Загрузка документа…
КАРА-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Таш айылдык кенештин VIII-чакырылышынын кезексиз 5-сессиясы
2025-жылдын 7-февралы №5-3
2025-жылга карата айыл аймагынын жарандарынын тамарка, айыл чарба багытындагы жана айыл чарба багытындагы эмес жер салыктарына жеңилдиктерди берүү жана коэфициенттерди белгилөө жөнүндө
Кыргыз Республикасынын салык кодексинин 324-беренесинин 1,2,3-бөлүмчөлөрүнө ылайык, “Кара-Таш айыл аймагынынайылдык кеңеши” мекемеси токтом кылат:
1.Кара-Таш айыл аймагынын айылдык 2025-жылга карата үйдүн жанындагы, короо жай жана багбанчылык-огород участоктор жана айыл чарба багытындагы эмес жер салыгын зоналдык коэфициенти 1,2 болуп бекитилсин.
2.1,2,3-топтогу мүлк салыгы 1,0 га коэфициенти менен эсептелсин.
3.Тамарка салыгынан 497 кожолука берилсин ( пенсионерлер,көп балалуулар ВОВ катышуучулары, ДРА, Баткен, ЧАЭС, майыптар).
4.Жеңилдик алган жарандардын тамарка аянты0,15га ашса, ашыкча аянты үчүн тамарка салыгын төлөө жагы милдеттендирилсин.
5.2025-жылга карата айыл аймагы боюнча кожолукка таштанда салыгы 150 ( бир жүз эл) сом болуп бекитилсин.
6.Айыл чарба багытындагы жер салыгы 1,0 га суулу аянтка, 619 сом 50 тыйын, кайрак айдого 93 сом 40 тыйын, көп жылдык бак 349 сом 50 тыйын, чөп чабынды 41 сом 70 тыйын болуп бекитилсин.
7.Тамарка жер аянты 1 га жергге 2000 ( эки мин), өзү өздөштүргөн бактарга жер аянты 1,0 га жерге 3 500 ( үч ми беш жүз) сом болуп бекитилсин.
8.Айыл аймагында төлөнүүчү салыктардын эсептелишине карата инфиляция коэфициент 1,08 га болуп бекитилсин.
9.Жогорудагы салыктардын планы боюнча мыйзам чегинде аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөтүнүн башчысы К. Салановко, ФЭБ башчысы А. Жамантаевага жана айыл өкмөтүнүн салык кызматкерлерине бекитилсин.
10.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш жана экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн..
Төрага |
| Б.Муктарбек уулу |