КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 25-ноябры № 757
Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмун ыктыярдуу жоюуга же кайра уюштурууга макулдук берүү тартибин бекитүү жөнүндө
"Камсыздандыруу жана камсыздандыруу иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 72-беренесинин 2-бөлүгүн ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмун ыктыярдуу жоюуга же кайра уюштурууга макулдук берүү тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |