Загрузка документа…
КАРА-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Таш айылдык кенештин VIII-чакырылышынын кезексиз 5-сессиясы
2025-жылдын 7-февралы №5-5
Кара-Таш айыл аймагындагы Нойгут орто мектебинин спорт залын капиталдык түзөтүүдөн өткөрүү жөнүндө
Кара-Таш айыл аймагындагы Нойгут орто мектебинин спорт залын капиталдык түзөтүүдөн өткөрүү максатында, экономика, бюджет жана ишкердуулук боюнча туруктуу комиссиясынын маалыматын угуп жана талкуулап, “ Кара-Таш айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Кара-Таш айыл аймагындагы Нойгут орто мектебинин спорт залын капиталдык түзөтүүдөн өткөрүү үчүн туруктуу комиссиянын маалыматы аткарууга жана жетекчиликке алынсын.
2.Айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен 100,0 миң (Жүз миң) сом акча каражатын мыйзам чегинде, райондук өнүктүрүү фондуна, айыл өкмөтүнүн салымы катары өткөрүп берүү жагы ФЭБ башчы А.Жамантаевага тапшырылсын.
3.Ушул токтомду көзөмөлдөө жагы экономика,бюджет жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн..
Төрага |
| Б.Муктарбек уулу |