Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 5-декабры № 781
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 4-майындагы № 241 “Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам системасынын субъекттеринин өз ара аракеттенүү тартибин жана Квалификациялуу юридикалык жардам алууга адамдын укугун ырастоочу документтердин тизмегин бекитүү жөнүндө” токтомуна
өзгөртүү киргизүү тууралуу
“Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-беренесинин 41-бөлүгүнө, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 4-майындагы № 241 “Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам системасынын субъекттеринин өз ара аракеттенүү тартибин жана Квалификациялуу юридикалык жардам алууга адамдын укугун ырастоочу документтердин тизмегин бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Квалификациялуу юридикалык жардам алууга адамдын укугун ырастоочу документтердин тизмегинде:
– төмөнкүдөй мазмундагы 19-пункт менен толукталсын:
“19. Майыптыгы бар балдардын ата-энелерине же камкорчуларына:
1) паспорттун же адамдын инсандыгын ырастаган башка документтин (анын ичинде “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматта) көчүрмөсү;
2) камкорчунун статусун ырастоочу документ;
3) баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнүн көчүрмөсү;
4) баланын майыптуулук тобун белгилөө жөнүндө медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын корутундусунун көчүрмөсү.”.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 9-декабрындагы № 97 (3754) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |