Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН СУУ РЕСУРСТАРЫ, АЙЫЛ ЧАРБА ЖАНА КАЙРА ИШТЕТҮҮ ӨНӨР ЖАЙЫ МИНИСТРЛИГИНИН БУЙРУГУ
2025-жылдын 28-ноябры № 05/2-17/326
Башка мамлекеттердин органикалык өндүрүш системаларынын жана эрежелеринин эквиваленттүүлүгүн таануу, органикалык өндүрүштү жана органикалык продукцияны сертификаттоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
“Органикалык өндүрүш жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 23-беренесин ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүлүп берилүүчү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарынын тизмесинин 13-пунктунун 47-пунктчасына ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-мартындагы № 98 “Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги жөнүндө” жобонун 14-пунктун жетекчиликке алып, буйрук кылам:
1. Башка мамлекеттердин органикалык өндүрүш системаларынын жана эрежелеринин эквиваленттүүлүгүн таануу, органикалык өндүрүштү жана органикалык продукцияны сертификаттоо тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине (мындан ары – Министрлик) караштуу Кайра иштетүү өнөр жайы жана органикалык айыл чарба департаменти ушул буйруктан келип чыккан чараларды көрсүн.
3. Министрликтин санариптештирүү жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүү бөлүмү ушул буйрук катталган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы № 117 “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө” токтомуна ылайык расмий жарыялоону камсыз кылсын.
4. Министрликтин азык-түлүк коопсуздугу, кайра иштетүү өнөр жайы жана органика башкармалыгы:
– расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде бул буйруктун көчүрмөсүн мамлекеттик жана расмий тилдерде эки нускада, кагаз жүзүндө жана электрондук түрдө жарыялоо булактары жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн;
– ушул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде буйруктун көчүрмөсүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына мамлекеттик жана расмий тилдерде кагаз жана электрондук түрдө, аталган буйруктун жарыяланган булагын көрсөтүү менен маалымат үчүн жөнөтсүн.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо кайра иштетүү өнөр жайы жана органика тармагын тейлеген министрдин орун басарына жүктөлсүн.
6. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары-министр |
Б.Э. Торобаев |