Загрузка документа…
|
| 2-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-ноябрындагы № 732 токтомуна) |
Саламаттык сактоо жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча байкоочу кеңеш жөнүндө жобо
1-глава. Жалпы жоболор
1. Саламаттык сактоо жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча байкоочу кеңеш (мындан ары - Кеңеш) Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги (мындан ары - Министрлик) тарабынан саламаттык сактоо жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын натыйжалуу ишке ашыруу максатында саламаттык сактоо жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түзүлдү.
2. Кеңеш өзүнүн ишинде жана өзүнүн компетенциясынын маселелери боюнча чечимдерди кабыл алууда ыктыярдуулук, өз алдынча башкаруу, объективдүүлүк, айкындуулук, ачыктык жана көз карандысыздык принциптерине негизделет.
3. Кеңеш Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине (мындан ары - Министрлер Кабинети) түздөн-түз баш иет.
4. Кеңештин мүчөлөрү чечимдерди мыйзамдуу жана негиздүү кабыл алууга катышуу үчүн жеке жоопкерчилик тартат.
2-глава. Кеңештин милдеттери жана функциялары
5. Кеңештин негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1) Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо секторун өркүндөтүү үчүн саясатты жана багыттарды түзүү;
2) саламаттык сактоо кызмат көрсөтүүлөрү менен жалпы камтуу бөлүгүндө милдеттүү медициналык камсыздандырууну өнүктүрүү саясатын түзүү;
3) саламаттык сактоо секторун, милдеттүү медициналык камсыздандырууну өнүктүрүү жана Кыргыз Республикасынын жарандарынын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууга багытталган иш-чараларды пландоо, координациялоо, ишке ашыруу жана баалоо;
4) жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасынын алкагында чечимдерди, ошондой эле көрсөтүлүүчү кызматтардын көлөмүн жана түрлөрүн өзгөртпөстөн жүзөгө ашырылуучу саламаттык сактоо жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мамлекеттик программаларды кабыл алуу;
5) саламаттык сактоо уюмдарынын чыгымдарын оптималдаштыруу маселелерин кароо;
6) милдеттүү медициналык камсыздандыруунун камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери боюнча сунуштарды кароо жана аларды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте бекитүүгө киргизүү;
7) коомдук саламаттык сактоону каржылоонун ченемдерин бекитүү;
8) саламаттык сактоону колдоого жана өнүктүрүүгө багытталган каражаттардан каржылоо үчүн саламаттык сактоо уюмдарынын тизмегин бекитүү;
9) милдеттүү медициналык камсыздандыруу саясатын аныктоо;
10) Милдеттүү медициналык камсыздандыруу системасынын катышуучуларына жыл сайын финансылык аудит жүргүзүү үчүн сунуштар.
6. Кеңештин функциялары:
1) саламаттык сактоону өнүктүрүү жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу маселелерин кароо;
2) саламаттык сактоону өнүктүрүү жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу маселелери, анын ичинде санариптик технологияларды өркүндөтүү жана киргизүү маселелери боюнча Кеңеш тарабынан иштелип чыккан сунуштарды, чечимдерди белгиленген тартипте Министрлер Кабинетинин кароосуна киргизүү;
3) Кыргыз Республикасынын жарандарынын саламаттыгын сактоо жаатында Министрликтин ишинин негизги багыттарынын пландарын ишке ашырууну координациялоо.
3-глава. Кеңештин курамы
7. Кеңештин курамы мамлекеттик комитеттин, кызыкдар министрликтердин жана ведомстволордун, милдеттүү медициналык камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөр - иш берүүчүлөрдүн, медициналык кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөрдүн, коомдук уюмдардын өкүлчүлүгүнүн принциби боюнча түзүлөт.
Кеңештин ишин камсыз кылуу жана өзүнүн жыйналыштарына аналитикалык маалыматтык жана башка материалдарды даярдоо үчүн Кеңеш мамлекеттик органдардын, коомдук уюмдардын өкүлдөрүн, көз карандысыз адистерди жана эксперттерди тарта алат.
8. Кеңештин жеке курамы Министрликтин сунушу боюнча Министрлер Кабинетинин чечими менен бекитилет.
9. Кеңештин бардык мүчөлөрү Кыргыз Республикасында туруктуу жашоого, Кеңештин ишине катышуу үчүн зарыл болгон саламаттык сактоо жана эмгек мамилелери жаатында билимге ээ болууга тийиш.
10. Кеңештин мүчөсү анын курамынан көрсөткөн тараптын чакыртып алуусу же Кеңештин чечими боюнча жеке арызынын негизинде чыгарылышы мүмкүн.
11. Кеңештин мүчөлөрүн алмаштыруу ээлеген кызмат орду боюнча жүргүзүлөт.
12. Ээлеген кызмат ордуна жараша Кеңештин курамына кирген мүчөлөр бул кызмат ордунда турган мезгилде ыйгарым укуктарын аткарышат. Башка мүчөлөр үчүн ыйгарым укуктардын мөөнөтү үч жылды түзөт. Кайта дайындоого катары менен эки мөөнөттөн ашык эмес жол берилет.
13. Кеңештин ишине катышуу үчүн мамлекеттик комитеттин, министрликтердин, административдик ведомстволордун, мамлекеттик комиссиялардын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, Кеңештин мүчөсү болуп саналбаган кызыкдар уюмдардын өкүлдөрү, ошондой эле чет өлкөлүк жана ата мекендик эксперттер, консультанттар, окумуштуулар жана адистер чакырылышы мүмкүн.
14. Кеңештин төрагасы болуп Министрлер Кабинетинин Төрагасынын социалдык блокту тейлеген орун басары саналат.
15. Кеңештин Төрагасынын эки орун басары болот.
16. Кеңештин төрагасы же анын орун басарлары (төрага жок учурда же анын тапшырмасы боюнча) Кеңештин ишин уюштурат: жыйналыштарды өткөрөт, учурдагы уюштуруу маселелерин чечет, чечимдердин аткарылышын контролдойт.
4-глава. Кеңештин иши
17. Кеңеш өз ишин Кыргыз Республикасынын Конституциясына, мыйзамдарына жана башка ченемдик укуктук актыларына, ошондой эле ушул Жобого жана Кеңештин чечимдерине ылайык жүргүзөт.
18. Кеңеш өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде иш жүргүзгөн туруктуу иштеген коомдук орган болуп саналат.
19. Кеңештин иши бардык маселелерди эркин талкуулоонун жана чечимдерди коллегиалдуу кабыл алуунун негизинде жүзөгө ашырылат.
20. Кеңештин жыйналыштары зарылдыгына жараша, бирок жылына эки жолудан кем эмес өткөрүлөт. Жыйналыш Кеңештин мүчөлөрүнүн жарымынан кем эмеси катышкан шартта укуктуу деп эсептелет.
21. Саламаттык сактоо системасынын жана милдеттүү медициналык камсыздандыруунун проблемаларын кароо, ошондой эле Кеңештин чечимдерин даярдоо үчүн көз карандысыз эксперттер жана консультанттар тартылышы жана тиешелүү багыттар боюнча комиссиялар түзүлүшү мүмкүн.
22. Кеңештин чечимдери кворум болгондо ачык добуш берүү аркылуу көпчүлүк добуш менен кабыл алынат. Эгерде Кеңештин катышкан мүчөлөрүнүн жарымынан көбү добуш берсе, Кеңештин чечимдери ыйгарым укуктуу болот. Кеңештин ар бир мүчөсү бир добушка ээ. Добуштардын саны тең болгондо төрагалык кылуучунун добушу чечүүчү болуп эсептелет.
23. Талкуулоо үчүн документтер Кеңешке жыйналышка чейин жети жумуш күн мурда берилет жана катчы тарабынан жыйналышка чейин беш күндөн кем эмес Кеңештин бардык мүчөлөрүнө маалымдалат.
24. Кеңештин жыйналышын чакыруунун күн тартиби, убактысы жана орду анын төрагасы тарабынан аныкталат. Кеңештин кезексиз жыйналышын чакыруунун демилгечиси жыйналышка чейин эки жума мурда сунуш киргизген анын кайсы болбосун мүчөсү болушу мүмкүн. Кеңештин кезексиз жыйналыштары төрага тарабынан дайындалат. Чакырылыштын демилгечиси Кеңештин катчысына талкуулоо үчүн документтерди (маалымкаттар, актылар, чечимдердин долбоорлору жана талкуулоонун зарылдыгын жүйөлөштүргөн башка документтер) берет, алар Кеңештин бардык мүчөлөрүнө жеткирилет.
25. Кеңештин жыйналыштары протоколдоштурулат. Чечимдерге төрага же анын орун басарлары кол коёт, түп нускалары Кеңештин катчысында сакталат.
26. Кеңештин катчысы Кеңештин мүчөлөрүнүн ортосунда кат алышууну жүргүзөт, иш планын, күн тартибин түзөт жана жыйналыштардын протоколун түзөт, Кеңештин компетенциясына кирген маселелер боюнча төраганын тапшырмаларынын жана Кеңештин чечимдеринин аткарылышынын мөөнөттөрүн контролдойт.
27. Кеңештин келерки жылга иш планы Кеңештин мүчөлөрүнүн сунуштарын эске алуу менен иштелип чыгат жана төрага тарабынан бекитилет.
28. Кеңештин ишин камсыз кылууну Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду ишке ашырат.
5-глава. Кеңештин ишин токтотуу
29. Кеңештин ишин токтотуу жана токтотуп туруу Министрлер Кабинетинин чечими менен жүзөгө ашырылат.
30. Кеңештин ишинин материалдары "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык архивделет.