Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба
жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин
2025-жылдын 28-ноябрындагы
№ 05/2-17/326 буйругуна тиркеме
Башка мамлекеттердин органикалык өндүрүш системаларынын жана эрежелеринин эквиваленттүүлүгүн таануу, органикалык өндүрүштү жана органикалык продукцияны сертификаттоо тартиби жөнүндө жобо
1-глава. Колдонуу чөйрөсү
1. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо органикалык продукцияны экспорттоонун жана импорттоонун жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү максатында Кыргыз Республикасынын органикалык өндүрүшүнүн эрежелеринин, стандарттарынын жана сертификаттоо системасынын башка өлкөлөрдүн органикалык системалары менен эквиваленттүүлүгүн таануу тартибин аныктайт.
2-глава. Эквиваленттүүлүктү таануунун негизги түшүнүктөрү жана принциптери
2. Негизги түшүнүктөр жана аныктамалар
2. Бул Жободо төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр жана алардын аныктамалары колдонулат:
1) Аккредиттөө – аккредиттөө боюнча органикалык өндүрүштүн жана органикалык продукциянын шайкештигин тастыктоо боюнча иштерди аткарууну сертификаттоо боюнча органдын компетенттүүлүгүн расмий тааныган жол-жобо;
2) аудит – бааланып жаткан иш жана ага байланыштуу натыйжалар коюлган максаттарга шайкеш келерин аныктоо үчүн жүргүзүлүүчү системалык жана функционалдык жактан көз карандысыз текшерүү;
3) контрол – белгиленген талаптарга шайкештигин ырастоо үчүн чийки затты, технологиялык процесстерди жана бөлүштүрүүнү текшерүүнү, ошондой эле өндүрүштүн жүрүшүндө жана даяр түрдө органикалык продукцияны сыноону кошкондо, органикалык өндүрүштүн абалын жана анын сакталышын камсыз кылуучу системалардын иштешин изилдөө;
4) талаптар – органикалык өндүрүштү жүзөгө ашырууга карата мыйзамдарда жана стандарттарда белгиленген жана калктын саламаттыгын сактоо, керектөөчүлөрдү коргоо жана органикалык өндүрүш жаатындагы мыйзамдардын ченемдерин жана жоболорун сактоо менен органикалык өндүрүштүн шарттарына тиешелүү критерийлер;
5) эквиваленттүүлүк – ар түрдүү органикалык өндүрүш системаларынын жана эрежелеринин, ошондой эле органикалык өндүрүштүн шайкештигин тастыктоо жол-жоболорунун, колдонулган методдордо жана контролдоо жол-жоболорундагы айырмачылыктарга карабастан, органикалык продукцияны контролдоонун, сапаттын жана коопсуздуктун ошол эле деңгээлин жана керектөөчүлөрдү коргоонун бирдей деңгээлин камсыз кылуу мүмкүнчүлүгү.
3. Эквиваленттүүлүктү таануунун негизги принциптери
3. Органикалык өндүрүштүн эрежелеринин, стандарттарынын жана сертификаттоо системасынын эквиваленттүүлүгүн таануу төмөнкү принциптерге негизделет:
- эквиваленттүүлүк принциби – органикалык өндүрүштү контролдоо жана сертификаттоо эрежелери, стандарттары, жол-жоболору колдонулган контролдоо методдорундагы жана жол-жоболорундагы айырмачылыктарга карабастан, органикалык продукцияны контролдоонун, сапаттын жана коопсуздуктун ошол эле деңгээлин жана керектөөчүлөрдү коргоонун бирдей деңгээлин камсыз кылууга тийиш;
- айкындуулук принциби – органикалык өндүрүштүн эрежелери, шайкештикти тастыктоо (сертификаттоо) жол-жоболору, ошондой эле органикалык өндүрүштү контролдоо системасы өз ара текшерүү үчүн ачык жана жеткиликтүү болууга тийиш;
- өз ара ишеним принциби – эквиваленттүүлүктү таануу органикалык өндүрүштү жөнгө салуу, аккредиттөө, сертификаттоо, мониторингдөө жана контролдоо системасына болгон ишенимге негизделет;
- контролдоонун үзгүлтүксүздүгү принциби – органикалык өндүрүштүн, үзгүлтүксүз мониторингдин жана контролдун талаптарынын туруктуу сакталышын, ошондой эле эквиваленттүүлүктү таануу жөнүндө макулдашууда каралган милдеттенмелердин аткарылышын камсыз кылуу;
- маалымат алмашуу принциби – берилген сертификаттар, сертификаттоо боюнча органдар, контролдоонун натыйжалары, шайкеш келбеген учурлар жана эквиваленттүүлүктүн сакталышын тастыктоо үчүн зарыл болгон башка маалыматтар жөнүндө маалыматтар менен алмашууну камсыз кылуу;
- өз ара таануу принциби – эгерде эквиваленттүүлүктү таануу жөнүндө макулдашууда башкача каралбаса, бир тараптын сертификаттоо боюнча органдары тарабынан берилген сертификаттар экинчи тарап тарабынан кошумча контролдоо жана сертификаттоо жол-жоболорун жүргүзбөстөн кабыл алынат.
3-глава. Эквиваленттүүлүктү таануу жол-жобосунун негизги этаптары
4. Эквиваленттүүлүктү таануу жол-жобосун демилгелөө
4. Органикалык өндүрүштүн эрежелеринин, стандарттарынын жана сертификаттоо системасынын башка өлкөлөр менен эквиваленттүүлүгүн таануу жол-жобосунун демилгечиси катары органикалык өндүрүш жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, ошондой эле ушул максаттарда органикалык өндүрүш жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга арыз берген жеке жана юридикалык жактар, анын ичинде чет өлкөлүк жактар чыга алышат.
5. Демилгечинин арызында төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
- эрежелердин, стандарттардын жана органикалык өндүрүштү сертификаттоо системасынын эквиваленттүүлүгүн таануу жол-жобосун демилгелөө сунуш кылынган өлкөнүн аталышы;
- бул өлкөдө колдонулган эрежелердин, стандарттардын жана органикалык өндүрүштү сертификаттоо системасынын кыскача баяндамасы;
- эквиваленттүүлүктү таануунун негизги максаттары жана күтүлгөн пайдалар;
- органикалык өндүрүш жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын талабы боюнча башка зарыл маалыматтарды.
6. Органикалык өндүрүш жаатындагы ыйгарым укуктуу орган келип түшкөн арыздын негизинде органикалык өндүрүштүн эрежелеринин, стандарттарынын жана сертификаттоо системасынын эквиваленттүүлүгүнө алдын ала талдоо жана баалоо жүргүзөт жана эквиваленттүүлүктү таанууну демилгелөө же демилгелөөдөн баш тартуу жөнүндө чечим чыгарат.
7. Эквиваленттүүлүктү таануу жол-жобосун демилгелөө жөнүндө чечимде органикалык өндүрүш жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган экспорттоочу/импорттоочу өлкөнүн компетенттүү органдары менен алдын ала талкууну жүргүзөт:
- эквиваленттүүлүктү таанууну баалоодо сакталууга тийиш болгон жол-жоболорду же этаптарды белгилөөчү ченемдик механизмдер;
- бир эле учурда керектөөчүлөрдүн ден соолугун коргоо менен органикалык продуктулар менен өз ара соода жүргүзүү үчүн тоскоолдуктарды жоюу жана контролдоо чараларын кайталоону кыскартуу;
- органикалык өндүрүштүн кепилдиктеринин тизмеси (органикалык продуктулардын коопсуздугу жана сапаты, маркалоо же шайкештикти баалоо жол-жоболоруна, техникалык регламенттердин талаптарына, анын ичинде Кыргыз Республикасынын рыногунда жүгүртүлүүчү продукция үчүн Евразия экономикалык бирлигинин техникалык регламенттеринин талаптарына тиешелүү башка аспекттер);
- өлкөлөрдүн ортосунда соода жүргүзүү предмети болуп саналган органикалык өндүрүштүн продукцияларынын;
- башка суроолор.
8. Органикалык өндүрүштүн эрежелеринин, стандарттарынын жана сертификаттоо системасынын эквиваленттүүлүгүн баалоо төмөнкүлөрдүн негизинде жүргүзүлөт:
-. ченемдик документтерди, стандарттарды жана органикалык өндүрүштүн эрежелерин талдоо жана баалоо;
- органикалык өндүрүштүн өндүрүштүк процесстерине, сертификаттоо жол-жоболоруна, органикалык өндүрүштүн мониторинг жана контролдоо методдоруна жеринде мониторинг жүргүзүү жана баалоо.
9. Органикалык өндүрүштүн эрежелеринин, стандарттарынын жана сертификаттоо системасынын эквиваленттүүлүгүн баалоонун жыйынтыктары боюнча документтик аналитикалык отчет түзүлөт, анда органикалык өндүрүш чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан башка өлкө менен органикалык өндүрүштүн эрежелеринин, стандарттарынын жана сертификаттоо системасынын эквиваленттүүлүгүн таануу жөнүндө макулдашуунун долбоорун демилгелөө үчүн негиз болуп саналган өлкөлөрдүн органикалык өндүрүшүнүн эрежелеринин, стандарттарынын жана сертификаттоо системаларынын аныкталган шайкештиги жана шайкеш эместиги белгиленет.
2.
5. Эквиваленттүүлүк жөнүндө келишимдин негизги жоболору
10. Эквиваленттүүлүктү таануу жөнүндө макулдашуу тараптардын органикалык өндүрүштүн стандарттарынын жана эрежелеринин, органикалык өндүрүштүн сертификаттарынын эквиваленттүүлүгүн өз ара таануусун аныктайт, ошондой эле эл аралык милдеттенмелерди жана шайкештикти баалоонун натыйжаларын өз ара таануу жол-жоболорун эске алуу менен макулдашууда каралган органикалык өндүрүш жаатындагы талаптардын сакталышына мониторинг жүргүзүү жана контролдоо үчүн өз ара аракеттенүү жол-жоболорун белгилейт.
11. Эквиваленттүүлүктү таануу жөнүндө макулдашуу төмөндөгү негизги жоболорду камтыйт:
1) таанылган стандарттардын, органикалык өндүрүштүн эрежелеринин жана башка талаптардын;
2) тараптардын сертификаттоо боюнча аккредиттелген органдарынын;
3) тараптардын ыйгарым укуктуу органдары тарабынан берилген органикалык өндүрүштүн сертификаттарын өз ара таануу;
4) органикалык өндүрүштүн бекитилген эрежелеринин жана стандарттарынын сакталышын контролдоонун, мониторинг жүргүзүүнүн шарттары жана жол-жоболору;
5) бузуулар жана аныкталган шайкеш келбестиктер жөнүндө, талдоолордун жана баа берүүлөрдүн, аудиттердин натыйжалары жөнүндө өз ара маалымат алмашуунун жол-жоболору жөнүндө;
6) макулдашууну кайра кароо жана жокко чыгаруу мүмкүндүгүнүн шарттары;
7) талаш-тартыштар келип чыкканда өз ара аракеттенүү тартибине.
12. Эквиваленттүүлүктү таануу жөнүндө макулдашуу сертификатталган органикалык продуктулардын бардык категорияларына таркатылышы же тизмеги эл аралык келишимдердин талаптарын жана өз ара таануу жол-жоболорун эске алуу менен макулдашууда көрсөтүлгөн продукциянын белгилүү категориялары менен чектелиши мүмкүн.
13. Органикалык өндүрүш жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган реестрди жүргүзөт:
- органикалык өндүрүштүн эрежелеринин, стандарттарынын жана сертификаттарынын эквиваленттүүлүгүн таануу жөнүндө макулдашуулары бар өлкөлөрдүн;
- эквиваленттүүлүгүн таануу жөнүндө макулдашуулардын алкагында аккредиттелген жана таанылган сертификаттоо боюнча органдардын;
- эквиваленттүүлүгүн таануу жөнүндө макулдашуу боюнча таанылган чет өлкөлүк органикалык өндүрүүчүлөрдүн жана алардын органикалык өндүрүштөрүн.