Загрузка документа…
КАРА-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Таш айылдык кенештин VIII-чакырылышынын биринчи сессиясы
2024-жылдын 30-ноябры №2
Кара-Таш айылдык кенешинин төрагасынын орун басарын шайлоо жөнүндө
Кара-Таш айылдык кеңешинин төрагасынын орун басарын шайлоо жөнундөгү Эсептөө комиссиясынын 2024-жылдын 20-ноябрындагы №3-1-протоколун жана Эсептөө комиссиясынын төрагасынын маалыматын угуп,Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнундө” мыйзамын,Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Мамлекттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу мамлекеттик агенттигинин 2022-жылдын 14-мартындагы №56-буйругу менен бекитилген типтүү регламентин жетекчиликке алуу менен Кара-Таш айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Эсептөө комиссиясынын айылдык кеңештин төрагасынын орун басарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө 2024-жылдын №3-1-протоколу бекитилсин.
2.Кара-Таш айылдык кеңештин төрагасынын орун басары болуп Муктаржан уулу Сапарбек шайлангандыгы таанылсын.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Төрага |
| Б.Муктарбек уулу |