Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ
2025-жылдын 19-сентябры № 74
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен катталган талапкерлерди чыгаруу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө Базар-Коргон, Сузак жана Кадамжай аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен катталган талапкерлерди чыгаруу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын төмөнкү чечимдери келип түштү:
1. "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-пунктунун жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык, депутаттык ыйгарым укуктарын тапшыруу жөнүндө жазуу жүзүндө арыз бергендигине байланыштуу жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечимдери:
- Базар-Коргон аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 9-сентябрындагы № 9, № 10 жана 2025-жылдын 18-сентябрындагы № 11 Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Базар-Коргон шаардык кеңеши боюнча;
- Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 15-сентябрындагы № 10 Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Сузак айылдык кеңеши боюнча;
- Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 8-сентябрындагы № 16 Баткен облусунун Кадамжай районунун Майдан айылдык кеңеши боюнча.
2) Жеке арызынын негизинде депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен катталган талапкерди чыгаруу жөнүндө Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Сузак айылдык кеңеши боюнча Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 15-сентябрындагы № 11 чечими.
3) "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунун негизинде, бош калган мандаттарды тиешелүү көп мандаттуу шайлоо округу боюнча добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын добуштарынын көбүн алган, шайланган депутаттан кийинки талапкерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери:
- Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 15-сентябрындагы № 11 Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Сузак айылдык кеңеши боюнча;
- Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 8-сентябрындагы № 17 Баткен облусунун Кадамжай районунун Майдан айылдык кеңеши боюнча.
4) "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктунун жана 11-бөлүгүнүн негизинде, Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Базар-Коргон шаардык кеңеши боюнча бош калган мандатты саясий партиянын тизмесинде шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө Базар-Коргон аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 9-сентябрындагы № 9, № 10 жана 2025-жылдын 18-сентябрындагы № 11 чечимдери.
Аймактык шайлоо комиссияларынын кабыл алынган чечимдери "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесинин, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин талаптарына ылайык келет.
"Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 28-пунктуна ылайык, Борбордук шайлоо комиссиясы жергиликтүү кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө, жергиликтүү кеңештин депутатынын бош калган мандатын өткөрүп берүү жөнүндө, жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкерлерди катталган тизмеден чыгаруу жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитет.
Аймактык шайлоо комиссияларынын бекитүүгө келип түшкөн чечимдеринин "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3, 5-беренелеринин талаптарына ылайыктуулугун карап чыгып, "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Базар-Коргон, Сузак жана Кадамжай аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечими 1-тиркемеге ылайык;
- Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен катталган талапкерди чыгаруу боюнча чечимдери 2-тиркемеге ылайык;
- Базар-Коргон, Сузак жана Кадамжай аймактык шайлоо комиссияларынын бош калган мандаттарын тизмеде катталган талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери 3-тиркемеге ылайык.
2. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын күбөлүктөрү ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, анык эмес деп таанылсын.
3. Базар-Коргон жана Кадамжай аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын 3-тиркемеге ылайык каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырсын.
4. Бул токтом "Эркин-Тоо" гезитине жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерге жөнөтүлсүн.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.С.Жупуевага жүктөлсүн.
7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага |
| Т.Шайназаров |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 19-сентябрындагы № 74 токтомуна 1-тиркеме |
Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулгандыгы жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдери
№ | Депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча АШКнын чечиминин № жана датасы жана чечимге негиз | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын Ф.А.А. |
Жалал-Абад облусу | |||
Базар-Коргон району | |||
1 | Базар-Коргон АШК, № 9, 09.09.2025-ж. (03.09.2025-ж., өз арызы) | Базар-Коргон шаардык | Шарипов Махсудбек Номанжанович (7) "Жаңы Кыргызстан" депутаттык фракциясы |
2 | Базар-Коргон АШК, № 10, 09.09.2025-ж. (04.09.2025-ж., өз арызы) | Базар-Коргон шаардык | Абылов Бектур Сатарбекович (22) "Жаңы Кыргызстан" депутаттык фракциясы |
3 | Базар-Коргон АШК, № 11, 18.09.2025-ж. (12.09.2025-ж., өз арызы) | Базар-Коргон шаардык | Тохтасинов Сирожиддин Акрамжонович (4) "Жаңы Кыргызстан" депутаттык фракциясы |
Сузак району | |||
4 | Сузак АШК, № 10, 15.09.2025-ж. (11.09.2025-ж., өз арызы) | Сузак айылдык (№ 3 Москва шайлоо округу) | Юлдашева Гулнара Рахмановна |
Баткен облусу | |||
Кадамжай району | |||
5 | Кадамжай АШК, № 16, 08.09.2025-ж. (04.09.2025-ж., өз арызы) | Майдан айылдык (№ 1 Кара-Жыгач шайлоо округу) | Кудайкулов Ренат Паязович |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 19-сентябрындагы № 74 токтомуна 2-тиркеме |
Жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлердин тизмесинен катталган талапкерлерди чыгаруу жөнүндө аймактык шайлоо комиссиясынын чечими
№ | Тизмеден чыгаруу боюнча АШКнын чечиминин №, датасы жана чечимге негиз | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Катталган талапкерлердин тизмесиндеги талапкердин Ф.А.А. |
Жалал-Абад облусу | |||
Сузак району | |||
1 | Сузак АШК, № 11, 15.09.2025-ж. (12.09.2025-ж., өз арызы) | Сузак айылдык (№ 3 Москва шайлоо округу) | Юлдашева Арапатхан Тургуналиевна |
2 | Сузак АШК, № 11, 15.09.2025-ж. (12.09.2025-ж., өз арызы) | Сузак айылдык (№ 3 Москва шайлоо округу) | Сатвалдиева Хапизахон |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 19-сентябрындагы № 74 токтомуна 3-тиркеме |
Жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таанылгандыгы жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдери
№ | Бош калган депутаттык мандатты ыйгаруу боюнча АШКнын чечими | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Жергиликтүү кеңештин кийинки шайланган депутатынын Ф.А.А. | Иштеген жери, ээлеген кызматы |
Жалал-Абад облусу | ||||
Базар-Коргон району | ||||
1 | Базар-Коргон АШК, № 9, 09.09.2025-ж. (05.09.2025-ж., өз арызы) | Базар-Коргон шаардык | Юсупов Зайнобидин Абдумухтарович (10) "Жаңы Кыргызстан" саясий партиясы | Жеке ишкер |
2 | Базар-Коргон АШК, № 10, 09.09.2025-ж. (08.09.2025-ж., өз арызы) | Базар-Коргон шаардык | Масиров Тилек Алибаевич (25) "Жаңы Кыргызстан" саясий партиясы | Жеке ишкер |
3 | Базар-Коргон АШК, № 10, 09.09.2025-ж. (15.09.2025-ж., өз арызы) | Базар-Коргон шаардык | Мамануров Хасанбай Мамажанович (13) "Жаңы Кыргызстан" саясий партиясы | Жеке ишкер |
Сузак району | ||||
4 | Сузак АШК, № 11, 15.09.2025-ж. (15.09.2025-ж., өз арызы) | Сузак айылдык (№ 3 Москва шайлоо округу) | Марипжанов Аслидин Марипжанович | Жалал-Абад облустук стоматологиялык поликлиникасында тиш дарыгер |
Баткен облусу | ||||
Кадамжай району | ||||
5 | Кадамжай АШК, № 17, 08.09.2025-ж. (05.09.2025-ж., өз арызы) | Майдан айылдык (№ 1 Кара-Жыгач шайлоо округу) | Тагаев Мирзаакмат Абдиразакович | Уч-Коргон ЖДПБнын Кара-Жыгач бөлүмүндө медбрат |