Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 8-декабры № 785
Ош шаарынын аймагында жайгашкан жер тилкесин “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Калктуу конуштардын жерлери” категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө
Ош шаарынын Төлөйкөн айыл аймагында социалдык багыттагы объекттерди камтыган көп кабаттуу турак жай комплексин куруу максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 18-беренесине, “Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин экинчи бөлүгүнүн 121, 122-пункттарына, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык, Ош шаарынын мэриясынын 2025-жылдын 26-сентябрындагы № 823 токтомун, Ош шаарынын мэриясынын жер тилкелерин которуу (трансформациялоо) боюнча комиссиясынын 2025-жылдын 25-сентябрындагы корутундусун эске алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Ош шаарынын Төлөйкөн айыл аймагында № 1309 контурда жайгашкан, Н.Ч. Сулаймановдун жеке менчигинде турган, жалпы аянты 2,7 га сугат жеринин жер тилкеси социалдык багыттагы объекттерди камтыган көп кабаттуу турак жай комплексин куруу үчүн “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Калктуу конуштардын жерлери” категориясына которулсун (трансформациялансын).
2. Ош шаарынын мэриясы төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:
1) жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү;
2) ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер тилкесин максаттуу пайдаланууну;
3) жогоруда аталган жер тилкесинин шаар куруу документтерин курулуш ченемдерин жана эрежелерин так сактоо менен Кыргыз Республикасынын шаар куруу жана архитектура чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык иштеп чыгууну жана бекитүүнү;
4) өз каражаттарынын эсебинен аймактын жашоо-тиричилигин камсыз кылуу системасынын иштөөсүн жана өнүгүүсүн уюштурууну, социалдык-экономикалык өнүктүрүүнү;
5) аталган жер тилкесинде тарыхый-маданий мурас объекттери аныкталган учурда алардын Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө мыйзамдарына ылайык сакталышын;
6) автомобиль жолдорунун техникалык параметрлерин, “Автомобиль жолдору жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ченемдерин жана талаптарын сактоону;
7) ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер тилкеси пайдаланылбаган же максаттуу багыты боюнча пайдаланылбаган учурда аны алып коюуну жана баштапкы абалга келтирүүнү караган чараларды көрүүнү;
8) айыл чарба жана токой чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын жана алынбай калган пайдасынын ордун толтуруу наркынын суммасын Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарында белгиленген ченемдерге ылайык төлөөнү;
9) ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер тилкесинин аянтын калыбына келтирүүнү, асылдуулугу төмөн жерлерге талдоо жүргүзүүнү жана аларды айыл чарба жүгүртүүсүнө киргизүүнү;
10) электр берүүнүн аба линияларын коопсуз жана талаптагыдай эксплуатациялоо үчүн тийиштүү коргоо аралыктарын 1000 вольттон жогорку чыңалуудагы электр тармактарын коргоо эрежелерине ылайык сактоону;
11) коомдук саламаттык сактоо жаатындагы ченемдик актыларды сактоону;
12) жамгырдын жана эриген кардын сууларын коопсуз буруу системасынын иштөөсүн, башкы пландагы жер титирөөгө каршы иш-чараларды жана тийиштүү аймакта кооптуу процесстерге жана кубулуштарга мониторинг жүргүзүү, божомолдоо боюнча колдонмону сактоону;
13) чарбалык жана башка ишти жүзөгө ашырууда Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы мыйзамдарына ылайык экологиялык талаптарды аткарууну.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 9-декабрындагы № 97 (3754) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |