынын жайыт, сугат суу, тазалык боюнча тарифтерин бекитип берүү жөнүндө
2023-жылдын 29-декабрь Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин №735 токтому жана убактылуу жобосунун негизинде Бел айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн “Бел” муниципалдык ишканасынын жайыт, сугат суу, тазалык боюнча тарифтерин бекитип берүү жөнүндө муниципалдык ишкананын жетекчисинин маалыматынын негизинде айылдык кеңеш токтом кылат:
1.Бел айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн “Бел” муниципалдык ишканасынын план тарифтеринин 2025-жылга карата түзүлгөн долбоору жактырылсын анын ичинен;
- Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин бюджети 2 000 000 (эки миллион) сом - сугат сууга болгон тарифи 0,01га үчүн 15(он беш) сом;
- таштандыларды алууга кожолуктардан чыгарылган ар бир кап үчүн 40 (кырк ) сом өлчөмүндө тарифтер бекитилсин.
2.Жайыт райдалануучулар бирикмесинин бюджетине түшкөн жалпы сумманын 3/1 бөлүгү айыл өкмөтүнүн бюджетине калтырылсын.
3.Ушул токтомду аткарууга жана жетекчиликке алуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Эшматовго, МИнын директору Ж.Султановго жана ФЭБ башчы Ж.Сайдаматовго милдеттендирилсин.
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин “бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
| М. Ураимов |