Загрузка документа…
МИҢ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кеңештин 1-уюштуруу сессиясы
2024-жылдын 29-ноябры № 3
Айылдык Кеңештин иштөө Регламентин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» №123 Мыйзамынын 34-беренесинин 9-пунктуна ылайык Кеңештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Миң-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин иштөө Регламенти 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Ушул токтом ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүүнү өзүмө калтырам.
Төрайым | Асадова А.К. |