Документке
Мурунку27.08.2026
Жаңы04.12.2025

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

 

2025-жылдын 4-декабры № 778

 

Иш сапардык чыгымдардын ченемдерин белгилөө

жана алардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө

 

 

Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 115-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

 

1.      Кызматкерлерди иш сапарга жиберүү менен байланышкан чыгымдардын ордун толтуруунун төмөнкүдөй ченемдери белгиленсин:

1)     Кыргыз Республикасынын чегинде:

-          суткалык төлөм – республиканын региондорунда иш сапарда болуунун ар бир күнү үчүн 1000 сом; Бишкек шаарында – 1200 сом;

-          турак жайды ижаралоо боюнча төлөм – тиешелүү документтер менен ырасталган иш жүзүндөгү чыгымдар боюнча. Ырастоочу документтер жок болгон учурда турак жайды ижаралоо боюнча чыгымдардын орду суткалык чыгымдардын ченеминен 50 пайыз өлчөмүндө толтурулат;

-          иш сапар өтүүчү жерге чейин барууга жана кайтып келүүгө жол кире чыгымдары, анын ичинде транспортто жүргүнчүлөрдү милдеттүү мамлекеттик камсыздандыруу боюнча төлөмдөр иш жүзүндөгү чыгымдар боюнча жүргүзүлөт, мында бул чыгымдар тиешелүү документтер менен ырасталат. Ырастоочу документтер жок болгон учурда жол кире боюнча чыгымдардын орду 1-тиркемеге ылайык өлчөмдөрдө толтурулат;

2)     Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары:

–           турак жайды ижаралоо боюнча суткалык чыгымдарды жана чектик чыгымдарды төлөө – ырастоочу документтерди бербестен 2-тиркемеге ылайык өлчөмдөрдө;

–           иш сапар өтүүчү жерге чейин барууга жана кайтып келүүгө жол кире чыгымдары, анын ичинде транспортто жүргүнчүлөрдү милдеттүү мамлекеттик камсыздандыруу боюнча төлөмдөр, ошондой эле барган өлкөсүндөгү транспорттук чыгымдар иш жүзүндөгү чыгымдар боюнча жүргүзүлөт, мында бул чыгымдар тиешелүү документтер менен ырасталат.

2.      Төмөнкүлөр белгиленсин:

–           кызматкерди Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары иш сапарга жиберүү иш сапардык күбөлүктү тариздебестен иш берүүчүнүн буйругунун (тескемесинин) негизинде жүргүзүлөт;

–           иш сапардык чыгымдардын ченемдерин көбөйтүү менен байланышкан кошумча чыгымдар мамлекеттик мекемелер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн тиешелүү жылга бюджетте каралган каражаттардын чегинде жүргүзүлөт.

3.      Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1)     Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 “Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруунун тартиби жөнүндө” токтому;

2)     Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-майындагы № 241 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 “Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруунун тартиби жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу” токтому.

4.      Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2026-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 9-декабрындагы № 97 (3754) саны менен жарыяланды

 

 

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы

 

 

 

А.А. Касымалиев

 

 

 

1-тиркеме

 

 

Кыргыз Республикасынын чегинде ырастоочу документтер жок болгон учурда жол киреге

чыгымдардын ордун толтуруунун ченемдери

 

  

Аралык (км)

Жол киренин ордун толтуруунун ченемдери (сом менен)

25–30

50

31–40

60

41–50

70

51–60

80

61–70

90

71–80

100

81–90

110

91–100

150

100 км ашык ар бир 15 км үчүн

20

 

Эскертүү: иш сапарда пайдаланылган бензин жана дизель автомобилдери үчүн күйүүчү майга чыгымдардын, ошондой эле электрмобилдер үчүн электр энергиясына чыгымдардын орду 1 км жолго күйүүчү майды/электр энергиясын чыгымдоонун заводдук көрсөткүчтөрүнүн жана чыгымдар жөнүндө иш жүзүндөгү маалыматтардын негизинде толтурулат.

 

 

 

2-тиркеме

 

 

Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары иш сапарга жиберилген кызматкерлерге турак жайды ижаралоо боюнча суткалык чыгымдардын жана чектик чыгымдардын ордун толтуруунун ченемдери

 

 

Өлкө

Чет өлкөлүк валютанын аталышы

Иш сапарда болуунун суткалык

ченемдери

Турак жайды суткасына ижаралоо боюнча

чыгымдардын ордун толтуруунун чектик ченеми

1А

2Б

Австралия

АКШ доллары

62

37

150

Австрия Республикасы

Евро

70

40

300

Азербайж Республикасы

АКШ доллары

40

24

180

Алжир Элдик Демократиялык

Республикасы

АКШ доллары

60

36

60

Андорра

АКШ доллары

62

37

140

Антигуа жана Барбуда

АКШ доллары

50

30

150

Мисир Араб

Республикасы

АКШ доллары

60

36

120

Аргентина Республикасы

АКШ доллары

52

30

75

Белиз

АКШ доллары

46

25

57

Бермуд аралдары

АКШ доллары

54

30

100

Венесуэла Боливариан

Республикасы

АКШ доллары

64

37

100

Буркина-Фасо

АКШ доллары

65

39

120

Люксембург Улуу

Герцогдугу

Евро

60

36

300

Венгрия

АКШ доллары

60

36

250

Уругвай Чыгыш

Республикасы

АКШ доллары

40

24

70

Габон Республикасы

АКШ доллары

65

39

100

Гвинея Республикасы

АКШ доллары

65

39

130

Гибралтар (Улуу

Британия аймагы)

АКШ доллары

60

36

75

Бруней-Даруссалам

Мамлекети

АКШ доллары

46

28

100

Израиль Мамлекети

АКШ доллары

70

42

120

Катар Мамлекети

АКШ доллары

60

36

160

Кувейт Мамлекети

АКШ доллары

59

35

250

Япония Мамлекети

АКШ доллары

80

48

350

Гренада

АКШ доллары

50

30

70

Грек Республикасы

Евро

65

39

300

Грузия

АКШ доллары

40

24

180

Конго Демократиялык

Республикасы

АКШ доллары

70

42

100

Сан-Томе жана Принсипи Демократиялык

Республикасы

АКШ доллары

50

30

100

Шри-Ланка Демократиялык Социалисттик

Республикасы

АКШ доллары

62

36

70

Доминикан Республикасы

АКШ доллары

50

30

100

Франциянын чегинен

тышкаркы аймактары

АКШ доллары

60

36

140

Иордания Хашемит

Королдугу

АКШ доллары

50

30

85

Иран Ислам

Республикасы

АКШ доллары

50

30

110

Мавритания Ислам

Республикасы

АКШ доллары

55

33

110

Пакистан Ислам

Республикасы

АКШ доллары

58

33

100

Афганстан Ислам

Эмираты

АКШ доллары

40

24

100

Италия Республикасы

Евро

65

39

300

Йемен Республикасы

АКШ доллары

60

36

100

Кайман аралдары

АКШ доллары

60

36

110

Канада

АКШ доллары

65

39

110

Кытай Эл Республикасы

АКШ доллары

60

36

250

Лихтенштейн Княздыгы

АКШ доллары

75

45

140

Монако Княздыгы

АКШ доллары

65

39

130

Гайана Кооперативдик

Республикасы

АКШ доллары

52

30

120

Корея Элдик-

Демократиялык Республикасы

АКШ доллары

50

30

250

Бахрейн Падышалыгы

АКШ доллары

66

35

112

Бельгия Королдугу

Евро

65

39

300

Дания Королдугу

Евро

70

42

300

Испания Королдугу

Евро

70

42

300

Камбоджа Королдугу

АКШ доллары

50

30

100

Лесото Королдугу

АКШ доллары

50

30

100

Марроко Падышалыгы

АКШ доллары

60

36

120

Нидерланды Королдугу

Евро

65

39

300

Норвегия Королдугу

АКШ доллары

80

48

150

Сауд Аравия

Падышалыгы

АКШ доллары

60

36

100

Тайланд Падышалыгы

АКШ доллары

58

32

100

Тонга Королдугу

АКШ доллары

40

24

100

Швеция Королдугу

Евро

65

39

300

Эсватини Королдугу

АКШ доллары

65

39

100

 Лаос Элдик- Демократиялык

Республикасы

АКШ доллары

60

36

100

Латвия Республикасы

АКШ доллары

55

33

180

Ливан Республикасы

АКШ доллары

55

33

80

Литва Республикасы

АКШ доллары

55

33

180

Малайзия

АКШ доллары

60

36

120

Мальдив Республикасы

АКШ доллары

40

24

90

Мексика Бириккен

Штаттары

АКШ доллары

55

33

100

Боливия Көп улуттуу

Мамлекети

АКШ доллары

63

35

80

Бангладеш Элдик

Республикасы

АКШ доллары

60

36

80

Папуа Жаңы Гвинея Көз

карандысыз Мамлекети

АКШ доллары

55

33

110

Самоа Көз карандысыз

Мамлекети

АКШ доллары

48

25

90

Жаңы Зеландия

АКШ доллары

65

39

130

Танзания Бириккен

Республикасы

АКШ доллары

56

30

100

Бириккен Араб

Эмираттары

АКШ доллары

55

33

300

Португалия

Республикасы

Евро

61

33

250

Албания Республикасы

АКШ доллары

60

36

150

Ангола Республикасы

АКШ доллары

64

38

132

Армения Республикасы

АКШ доллары

40

24

180

Барбадос Республикасы

АКШ доллары

46

28

75

Беларусь Республикасы

АКШ доллары

50

30

180

Бенин Республикасы

АКШ доллары

66

39

95

Болгария Республикасы

АКШ доллары

55

33

250

Босния жана Герцеговина

Республикасы

АКШ доллары

60

36

110

Ботсвана Республикасы

АКШ доллары

54

30

102

Бурунди Республикасы

АКШ доллары

60

36

100

Вануату Республикасы

АКШ доллары

60

36

100

Гаити Республикасы

АКШ доллары

50

30

80

Гамбия Республикасы

АКШ доллары

60

36

100

Гана Республикасы

АКШ доллары

54

30

100

Гватемала Республикасы

АКШ доллары

50

30

90

Гвинея-Бисау

Республикасы

АКШ доллары

70

42

50

Гондурас Республикасы

АКШ доллары

50

30

60

Жибути Республикасы

АКШ доллары

65

39

100

Замбия Республикасы

АКШ доллары

60

36

150

Зимбабве Республикасы

АКШ доллары

60

36

110

Индия Республикасы

АКШ доллары

50

30

170

Индонезия Республикасы

АКШ доллары

50

30

110

Ирак Республикасы

АКШ доллары

70

42

100

Ирландия Республикасы

Евро

65

39

300

 Исландия Республикасы

АКШ доллары

70

42

150

Кабо-Верде

Республикасы

АКШ доллары

50

30

100

Казакстан Республикасы

АКШ доллары

55

33

180

Камерун Республикасы

АКШ доллары

60

36

100

Кения Республикасы

АКШ доллары

50

30

110

Кипр Республикасы

Евро

60

36

300

Колумбия Республикасы

АКШ доллары

55

33

100

Конго Республикасы

АКШ доллары

70

42

100

Корея Республикасы

АКШ доллары

68

38

300

Коста-Рика Республикасы

АКШ доллары

55

33

100

Кот-д’Ивуар

Республикасы

АКШ доллары

65

39

100

Куба Республикасы

АКШ доллары

50

30

100

Либерия Республикасы

АКШ доллары

65

39

100

Маврикий Республикасы

АКШ доллары

60

36

100

Мадагаскар

Республикасы

АКШ доллары

56

33

110

Малави Республикасы

АКШ доллары

50

30

90

Мали Республикасы

АКШ доллары

70

42

120

Мальта Республикасы

Евро

60

36

180

Мозамбик Республикасы

АКШ доллары

60

36

100

Молдова Республикасы

АКШ доллары

50

30

180

Монголия Республикасы

АКШ доллары

58

30

90

Намибия Республикасы

АКШ доллары

60

36

120

Нигерия Республикасы

АКШ доллары

58

30

110

Никарагуа Республикасы

АКШ доллары

50

30

90

Фиджи Аралдары

Республикасы

АКШ доллары

40

24

70

Палау Республикасы

АКШ доллары

58

33

100

Панама Республикасы

АКШ доллары

55

33

50

Парагвай Республикасы

АКШ доллары

55

33

75

Перу Республикасы

АКШ доллары

58

33

100

Польша Республикасы

АКШ доллары

56

33

250

Руанда Республикасы

АКШ доллары

60

36

100

Түндүк Македония

Республикасы

АКШ доллары

60

36

140

Сейшелы Республикасы

АКШ доллары

65

39

130

Сенегал Республикасы

АКШ доллары

70

42

130

Сербия Республикасы

АКШ доллары

60

36

110

Сингапур Республикасы

АКШ доллары

65

39

120

Словения Республикасы

АКШ доллары

56

33

130

Мьянма Бирлиги

Республикасы

АКШ доллары

60

36

80

Судан Республикасы

АКШ доллары

78

42

110

Суринам Республикасы

АКШ доллары

69

40

110

Сьерра-Леоне

Республикасы

АКШ доллары

54

32

100

Тажикстан Республикасы

АКШ доллары

45

27

180

Тринидад жана Тобаго

Республикасы

АКШ доллары

50

30

100

 Уганда Республикасы

АКШ доллары

52

30

100

Өзбекстан Республикасы

АКШ доллары

45

27

180

Филлипины

Республикасы

АКШ доллары

55

33

130

Хорватия Республикасы

АКШ доллары

60

36

120

Чад Республикасы

АКШ доллары

65

39

130

Чили Республикасы

АКШ доллары

50

30

90

Эквадор Республикасы

АКШ доллары

50

30

75

Экваториялык Гвинея

Республикасы

АКШ доллары

52

30

100

Эль-Сальвадор

Республикасы

АКШ доллары

50

30

90

Россия Федерациясы

АКШ доллары

70

42

180

Румыния

АКШ доллары

56

33

250

Сан-Марино Улуу

Республикасы

АКШ доллары

65

39

150

Пуэрто-Рико Эркин

ассоцияланган Мамлекети

АКШ доллары

60

36

100

Сент-Люсия

АКШ доллары

55

33

100

Сирия Араб

Республикасы

АКШ доллары

62

35

100

Словакия Республикасы

АКШ доллары

56

33

180

Багам Аралдарынын

Шериктештиги

АКШ доллары

46

28

75

Улуу Британия жана

Ирландия Бириккен Королдугу

Фунт стерлинг

75

45

350

Америка Кошмо

Штаттары

АКШ доллары

72

40

350

Ливия Социалисттик Элдик Араб

Жамахириясы

АКШ доллары

60

36

100

Вьетнам Социалисттик

Республикасы

АКШ доллары

50

30

100

Комор Аралдары Бирлиги

АКШ доллары

70

42

120

Аомэнь (КЭР) Макао Атайын

административдик району

АКШ доллары

56

33

100

Сянган (КНР) Гонконг Атайын

административдик району

АКШ доллары

67

40

300

Оман Султанаты

АКШ доллары

62

35

110

Тоголез Республикасы

АКШ доллары

60

36

100

Тунис Республикасы

АКШ доллары

45

27

90

Түркия Республикасы

АКШ доллары

62

35

200

Түркмөнстан

АКШ доллары

40

24

180

Украина

АКШ доллары

50

30

180

Непал Федералдык

Демократиялык Республикасы

АКШ доллары

50

30

90

 Эфиопия Федеративдик Демократиялык

Республикасы

АКШ доллары

55

33

100

Бразилия Федеративдик

Республикасы

АКШ доллары

60

36

150

Германия Федеративдик

Республикасы

Евро

70

42

300

Нигерия Федеративдик

Республикасы

АКШ доллары

55

33

110

Сомали Федеративдик

Республикасы

АКШ доллары

56

33

100

Финляндия Республикасы

Евро

60

36

300

Франция Республикасы

Евро

62

36

300

Борбордук Африка

Республикасы

АКШ доллары

70

42

100

Черногория

АКШ доллары

60

36

110

Чехия Республикасы

АКШ доллары

56

33

250

Швейцария

Конфедерациясы

Евро

70

42

300

Эстония Республикасы

АКШ доллары

55

33

180

Түштүк-Африка

Республикасы

АКШ доллары

60

36

57

Ямайка

АКШ доллары

50

30

100

 

Эскертүү:

1. “А” – көрсөтүлгөн чет өлкөгө Кыргыз Республикасынан кыска мөөнөттүү иш сапарга чыккан Кыргыз Республикасынын кызматкерлери үчүн.

2. “Б” – Кыргыз Республикасынын көрсөтүлгөн чет өлкөдөгү мекемелеринин кызматкерлери үчүн, ошондой эле аталган чет өлкөгө жумушка жиберилген жана чет өлкөдө болгон учурда, ошол чет өлкөнүн чегинде алардын кыска мөөнөттүү иш сапарда эмгек акыны чет элдик валютада алган Кыргыз Республикасынын башка категориядагы кызматкерлери үчүн.

Бул ченемдер аталган кызматкерлерге чет өлкөдө иштеген жерине чейин чет өлкөлүк аймактар боюнча жол кире үчүн жана кайтып келүүгө чыгымдардын ордун толтурууда жана чет өлкөдөн Кыргыз Республикасына кыска мөөнөттүү иш сапарга барууда жана кайтып келүүдө колдонулат.

            3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча расмий делегациялардын курамында кызматкерлердин чет өлкөлүк иш сапарга чыгууда турак жайды ижаралоо боюнча чыгымдарынын ордун толтуруунун башка тартиби аныкталышы мүмкүн.