Загрузка документа…
КӨК-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Бел айылдык кеңешинин (VII чакырылышынын) 3-сессиясы
2025-жылдын 11-январы № 3-02
Көк-Бел айыл өкмөтүнүн 2025-жылга салык ставкалары жөнүндө
Көк-Бел айылдык кеңешинин бюджет, экономика жана ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 10-январындагы отурумунун протоколуна негиз, Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын 2024-жылдын 6-сентябрындагы 2025-жылга инфляциянын коэфицентинин өлчөмүн бекитүү тамарка салыгы, айыл чарба багытындагы жана айыл чарба багытындагы эмес жерлерге мүлк салыгынын суммасын эсептөө тартибин регламенттештирүү маселесин карап жана талкуулап чыгып, туруктуу комиссиясынын берген сунушунун негизинде, Кыргыз Республикасынын 2021-жыл 20-октябрь № 123“ Жергиликтүү өз алдынча башкаруу ” Мыйзамынын 3-бөлүмүндөгү 34-беренесинин 2-бөлүмүнүн 4-бөлүкчөсүнө ылайык Көк-Бел айылдык кеңеши токтом кылат:
1. 2025-жылдын 1-январынан баштап Көк-Бел айыл аймагында айыл чарба жерлерине, калктуу конуштардын жерлерине жана айыл чарба багытындагы эмес жерлерге мүлк салыгынын суммасын эсептөөдө инфляциянын коэфициенти 1,108 өлчөмүндө бекитилип, таштандыларды чыгаруу салык эмес жыйымдары 100(жүз) сом жана жер салыктарынын зооналдык коэфициенттери өткөн жылкы ставкалар 1,2 өлчөмүндө калтырылсын.
2. Токтомдун аткарылышы Көк-Бел айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Ш. Дадабаевге жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Бел айылдык кеңешинин бюджет, экономика жана ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн
Төрага |
| М. Айткулов |